Хижранын он биринчи жылы Сафар
айынын 27-чи күнү пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам сыркоолоп, башы ооруп
калды. Жубайы Хазрети Айшанын «радыйаллаху анха» бөлмөсүнөн мечитке чыкты.
Сахабалар (алейхимурридван) аны угуп, мечитке жыйналышты. Пайгамбарыбыз
минбарга чыгып, сахабаларга насыят айтып, алар менен коштошту. Анан Абу Бакр
Сыддыктын сахабалардын арасындагы бийик даражалуулугун, кадырдуулугун, андан
ыраазы экенин айтты. Бир канча күндөн кийин оорусу күчөдү. Буга Мединанын
жергиликтүү эли болгон ансар сахабалар катуу кайгырышты. Тынчсызданышып,
мечиттин маңдайынан кетпей коюшту. Хазрети Аббастын уулу Фадл менен Хазрети Али
бул тууралуу Пайгамбарыбызга кабар беришти. Пайгамбарыбыз ооруп турганына
карабастан, сахабаларына мээримдүүлүк кылып, экөөнүн колуна жөлөнүп, кайрадан
мечитке чыкты. Сахабалар мечитке жыйналышты. Расулуллах «саллаллаху алейхи
васаллам» минбарга чыкты. Аллаху таалага хамду сана (мактоо) айткандан кийин
сахабаларына: "Эй, сахабаларым! Менин дүйнөдөн кайта турганымды ойлоп, кабатыр
болуп турган сыяктуусуңар. Үммөтүнүн арасында түбөлүк калган пайгамбар болдубу?
Мен дагы түбөлүк калбаймын, Раббиме барам. Силерге осуятым – мухажирлерди
урматтагыла. Эй, мухажирлер! Силерге осуятым – ансарларга жакшылык кылгыла.
Алар силерге жакшылык кылып, силерди үйлөрүнө кабыл алышты. Тиричилик кылуулары
оор болуп турса да силерди өздөрүнөн артык көрүштү. Мал-мүлктөрүнө силерди да
орток кылышты. Кимде-ким ансарларга бийлик жүргүзсө, аларга каралашсын,
кемчилик кылгандары бар болсо, кечирсин”, - деп айтты. Анан таасирдүү, жакшы
сөздөрдөн айтып: "Аллаху таала бир кулуна дүйнөдө калууга же Раббине жетүүгө
эркиндик берди. Ал кул Раббине жетүүнү каалады”, - дейт. Бул сөздөн анын
жакында кайтыш боло тургандыгы белгилүү болгон эле. Абу Бакр Сыддык бул сөздүн
маңызын түшүнүп: "Жаныбыз сиз үчүн фида (курман) болсун, эй, Расулуллах”, - деп
ыйлай баштады. Расулуллах ага сабырдуу болууну айтты. Ыйык көздөрү жашка толуп:
"Эй, сахабаларым! Ислам дини жолунда адалдык менен, ыкылас менен мал-мүлкүн
фида кылган Абу Бакрдан өтө ыраазымын. Акырет жолунда жолдош алып кетүү колумда
болгондо, аны тандамакмын”, - деп айтты. Анан: "Эй, мухажирлер жана ансарлар!
Убактысы белгилүү болгон нерсеге ашыгуунун пайдасы жок. Аллаху таала эч бир
кулу үчүн ашыкпайт. Кимде-ким Аллаху таала тарабынан белгиленген тагдырды
өзгөртүүгө аракет кылса, Анын каарына учурайт. Аллаху таалага айла колдонгусу
келген адамдын иштери артка кетип, өзү алданат. Менин силерге карата рауф жана
рахим (өтө ырайымдуу) экенимди билгиле. Силер да кайра мени менен көрүшөсүңөр.
Кавсардын жээгинде жолугушабыз. Бейишке баргысы, мага жеткиси келген адам бош
сөз сүйлөбөсүн. Эй, мусулмандар! Билгиле, ыймансыз болуу, күнөө кылуу
жакшылыктын, ырыскы-берекенин азайуусуна себеп болот. Адамдар Аллаху тааланын
буйруктарына моюн сунса, өкмөт башчылары, амирлери, акимдери жана
башкаруучулары да аларга мээримдүүлүк кылышат. Фасыктык, күнөөкөрлүк жана
бузукулукка берилсе, мээримдүү башчыларга жете алышпайт. Менин өмүрүм силер
үчүн кайырлуу болгону сыяктуу өлүмүм да кайырлуу болот. Эгер бирөөнү акысыз
жерге урган же жаман сөз айткам болсом, мага да ушуну жасап, акысын алууга,
бирөөдөн акысыз жерге бир нерсе алган болсом менден кайтып сураса ага
ыраазымын. Себеби, дүйнөнүн жазасы акыреттин жазасынан жеңил. Ага чыдоо оңой”,
- дейт. Минбардан түштү. Намаз окуп, кайрадан минбарга чыгып, насыят сөздөрүн
айткандан соң: "Силерди Аллаху таалага тапшырдым”, - деп, бөлмөсүнө кайтты.
Ооруп жүргөндө азан окулган маалда мечитке чыгып, имам болуп, жамаат менен
намаз окучу эле. Кайтыш болоруна үч күн калганда оорусу күчөйт. Мечитке чыга
албагандыктан: "Абу Бакрга айткыла, сахабаларыма намаз окутсун”, - деп айтат.
Абу Бакр Сыддык «радыйаллаху анх» Пайгамбарыбыздын тирүү кезинде мусулмандарга
имам болуп, он жети ирет намаз окутту. Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи
васаллам» жаназа иштерин Хазрети Алинин аткаруусун буйрук кылган.
Пайгамбарыбыз Мухаммед
алейхиссалламда өлүмдүн белгилери байкала баштагандан кийин Умму Айман согушка
жиберилген аскердин аскер башчысы болгон уулу Усамага кабар жиберет. Усама,
Омар Фарук жана Абу Убайда бул ачуу кабарды уккандан кийин, кошуундан айрылып,
Масжиди Набавиге келишет. Айша менен башка аялдардын ыйлаган үндөрүнөн улам
сахабалар эмне болгонун түшүнбөй калышты. Баштарына оор сокку тийгендей туруп калышты.
Хазрети Али өлүк сыяктуу кыймылдабай калат. Хазрети Османдын тили тутулуп
калды. Хазрети Абу Бакр ошол маалда үйүндө болчу. Чуркап келди.
Пайгамбарыбыздын бетин ачып көрүп, кайтыш болгонун көрдү. Бети жана денеси
нурдай жаркырап турган эле. "Өлүмүң да өмүрүң сыяктуу кандай жаркын, эй,
Расулуллах”, – деп өптү. Көп ыйлады, бетин жууп, үйдөгүлөрүн сооротту. Мечитке
чыгып, кайгылуу кабардан дабдырап калган сахабаларга насыят айтып, аларды
тынчтандырды. Ошентип, Расулуллахтын кайтыш болгонуна баары ишеништи. Ошол
кезде Усаманын кошууну шаарга кирип келди. Бурайдат ибни Хасиб колундагы тууну
Расулуллахтын эшигинин алдына тикти. Кайгы, күйүт сахабалардын жүрөгүнө
канжардай кадалды.
Хазрети Аббас уулу Фадл жана Али
«радыйаллаху таала анхум» жана үйдөгүлөр көз жаштары менен жаназа, жерге берүү
иштерин аткарышты. Хазрети Абу Бакр эшик алдында ичи өрттөнүп, кызматка көз
салып турган эле. Бирок, кайгыдан пайда жок. Алдында Пайгамбардын жумушун
улантуудай улуу бир милдет турган эле. Үммөттү башкаруучу жана Исламдын
буйруктарын орундатуучу бир халифа керек эле. Ошол кезде бул жумушту аткарууга
татыктуу жана жөндөмдүү адам – Абу Бакр Сыддык эле.
Хазрети Аббас менен Али
«радыйаллаху анхума» Расулуллах алейхиссаламга андан да жакын эле. Бирок,
Расулуллах «саллаллаху алейхи васаллам» Абу Бакрды баарынан артык көрчү эле.
Ооруп жатканда, сахабалары менен коштошуп жаткан күнү эң көп Абу Бакрдан ыраазы
экенин айткан. Ошондуктан, акыркы күндөрү мечитти көздөй ачылган бардык
үйлөрдүн эшигин жаптырып, жалгыз гана Хазрети Абу Бакрдын эшигин ачык калтырган
болчу. Түбөлүк ааламга кетерине үч күн калганда, мечиттеги имамдык милдетин да
Хазрети Абу Бакрга тапшырып, Исламдын негизги шарттарынын башында турган
намазда аны бардык мусулмандардын алдына өткөргөн эле. Булардын бардыгы Абу
Бакрдын халифа боло тургандыгынын белгилери болгон. Сахабаларга бир гана
жыйналып, аны шайлоо иши калган эле.
Бирок, ансарлардын бир бөлүгү
өздөрүнөн чыккан Саад бин Убаданы халифа кылууну каалашат. Анын тегерегинде
жыйналышат. Ансарлардын Авс уруусу Усайад бин Худайрдын тегерегинде жыйналышат.
Курайш уруусу Арабстандагы эң жогорку, беделдүү коом эле. Халифа Курайш
уруусунан шайлануусу керек эле.
Мына, ушундай татаал маалда Абу
Бакр, Омар жана Абу Убайда «радыйаллаху анхум» сахабалар отурган жерге келишет.
Хазрети Омар Фарук жана Абу Убайда бин Жаррах «радыйаллаху анхума» жыйналган
сахабалардын алдында сөз сүйлөшөт. Алардын сөзүнөн кийин Абу Бакр Сыддык
«радыйаллаху анх» Дүйшөнбү күнү (Пайгамбар кайтыш болгон күн) халифа болуп
шайланат. Шейшемби күнү мечитке барып, сахабаларды жыйнады. Минбарга чыкты.
Аллахка хамду сана айткандан кийин: "Эй, Мусулмандар! Мен силерге амир болдум,
бирок, силерден артык эмесмин. Эгер, жакшылык кылсам, мага жардам бергиле.
Жамандык кылсам, мага туура жолду көрсөткүлө! Тууралык – аманат. Жалганчылык –
кыянат. Силердин араңардагы алсыздар мен үчүн кымбат. Анын укугун коргойм.
Күчүнө ишене тургандар мен үчүн алсыз. Анткени, алардан башкалардын акысын
аламын. Эч ким жихадды таштап кетпесин! Жихадды таштаган кор болот. Мен Аллаху
таала менен Расулуна моюн сунамын, силер мага баш ийгиле. Эгер мен Аллах жана
Расулуна моюн сунбай туура жолдон тайсам, силердин да мага баш ийүүңөр керек
эмес. Тургула намаз окуйлу. Аллаху таала баарыңарды кечирсин”, - дейт.
Андан кийин аял, эркек, бала,
кул, бардык адамдар топ-топ болуп Расулуллах кайтыш болгон бөлмөгө кирип, кечке
чейин жамаатсыз жаназа намазын окушат. Шаршемби күнү кечке маал ошол бөлмөдө
Пайгамбарыбызды көмүшөт.
Сахабалар туш келген бир иштин
кандай жасала тургандыгы тууралуу Курани карим жана хадиси шарифтерден таба
алышпаса, рай жана кыяс жолу менен, б.а., аны башка бир белгилүү нерселер менен
салыштырып, өкүм чыгарышчу эле. Ошентип, ижтихад маселеси (б.а., өкүм чыгаруу)
башталды. Сахабалардын же болбосо башка мужтахиддердин бир маселе боюнча кылган
ижтихады бирдей чыкса, ошол маселеде күмөн калбайт. Ижтихаддардын ушундай бири-
бирине туура келиши "Ижма-и уммат” деп аталат. Ижтихад кыла алуу үчүн
терең аалым болуу керек. Мындай аалым "мужтахид” деп аталат. Бир маселе
боюнча мужтахиддердин ижтихаддары бири-бирине туура келбесе, ар бир мужтахиддин
өкүмдөрдү өзүнүн ижтихады боюнча айтуусу жана орундоосу важиб болот.
Халифа шайлоо да ижтихад маселеси
эле. Негизинен Абу Бакр Сыддык, Омар Фарук, Осман Зиннурейн жана Али Муртазанын
«радыйаллаху анхум» халифа боло тургандыктарына хадистерде ишара (белги) бар
эле. Бирок, эч биринин убагы ачык көрсөтүлгөн эмес болчу. Расулуллах да:
"Менден кийин мына бул адамды халифа кылгыла”, - деп айткан эмес. Бул ишти
сахабаларына калтырган эле.
Абу Бакр жана Али ул-Муртаза
«радыйаллаху анхума» халифа шайлоосунда мусулмандардын арасында бөлүнүү пайда
болуусунан кооптонушкан. Хазрети Али халифа шайлоо кезинде өзүнүн чакырылбагандыгына
алгач таарынган эле. Абу Убайда бин Жаррах Хазрети Алинин отурган үйүнө келет.
Хазрети Абу Бакр менен Омардын айткандарын ага билдирет. Хазрети Али
«радыйаллаху анх» аны угуп, катуу таасирленди. "Эй, Абу Убайда. Бул үйдүн
бурчунда отурганым халифа болуу үчүн же болбосо мусулмандарга кыр көрсөтүү үчүн
эмес. Расулуллахтан айрылуу мага оор тийди, эсимен тана баштадым”, - дейт.
Эртеси күнү мечитке барат. Сахабалардын арасынан өтүп, Хазрети Абу Бакрдын
жанына барып, ага моюн сунууга ант берет. Халифа Абу Бакр ага: "Сен кадырлуу
жана ырайымдуусун, таарынганда Аллаху тааладан коркосуң. Кубанганда ага шүкүр
кыласын. Аллаху тааланын бергенинен башка нерсе каалабаган ал кандай бактылуу
адам! Мен халифа болууну каалаган жокмун. Фитна чыкпасын деп, айла жоктон кабыл
кылдым. Мага оор жүк жүктөлдү. Көтөрө тургандай алым жок. Аллаху таала
күч-кубат берсин. Бул жүктү Аллаху таала сенин моюнуңан алды. Биз сага
муктажбыз. Сенин үстөмдүгүңдү билебиз”, - дейт.
Хазрети Али менен Хазрети Зубайр
халифа болууга сахабалардын ичинде эң ылайыктуусу Абу Бакр Сыддык экенин
айтышты. Өздөрүнө шайлоо тууралуу алдын ала кабар берилбегендигине
таарынгандарын айтышып, кечирим сурашат. Халифа аларды кечирди. Анан Хазрети
Али уруксат сурап, кетет. Омар аны узатат. Кетип баратканда: "Азыркыга чейин
келбегендигим халифаны кабылдабаганымдан эмес, эми келгеним болсо
корккондугуман эмес”, - дейт. Хазрети Алиден кийин халифага хашимилердин
бардыгы ант беришти. Халифа шайлоодо добуш бирдиги орун алды.
Халифаны шайлоо маселесинде Абу
Бакр да, Али да «радыйаллаху таала анхума» өтө зээндүү жана өтө акылдуулук
менен аракет кылышты. Хазрети Алинин Сакифага (шайлоо болгон жер) чакырылбаганы
да орундуу болгон. Эгер ал ошол жерде болгондо ансарлар менен мухажирлердин
ортосундагы тартышууга хашимилер да аралашып, маселе күчөп кетмек.
Халифаны шайлоодогу ижтихаддардын
айырмачылыгы тууралуу биздин пикир талашканыбыз туура эмес. Мусулмандардын эң
жакшылары – сахабалар. Алардын бардыгы – туура жолдун, ыйман жолунун
жылдыздары. Курани каримдин мааниси алардан үйрөнүлдү. Жүз миңдеген хадиси шарифтер
алар тарабынан жеткизилди. Аллаху тааланын буйруктарын жана тыюуларын алар
үйрөттү. Сахабалардан алган, сахабалар аркылуу жетип келген илимибизди алардын
маселелерин талкуулоого жумшообуз орунсуз аракет болот.
Албетте, катачылык адамзаттын
жаратылышында бар. Мужтахиддер да ката кетирет. Бирок, алар жаңылбаса он сооп,
жаңыла турган болсо бир сооп алышат.
Сахабалардын бардыгы Исламдын
тиреги болуп эсептелет. Араларындагы өзгөчөлүктөрдүн баары бир гана ижтихад
айырмачылыгында. Бири-бирине катуу сүйлөсө да, бири-биринин кадыр-баркын
билишчү эле. Хазрети Зубайр динди ойлобой, өз башын, өз коомун ойлой турган
болсо, кайын атасы Абу Бакрдан айрылмак эмес. Халифа шайлоодо Абу Бакрды эң көп
колдогон адам Хазрети Омар болгон. Ошондой эле Хазрети Алинин кадыр- баркын
билген жана айткан сахаба да ал болчу. Хазрети Омар бир күнү Хазрети Алиден бир
нерсе сурайт. Ал дароо эле жооп берет. Ошого байланыштуу: "Хазрети Али жок
жерде татаал маселеге туш келүүдөн Аллах сактасын”, - деген. Хазрети Али да:
"Расулуллахтан кийинки бул үммөттүн эң кайырлуусу – Абу Бакр менен Омар” - деп
айтчу.
Бир айдан кийин Абу Бакр минбарга
чыгып: "Халифалыктан баш тарткым келет. Мени дал Расулуллахтын жолунда көрүүнү
кааласаңар айтайын, бул мүмкүн эмес. Анткени, шайтан ага жакындай алчу эмес эле
жана ага вахий келчү эле”, - дейт. Мындай адамдын оюнда атак-даңкты сүйүү
болушу мүмкүнбү? Аларга тил тийгизүүгө болобу?
Хазрети Абу Бакр Сыддык кайтыш
болгондон кийин анын сунушу жана сахабалардын макулдугу менен Хазрети Омар
Фарук халифа болуп шайланды. Андан кийин Хазрети Омар ордуна алты адамды сунуш
кылды. Алардын бири – Хазрети Осман, бири – Хазрети Али болчу. Алты адамдан
турган кеңеш араларынан Хазрети Османды тандады. Бардык сахабалар буга макул
болушту. Хазрети Осман шейит болгондон кийин сахабалар Хазрети Алини халифа
кылып шайлашты.
Омар менен Османдын доорунда
Ислам Азия жана Африкада тездик менен жайыла баштагандан кийин Абдуллах бин
Саба деген Йемендик яхуди мусулман болуп көрүнүп, Мысырлыктарды (Египет) алдады.
Хазрети Османдын шейит болуусуна себепчи болду. Чоң бүлүк чыгарды. Ал алгач
Басрага барат. "Иса алейхиссалам кайрадан дүйнөгө келе турган болсо, Мухаммед
алейхиссалам дагы келет. Али экөө дүйнөнү куфурдан куткарат. Халифалыкты Али
алуу керек эле. Үч халифа аны тартып алышты”, - дейт. Басрадан куулгандан
кийин, Куфага барып, калкты алдай баштайт. Ал жерден да куулуп, Шамга барат.
Шамда сахабалар ага жакшы мамиле кылбагандыктан Мысырга кетип калат. Ал жерде
да өзүнө жактоочуларды таап, өзүн ахли бейттин ашыгы кылып көрсөтөт. Адамдарга
Хазрети Алиге моюн сунуу керек экендигин, ага моюн сунбагандарга душман болуу
керектигин үгүттөйт. Өзүнө ишенген адамдарга: "Пайгамбардан кийин адамдардын эң
жогорусу – Хазрети Али. Ал – Пайгамбардын мурасчысы, тууганы, күйөө баласы”, -
дечү эле. Сөзүнө ишендирүү үчүн аяттардан жаңылыш маанилерди чыгарып, жалган
хадистерди айтып, сабатсыз калкты алдачу эле. Негизи ушундай кылгандар "зындык”деп аталат. Бул сөзүнө да ишенгендерге: "Пайгамбар өзүнөн кийин Хазрети
Алинин халифа болуусун айткан. Сахабалар Пайгамбарды тыңдашпады. Алинин акысын
жешти. Дүнүйөлүк пайда үчүн диндерин ташташты”, - дечү эле. "Бул сырларды эч
кимге айтпагыла!” - деп катуу эскертчү. "Мен атак-даңкты сүйбөйм. Максатым
силерге бир гана туура жолду көрсөтүү”, - дечү эле. Ошентип, Хазрети Османдын
шейит болуусуна себепчи болгон. Андан кийин Алинин аскерлеринин арасында
алгачкы үч халифага карата душманчылыкты жаюуга аракет кылат. Анда да
ийгиликтерге жетти. Ага алдангандар "Сабаийа” деп аталды. Хазрети Али
ушундай сөздөрдү уккандан кийин минбарга чыгып, үч халифага тил тийгизгендерди
айыптады. Кээ бирлерин дарра уруу менен коркутту. Абдуллах бин Саба бул
жетишкендиктерин көрүп, өзүнүн жактоочуларына жашыруун түрдө Хазрети Алинин
кереметтерин айтып, "мындай адам кылалбай турган таң каларлык иштери анын кудай
экенин көрсөтөт”, - дейт. Хазрети Али бул сөздөрдү өзү да угат. Абдуллах бин
Сабанын жана ага ишенгендерди өрттөй турганын айтат. Аларды Мадайн шаарына кууп
чыгарат. Бирок, ал жерде да тынч турбайт. Адамдарын Ирак менен Азербайжанга
жиберип, сахабаларга душманчылыгын үгүттөйт. Хазрети Али башка согуштар менен
алек болуп жаткандыктан, аларга көңүл бурууга убактысы болбойт.
Шиилик Хазрети Али доорунда
курулган. Адамдар арасында кийин жайыла баштаган. Мусулмандар арасында бөлүнүү
аракеттерин жүзөгө ашырган бидат топторунун кээ бирлери сахабалардын доорунда
эле чыккан жана калгандарынын пайда болуп, мусулмандардын арасында жайыла
башташы сахабалардын бардыгы дүйнөдөн кайткандан кийин башталган.
Хазрети Али катышкан Жамал жана
Сиффин окуяларында согушту кызыткандар Абдуллах ибн Сабанын адамдары эле.
Фитначылардын күндөн-күнгө көбөйүүсүнө байланыштуу Хазрети Алинин кошууну
төрткө бөлүндү.
1. Алгачкы шииа тобу катары
Хазрети Алиге моюн сунган. Сахабалардын эч бирине тил тийгизишкен эмес. Алардын
баарын урмат менен эске алышкан. Шайтандын азгырыгынан кутулушкан. Согушкан
адамдарын да бир тууган деп эсептеп, алар менен согушуудан баш тартышкан.
Хазрети Али алардын сөзүн кабылдады. "Шиа” деген ысым алгачкы жолу
ушуларга берилген. Алардын жолундагылар "ахли сүннөт вал жамаат” деп
аталды.
2. Хазрети Алини сахабалардын
баарынан жогору көргөн адамдар "тафдилия” деп аталды. Хазрети Али аларды уруу
менен коркуткан. "Шиит” деген кезде ошол топтогулар ойго келет.
3. Бардык сахабаларды күнөөлүү,
жада калса, капыр деп айтуучулардын тобу. Алар "Сабаийа” жана "Хуруфи” деп
аталат.
4. Эң көп алдангандар гулат,
б.а., көпкөндөр, чегинен чыккандар. Алар: "Аллах Хазрети Алинин денесине
кирген”, - деп эсептешет. (Ошентип алар зындык, капыр болушту).
Хазрети Алинин экинчи уулу –
Хусейн, анын уулу – Имам Зайнулабидин Али. Ал хижрий 94-жылы кайтыш болгон.
Анын уулу Зейд халифа Хишамга каршы баш көтөрөт. Кошуун жыйнап, Куфаны көздөй
жүрүш кылат. Зейд аскерлеринин сахабаларды жамандаганын угуп, аларды тыйды.
Аскерлери тарап кетип, жанында аз эле адам калат. 122-жылы шейит болду. Зейддин
жанында калгандар "Зайдийа” тобу деп аталат. Качкандар өздөрүн "Имамийа” деп
аташты.
Жогоруда билдирилгендей
пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам кайтыш болгондон кийин сахабалар Абу Бакрды
халифа кылып шайлашты. Анткени, Хазрети Абу Бакр сахабалардын ичинде эң
жогорусу эле. Аны халифа кылып шайлагандардын ичинде Хазрети Али да бар эле.
Абу Бакр Сыддыктын халифа болуусунда эң таасирдүү сөздөрдү айткан да Хазрети
Али болчу. Мисалы, Жамал окуясынан кийин Абдуллах бин Кава Алиге келип:
"Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам халифалык тууралуу сага эч нерсе айткан
жокпу?” - деп сураганда, ал: "Биз баарынан мурда диндеги милдетибизге карайбыз.
Диндин тиреги – намаз. Аллаху таала менен Расулунунун (алейхиссалам) динде
биздин ичибизден жактырып, тандаганын, биз да дүйнөбүз үчүн тандайбыз.
Ошондуктан, Абу Бакр Сыддыкты халифа кылып шайладык”, - деп жооп берген.
Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам ооруп жаткан соңку күндөрүндө Абу Бакрды
өзүнүн ордуна намазда имам болсун деп айткан. Билал Хабеши «радыйаллаху анх» ар
азан окуганда, Пайгамбарыбыз: "Абу Бакрга айткыла, мусулмандарга имам
болсун!” - деп айтар эле. Мухаммед алейхиссалам өзүнөн кийин Абу Бакрдын
халифа болууга ылайык экенин көрсөтүүчү жана Омар, Осман, Алинин өз
доорлорундагы адамдардын ичинде халифалыкка эң ылайыктуу адамдар экенин
билдирген көптөгөн нерселер тууралуу айткан. Шиилер сахабалардын эң жогоркусу
Абу Бакр Сыддык, андан кийин Омар Фарук, андан кийин Осман Зиннурейн, андан
кийин Али Муртаза экенин, халифалыктын да ушул тартип менен болуусуна
ишенишпейт. Ошентип, чоң ката кетиришет. Аларды бул жаңылыш ишенимге Абдуллах
бин Саба деген яхуди киргизген. Бул ишеним тарых сахнасындан жоголуп бара
жаткан кезде Шах Исмаилдин Иранда мамлекет куруусу менен аталган фитна ишеними
кайрадан пайда болуп, бузук китептер аркылуу жайыла баштады. Андан мурда Аламут
чебинде Хасан Саббах бир мамлекет курган эле. Ушуга байланыштуу Осмон
мамлекетинен чыккан тарыхчы жана аалым Ахмед Жевдет Паша "Кисаси Анбия” китебинде:
"Хасан Саббах – Абдуллах бин Сабанын жолундагы мулхид (динден чыккан) эле.
Харамдарга адал деп, көп адамды туура жолдон адаштырган. Аламут чеби менен
тегереги анын жактоочуларына толду. Алар каракчылык кылышчу эле. Ахли сүннөттү
Йазиди деп аташчу эле. Бир йазидини өлтүрүү он капырды өлтүрүүдөн да көп
сооптуу деп эшептешчү эле. Ошондуктан, ажыларга, жетекчилерге, аалымдарга,
аскерлерге кол салышып өлтүрүшчү. Алар "Батынийа” же болбосо "Исмаилийа”деп аталат. Капыр жана чегинен чыккан адамдар эле. Хасан Саббах 35 жыл
көптөгөн адамдын динине жана өмүрүнө кол салган. Хижрий 518-жылы (м.1124) өлүп,
Тозоко кетти. Небереси Ахунд Хасан андан да өткөн айлакер зындык (мусулман
болуп көрүнүп жүргөн дин душманы) эле. Мусулмандарды алдоо үчүн өздөрүнө "Алеви”(Алинин адамдары) деген ысым койгон адам ушул эле. Бардык харам нерселерди
жактоочуларына адал деп жасаткан. Бул зындык х.561-жылы (м.1166) кайын иниси
тарабынан өлтүрүлгөн. Небереси Жалалиддин Хасан бул жолдон баш тартты.
Чынгыздын небереси Хулагу Исмаилилердин акыркы жетекчиси Рукнуддинди өлтүрөт.
Алардын борбор чеби болгон Аламут жана башка борборлорун кыйраткан.
Мусулмандарды алардан куткарган. "Динсиздин жазасы ыймансыздан келет”, - деген
накыл сөздүн чын экени дагы бир жолу далилденди”.
Ал эми, пайгамбарыбыз Мухаммед
алейхиссаламдын ыйык хадистери жыйналган китептерде төрт халифа тууралуу,
сахабалардын артыкчылыктары тууралуу көптөгөн хадистер бар.
Курани каримден кийин Ислам дүйнөсүндө
эң баалуу китеп болуп эсептелген "Бухари” хадис китебинде мындай
айтылат:
Сахабалардан Абу Мусал-Ашари
айтат: "Мединада бир бактын ичинде Расулуллах менен бирге отурган элек. Эшикти
бирөө чалды. Расулуллах: "Эшикти ач, келген адамга Жаннатка бара турганын
айт”, - деди, эшикти ачтым. Абу Бакр Сыддык кирип келди. Пайгамбардын сөзүн
айттым. Ал Аллахка шүкүр кылды. Эшик дагы чалынды. Расулуллах: "Ач да, ага
да жанагы сүйүнчүнү айт”, - деди. Омар Фарук кирип келди. Сүйүнчүнү айттым.
Ал да Аллахка хамд айтты. Эшик дагы чалынды. "Ач, Жаннатка бара турганын
жана дүйнөдө кыйынчылыктарга дуушар болоорун айт”, - деди. Кирип келген
Хазрети Осман эле. Ага баарын айттым. Ал да Аллахка шүкүр кылды”.
Бир хадисте Абу Бакр Сыддыкка айтылды: "Сен менин үңкүрдө жанымда болгон
досумсуң. Кавсардын жанында жолдошумсун”. Дагы бир хадисте: "Мага
Жабраил келди. Колуман кармады. Үммөтүмдүн биринин Жаннат эшигинен ичке
киргенин көрсөттү”, - дейт. Абу Бакр: "Эй, Расулуллах. Ал жерде сен менен
бирге болууну каалайм”, - дейт. "Эй, Абу Бакр! Үммөтүмдүн ичинде Жаннатка эң
алгач сен киресиң”, - деп айтты. Бул эки хадиси шарифти Тирмизи кабар
берген.
Бухари жана Муслимде келтирилген
бир хадиси шарифте: "Бейишке бардым. Бир сарай көрдүм. Анын ичинде бир хури
кыз көрдүм. "Сен ким үчүн жаратылдың”, - деп сурадым. Ал: "Омар бин
Хаттаб үчүн жаратылдым”, - деп жооп берди. Үйгө кирип, аны көргүм келди. Бирок,
сен кызгана турганыңды ойлоп, кирген жокмун, эй, Омар”, - дегенде, Хазрети
Омар: "Ата-энем жана бардык нерсем Сиз үчүн курман болсун, эй, Расулуллах”, -
дейт. Дагы бир хадисте: "Абу Бакр менен Омарды силердин алдыңарга мен
чыгардым. Аларды Аллаху таала баарыңардын алдыңарга чыгарды”, - делген.
Дагы бир хадиси шарифте: "Бейиште пайгамбарлардан кийин бардык адамдардын эң
улугу – Абу Бакр жана Омар”, - деп айтылган.
Үч халифа "Фатх” сүрөсүнүн
18-аятындагы: "Сага бактын алдында колдорун созуп сөз бергендерге Аллаху
таала ыраазы болду. Бардыгын жакшы көрдү”, – деп урматталган адамдардын
катарына кирди. Ошондуктан, аларды жамандоо, аларга акаарат кылуу куфурлук
болот. Ошол себептен аталган үч сахабаны жакшы көрүү, урмат кылуу кажет.
Пайгамбарыбыз Мухаммед
алейхиссалам: "Менден кийин сахабаларымдын арасында боло турган бөлүнүүлөр
тууралуу Раббимен сурадым. Раббим: "Эй, сүйүктүү Пайгамбарым Мухаммед
(алейхиссалату вассалам)! Сенин сахабаларың көктөгү жылдыздар сыяктуу.
Биринен-бири ашкан жарык нур. Баарынан нур чачырайт. Алардын биринин жолун
карманган адам туура жолго жетет”, - деди”, - делген. Андан кийин мына ушул
хадиси шарифти айтты: "Асхабым көктөгү жылдыздар сыяктуу. Кайсы бирин
ээрчисеңер да саламаттыкка, ыймандуулукка жетесиңер!”
"Аллаху таала бардык
адамдардын ичинен мени тандады. Адамдардын ичиндеги эң жакшыларын менин
сахабаларым кылып шайлады. Алардын ичиндеги эң улууларын мага тууган жана
жардамчы кылды. Кимде-ким мени сүйгөндүгү үчүн аларды сыйлап, урматтаса, Аллаху
таала да аны кооптон коргойт. Аларга тил тийгизип, мени таарынткандарды Ал да
таарынтат”.
Хадиси шарифте мусулмандардын 73
топко бөлүнө тургандыгы айтылды. Алардын ар бири Исламга моюн сунгандыктарын
айтышат. Тозоктон кутулуучу топтун өздөрүнүн тобу экенин айтышат. "Муминун”
сүрөсүнүн 54-аятында жана "Рум” сүрөсүнүн 32-аятында: "Ар бир топ туура
жолдо экендиктерин ойлоп, кубанууда”, - делинген. Бирок, ушул ар түрдүү
топтордун ичинде туура жолдогу биринин белгилерин Пайгамбарыбыз мындайча
билдирет: "Бул топтогулар – менин жана сахабаларымдын жолунда болгондор”. Бул
жерде Пайгамбарыбыз өзү менен бирге сахабаларын да айтат. Б.а., "Менин жолум
– сахабаларым жүргөн жол. Туура жол – бир гана сахабаларымдын жолу”, -
деген. "Ниса” сүрөсүнүн 79-аятында: "Расулума баш ийген адам, албетте,
Аллаху таалага баш ийген болот”, - делген. Расулга бай ийүү – Аллахка баш
ийүү. Расулга баш ийбөө - Аллахка каршы чыгуу деген сөз. Ушул эки баш ийүүнү
бири-биринен бөлөк деп санагандар үчүн "Ниса” сүрөсүнүн 149-аятында мындай деп
билдирилген: "Аллаху тааланын жолу менен Расулунун жолун бири-биринен
айыргысы келет. Сен айткандардын кээ бирине ишенебиз, кээ бирине ишенбейбиз
дейт. Экөөнүн арасынан бөлөк жол ачкысы келет. Алар, арийне – капырлар”. Сахабалардын
жолу менен жүрбөй, түздөн-түз Пайгамбарга моюн суна турганын айткан адам
адашууда. Ал Пайгамбарга баш ийген эмес, каршы чыккан болуп эсептелет. Андай
жолду кармангандар кыяматта кутула алышпайт.
Шииттер Хазрети Османга
душманчылык кылышат. Ал эми, Осман «радыйаллаху анх» – үчүнчү халифа жана алгач
мусулман болгондордун бири. Пайгамбарыбыздын эки кызына үйлөнүү бакытына ээ
болгондуктан "Зиннурейн” (эки нурдун ээси) деп аталган, аны кийин
бузулду деп эсептеген шииттер адашат. Себеби, Пайгамбарыбыз бузула турган
адамга эки кызын бербейт. Хазрети Осман үйүн, жайын, малын таштап Хабашистанга
көчүп барган.
Анан Мединага келди. Халифа болуп
турган кезде Курани каримди көбөйттү. Табук согушунда Пайгамбардын кошуунуна
950 төө, элүү ат, көп акча берип, жардам кылды. "Османга бүгүндөн баштап
кыла тургандары эч кандай зыян тийгизбейт”, - деген хадиси шарифтин
сүйүнүчүсүн алды. Сахабаларды суусуздуктан куткаруу үчүн бир кудукту сатып
алган. Хадисте: "Мечитибизди кеңейткен адамга Жаннатта андан да жакшыраак
мекен берилет”, - деп айтылгандан кийин, тегерегиндеги алты бөлөк жерди
сатып алып, мечитке кошкон. Пайгамбарыбыз Абу Бакр, Омар жана Осман менен
Субайр тоосунда отурган маалда жер титирөө болот. "Эй, Субайр! Силкинбе!
Үстүңдө наби, сыддык жана шейит бар”, - дейт Пайгамбар. Ошентип, Омар менен
Османдын шейит боло турганын билдирди. Хазрети Османдын халифалыгында Азияда
Кабул шаарына чейин, Анатолияда Стамбулга чейин Ислам жайылды.
Пайгамбарыбыз Мухаммед
алейхиссалам Аллаху тааланын буйругу менен кызы Рукайаны Османга
жубайлыкка берди. Рукайа Бадр согушунда Мединада дүйнөдөн кайткан. Экинчи кызы
Умму Кулсумду да Хазрети Османга берди. Хижрий 9-жылы Умму Кулсум кайтыш
болгондон кийин: "Дагы кыздарым болгондо, аларды да Османга берер элем”, -
деген. Пайгамбарыбыздын жанына Хазрети Осман келгенде ал этеги менен мубарак
буттарын жаап алды. Хазрети Айша мунун себебин сураганда: "Андан периштелер
да уялат. Мен уялбаймынбы?” - деген.
Ал халифа болгондо ар кимге
ылайыктуу милдеттерди жүктөдү. Ар кимге колунан келген жумушту тапшырды.
Халифанын кайыпты билүүсү шарт эмес. Хазрети Османдын амирлери менен акимдери
анын буйруктарын орундатууда, жоокерликте, мамлекеттерди Исламга ачууда жана
эмгекчилдикте доорунун эң тандалган адамдары болушкан. Анын доорунда Ислам
мамлекеттерин батышта Испанияга чейин, чыгышта Кабул жана Балхка чейин
кеңейткен ушулар болгон. Ислам аскерлерин кургактыкта да, деңизде да жеңиштен
жеңишке жеткизишти. Экинчи халифанын доорунда фитнанын борбору болгон Ирак
менен Хорасанды тазалады. Хазрети Османдын өзүнүн туугандарына көп белектерди
берип, мамлекеттик казынага зыян келтиргенин айткандар да кездешет. Ал эми,
Хазрети Осман өтө бай адам болгон. Ал бул иштерге өзүнүн акчасын жумшаган.
Мамлекеттик казынадан айлык да алган эмес. Хазрети Осман Хижаз менен Ирактагы
кароосуз калган жерлерди ишеничтүү адамдарына берген. Чарбачылык жабдуулары
менен камсыз кылып, жумуш берди. Элге көп жер алып берди. Айыл-чырбачылыгын
өнүктүрүп, бактарды тиктирди. Кудуктарды каздырып, суу каналдарын салдырды.
Аравиянын чөлдүү жерлери анын доорунда эң берекелүү жерлерге айланды.
Коопсуздук камсыз кылынды. Натыйжада каракчылардан жана жырткыч айбандардан
келе турган кооптор жок кылынды. Соода менен унаа ташуу өнүктү. "Аравияда
дарыялар акмайынча кыямат башталбайт”, - деген хадиси шариф Хазрети
Османдын доорун билдирип тургандай эле. Ади бин Хатим Таиге айтылган хадис: "Өмүрүң
узак болсо, бир аялдын Хират (Герат) шаарынан чыгып, Каабага чейин Аллахтан
башка эч кимден коркпой, эркин бара алышын көрөсүң”, - деп айтылган.
Ушунчалык ийгиликтердин ичинде аны көрө албагандар да чыккан. Абдуллах бин Саба
деген яхуди Мысырлыктарды алдады. Анын жалгандарына кийин өздөрүн шииттер деп
атаган топ да алданып, Хазрети Осман менен сахабаларга душман болушту.
Шииттер Хазрети Айшага да
душманчылык кылышууда. Айша «радыйаллаху анха» – Пайгамбарыбыздын жубайы, Абу
Бакр Сыддыктын кызы. Сахабалардын ичинде фыкх аалымы болгон, анда накыл сөздөр
менен сүйлөөчү чечендик бар эле. Хадиси шарифте: "Диниңердин үчтөн бирин
Хумайрадан үйрөнгүлө!” - делген. Пайгамбарыбыз Айшаны жакшы көргөндүктөн
аны "Хумайра” деп атаган. Сахабалар жана Табииндердин көпчүлүгү Айшадан
«радыйаллаху анха» уккан хадистерин билдиришкен. Хижрий 5-жылы "Мурайси” (Бани
Мусталик) согушу болгон эле. Пайгамбарыбыз бул согушка Хазрети Айшаны да алып
барган эле. Бул согушка көптөгөн мунафыктар да барышкан болчу. Тарых
китептеринде жазылгандай Хазрети Айшага жалаа жабылды. Мунафыктардын бул жалаасы
тууралуу Пайгамбарыбыз да угат. Чоң түшүнбөстүк пайда болот. "Нур” сүрөсүнүн
11-аятынан баштап, кийинки аяттарды Пайгамбарыбыз Абу Бакр менен Айшанын
жанында туруп окуду жана: "Сүйүнчү, эй, Айша, Аллах сени таза кылып чыгарды.
Сенин пак (таза, ак) экендигиңе Өзү күбө болду”, - дейт.
Хазрети Айша «радыйаллаху анха»
үчүн келген 17 аяттын биринчисинин тафсири "Мавакиб тафсири” мындай жазган:
"Айшага «радыйаллаху анха» жалаа жапкандар – силерден бир канча адам. Силер бул
жалааны өзүңөр үчүн жамандык деп ойлобогула. Бул силер үчүн кайырлуу”.
19-аятта: "Момундардын жаман ат менен эске алынуусун каалай тургандарга
дүйнө жана акыретте ачуу азаптар бар”, - делген. 26-аятта: "Жаман, чирик
сөз айтуу жаман, чирик адамдарга гана жарашат”, - деп айтылган. Хазрети
Айшага жалаа жапкандарга Аллаху таала оор азаптарды тарткыза тургандыгын
билдирген. Шииттер Курани каримдин ушул аяттарына ишенишпесе керек, Абдуллах
бин Саба деген яхудинин сахабаларга жапкан жалаасы жана ойлоп чыгарган
жалгандарына ынанды. Мындай жалгандарга алданып калбоо жана туура ишенимде
болуу үчүн ахли сүннөт аалымдарынын китептерин окуу керек.
Сахабаларды, жаратылгандардын эң
улуусу болгон Мухаммед алейхиссаламдын сухбатына катышкан, Ислам үчүн бардык
нерсесин курман кылган ошол улуу доордун улуу адамдарын туура тааныткан
көптөгөн баа жеткис китептер жазылган. Ушулардын бири Имамы Раббани Ахдет
Фаруки Сархандинин "Радди Равафид” китеби болгон. Имам Раббани ошондой
эле, "Мактубат” аттуу баа жеткис китебинин түрдүү каттарында сахабалардын
жогорку даражалары, кадыр-барктары, өзгөчөлүктөрү тууралуу толук маалыматтарды
берген. "Радди Равафид” китебин ошол кездеги Бухаранын Өзбек ханы
Абдуллах ханга жиберип: "Муну Иранда Шах Аббас Сафавиге көрсөтсүн. Кабылдаса,
өтө жакшы. Кабылдабаса, аны менен согушуу жаиз (б.а., уруксат) болот”, - дейт.
Шах Аббас кабылдабай, натыйжасында согуш болгон. Абдуллах Хан Герат жана
Хорасандагы шаарларды ээлеп алган.
Надир шах хижрий 1148-жылы Иранга
бийлөөчү болгон. Осмон мамлекетине элчилерди жиберип, Ахли сүннөт менен Имамийа
шиилик тобунун кайсы бири туура экенин илимий жол менен аныктап берүүнү
суранды. Осмондук аалым Хазрети Абдуллах Сувайди Иранга келди. Надир шахтын
буйругу боюнча Нажафта шиит аалымдары менен жолугушту. Аларды жооп бере албай
тургандай даражага жеткирди. Ахли сүннөт жолунун туура экенин, шииликтин бидат
жол экенин акыл жана накыл жагынан далилдеп берди. Надир шах бул тууралуу
буйрук чыгарып, бүткүл Иранга жарыялады. Осмон мамлекетине да билдирди. Бул
жердеги окуялар менен илимий тартышууларды камтыган "Хужаж-и катийа” деп
аталган китеп Абдуллах Сувайди хазирети тарабынан жазылган.
Абдуллах Сувайди "Хужаж-и катийа”
китебинде Ирандын шиит аалымдары менен болгон илимий муназара (тартышуу) окуясы
тууралуу мындай дейт:
"Маегибизди шахка жеткизди. Ушуга
байланыштуу Иран, Бухара жана Афган аалымдары менен биригип, куфурга себеп
болгон нерселердин баарын токтотууга чечим кабыл алууга жана шахтын өкүлү
катары ошол үч улуттун аалымдарына мени башчы кылууга буйрук берилди.
Түнкү саат төрттө башкы вазир
келип, мага: "Шах сизге алкышын билдирип, салам айтты. Эртең жыйналып, кабыл
алынган чечимдерди жазып, ага аалымдардын кол коюусун буюрду. Сиздин да кол
коюп, күбө болууңузду каалап жатат”, - деди. Мен макул болдум.
Бейшемби күнү жыйнала турган
жерге бардым. Хазрети Алинин «радыйаллаху анх» кабырынын тегерегинде алтымыш
миңдей Ирандык жыйналган экен. Ошол жерге барып, отурдум. Узун кагаз алып
келинди. Молдо башынын буйругу менен аны Муфтий Хусейн окуду. Ал фарси тилинде
жазылган эле. Мааниси:
"Аллаху тааланын мыйзамы жана
даанышмандыгы мына ушунда: буйруктарын жана тыюуларын билдирүү үчүн адамдарга
пайгамбарларды жиберген. Кезек пайгамбарлардын эң кадырлуусу Мухаммед
Мустафага (алейхиссалату вассалам) келди. Пайгамбарлардын акыркысы катары Аллаху
тааланын буйруктарын жана тыюуларын билдирип, милдетин аткаргандан кийин кайтыш
болду. Андан кийин кадырлуу сахабалар Абу Бакр Сыддыктын артыкчылыктарын,
жакшылыктарын, кайырлуу иштерин эске алышып, халифалыкка эң татыктуу адам
экенине бир добуштан макул болушуп, аны шайлашты. Алардын ичинде Хазрети Али да
бар эле. Ал дагы Абу Бакрды эч кандай мажбурлоосуз, өз каалоосу менен шайлады.
Ошентип, Абу Бакрдын халифалыгы сахабалардын баарынын макулдугу менен жүзөгө
ашты. Аны шайлаган асхабы кирамдын «радыйаллаху таала анхум» баары адилеттүү
адамдар. Курани каримде: "Мухажирлер менен ансарлар – алдыңкы катардагы
адамдар..” жана "Сага бактын астында сөз берген момундарга Аллаху таала,
албетте, ыраазы болду”, - деген аяттар менен макталган. Алар тууралуу
Расулуллах да: "Сахабаларым көктөгү жылдыздар сыяктуу. Кайсы бирин
ээрчисеңер да ыйман жолун, туура жолду табасыңар!” - деп мактап айткан.
Абу Бакр Сыддыктан кийин ал өзү
дайындаган (жана сахабалардын бардыгы моюн сунууга биат (ант) берген) Омар
Фарук халифа болду. Хазрети Али да аны шайлагандардын арасында эле.
Хазрети Омар кайтыш болоорунун
астында алты адамды көрсөттү. "Алар өздөрүнүн араларынан бирин тандап алышсын”,
- деп айтты. Бул алты кишинин бири Хазрети Али болчу. Бешөө бир добуштан Хазрети
Османды халифа кылып шайлашты (Сахабалардын бардыгы да биат кылып,
макулдуктарын билдиришти). Хазрети Осман эч кимди дайындабастан шейит болгондон
кийин сахабалардын бардыгы бир добуштан макулдашып, Хазрети Алини халифа кылып
шайлашты. Бул төртөө бир жерде жашаган кездеринде араларында эч кандай
тартышуу, келишпестик болгон эмес. Ар дайым жакшы мамиледе болушуп, бири-бирин
урматташып, макташчу эле. Жада калса, Хазрети Алиден шейхайн, б.а., алгачкы эки
имам (халифа) тууралуу сурашканда: "Бул экөө адилеттүү түрдө шайланган
имамдар”, - деп жооп берген. Абу Бакр Сыддык халифа болгон кезде: "Араңарда Али
бар кезде мени шайладыңарбы?” - деген.
Эй, ажемдер (Ирандыктар)! Төрт
халифанын өзгөчөлүктөрү жана халифалыгы ушул тартип боюнча болгон. Кимде-ким
аларды жамандап, тил тийгизсе, анын бала-бакырасынын канын төгүү шахка адал
болот (б.а., өлтүрүлөт). Ушундай адамдарга Аллахтын, периштелердин, китептин
жана пайгамбарлардын каргышы жаасын! Хижрий 1148-жылы (м.1735) Меган аянтында
мени шах шайлаган кезде силерге шарт койгон элем. Эми мына ошол шартты да
киргиземин. Мен шейхайнды, б.а., Абу Бакр менен Омарды жамандоого тыюу салам.
Силер дагы бул жамандыктардан кайткыла! Кимде-ким ушундай кыла турган болсо,
өзү өлтүрүлүп, бала-чакасы кул кылынат, мал-мүлкү алынат. Иран мамлекетинде
мурда Абу Бакр менен Омарды жамандоо деген нерсе жок болчу. Шах Исмаил Сафави
менен анын жолундагы уулдары ошол жаман ишти чыгарышкан. Куфур үч жүз жылга
созулган. Мына, ушул мазмундагы келишимге аалымдардын бардыгы тарабынан кол
коюлуп, мөөр басылды. Анан Надир шахтын бүткүл элге арнаган "Фармани алиси”
(буйругу) окулду. Мааниси:
Шах буйругу
(Фарман-и шахи)
Алгач Аллаху таалага сыйынамын.
Шах Исмаил Сафави х.906- жылы (м.1500) чыккан. Сабатсыз жахил калктан кээ бирин
өз айланасына жыйнады. Мына ушул кир дүнүйөлүккө жана напсинин армандарына
жетүү үчүн мусулмандардын арасына фитне салды. Асхабы кирамды жамандоо жана
шиилик фитнасын чыгарды. Ошентип, мусулмандардын арасына чоң душманчылык салды.
Эки жүздүүлүк (мунафыктык) жана каракчылыктын аркасында бийликке келди. Зулуму
ушунчалык эле, капырлар ырахат, тынч өмүр сүрүп, мусулмандар бири-биринин канын
төгүп, душман болду. Ошондуктан, Меган аянтындагы жыйналышта чоң-кичине
баарыңар мени шах кылып шайлагыңар келген кезде муну кабылдасам, силер шах
Исмаил доорунан бери Иранда адат болуп калган жаңылыш ишенимдер жана пайдасыз
сөздөрдөн баш тартабыз деп айткан элеңер. Кадырлуу ата-бабаларыбыздын мазхабы
жана ыйык салтыбыз болгон төрт халифанын туура жолуна чын жүрөктөн ишенип, тил
менен айта турганыңарды, аларды сөгүүдөн, жамандоодон сактана турганыңарды,
төртөөнү да сүйүүгө сөз берген элеңер. Мына, ошол кайырлуу иш тууралуу
тандалган аалымдардан, динге берилген улуу кишилерден сурадым. Бардыгы бир
добуштан мындай дешти: " Пайгамбарыбыз хак жолго чакырган күндөн баштап сахабаи
рашидин катарындагы төрт халифанын «радыйаллаху анхум» бардыгы дин жолунда
мал-дүйнөсүн, жандарын беришти. Ушул жолдо бала- чакасынан, туугандарынан
айрылышты. Ар түрдүү кордукка, жалааларга чыдашты. Ушул сабырдуулуктарынын
аркасынан алар Расулуллахтын «саллаллаху алейхи васаллам» өзгөчө мамилесине,
сухбатына жетишти. Ушундайча "Мухажирлер менен ансарлардан алдынкы
катарда болгондор” деген аят менен макталышты. Пайгамбарыбыз кайтыш
болгондон кийин сахабалардын келишими менен халифа болуп Абу Бакр Сыддык
«радыйаллаху таала анх» дайындалды. Андан кийин халифанын дайындоосу жана сахабалардын келишүүлөрү менен Омар
Фарук «радыйаллаху таала анх», андан кийин алты адамдын арасынан бир добуштан
Зиннурейн Осман бин Аффан «радыйаллаху таала анх», андан кийин Аллахтын
арстаны, таң каларлык иштердин казынасы амир-ул-муминин Али Ибн Аби Талиб
«каррамаллаху важхах» халифа болду. Алардын ар бири өздөрүнүн доорунда
бири-бири менен эч качан келишпестикке түшкөн эмес. Бардыгы Ислам мамлекеттерин
ширктен жана мушриктердин өчөштүгүнөн коргошту. Ошол төрт халифадан кийин
мусулмандар ыйман жана ишенимде бирге болушту. Канча убакыт өтсө да, Ислам
аалымдарынын орозо, ажылык, зекет жана башка аткарылуучу амалдарда айырмачылыктар
болгону менен, ишеним маселесинде, Расулуллах жана анын сахабаларын урматтоодо
жана аларды туура таанып-билүүдө эч кандай кемчилик, айырмачылыктар болгон
эмес. Шах Исмаил чыкканга чейин, Ислам мамлекеттердин бардыгы ушундай таза
жолдо эле. Силер толук акыл жана таза жүрөк аркылуу кийинчерээк чыгарылган шиит
болуу, сахабаларды жамандоо жолун таштадыңар. Жүрөгүңөр Ислам дининин төрт
негизги тиреги болгон төрт халифага болгон махабат менен толду. Ошондуктан, мен
да ушул убадалашкан беш чечимибизди асмандай бийик, кургак менен деңиздердин
падышасы, жер бетинин экинчи Зулкарнайны, улуу Ислам падишахы, досубуз, Рум
(азыркы Түркия) элдеринин султанына айтууга убада беремин. Бул ишти өз
каалообуз менен аяктайлы.
Ушул жазгандарыбыз Аллаху
тааланын жардамы менен тезирээк ишке ашсын! Ушул кайырлуу ишти бекитүү үчун
аалымдарыбыз аны кагаз бетине түшүрүп, бир жазма күбөлүк даярдашты. Ошентип,
бардык күмөн пардалары жыртылды. Бардык жалаа, бидат, фитналарды Шах Исмаилдин
чыгарганы белгилүү болду. Андан мурда да, Исламдын баштапкы мезгилдериндеги
бардык мусулмандардын ыймандары, түшүнүктөрү бир жолдо болгон эле. Ошондуктан,
Аллаху тааланын жардамы менен, Анын жүрөктөрүбүзгө салуусу менен ушул улуу
чечимди кабылдап жатабыз. Ислам келгенден баштап шах Исмаил чыкканга чейин
бардык мусулмандар төрт халифаны хак жана адилетүү халифа деп билишкен. Аларды
жамандоодон, тил тийгизүүдөн сакташышчу эле. Хутба окуучу хатиптер жана
үгүттөөчү ваиздер минбарларда, сабактарда бул халифалардын жакшылыктарын, жакшы
мүнөздөрүн, артыкчылыктарын айтышчу эле. Ыйык ысымдарын айтканда, жазганда
«радыйаллаху анх» деп кошуп айтышчу эле. Мамлекетибиздин аалымдарынын башчысы
Мырза Мухаммед Алиге ушул Фармани хумаюнубузду (ыйык буйругубузду) бардык Иран
шаарларына таратууну буйрук кылдым. Калкым угуп, кабыл кылсын! Буга каршы
чыккандар – Аллаху тааланын азабы жана улуу шахтын каарына учурайт”.
Ушул буйрук окулгандан кийин шах
мени чакырды. Мага илтифат (кичи пейилдик, жакшы мамиле) көрсөттү. Надир шах
бул жетишкендикке абдан сүйүнүп, көп ыракмат айтып, аябай ыраазы болду. Жума
намазын Куфа мечитинде туура окулуусун буйрук кылынды. Надир шахтын буйругу
менен алгач заманыбыздын халифасы болгон Махмуд хан бин Мустафа хан хазиретине,
андан кийин Надир шахка дуба окулду. Биринчи рекетте "Жума” сүүрөсү окулду.
Намаздан кийин Надир шахтан уруксат алып, Багдадга кайттым. Болуп өткөн окуяны
аким Ахмед пашага айтып бердим. Эки топтун бири-бирине берген ишеним каты
аркылуу шах тарабынан элге тараган Фармани шахинин (шах буйругунун) бир
нускасын тапшырдым. Ушулар жана болуп өткөн илимий муназара түшүрүлгөн жазма
күбөлүктөр Стамбулга жиберилип, халифага сунулду. Бул факырга улуу халифа
тарабынан берилген сыйлыктар ушунчалык көп эле, өмүрүмдүн аягына чейин аларга
ыракмат айтып, дуба кылуу карызын төлөй албай тургандыгымды моюнга алам”.
Абдуллах Сувайди хазиретинин сөзү мына ушу менен аякталды.
Ислам дининин улуу аалымы Ахмед
бин Хажар Хайтаминин заманында Индияда аалымдар, олуялар көп болуп, Исламдын
нуру бүт дүйнөгө чачылып турганына карабастан, жүрөктөрү жахилдик менен
карайган бузуку күнөөкөрлөр сахабаларга тил тийгизишчү эле. Ошол убакыттарда
Индияны башкарып турган Хумаюн шах Гургания Ислам мамлекетин негиздеген Бабур
шахтын уулу эле. Хумаюн шах динин сүйүп, аалымдарды урматтачу эле. Ошол бактылуу
замандын аалымдары бузук жолдогулардын үнүн өчүрүү үчүн жыйналышып, Ахмед ибн
Хажар Хайтамиге өтүнүчүн билдиришет. Ал асхабы кирамдын кадыр-баркы,
артыкчылыктары тууралуу эки китеп жазып, далил, күбөлүк келтирип, душмандардын
оозун жапты. Анын ичинде айрыкча "Саваик-ул-мухрика” китеби белгилүү.
Ушул китепте билдирилген белгилүү хадиси шарифте Пайгамбарыбыз мындай деген: "Аллаху
таала мени адамдардын эң асылы болгон Курайш уруусунан тандады жана мага
адамзаттын ичинден эң мыктыларын дос, сахаба кылды. Алардын кээ бирин мага
вазир катары динди адамдарга жеткизүүдө жардамчы кылып тандады. Алардын кээ
бирин жубайым жагынан тууган кылды. Аларды жамандагандарга, тил тийгизгендерге
Аллаху тааланын, бардык периштелердин жана адамдардын каргышы жаасын! Аллаху
таала кыямат күнү алардын фарздарын, сүннөттөрүн кабыл кылбайт”.
Ушул китепте билдирилген дагы бир
хадиси шарифте: "Сахабаларыма, туугандарыма, мага жардам бергендерге жана
мен көрсөткөн жолдо болгондорго карата сүйүү менен менин укугумду, урматымды
сактагыла. Аларды сүйүү аркылуу менин пайгамбардык укугумду, урматымды
сактагандарды Аллаху таала дүйнөдө жана акыретте балээ-жалаадан, зыяндардан
коргойт. Менин пайгамбардык урматымды, укугумду сактабай, аларды
таарынткандарды Аллаху таала сүйбөйт. Ал эми Аллаху тааланын сүйбөгөн адамына
азап кылуусу өтө жакын”, - делген. Бул хадиси шарифтер сахабалардын баарын
жакшы көрүп, урматташыбыз керек экендигин ачык көрсөтүп турат. Алардын өз ара
согуштары Аллаху тааланын буйругун аткаруу максатында болгонуна ишенүү керек.
Бул согушка катышкандардын эч биринде атак-даңк жана акчага деген кумар болгон
эмес.
Улуу Ислам аалымы шах Валиуллах
Дехлеви "Куррат-ул-айнайн фи тафдил-иш-шейхайн” аттуу китебинде
шейхайндын (Абу Бакр менен Омардын) артыкчылыктарын билдирип, шииттердин аалымы
Насриддин Тусиге жооп берүүдө.
Гулам Халим Абдулазиз Дехлевинин "Тухфаи
исна ашарийа” аттуу китебинде шииликтин жаңылыш жол экендиги далилдери
менен кеңири түшүндүрүлгөн. Фарси тилинде жазылган бул китеп Махмуд Алуси
тарабынан араб тилинде "Мухтасар-и Тухфа” деген ат менен кыскартырылып
которулган.
Азыркы учурда Ирандын бир канча
айылдары менен Ирактын миллиондогон калкы ууланып, туура жолдон тайган. Алардын
эң белгилүү китептери болгон "Хуснийаны” Муртаза деген Ирандык яхуди
жазган. Ал хижрий 436-жылы (м.1044) Багдадда өлгөн. Бул китеп түркчөгө да
которулган. Хазрети Жафар Садыктын жанында чоңойгону айтылган Хуснийа деген
күңдүн сөзү менен Ислам аалымдарына тил тийгизилет, аяттар менен хадистерден
жаңылыш маанилер чыгарылып, сахабаларга душмандык кылынат. Ахли сүннөт
аалымдары ахли бейтке душман кылып таанытылат. Ошол "Хуснийа” китебине "Асхабы
Кирам” жана "Хак сөздүн далилдери” деп аталган китептерде толук жооп
берилген. Анда шииликтин бидат топ экендиги, туура жолдун ахли сүннөт жолу
экендиги жазылган. Сеййид Аййуб бин Сыддыктын түрк тилиндеги "Менакиб-и
Чихар Йар-и Гузин” китебинде төрт халифанын өзгөчөлүктөрү тууралуу толук
маалымат берилген.
Хазрети Али бин Абу Талиб алгач
ыйман келтирген мусулмандардын бири, Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын
күйөө баласы, б.а., Фатима-туз-Захранын күйөөсү. Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он
кишинин бири. Төрт улуу халифанын төртүнчүсү. Хазрети Али, жубайы Хазрети
Фатима жана балдары Хасан менен Хусейн "ахли бейт” деп аталат. Шииттер
ахли бейтти жакшы көрүшкөндүгүн айтышат. Ошондуктан, сахабаларга душманчылык
аракеттерин жасашат. Ахли сүннөт ахли бейтти жакшы көрбөйт деп эсептешет. Ал
эми, ахли сүннөт ишениминдегилер ахли бейтке болгон сүйүү акыркы демде ыйман
менен жан берүүгө себеп болот деп ишенишет. Ахли сүннөт акыйдасын (ишенимин)
кармангандар ахли бейтти да, сахабаларды да жакшы көрүп, урматташат. Он эки
имамды да ахли сүннөт ишениминде болгондор туура таанып, урматтап, аларга
татыктуу орун беришкен. (Алар: Хазрети Али, Хасан, Хусейн, Зайналабидин,
Мухаммед Бакыр, Жафар-и Садык, Муса Казым, Али Рыза, Мухаммед Жавад Таки, Али
Наки, Асан Аскарий Заки, Мухаммед Махди). Азыркы учурда өздөрүн "жафари” деп
атоочулардын Имам Жафари Садык менен эч кандай байланышы жок. Ал киши улуу имам
жана ахли сүннөт эле. Ахли сүннөт аалымдарынын жана олуялардын устазы эле. Ал
дин илими тууралуу эч кандай китеп жазган эмес. Шииттердин төрт негизги китеби
болгон Кулайнинин "Кафи”, Ибни Бабавайх Абу Жафар Мухаммед бин Ахмед Али
Кумминин "Ман ла” ("жок”), Абу Жафар Мухаммед бин Хасан Тусинин "Тахзиб”жана "Истибсар” китептеринде имам Жафари Садыктан келген амирлер
(буйруктар), кабарлар жазылганы менен, аларды риваят кылган, билдирген
адамдардын ишеничтүү эмес экендиктерин авторлордун өздөрү да айтышат. Имамийа
жолунун 32-тобу (фиркасы) "Жафарийа” деп аталат. Алар: "Хасан Аскари
кайтыш болгондон кийин бир тууганы Жафар бин Али имам болду. Хасан Аскаринин
уулу болгон эмес”, - дейт. Бул жафарилердин Имам Жафари Садыкка эч кандай
байланышы жок. Шииттердин колундагы хадис жана фыкх китептерин Абу Жафар
Мухаммед бин Якуб Кулайни менен Абу Жафар Мухаммед бин Хасан Кумми
жазгандыктан, өздөрүн "жафари” деп аташат. "Имам Жафардын буйругу” деген
китепти Жафар бин Хусейн Кумми жазган. Ал хижрий 340-жылы (м.951) Куфада кайтыш
болгон. "Рисала-и Жафарийа” китебин Абу Жафар Мухаммед Туси жазган. Ал
х.460-жылы (м.1068) өлгөн. Ошондой эле, тафсир китеби да бар. Шииттер ошол эки
Жафардын китептерине байланыштуу өздөрүн "жафари” деп аташат. Болбосо, алардын
Имам Жафари Садык менен эч кандай байланышы жок.