Ислам дини » Кошумча темалар » Ойдон чыгарылган хадис болобу? » Түрдүү ижтихад жана түрдүү хадистер




Түрдүү ижтихад жана түрдүү хадистер


Суроо: Түрдүү ижтихад жана түрдүү хадистер бар. Бул маселе тууралуу маалымат бересизби?

ЖООП

Аллаху таала: "Расулумду ээрчигиле!" - деп буйрук кылууда. Расулу дагы ырайым жана жеңилдик болушу үчүн ар түрдүү өкүмдөр билдирген. Анын ар бир сөзү вахий. Аны ээрчүү үчүн Анын мурасчылары болгон аалымдарды дагы ээрчүү керек. Бир чыныгы мазхабды ээрчиген адам аалымдарды ээрчиген болуп саналат. Ижтихад даражасына көтөрүлгөн аалым ижтихад кылат. Ижтихадында жаңылса дагы сооп алат. Хадисb шарифте төмөндөгүдөй айтылууда:

"Мужтахид ижтихадында ката кылса бир, туура кылса эки сооп алат." (Бухари)

Катасы дагы сооп болгон аалымдардын мындай ар кыл ижтихаддары - бул Аллаху тааланын ырайымдуулугу. Хадиси шарифте айтылды: "Аалымдардын ар түрдүү ижтихаддары ырайымдуулук”. (Байхаки)

Ар түрдүү ижтихадынан улам бир аалым башка аалымдын ижтихадынын жаңылыш экенин айтпайт, айта албайт. Себеби, Мажаллада: "Ижтихад ижтихад менен жокко чыгарыла албайт", - деп билдирилген. (Берене 16)

Ар түрдүү ижтихаддар ырайымдуулук экендиги сыяктуу хадиси шарифтердин ар түрдүү болуусу дагы ырайымдуулук. Расулуллах хазреттери мусулмандарга ырайымдуулук болуусу үчүн ар түрдүү өкүмдөр билдирген. Эгер жалгыз өкүм болгондо мазхабдар пайда болмок эмес. Кыяматка чейин дүйнөнүн ар жеринде, ар мезгилде, ар шартта жалгыз бир эле эреже болуп, мусулмандардын абалдары жана жашоосу кыйын болуп калмак.

Имам Шарани хазреттери ар түрдүү ижтихаддардын жана ар түрдүү хадиси шарифтердин ырайым экендигин билдирүү үчүн чоң китеп жазган. Китебине Мизан деген наам берген. Бул баа жеткис чыгармасында бири-бирине тескери болуп көрүнгөн хадис шарифтердин хикматтарын (сырларын) билдирген. Пайгамбарыбыз алейхиссалам кээ бир буйруктарды бир адамга гана таандык кылып билдирген. Мисалы, эркектерге жибектен кийим кийүү тыюу салынганына карабастан Зубайр хазреттери жана Абдуррахман хазреттери үчүн жибек кийүүгө уруксат берген жана бул уруксат аларга гана таандык. Арфеже хазреттерине да алтын мурун тагуусуна уруксат берген. Аталган бул өкүм бардыгына таандык эмес болчу. Кээ бир уруксат берүүлөр канчалык ал киши үчүн гана болушуна карабастан, баары үчүн таандык болмок. Кээ бирлери да жалгыз гана уруксат берилген кишинин абалында болгондорго таандык эле. Мисалы, ооруп жаткан киши сажда кыла албаса ишарат менен кыл деп буйрук кылгандыгы сыяктуу. Кээ бирлерине да оор иштерди кылууга уруксат берчү, булар да күч-кубаты  жетиштүүлөр үчүн болчу. Ошентип, бири-биринен айырмаланган далай хадиси шариф пайда болгон. Имам Шарани аларды ташдид жана тахфиф деп ажыраткан.

Бири-биринен айырмаланган хадиси шарифтерден кээ бири төмөндөгүдөй:

"Кан алдыруу дааратты бузбайт." (Байхаки) (Ханафиден сырткары үч мазхабда ушундай.)

"Акма кан дааратты бузат." (Байхаки, Д. Кутни) (Ханафиде ушундай.)

"Мурду канаган даарат алсын." (Байхаки) (Ханафиде ушундай.)

"Имамдын кырааты жамааттын кырааты болуп саналат.” (Хатиб) (Ханафиде ушундай.)

"Фатихасыз намаз болбойт." (Бухари) (Шафиилердин амалы ушундай.)

"Зекерине (жыныс мүчөсүнө) кол тийгизген  эркектин даараты бузулат." (Абу Давуд, Тирмизи, Насаи) (Маликиде ушундай.)

"Зекерине (жыныс мүчөсүнө) кол тийгизген эркектин даараты бузулбайт." (Абу Давуд, Тирмизи, Насаи) (Ханафиде ушундай.)

 "Фержине (жыныстык мүчөсүнө) кол тийгизген аялдын даараты бузулат." (Байхаки) (Шафииде ушундай.)

"Дааратта оозду жана мурунду жуугула." (Байхаки) (Бир гана Ханбалиде фарз.)

"Оозду жана мурунду жуу сүннөт." (Муслим) (Ханбалиден сырткары калган үч мазхабда сүннөт.)

"Төөнүн этин жеш дааратты бузат." (Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Насаи) (Ханбалиде ушундай.)

"Отто ысытылган бир нерсени жеп ичүү дааратты бузат." (Муслим, Абу Давуд, Ибни Маже, Тирмизи, Насаи) (Төрт мазхабдын амалы мындай эмес.)

"Деңиз айбанаттары халал." (Абу Давуд, Тирмизи, Насаи) (Ханафиден сырткары үч мазхабда ушундай.)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш