Салафилик


Акыркы кезде кээ бир адамдардын оозунан "Салафийа (жолу)” деген сөз көп угулуп жатат. Мусулмандар мына ушул нерсени жакшы билүүгө тийиш, Исламда Салафийа мазхабы деген нерсе такыр жок! Исламда бир гана салаф-и салихиндин мазхабы (жолу) бар. Салафи салихин болсо – хадиси шарифте макталган, алгачкы эки кылымда жашаган мусулмандардын жалпы аталышы. Үчүнчү жана төртүнчү кылымдын Ислам аалымдары "халаф-и садыкин” деп аталат. Бул кадырлуу кишилердин ишеними "Ахли сүннөт вал жамаат мазхабы” деп аталат. Бул жол – ишеним, ыйман, акыйда мазхабы. Салафи салихиндин, б.а., сахабалар менен табииндердин ыймандары бирдей болчу. Ишенимдеринде эч кандай айырмачылык жок. Азыр дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын басымдуу көпчүлүгү ахли сүннөт мазхабында. Жетимиш эки бидат топторунун бардыгы экинчи кылымдан кийин пайда болгон. Кээ бирлеринин негиздөөчүлөрү мурда жашаган болсо да, китептеринин жазылып, башка фырка (секта) катары пайда болуусу жана ахли сүннөткө каршы чыгуулары Табиини изам доорунан кийин башталды.

Ахли сүннөт ишениминин негиздөөчүсү - Мухаммед алейхиссалам. Ыйман илимдерин сахабалар ушул булактан алышкан. Табиини изам аны сахабалардан алды. Кийин келгендер табииндерден алышкан. Мына ушундай жол менен ахли сүннөт ишеним илими бизге чейин накыл жана таватур жолу менен жетип келди. (Таватур - туура эмес бир маселеде биригүүлөрү мүмкүн болбогон ар кылымдагы эң ишеничтүү адамдардын бардыгынын бирдей кабар берген нерселери.) Бул илимдерди акыл менен табуу мүмкүн эмес. Акыл аларды өзгөртө албайт. Акыл бир гана түшүнүүгө көмөктөшөт. Б.а., аларды түшүнүү, туура экенин, баркын билүү үчүн акыл керек. Хадис аалымдарынын бардыгы ахли сүннөт ишениминде болгон. Амалдагы төрт мазхабдын имамдары да ошол мазхабдын өкүлдөрү болушкан. Ишенимде мазхаб имамдары имам Матуриди жана Ашари ушул мазхабда болуп, аталган жолду үгүттөшкөн. Жолдон тайгандарга, байыркы грек философиясынын баткагына батып калган материалисттерге каршы ушул бир мазхабды коргошту. Ушул эки улуу аалымдын жашаган доору бир болгону менен башка жерлерде болгондуктан жана каршы чыккандардын түшүнүктөрү менен аракеттери ар түрдүү болгондуктан үгүттөө, колдоо системалары жана сындары бири-биринен айырмаланат. Бирок, бул алардын мазхабдарынын эки башка экендигин билдирбейт. Алардан кийин келген жүз миңдеген аалымдар жана олуялар ушул эки улуу имамдын китептерин изилдеп чыгуу аркылуу ал экөөнүн да ахли сүннөт мазхабында экендигин бир добуштан айтышкан. Ахли сүннөт аалымдары маанилери ачык "Насс”тарды (аяттар жана хадистерди) айкын маанилери менен алган. Мажбурлук болмоюнча андай аяттарга жана хадистерге тавил (өзгөчө түшүндүрмө) жасашкан эмес, ошол маанилерин өзгөртүшкөн эмес. Жеке илимдери жана ойлору боюнча өзгөртүүлөрдү киргизген эмес. Адашкан топтордун өкүлдөрү жана мазхабсыздар болсо, грек философторунан жана дин душмандарынан уккандарын ээрчип, ыйман жана ибадат маселелерине өзгөртүү киргизүүдөн тартынышкан эмес. Миссионелердин кылымдардан бери кылган аракеттери жана англис империясынын жиркеничтүү саясаты жана ар түрдүү материалдык күчтөрдү жумшоо аркылуу Ислам дининин коргоочусу болгон, ахли сүннөт аалымдарынын (рахметуллахи таала алейхим ажмаин) кызматчысы болгон Осмон мамлекети талкаланып жок болгондон кийин мазхабсыздар аны жакшы мүмкүнчүлүк деп билишти. Айрыкча, ахли сүннөт аалымдарына сөз сүйлөө укугу берилбей турган элдерде, мисалы, кээ бил араб элдеринде жалгандар жана куулуктар менен ахли сүннөткө жалаа жабылып, Исламды ичкериден жыгууга аракет кыла башташты. Бул элдерден таратылган алтындар, ушул фитнанын дүйнө жүзүнө таралуусун камсыз кылды. Пакистан, Индия жана Африка элдеринен келген кабарларга караганда диний маалыматы жок, Аллахтан коркпогон кээ бир дин адамдары (!) ушундай фитналарга ат салышканы жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн жогору кызматтык орундарына, мал-мүлккө ээ болушту. Андан да жаманы жаштарды алдап, ахли сүннөт мазхабынан чыгаруу үчүн кылган кыянаттарынын аркасында чоң байлыктарга ээ болушту. Медреселердеги шакирттерди, мусулман балдарды алдоо үчүн китептерди жазышты. Бул китептеринде бир мазхабды кармануу фанатизм деп жаман көрсөтүп, ахли сүннөт аалымдарына, алардын эмгектерине чабуул жасап жатышат. 

Салафи салихиндин заманында жана алардын жолун жолдоочу болгон мужтахид аалымдардын доорунда, б.а., 400-жылдын аягына чейин жашоо шарттарында өзгөрүүлөр болуп, жаңы окуялар пайда болгондон соң мужтахид аалымдар күнү-түнү эмгектенишип, ал ишти кандай кылуу керектигин адиллаи шарийа деп аталган төрт булактан (Курани карим, хадис, ижмаи уммат, кыясы фукаха) издеп таап чыгарышкан. Калган бардык мусулмандар болсо, бул ишти өз мазхаб имамдарынын билдиргени боюнча жасашчу эле. Бул ишти жасагандар он же бир сооп алышчу эле. Себеби, хадисте ушундай айтылган. 400-жылдан кийин дагы мусулман ааламы мужтахиддердин ошол ижтихадтарына багынышкан. Бул көп кылымдар бою эч бир мусулман эч кандай маселеде кыйынчылыктарга туш келген эмес. Кийин мужтахиддердин жетинчи баскычында да аалым чыкпагандыгы үчүн эми төрт мазхабдын биринин аалымдарынын китептерин окуп, түшүнө алган мусулмандан же анын котормо китептеринен үйрөнүп, ибадаттарыбызды ага ылайык орундап, анын негизинде жашообуз кажет.

Аллаху таала бардык нерсенин өкүмүн Курани каримде билдирди. Анын улуу пайгамбары болгон Мухаммед алейхиссалам бул өкүмдөрдү сахабаларына түшүндүрүп берди. Ал эми ахли сүннөт аалымдары аларды сахабалардан үйрөнүшүп, китептерине жазышты. Азыр бул китептер дүйнөнүн бардык жеринде бар. Дүйнөнүн бардык жеринде кыяматка чейин пайда боло турган ар бир жаңы нерсенин кандайча колдонулушу ошол китептеги илимдер менен салыштыруу аркылуу чечилет. Анын бул өзгөчөлүгү – Курани каримдин мужизасы жана Ислам аалымдарынын керемети. Бирок, эң маанилүүсү – туш болгон бир иштин кандайча орундалышын ахли сүннөт болгон бир мусулмандан сурап билүү керек. Мазхабсыз дин адамынан суралса, фикх китептерине каршы болгон жооп берип, адамдарды терс тарапка багыттайт.

Араб элдеринде бир канча жыл туруп, араб тилин үйрөнүп, ал жерде өмүрүн оюн-зоок менен өткөргөндөн кийин бир мазхабсыз адамдан, ахли сүннөттүн душманынан мөөр басылган диплом алып, Пакистанга, Индияга жиберилген мазхабсыз, илимсиз адамдар жаштарды алдоого аракет кылып жатышат. Алардын жасалма дипломдорун, арабча сайрап жатышканын көргөн жаштар аларды дин аалымы деп ойлошу мүмкүн. Бирок, алар бир фикх китебин түшүнө алышпайт. Китептердеги фикх маселелеринен такыр эле кабарсыз. Мурда Ислам аалымдары өздөрүнөн суралган суроолорго фикх китептеринен издеп таап жооп беришкен. Туура жолдон адашкан дин адамдары фикх китептерин окуп, түшүнө албагандыктан өз оюна келген нерсени айтып, адамдарды адаштырат. Алардын Тозокко баруусуна себепчи болот. Ошондуктан да, Пайгамбарыбыз: "Аалымдардын мыктысы – адамдардын да эң мыктысы. Аалымдардын жаманы – адамдардын да эң жаманы”, - деп айткан. Бул хадиси шариф ахли сүннөт аалымдарынын адамдардын эң мыктысы экенин көрсөтөт. Ал эми, мазхабсыз да – адамдардын эң жаманы. Себеби, биринчилер адамдарды Расулуллахтын жолун карманууга, б.а., Бейишке, ал эми экинчилер болсо адамдарды өздөрүнүн бузуку ойлорун карманууга, б.а., Тозокко тартууда.

Сахабалардан кийин адамдардын эң улуусу – сахабаларды көргөн жана алардын мажлистерине катышкан мусулмандар болуп эсептелет. Алар "табиин” деп аталышат. Алар бардык илимдерин асхабы кирамдан алган. Табиинден кийин адамзаттын эң жакшылары – табииндерди көргөн жана алардын мажлистерине катышкан мусулмандар. Алар "таба-и табииндер” деп аталат. Алардан кийинки кылымдарда кыяматка чейинки адамдардын эң мыктылары аларга моюн сунгандар, алардын билдиргендерин үйрөнүп, алардын жолдору менен жүргөн мусулмандар болуп саналат. Салафи салихинден кийин келген дин адамдарынын арасында сөздөрү менен иштери Расулуллахтын жана Салафи салихиндин билдиргенине шайкеш, ыйманда жана амалда алардын жолунан айрылбаган акылдуу, зээндүү  адам башкалардын жамандаганынан коркпойт. Алардын жалааларынан, сындарынан чочулап, туура жолдон тайбайт. Андай сабатсыздардын айткандарын ээрчип кетпейт. Өз акылына салып, мужтахид имамдардын төрт мазхабынан айрылбайт. Мусулмандар ушундай аалым адамды таап, билбегендерин сурап үйрөнүп, иштерин анын айткандарынын негизинде орундоосу керек. Себеби, мындай аалым адам Аллаху тааланын кулдарын катачылыктан коргоо жана бардык нерсени туура жасалуусун камсыз кылуу үчүн жараткан руханий дабасын, б.а., рухту эмдөө илимдерин билет жана аны адамдарга үйрөтөт. Ал эми - рухунда оору болгондорду, акыйкатты түшүнө албаган адамдарды айыктырат. Мындай аалымдын ар бир сөзү, иши жана ишеними Исламга шайкеш болот. Ар бир маселени туура түшүнөт,  суроолорго так жана туура жооп берет. Анын бардык ишинен Аллах ыраазы болот. Аллаху таала өзүнүн ыраазычылыгына жетишүүнү талап кылгандарга ыраазычылыгына жеткире турган жолдорду көрсөтөт. Ал эми ыйман келтиргендерди жана ыйманы талап кылган амалдарды орундагандарды караңгылыктан, кыйынчылыктардан куткарат. Аларды нурга, жан ыракаттуулугуна, бакытка жеткирет. Алар ар дайым жана ар бир иштеринде ыракат жана тынчтыкта болушат. Алар кыямат күнүндө пайгамбарлардын, сыддыктардын, шейиттердин жана салих мусулмандардын катарында болушат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш