Ваххабилик


Ваххабиликти курган Мухаммед бин Абдулваххаб х.1111, м.1699- жылы Наждда Хураймила делген жерде туулуп, х.1206, м.1791-жылы Дарийада өлгөн. Мурун саякат жана соода максатында Басра, Багдад, Иран, Индия жана Шамга барган. Хижрий 1125-жылы Басрада Британ тыңчысы Х емфердин т узагына т үшүп, Британдыктардын Исламды жыгуу максатындагы аракеттерине курал болгон. Ахмед бин Таймийанын ахли сүннөткө каршы болгон китептерин окуп, "Шейх-и Нажди” деген ат менен таанымал болгон. Анын идеялары Британдыктардын акчасы менен куралдары аркылуу сабатсыз айылдыктар жана Дарийа калкы менен башчылары Мухаммед бин Сауд тарабынан колдоо тапты. Анын пикирин кабыл кылган адамдар "Ваххаби” жана "Нажди” деп аталат.

Мухаммеддин атасы Абдулваххаб жакшы мусулман киши болгон. Атасы жана Мединадагы аалымдар Абдулваххаб уулу Мухаммеддин сөздөрүнөн анын жаңы жол чыгара турганын түшүнүшүп, адамдарга аны менен сүйлөшпөөнү насият кылат. Бирок, ал х.1150, м.1737-жылы ваххабиликти жарыялаган. Жазган китептеринде, анын ичинде эң таанымалы "Китаб-ут-таухидде”жана ага небереси Абдурахман бин Хасан тарабынан жазылган "Фатх-ул-мажид” деп аталган шархда (түшүндүрмөдө) 250дөн ашуун ката ишенимдер бар. Алардын көбү "Усулул-арбаа” деп аталган китептин экинчи бетинде келтирилип, ахли сүннөт аалымдары аларга керектүү жоопторду берген. Ваххабилердин бузук ишенимдеринин үч негизи бар:

1. Амал, ибадат – ыймандын бөлүгү деп эсептешет. Бир фарзды аткарбаган адам ыйманынан ажырайт деп эсептешет. Аны өлтүрүп, мал-мүлкүн таратуу керек дешет. Алар тууралуу "Фатх- ул-мажид” китебинин түрдүү беттеринде жазылган.

2. Пайгамбарлардын (алехимуссалам) жана олуялардын (каддасаллаху таала асрарухумул азиз) рухтарынан шапаат сураган адам, алардын мазарына барып, аларды васила (себепчи) кылып, дуба кылган адам ыйманынан ажырайт деп эсептешет. "Фатх-ул-мажид” ваххаби китебинин 503-бетинде: "Пайгамбар тирүү кезде андан дуба кылуусун суранууга болот. Жада калса, тирүү жүргөн бардык салих адамдардан дуба кылуусун суранууга болот. Хазрети Омар Меккеге умра кылууга бара жатканда Расулуллах: "Эй, Омар, бизди дубаңан калтырба”, - деген. Тирүү адамдардын өлгөн адамдарга жана кабырдагы адамдарга арнап дуба кылууларына болот. Бирок, кабырдагы адамдан дуба суроого болбойт. Аллаху таала укпай тургандардан дуба суроону ширк экенин билдирди. Өлгөн жана жоголгон адамдар, алыстагы тирүү адамдар угушпайт жана жооп бере алышпайт. Алардын пайдасы да зыяны да жок. Сахабалар менен алардан кийин келгендердин эч бири Расулуллахтын кабырынан эч нерсе сурашкан эмес. Пайгамбар кайтыш болгондон кийин андан бир нерсе суроо жаиз (уруксат) болгондо, Омар «радыйаллаху анх» андан жамгыр сурамак эле. Бирок, анын кабырына барып, андан жардам сураган жок. Тирүү болгон жанындагы Хазрети Аббастан дуба кылуусун сурады”, - деп жазылган. 70-бетинде: "Өлгөн адамдан жана жанында жок адамдан бир нерсе суроо – Аллахка шерик кошуу (ширк келтирүү) дегенди билдирет”, - деп жазылган.  Ваххабилердин бул сөздөрүн өздөрүнүн китептери жокко чыгарат. "Фатх-ул-мажид” китебинин 201-бетинде: "Бухари хадис китебинде Абдуллах ибн Масуд айтат: "Жеген тамагыбыздын тасбих кылган (зикир) үнүн укчу элек”. Абу Зарр: "Расулуллах колуна таштарды алды. Алардын тасбих кылган добуштары ишитилди”, - дейт. Расуллуллах хутба окуганда сүйөнүп отурган жыгач устундан добуш чыкканын билдирген кабарлар сахих (туура)”, - делген. Демек, Расулуллахтан башка мусулмандар да ар адам ишите албаган добуштарды ишитет. Ошол таштардын Абу Бакрдын колунда да тасбих кылган добуштарынын угулгандыгы туууралуу ошол кабарда берилген. Хазрети Омар Мединада хутба окуп турганда Иранда согушуп жаткан аскер башчысы Сарийаны көрүп: "Сарийа, тоодогу душмандан коргон!” - дегенин, аны Сарийа угуп, тоону колго түшүргөндүгү тууралуу окуя бардык китептерде келтирилген. Ваххабилер бутпарасттар үчүн келген аяттар менен жогоруда аталган бузук пикирлерин далилдөөгө аракет кылышат. Бирок, мусулмандар (б.а., ахли сүннөт жолундагылар) пайгамбар жана олуяларга сыйынышпайт. Алардын Аллаху тааланын сүйүктүү пенделери экендигине, Аллахтын алардын урматына пенделерине мээримдүүлүк кылаарына ишенишет. Зыян менен пайданы жаратуучу – бир гана Аллаху таала. Алар Аллаху тааладан башка эч кимге ибадат кылынбайт деп айтышат жана ишенишет. Мусулмандар кабырды зыярат кылып, андагы олуя киши аркылуу Аллаху таалага дуба кылышат.

Аллаху тааладан башка эч ким кайыпты билбейт. Кайыпты Аллаху таала жана Анын билдирген адамдары гана билишет. Аллаху таала көп нерсени Расулунун рухуна билдирет. Пайгамбарлар башкалар билбеген бир далай нерселерди билишет. "Жин” сүрөсүнүн 26-аятында: "Аллаху таала кайыптагы нерселердин бир азын пайгамбарларынан каалаганына билдирет”, - деп айтылган болсо да, Акаид (ишеним) илими китептеринде: "Олуялардын кереметтеринин бири – кайыптардын бир азын билүүлөрү”, - деп жазылган. Мутазила тобу ошол аятка таянып, олуялар кайыпты биле албайт деп эсептешет. Бирок, бул аят кайыптын васытасыз (б.а., куралсыз) бир гана вахий алып келүүчү периштеге билидириле тургандыгын көрсөтүүдө. Пайгамбарлар жана олуяларга башка периштелер аркылуу же башка жолдор аркылуу билдирилет. "Тафсир-и Мазхари” китебинде ушул аяттын тафсиринде: "Аллаху таала олуяларына куралсыз да билдирет. Хазрети Омарга «радыйаллаху анх» Ирандагы Сарийаны көрсөттү. Муса алейхиссаламдын энесине уулун деңизге ыргытуусун, кайра кайтарып бере тургандыгын жана аны пайгамбар кылаарын билдиргенин айтат. Хаварилерге вахий сыяктуу билдиргенин жана Хазрети Мариямга: "Курма дарагын күбү. Бышкан курма мөмөсү пайда болот. Аны же”, - дегенин айтат. Алар пайгамбар эмес эле. Олуялар эле”, - делген.

Абдулгани Наблусинин "Хадика” китебинин 2-том, 126-бетинде "Расулуллах аркылуу, сахабалар жана табииндер аркылуу тилегин суроого, алар кайтыш болгондон кийин да Аллаху таалага тавассул кылууга, б.а., алардын урматына деп тилек суроого болот. Тавассул кылуу – "шапаатын, көмөгүн суроо” дегенди билдирет. Ахли сүннөт аалымдары мунун жаиз (туура) экенин айтышты. Мутазила тобу болсо ишенбеди. Тавассул кылган, б.а., бир салих кишинин аты менен Аллахтан тилек сураган адамдын дубасынын кабул болуусу – тавассул кылынган адамдын керемети болуп эсептелет. Атап айтканда өлгөндөн кийин керемет көрсөтүүгө болот. Бидатчы, адашкан топтордун өкүлдөрү буга ишенишкен жок”, - деп айтылган. Имам Мунави "Жами-ус-сагир” шархында (түшүндүрмөсүндө) ошол жахилдерге (сабатсыздарга) жооп берүүдө. Имам Субки: "Расулуллах аркылуу тавассул кылуу, анын атынан Аллахтан жардам суроо – андан шапаат суроо дегенди билдирет. Бул жакшы нерсе. Ислам аалымдарынын мурда жана кийин келгендеринин эч бири буга каршы эч нерсе айтышкан эмес. Бир гана Ибни Таймийа ага каршы болгон. Ошентип, туура жолдон тайды. Өзүнөн мурдагы аалымдардын эч бири айтпаган бидатты чыгарды. Мусулмандар арасында ошол бидат менен таанылды”, - дейт. (Ваххабилик Ибни Таймийанын ката пикирлерине негизделип курулган). "Хадика” китебинин 151-бетинде: "Каалаган бир мужтахиддин жаиз деген (уруксат берген) нерсесин жасоого кедерги болбоо керек. Анткени, төрт мазхабдан биринин жолун кармануу – жаиз. Ошондуктан, кабырды зыярат кылгандарга, олуялардын кабырлары менен берекеттенгендерге, оорудан айыгуу же болбосо жоголгон нерсесинин табылуусу үчүн аларга назр кылып, бир нерсе атагандарга тоскоол болбоо керек. Назр кылууда "Олуяга назр кылдым (бир нерсе атадым)” деп айтуу өтмө мааниде айтылып, негизги максаты ошол күмбөзгө кызмат кылгандарга жасалуучу назрды билдирет. Бул кедейге зекет бергенде (кедейге оор тийбеши үчүн) "карыз бердим” деп айтууга окшош. Ал эми мунун жаиз экендиги китептерде билдирилген. Бул жерде сөзгө эмес, маанисине каралат. Ошол сыяктуу эле кедейге "белек” деп берилген нерсе – садага болот. Бай адамга "садага” деп берилген нерсе болсо – белек болуп эсептелет. Ибн Хажар Хайтами «рахметуллахи таала алейх» олуялардын кабырына назр кылынганда, анын балдарына же шакирттерине, же болбосо ошол жердеги кедейлерге садага болушу үчүн деген сыяктуу башка бир курбат ,б.а., кайрымдуулукка ниет кылынса, ушул назрдын сахих (туура) боло тургандыгына фатваа берген. Бул назрлар ниет кылынган адамдарга берилүүсү керек. Азыркы учурда күмбөздөргө, молдолорго кылынып жаткан назрлардын (атоо) бардыгында ушундай ниет кылынууда. "Олуяларга назрым бар, атаганым бар” деген сөздөн ушуну түшүнүү керек. Өткөн олуяларга тил тийгизүү, аларды жахил (сабатсыз) деп эсептөө, алардын сөздөрүнөн Исламга терс маани чыгаруу, өлгөндөн кийин да кереметтерди көрсөтө тургандыктарына ишенбөө, өлгөндөн кийин олуялыктары токтойт деп саноо жана алардын кабырлары менен берекеттенгендерге, зыярат кылуучуларга кедерги болуу мусулмандар тууралуу су-и зан (жаман ойдо болуу) кылуу, аларга зулумдук кылуу, байлыктарын тартып алуу, жалаа жабуу, жалган сүйлөө, ушактоо сыяктуу арам.

"Хадика” китебинин 182-бетинде Бухаринин Абу Хурайрадан «радыйаллаху анх» кабар берген хадиси шарифте: "Аллаху таала: "Кулум фарздарды орундоо аркылуу мага жакындаганы сыяктуу башка эч нерсе аркылуу жакындай албайт. Кулум нафил ибадаттарын кылса, аны сүйөм. Ал мени менен көрүп, мени менен угат. Мени менен бардык нерсени кармайт. Мени менен жүрөт. Менден эмнени кааласа беремин. Мага сыйынса, аны коргоймун”, - деген”, - деп жазылган. Бул хадис фарз намаздары менен бирге нафил намаздарын окуган адамдын Аллаху тааланын мээримине жетээрин жана дубаларынын кабыл болоорун көрсөтөт. Саид бин Исмаил Абу Осман Хайри Нишапури «рахметуллахи алейх»: "Бул хадис кулдун (пенденин) көрүү, угуу, басуу, кармоо сыяктуу бардык каалоолорун дароо ишке ашырамын дегенди билдирет”, - дейт. "Иштериңерде кыйналган кездерде кабырдагылардан жардам сурагыла”, - деген хадиси шариф Аллаху таала сүйүктүү кулдарына өлгөндөн кийин да ошол кубатты бере тургандыгын билдирүүдө.

Имам Биргиви "Атфал-ул-муслимин” рисаласында: "Бир мусулмандын кабырын зыярат кылганда: "Эй, Раббим! Мухаммед алейхиссаламдын урматына буга азап кылба”, - десе, Аллаху таала кыяматка чейин кабырдагынын азабын токтотот”, - деген хадиси шарифти келтирет.

Кабырда жаткан адамда сезим бар экендиги тууралуу кабар берген көптөгөн хадиси шарифтер келтилилген. Сахабалар жана табииндер Пайгамбарыбыздын кабырын зыярат кылышчу эле жана аны менен истигаса (истигаса - "анын урматына” деп дуба кылуу) кылышчу эле. Бул тууралуу көптөгөн китептер жазылган. "Хиснул-хасин” китебинде дуба кылуу адеби түшүндүрүлүп жатып: "Дубанын кабыл болуусу үчүн пайгамбарлар (алейхимуссалам) менен салих кулдарды васила (б.а., себеп) кылуу керек. Бул "Бухари” китебиндеги хадиси шарифте билдирилди”, - делген.

Али Рамитани хазирети: "Күнөө кылбаган тил менен дуба кылгыла, кабыл болот”, - деген, б.а., "Аллахтын достору болгон олуялардын алдында жалбаргыла, алар силер үчүн дуба кылышат”, - дейт. Истигаса, б.а., бир олуяга тавассул кылуу деген – мыну ушул.

Абдулваххаб уулунун ахли сүннөттү бутка жана мазарга табынуучулар деп билүүсү жана сүннү мусулмандарды өлтүрүп, мал-мүлкүн тартып алууну адал деп айтуусу анын аяттар менен хадистерге жаңылыш маани бергендигинен улам болууда. "Бухари” китебинде келтирилген хадиси шарифте Пайгамбарыбыз: "Капырлар капырлар үчүн келген аяттарды мусулмандарга жүктөшөт”, - деген. Дагы бир хадиси шарифте: "Мусулман деп аталган адамдардын эң кооптуусу – Курани каримдин маанисин өзгөрткөндөр”, - деп айтылат. Бул хадистер ушул сыяктуу адамдардын чыга тургандыгын, алардын туура жолдон тайып, адашкан адамдар экенин көрсөтүүдө. Эгер кабырларды зыярат кылып, кабырдагы киши менен тавассул кылуу аркылуу Аллахка жалынып-жалбарган адам ыймансыз болгондо Пайгамбарыбыз менен да тавассул кылынбаган, ал аркылуу да жалбарынбаган болор эле. Бирок, Расулуллах аркылуу ал дүнүйөгө келүүдөн мурда, тирүү кезинде жана кайтыш болгондон кийин да адамдар Пайгамбарды ортого коюп, жалынып-жалбарышкан. "Шавахид-ул-хак” китебинин 153-бетинде келген Ибни Мажа билдирген хадиси шарифте Пайгамбарыбыз: "Аллахумма инни асалука бихаккиссаилина алайка” б.а., "Йа, Раббим! Сенден сураганда Сен тилектерин берген адамдардын урматына Сенден сураймын”, - дечү эле жана ушинтип дуба кылууну айтчу эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз, Хазрети Алинин «радыйаллаху анх» энеси Фатиманы «радыйаллаху анха» өз калу менен кабырга койгон кезде: "Игфирли умми Фатимата бинти Асад ва васси алейха мадхалиха би-хакки Набиика вал анбия-иллазина мин кабли иннака архамур рахимин”, - дегендиги тууралуу хадис аалымдары Табарани, Ибни Хиббан, Хаким жана Суюти кабар берет. Хадис имамдарынан "Насаи” менен "Тирмизи” да төмөндөгүлөрдү көрсөтүшкөн. Пайгамбарыбыздын жанына бир сокур адам келет. Көздөрүнүн ачылуусу үчүн дуба кылуусун Пайгамбарыбыздан суранат. Расулуллах ага: "Кааласаң дуба кылайын. Кааласаң, ушуга көнүп, сабыр кыл. Сабырдуулук – сен үчүн эң жакшы нерсе”, - дейт. Сокур адам: "Дуба кылууңду каалайм. Мага карай турган эч кимим жок, катуу кыйналып жүрөмүн”, - дейт. Пайгамбар ага жакшы бир даарат алып "Аллахумма инни асалука ва атаважжуха илайка би-Набиика Мухаммадин Набийиррахма. Йа Мухаммед инни атаважжаху бика ила Рабби фи хажати-хазихи, ли такдийа-ли Аллахумма шаффиху фиййа” деген дубаны окуусун айтат. Дубанын мааниси: "Эй, Раббим! Адамдарга ырайым катары жиберген сүйүктүү Пайгамбарың менен Сага жалынып-жалбарамын. Сенден сураймын. Эй, Мухаммед алейхиссалам! Тилегимдин орундалуусу үчүн Раббиме сен аркылуу жалбарамын. Аллахым! Аны мага шапаатчы кыл!” Сахабалар да ар дайым ушул дубаны окушчу эле.

Бул тууралуу Имам Байхаки билдирген. Ошондой эле: "турганда, көздөрү көрө баштады”, - дейт. Бул дубаны ага Расулуллахтын өзү үйрөттү. Өзү дуба кылган жок. Анын тавассулга б.а., Пайгамбарды ортомчу кылып дуба кылуусун жана тилегинин ушундай жол менен жасалган дуба аркылуу орундалуусун каалады. Расулуллах тирүү кезинде да, кайтыш болгондо да аны менен истигаса29 кылынган. Салаф-ус-салихин Расулуллахтан кийин ушул дубаны көп окуган жана ушул дуба аркылуу тилектерине, максаттарына жетишкен. Халифа Осман «радыйаллаху анх» бир адамдын суранычын кабыл кылбай жүргөн эле. Ошол адам сахабалардан Осман бин Ханифке барып, жардам сураганда, ал ошол дубаны окууну үйрөткөн. Ошол киши дубаны окуп, халифанын алдына барганда суранычы кабыл кылынып, маселеси чечилгени тууралуу Табарани менен Байхаки кабарлаган.

Табарани риваят кылган бир хадиси шарифте Расулуллах «саллаллаху алейхи васаллам» дуба кылган кезде: "Пайгамбарыңдын жана андан мурда келген пайгамбарлардын акысы (урматына) үчүн”, - дечү эле. Расуллуллах аркылуу же башка пайгамбарлар же болбосо олуялар аркылуу "таважжух кылуу”, "тавассул кылуу”, "истигаса кылуу” жана "ташаффу кылуу” деген сөздөрдүн бардыгы "салих киши аркылуу, аны ортого коюп, Аллаху таалага жалынып- жалбаруу” деген мааниде колдонулат. Амал жана ибадаттар аркылуу (аларды ортого коюп) да жалбарууга боло тургандыгы тууралуу Ислам дини билдирген. Эски доордо бир үңкүргө кирип, камалып калган адамдар Аллах үчүн кылган кайрымдуу амалдарын аташып, жалынып-жалбарышканда үңкүрдүн оозундагы таш ачылып, алардын чыккандыгы хадиси шарифте келтирилген. Аткарылган жакшы амалдар менен ибадаттарды себеп, васила кылып (ортого коюп) окулган дубалар кабыл болсо, ошондой ибадаттарды орундаган кишилердин өзүн себеп, васила кылып, алардын урматына деп кылынган дубалар, албетте, кабыл болот. Омар Бин Хаттаб «радыйаллаху анх» Хазрети Аббасты себепчи кылып, жамгыр дубасын окуду. Сахабалардын эч бири буга каршы эч нерсе айткан эмес. Расулуллахты жана анын кабырын васила (себепчи) кылбай, Хазрети Аббас аркылуу дуба кылуу - өзүн төмөн билгендиктен жана Расулуллахтын тууганын өзүнөн жогору көргөндүгүнөн эле. Хазрети Аббас менен тавассул кылуу, негизинен Расулуллах менен тавассул кылуу болуп эсептелет. "Таважжух, тавассул жана истигаса сөздөрү, дубанын кабыл болуусу үчүн себепчи кылынган салих кишинин аны себепчи кылып дуба кылган кишиден ар дайым жогору экенин көрсөтөт”, - деп айтуу туура болбойт. Расулуллах бир дубасынын кабыл болушу үчүн Мекке мухажирлерин себеп кылган. Истигаса – "бирөөдөн бир нерсе суроо үчүн, анын катуу сүйгөн адамынан жардам суроо” дегенди (б.а., ошол адам аркылуу суроо) дегенди билдирет. Ошол адам аркылуу суралганда, көздөлгөн максатка, тилекке жетүү оңой болот. Дубанын кабыл болуусу үчүн, Расулуллах менен же болбосо кабырдагы бир олуя менен истигаса кылынат. Ошентип, дуба кабыл болот. Дубаны кабыл кылуучу - жалгыз гана Аллаху таала. Ага себеп, васила боло тургандар – пайгамбарлар, олуялар. Аллаху таала чыныгы гавс, камкор, ал эми, Расулуллах болсо, өтмө мааниде гавс болуп эсептелет. Бухари кабарлаган хадиси шарифте: "Кыямат күнү алгач Адам алейхиссалам аркылуу, анан Муса алейхиссалам аркылуу, кийин Мухаммед алейхиссалам аркылуу истигаса кылынат (көмөк суралат)”, - делген. Ошондой эле, Расулуллах аркылуу истигаса же тавассул кылуу – анын дуба кылуусун каалоо дегенди билдирет. Себеби, ал кабырында тирүү. Сурагандардын тилегенин түшүнөт. Сахих бир кабарда: "Амир-ул-муминин Омар «радыйаллаху анх» доорунда жут болду. Сахабалардын бири Пайгамбарыбыздын кабырына келип: "Йа, Расулаллах! Үммөтүңө жамгыр үчүн дуба кыл! Үммөтүң өлүм абалына жетти”, - дейт. Расулуллах алейхиссалам ага түшүндө көрүнүп, жамгыр жаай тургандыгын айтты. Чынында да ушундай болду. Пайгамбарыбыз сахабага түшүндө: "Омарга барып, саламымды жана жамгыр жаай тургандыгын айт. Жумшак мамиледе болсун!” - деп да айткан. Омар «радыйаллаху анх» катаал адам эле. Диндин буйруктарын орундоодо катаалдык кылчу эле. Баягы сахаба халифага барып, болгон окуяны айтып берди. Халифа аны угуп ыйлады. Бир кабарда айтылуусу боюнча, бул түштү көргөн адам сахаба Билал бин Харис Музани эле. Бул жерде түшкө эмес, сахабанын Расулуллахтын кабырына барып, аны тавассул кылганына көңүл бурабыз. Мындан Расулуллахтын тирүү кезиндеги сыяктуу, кайтыш болгондон кийин да андан тилектин кабыл болуусу үчүн дуба кылуусун суранууга боло тургандыгын түшүнүүгө болот. Кыямат күнү да үммөтү үчүн шапаат кылат жана шапааты кабыл болот. Муну Ислам аалымдары ижма менен (бир добуштан) билдиришкен. Абдуллах бин Аббастын «радыйаллаху анхум» билдирген хадисинде: "Аллаху таала Иса алейхиссаламга: "Эй, Иса! Мухаммед алейхиссаламга ыйман келтир! Сенин үммөтүңдөн анын доорунда жашай тургадарга Ага ыйман келтирүүлөрүн айт! Мухаммед алейхиссалам болбогондо, Адам пайгамбарды жаратпас элем. Мухаммед алейхиссалам болбогондо, Бейишти, Тозокту жаратпас элем. Аршты суунун үстүндө жараттым. Кыймылдай баштады. Үстүнө "Лаа илааха иллаллах” деп жазгандан кийин токтоду”, - дейт”, - деп айтылган. Бул хадисти Хаким сахих далилдер менен кабар берген. Ушундай жогорку даражалуу жана өтө кадырлуу, Жаратуучунун ниматына бөлөнгөн Пайгамбарды себеп кылып, Анын шапаатын тилеп, окулган дуба кандайча кабыл болбосун?!

"Шавахид-ул-хак” китебинде Имам Субкиден алынган сөздө мындай деп айтылат: "Расулуллах менен тавассул кылуу эки түрдүү болот:

1. Анын бийик мартабасы, берекети үчүн Аллаху тааладан суроо. Мындай дуба кыларда тавассул, истигаса жана ташаффу сөздөрүнөн каалаган бирөөсү колдонулат. Үчөө тең бир нерсени билдирет. Ушул сөздөрдү колдонуп дуба кылган киши Расулуллахты себеп кылып Аллахтан суроодо. Аны ортого коюп Аллаху таалага истигаса кылууда. Дүнүйөлүк иштерде да бир кишиден анын жакшы көрө турган адамы аркылуу бир нерсе сурала турган болсо сураганын дароо берет.

2. Тилекке жетүү үчүн Расулуллахтын Аллаху таалага дуба кылуусун андан сурануу, анткени, ал кабырда тирүү. Ал аркылуу дуба кылгандардын тилегендерин угуп, түшүнөт жана Аллахтан сурайт. Кыямат күнүндө да шапаатын сурашат, ал шапаат кылат жана шапааты кабыл болот.

Шихабуддин Рамли «рахметуллахи таала алейх» мындай дейт: "Пайгамбарлар менен олуялар кайтыш болгондон кийин да алар аркылуу истигаса же тавассул кылынат. Пайгамбарлар кайтыш болгондо мужизалары токтоп калбайт. Олуялар кайтыш болсо да кереметтери бүтпөйт. Пайгамбарлардын кабырларында тирүү экендиктерин, намаз окуй тургандыктарын, ажыга бара тургандыктарын хадистер ачык түрдө көрсөтүүдө. Шейиттердин да тирүү экендиктери, капырлар менен болгон согуштарда жардамга келе тургандыктары маалым”.

Хаким билдирген сахих хадисте: "Адам алейхиссалам Бейиштен чыгарылгандан кийин көп дуба кылды. Тообосу кабыл болбоду. Акырында: "Эй, Раббим! Уулум Мухаммеддин урматы үчүн мага ырайым кыл”, - дегенде дубасы кабыл болуп, "Эй, Адам! Мухаммед алейхиссаламдын ысымы менен эмне кааласаң да берер элем. Эгер, Мухаммед болбогондо сени жаратпайт элем”, - деп айтылган”, - деп билдирилген. Бул кудси хадис "Мавахиби ладуннийа” жана "Анвар-и Мухаммеди” китептеринин башында да жазылган. Муну Алуси дагы "Галия” китебинин 109-бетинде кеңири жазган. Бул дубаларда өткөн "хак”, "акы” сөзү – "урмат”, "аброй” жана "кун” дегенди билдирет. Б.а., "бир олуянын акысы үчүн” делгенде, ошол олуянын Аллах алдындагы кадыры, абройу, куну үчүн суралган болот. Себеби, эч бир жаратылгандын эч кандай Аллахта акысы жок.

Ошол кезде Мухаммед алейхиссалам дүйнөдө жок эле. 313 миң жылдан кийин дүйнөгө келген. Адам алейхиссалам аны кайдан билген?

Адам пайгамбар Бейиште жүргөндө, Бейиштин ар жеринде жана Аршта "Лаа илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах” деген жазууну көргөн. Анын Аллаху тааланын эң сүйүктүү кулу экенин ушундан тушүнгөн эле. Ошол жерде Ислам ариптери менен жазылган эле. Демек, ошол ариптер адамга таандык эмес. Аалам менен Адам жок кезде ошол ариптер бар эле. Бардык китептер, сахифалар (рисала) Ислам ариптери менен жиберилген.

Бул дубалар Аллаху тааланын сүйгөн адамдары аркылуу жалынып-жалбаруу, б.а., аларды арага салып, алардын урматына Аллахтан тилөөгө боло тургандыгын көрсөтүүдө.

Ибни Абидин «рахметуллахи таала алейх» "Радд-ул-мухтар” китебинин 5-томунун 524-бетинде: "Расулуллахты арага салып, Аллаху таалага дуба кылуу өтө жакшы болот. Мурда жана кийин келген аалымдардын эч бири буга каршы эч нерсе айткан эмес. Бир гана Ибни Таймийа буга каршы чыкты. Эч ким айтпаган нерсени айтып, бидат чыгарган. Бул тууралуу Имами Субки жакшы түшүндүрүп берген”, - дейт.

Ахмед бин Саид Зайни Дахлан «рахметуллахи таала алейх» – Меккенин муфтийи, аалымдарынын башчысы жана шафии мазхабынын шейхи эле. Бир нече эмгектери бар. "Хуласат-ул-калам фи баяни умара-ил балад-ил-арам”, "Фиррадди алал-ваххабиати атбаи мазхаби Ибни Таймийа” жана "ад-Дурар-ус-санийа” деген китептеринде ваххабилердин, мазхабсыздардын ички ниеттерин ачыктап, түшүндүрүп, жаңылыш жана бузук жолдо экендиктерин аяттар менен хадистер аркылуу далилдеп берген. "Хуласат-ул- Калам” китебинде мындай дейт:

"Расулуллах тирүү кезинде да, кайтыш болгондон кийин да аны себепчи кылып, дуба кылуу сахих (туура) жана жаиз (уруксат). Ошол сыяктуу олуялар жана салих адамдарды себепчи кылуу аркылуу дуба кылууга боло тургандыгын хадиси шарифтер көрсөтүп турат. Хазрети Омардын жамгыр дубасына чыгаарда Хазрети Аббасты эрчитип барганы – Расулуллахтан башка адам аркылуу да дуба кылууга боло турганын билдирүү үчүн эле. Ахли сүннөт аалымдары айтышат: "Таасирди берүүчү, жаратуучу, пайда жана зыян берүүчү, жок кылуучу – бир гана Аллаху таала. Анын шериги жок. Пайгамбарлар жана бардык тирүү жана өлгөн адамдар таасир, пайда жана зыянды жарата албайт. Бир гана Аллаху тааланын сүйүктүү кулдары (пенделери) болгондуктан алардан берекет күтөбүз. Ал эми булар (адашкандар) тирүү адам таасир эте алат, ал эми өлгөн адам таасир эте албайт деп ишенишет”. "Фатх-ул-мажид” ваххаби китебинин 70, 77, 98, 104, 239, 248, 323, 503 жана 504-беттеринде: "Өлүктөн жана узактагы укпай турган, көрбөй турган тирүү адамдан бир нерсе сураган (тилеген) адам мушрик болот. Адамдан күчү жеткен нерселерди суроого болот. Бир гана Аллахтын кудурети менен болгон нерселерди адамдан суроо жаиз эмес (болбойт)”, - деп жазылган. 70-бетинде: "Тирүү адам өзүнөн суралган нерсе үчүн дуба кылат. Аллах аны кабыл кылып, ошол нерсени жаратат. Өлүк же болбосо алыстагы адамдан суроо – анын кудурети жетпеген нерсени суроо дегенди билдирет. Бул ширк болот”, - дейт. 136-бетинде: "Салих адамдардын кабырлары аркылуу жалбаруу – Лат, Манат буттарына табынуу сыяктуу ширк”, - делинген. 208 – бетинде: "Керектүү нерсени өлгөн адамдан суроо – ширк. Өлгөн адамдан шапаат кылуусун сурануу – жахилдик (сабатсыздык). Ал Аллахтын уруксатысыз эч кимге шапаат кыла албайт. Ага истигаса кылуу, шапаатын суроо – анын шапаат кылуусу үчүн уруксат берилүүсүнө себеп кылынбаган. Шапаатка жетүүгө себеп – ыймандуу болуу. Истигаса кылуу ширк болгондуктан шапаат кылууга тоскоол болууда”, - деп жазылган. Бирок, бул китеп өзүн өзү жокко чыгарат. Анткени, 200-бетинде: "Көктөр Аллахтан коркот. Аллах көктөрдө сезим жараткан. Алар сезишет жана түшүнүшөт. Куранда жердин жана көктөрдүн тасбих кылгандыгы билдирилди. Расулуллахтын алаканындагы таштардын тасбих айткандыгын жана мечиттеги ханнана деген тиректин ыйлагандай үн чыгарганын жана тамактын зикир чалганын сахабалар угушту”, - деп жазылган.

Тоолордо, таштарда, тирөөчтө сезим жана түшүнүү бар экенин айтып, пайгамбарларда жана олуяларда сезим болбойт деп айтуулары таң калардык нерсе. "Тирүү адамдар тавассул кылынат, өлүктөр тавассул кылынбайт”, - деп, өздөрү мушрик болууда. Анткени, бул сөз тирүүлөр угушат, таасир эте алышат, өлгөндөр укпайт, таасир эте албайт дегенди билдирет. Аллахтан башка адамдын таасир кыла ала турганына ишенүү болот. Ушундай ишенген адамдарды өздөрү мушрик деп аташат. Бирок, өлгөн да, тирүү да бир гана себеп болот. Таасир эте турган, жаратта турган – жалгыз гана Аллаху таала. Тавассул, ташаффу, истигаса жана таважжух мунун баары бир мааниде. Баары тең жаиз. Бухари хадисинде: "Кыямат күнү адамдар алгач Адам алейхиссаламга истигаса кылышат”, - деп билдирилген. Улуу сахаба Билал бин Харис «радыйаллаху анх» Расулуллахтын кабырына барып: "Эй, Расулуллах! Үммөтүң үчүн жамгыр жаашын сура”, - дейт. Жамгыр жаады. Буттар бизге шапаат кылат деп эсептеген капырлар буттарга сыйынышчу эле. Ал эми, шапаат тилөөчү момундар пайгамбарлар жана олуяларга сыйынышпайт. Экөөнү бирдей нерсе деп ойлоо кандай акмактык! "Фатх-ул-мажид” ваххаби китебинин 209-бетинде: "Курани каримде"Бир гана Аллахтын уруксат берүүсү менен шапаат кылынат” жана "Бир гана ыраазы болгон адамдарына шапаат кылат”, - деп айтылган. Шапаат сурап кабырга барган адам, өзүнө шапаат кылуусу үчүн Пайгамбарга уруксат берилгенин кайдан билет? Өзүнүн Аллахтын ыраазылык билдиргендеринин катарында экендигин кайдан билип, шапаат сурайт?” - деп айтылган. Бул сөздөрү хадиси шарифтерге кайчы келип, өз сөзүн өздөрү жокко чыгарышат. Себеби, ошол китептин 208-бетинде ваххаби өзүнүн оозу менен: "Шапаатка жетүүнүн себеби – ыйман”, - деген эле. Азан чакырылгандан кийин окулуусу буюрулган дубада Аллаху тааланын Пайгамбарыбызга (алейхиссалам) фазила жана васила (жакшылык менен ортомчу, себепчи болуу) даражаларын убада кылгандыгы көрсөтүлгөн. Бул дубаны окугандарга жана салават айткандарга, ошондой эле, кабырын зыярат кылгандарга Пайгамбарыбыз шапаат кылаарын айткан. Ушул сыяктуу канча деген хадиси шарифтер Пайгамбарыбызга каалаган адамга шапаат кылууга уруксат берилгенин билдирет. "Чоң күнөө кылгандарга шапаат кыламын” деген хадиси шариф ыймандуу болгон бардык адамга шапаат кылуу үчүн өзүнө уруксат берилгендигин көрсөтүүдө. Юсуф Набханинин «рахметуллахи алейх» "Шавахид-ул-хак” китебинин 130-бетиндеги кырк хадистин он үчүнчүсүндө: "Кыямат күнү шапаат кыламын. "Йа, Раббим! Жүрөгүндө кыпындай болсо да ыйманы бар адамдарды Бейишке жибер”, - деп айтам. Алар Бейишке киришет. Анан жүрөгүндө аз гана нерсе барларга "Бейишке киргиле” деп айтамын”, - деп айтылган. Бул хадис Бухари китебиндее билдирилген. Истигаса – тавассул кылуу, васила-себепчи кылуу, жардам суроо, тилегин тилөө дегенди билдирет. Пайгамбардан шапаат тилөө. Аны себеп кылып, Аллаху тааладан ыйман менен өлүүнү тилөө дегенди билдирет. "Фатх-ул- мажид” ваххаби китебинин көптөгөн жеринде, мисалы, 323-бетинде: "Алыстагы жана өлгөн адамдарды истигаса кылуу, алардан пайда күтүү – ширк. Аллах мушриктер менен согушууну буюрат”, - деген. Бирок, Пайгамбарыбыздын өзү дуба кылганда өз атын арага коюп: "Эй, Мухаммед, сени себепчи кылып, (сенин урматың үчүн) Раббиме таважжух кыламын, жалбарамын”, - дечү эле. Ал кайтыш болгондон кийин да сахабалар ошол дубаны окушчу эле. Табарани билдирген бир хадисте: "Чөлдө жалгыз калган адам бир нерсесин жоготуп алса, "Эй, Аллахтын кулдары, мага жардам бергиле”, - деп айтсын. Себеби, Аллаху тааланын силердин көзүңөргө көрүнбөгөн кулдары да бар”, - деп айтылган. Ибн Хажар Мекки "Изах-ул-манасик” китебинин хашийасында (китеп беттеринин четиндеги бош жерге жазылган түшүндүрмөсүндө) бул дубанын бир канча жолу тажрыйбадан өткөрүлгөндүгүн айтат. Абу Давуд жана башкалар билдирген бир хадиси шарифте: "Расулуллах сапарда жүргөндө караңгы түшкөндө: "Эй, Раббимдин жери! Сенин жамандыгыңдан куткар деп Аллахка сыйынамын” деп айтчу эле”, - деп жазылган.

"Ихван-ул-муслимин” деп аталган мазхабсыздардын башчысы Сеййид Кутб да "Зумар” сүрөсүнүн 3-аятына тафсир кылган кезде: "Таухид жана ыкылас ээси Аллахтан башка эч кимден эч нерсе сурабайт. Эч бир жаратылышка ишенбейт. Адамдар Ислам дини билдирген таухидден алыстап кетти. Азыр бардык элдерде олуяларга ибадат кылынууда. Исламдан мурдагы арабдардын периштелерге, айкелдерге сыйынышканы сыяктуу, алардан шапаат тилешүүдө. Аллах билдирген таухидде Аллах менен кулдун арасында васыта, васила, себеп жана шапаат кылуу болбойт”, – деп айтат. Ушул сөздөрү менен ваххаби экенин жарыялайт.

Аллаху таалага таандык сыпаттар "сифат-и затийа” жана "сифат-и субутийа”, б.а., "улухийат сыпаттары” (Кудайлык сыпаттары) деп аталат. Бир жаратылган нерсеге ибадат кылуу – таш, бак, күн, жылдыз, уй, адам, эстелик, сүрөт сыяктуу нерселерде кудайлык сыпаты бар деп эсептеп, ага жалбаруу дегенди билдирет. Ушундай ишенүү "ширк”, ишенген адам "мушрик” деп аталат. Бул сыйынылган нерселер "шерик”, "мабуд”, "бут” деп аталат. Азыркы христиандардын көбү, буддисттер, брахмандар жана мажусилер (отко сыйынгандар) мушрик болуп эсептелет. Мусулмандар эч кандай олуяда улухийат (кудайлык) сыпаты бар деп ишенишпейт. Пайгамбарлардын жана олуялардын Аллахтын кулу экендигине ишенишет, аларга табынбайт. Зыярат кылуучулар жана дуба кылуучулардын тилектерин Аллахтын аларга билдирүүсүнө ишенишет. Ошондуктан, дубаларынын, тилектеринин кабыл болуусу үчүн Аллахтын алдында жардам кылууларын, шапаат кылууларын сурашат. Мусулмандардын ушундай ак ниет менен зыярат кылууларын "бутпарастыкка”, зыярат кылынган пайгамбарларды жана Исламдын улуу кишилерин "буттарга” окшотуулары ваххабилердин жаман максаттарын көрсөтүүгө жетиштүү.

3. Ваххабилердин үчүнчү бузук ишенимдери – кабырдын үстүнө күмбөз тургузууну, күмбөздөрдө намаз окууну, ал жерде кызмат кылгандарга жана намаз окугандарга шам жагуу, өлгөндөрдүн рухуна садага назр кылуу жаиз эмес деп эсептешет. Ваххабилердин айтуулары боюнча Харамайн (Мекке-Медина) калкы бүгүнкү күнгө чейин күмбөздөр менен дубалдарга сыйынышып келген имиш. Ахли сүннөт менен шиит тобундагы мусулмандар ошондуктан мушрик болуп эсептелет имиш. Аларды өлтүрүп, мал-мүлктөрүн тартып алууга болот имиш. Алардын сойгон малы арам болуп эсептелет имиш.

Күмбөздө намаз окууга боло тургандыгы "Кыямат жана акырет” китебинин 3-бөлүмү болгон "Мусулманга насихаттын” 14-бабында кеңири жазылган. "Күмбөз” – "бөлмө” дегенди билдирет. Күмбөздөргө тыюу салына турган болсо сахабалар «радыйаллаху таала анхум ажмаин» Расулуллахты, Хазрети Абу Бакрды жана Хазрети Омарды бөлмөнүн ичинде жерге беришпейт эле. Күмбөз өлгөн адамга сыйынуу үчүн салынбайт. Аны ардактоо, дуба кылууга келгендерди жаандан, күндөн сактоо үчүн салынат. "Мажма- ул-анхур” китебинин 2-томунун 552-бетинде: "Мухаммед бин Ханафийа Абдуллах бин Аббасты көмгөндөн кийин кабырынын үстүнө чатыр курду. Зыярат кылуучулар үч күн ушул чатырды баш паанек кылышты”, - деп айтылган. Сахабалардын жолундагы адам күмбөздөрдү талкалабайт, тескерисинче күмбөз салат.

"Кашф-ун-нур” китебинде: "Аалымдардын, олуялардын кабырларынын үстүнө күмбөз аларды жахилдердин (сабатсыздардын) кастыгынан коргоо үчүн салынат”, - деп айтылган. "Жами-ул- фатавада” жана"Танвир” китебинде: " Кабырдын ү стүнө к үмбөз салуу макрух эмес”, - деп айтылган. "Жахилдер (сабатсыздар) олуяларды жаратуучу деп эсептешпесин деп күмбөздөрдү талкалап, бузуп салабыз” деген сөздөрү куфур болуп эсептелет. Фараон да мына ушундай деп айткан эле. Фитне-фасат (бүлүк) чыгарды деп, Мусаны (алейхиссалам) өлтүрүүгө аракет кылган эле. Аллаху таала олуяларын сүйөт. Алардын каалаган нерсесин жүзөгө ашырат. Ваххабилер болсо, Аллаху таалага, олуяларга жана бүткүл мусулмандарга су-и зан (жаман ойдо болуу) кылышууда. Мусулманга су-и зан кылуу – арам. Олуя тирүү кезинде да, өлгөндөн кийин да эч нерсе жаратпайт. Аллаху тааланын жаратуусуна себепчи болот. Олуялардын рухтары кабырдагы денелери менен байланышта болот. "Кунуз-уд-дакаик” китебинде жазылган Дайламинин билдирген хадисинде: "Өлгөндөн кийин да тирүү кезимдегидей биле турган боломун”, - деп айтылган. Тирүү же болбосо кайтыш болгон олуянын фейзине, мээримине бөлөнүү үчүн, андан пайда ала билүү үчүн аны сүйүп, урматтоо керек. Жахил (сабатсыз) эл өлгөн кишини жердин ичинде аракетсиз жатканын көрүп, өзүнөн төмөн деп эсептейт. Күмбөздү бардык адамдардын урматтап, зыярат кылып жатканын көрсө, ал да аны урматтайт. Б.а., күмбөз өлгөн адам үчүн эмес, тирүү адамдардын урматтуулук менен зыярат кылуулары, олуялардын файзы жана берекетинен пайдалануулары үчүн салынат. Ахли сүннөт аалымдары: "Кабырдын үстүнө эстелик үчүн, мактануу үчүн күмбөз салуу – арам, унутулуп кетпесин деген максатта салынса – макрух. Сөөктү уурудан, жырткыч айбандардан коргоо максаты менен салынса – макрух болбойт. Сөөктү алдын ала даярдап коюлган күмбөздүн ичине көмүү – жаиз болот”, - деген. Расулуллах уулу Ибрахимдин кабырын бир карыш бийик кылып жасап, шыбатып койгон эле. Бир күнү Ибрахимдин кабырынын бир чети ачылып калганын көрүп, ошол жерин бүтөгөндүгү "Хуласа” китебинде жазылган. Ислам аалымдарынын эч бири күмбөздөрдү бутка окшоткон эмес. Эң оор жазганы да "арам” деген. Күмбөздү зыярат кылып, олуяларды тавассул кылган мусулмандарга миң жыл бою эч бир Ислам аалымы су-и зан кылган эмес жана жамандаган эмес. "Фатх-ул-мажид” ваххаби китебинин 242-бетинде: "Ибни Хажар Мекки "Заважир” китебинде: "Кабырдын үстүнө күмбөз салуу чоң күнөө. Мусулман падышалардын, акимдердин бул күмбөздөрдү бузуп салуусу – важиб. Эң алгач Имам Шафиинин күмбөзүн талкалап салуу керек” деген”, - деп жазат. Бирок, Ибн Хажари Мекки «рахметуллахи алейх» "Заважир” китебинде: "Кабырлардын үстүнө күмбөз салуу – чоң күнөө”, - деп айтпайт. "Жалпы, б.а., көп адамдар көмүлө турган жана вакыф кылынган (мусулмандардын жалпы пайдалануусу үчүн садага кылынган мүлк) мазарлардагы күмбөздөрдү бузуу керек. Себеби, орун ээлеп, башка мусулмандарды көмүүгө тоскоол болот”, – дейт, (б.а., өлгөн адамдын жеке мүлкү болбогон жерлерде башкалардын көмүлүү укугун чектегени үчүн күмбөз салынбасын дейт). Имам бул жерде күмбөз салууну, аны зыярат кылуу куфур деп эсептебейт. Аяттар менен хадистердин маанилерин бурмалап, өзгөртүүдөн тартынбаган ваххабилердин ахли сүннөт аалымдарынын китептериндеги маалыматтарды жана сөздөрдү да бурмалап, өзгөртүп жазып, мусулмандарды алдоого аракет кылышканын ачык далили алардын Ибн Хажар Меккиге жапкан ушул жалаалары болуп эсептелет.

Ибн Хажари Макки "Фатава-и фикхийа” китебинин 125-бетинде: "Пайгамбарлардын күмбөздөрүндө намаз окуу сахих (туура). Жада калса, макрух да эмес. Пайгамбарлар кабырларында тирүү. Бирок, алардын жашоосу биздин жашообуз сыяктуу эмес, жеп-ичүүсү, ибадат кылуусу кажет эмес. Периштелердин жашоосуна окшойт. Ыракаттануу үчүн ибадат кылышат, себеби, кабыр жашоосунда Аллахты сезүү мүмкүнчүлүктөрү дүйнө жашоосундагындан да жетилген сыпатта”, - деп жазат.

Судандык Ислам аалымы Тахир Мухаммед Сулейман Малики "Захират-ул-фикхил-кубра” китебинде мындай дейт: "Шейх Адви кабырдын үстүнө күмбөз салуу төрт шарт менен жаиз болот деди. Кабырдын орду өлгөн адамдын жеке мүлкү болуусу керек. Күмбөздө бидат нерселерди жасабоо керек. Күмбөздөр мактаныч үчүн салынбоо керек. Кабырдагы олуяларга белги катары салынуусу керек. Ибни Таймийанын бузук ниеттеги сөздөрүнүн эч кандай мааниси жок”.

Мусулман экендигин айтып, ибадат кылган, б.а., "ахли кыбла” деп аталган адамдын ахли сүннөткө терс болгон ишеними, мааниси ачык, анык бир далилди жокко чыгара турган сыпатта болсо, бул тавил (башка маани чыгаруу) аркылуу болсо да, болбосо да куфур. Ал киши "мулхид” деп аталат. Бул ишеними ачык айкын эмес, күмөндүү бир далилдин ар түрдүү маанилеринен ачык жана белгилүү болгонуна терс болсо жана буга тавил кыла алса, куфур болбойт, бидат болот. Тавил жасоодон кабары болбой, бидатчы аалымдардын жолун карманса же напсинин каалоолоруна берилип, дүнүйөлүк кызыкчылыктар үчүн ушундай ишенген болсо бул да куфур болот.

Ахли сүннөт болсун, бидатчы болсун, динин дүнүйөлүк кызыкчылыктар үчүн колдонгон жахил (сабатасыз) адам "сокур динчи” деп аталат. Эч бир динге ишенбей, мусулмандарды алдап, алардын имандарын жок кылуу, Исламды ичинен жыгуу үчүн мусулман болуп көрүнүп, куфурга себеп болгон нерселерди далилдөө үчүн далилдерден жаңылыш маанилерди чыгарган адамдар "зындык” (динсиз) деп аталат. Бидатчылар, мулхиддер жана алардын жолун карманган жахил (сабатсыз) адамдар "мазхабсыздар” болуп эсептелет. Мазхабсыздар жана ыйман уурулары болгон зындыктар "динде реформисттер” катары таанылууда.

Ибни Абидин «рахметуллахи таала алейх» "Радд-ул-мухтар” китебинде витр намазы тууралуу: "Витр намазынын негизин, б.а., ибадат экенин кабыл кылбаган адам ыйманынан ажырайт. Эгер далилинен башка маани чыгарса же далилине шектенип, кабыл кылбаса капыр болбойт. (Бидатчы болот). Бардык важибдер менен сүннөттөр да ушундай. Себеби, витр намазы – динде зарури (милдетүү түрдө) билинген, таанылган ибадат, муну "Ижма-и уммат” көрсөтүп турат. Ижма-и уммат менен билдирилген зарури (милдетүү) ибадатка эч бир себепсиз ишенбөө Ханафи аалымдарынын өкүмү боюнча ыймансыздык болот. Динде бар экендиги зарури (милдеттүү түрдө) билинген нерсе деген сөз – динибизде бар экендиги сабатсыздарга да маалым болгон диний өкүмдөр, маалыматтар дегенди билдирет. Бул – беш убакыт намаздын фарз экендигине ишенүү сыяктуу нерсе. Жалгыз аалымдар гана биле турган диний өкүмдөрүн кабыл кылбоо куфурлук болбойт. Мисалы, мурас илиминде чоң эненин мурасынын алтыда биринин алына тургандыгын кабыл кылбоо ушуга жатат”.

Ибн Мелек (же Мелик) "Манар” шархында мындай дейт: "Ижма” "биригүү” деген сөз. Бир кылымда жашаган мужтахиддердин бир маселенин өкүмү боюнча биригүүсү. Бул – сөз же иш-аракет болуусу мүмкүн. Ижтихад жасоону талап кылбай турган маселелерде бир кылымда жашаган мусулмандардын баарынын биригүүсү керек. Биригүү – бирдей сөз айтуу же бирдей иш кылуу болуп эсептелет. Бир кылымда жашаган мужтахиддердин бир бөлүгү айтса же жасаса, калгандары угуп, унчукпаса, каршы болбосо Ханафи мазхабы боюнча ижма болот. Шафии мазхабында бул ижма болуп эсептелбейт. Ижтихад маселелеринде ижма ээси болуу үчүн мужтахид болуу керек. Курани каримдин, намаз рекеттеринин жана зекет өлчөмүнүн, нанды карызга алуунун жана мончого баруунун бизге накыл жолу менен жеткизилгендиги сыяктуу ижтихад кылууну талап кылбаган нерселердин ижмасында мужтахид болуу керек эмес. Мындай нерселерде мужтахид эместердин ижмалары да колдонула берет. Бирок, алардын бидатчы жана фасык (күнөөкөр) болбошу керек (ошондуктан, шииттер менен ваххабилердин китептеринде жазылган ката нерселер эч качан ижма боло албайт. Арамадал жана парздар үчүн далил боло албайт). Мындай ижмалар (сөз бирлиги) жүзөгө ашуусу үчүн сахабалар менен ахли бейттин урпагы болуу шарт эмес. Мединанын тургуну болуу да керек эмес. Көптөгөн аалымдардын пикири боюнча "салаф” деп аталуучу мурда келген аалымдардын ар түрдүү билдирген маселесинде кийин келген аалымдардын ижма кылуусу жаиз болот. Бир мужтахид башкача ижтихад кылса, ижма жүзөгө ашпайт. Хабари-вахид менен, б.а., бир гана киши кабар берген хадисте жана мужтахиддин кыяс кылуу менен чыгарган өкүмүндө ижма кылууга болот. Аяттар менен белгилүү хадистерден анык түшүнүлө турган өкүмдөрдө ижма болбойт. Алардын өздөрү ансыз да далил болуп эсептелет. Салаф-ус-салихиндин, б.а., сахабалардын «радыйаллаху таала алейхим ажмаин» бизге ар кылымдын ижмасы менен келген ижмалары мутаватыр хадис сыяктуу, б.а., сахабалардын ушундай ижмаларын үйрөнүп, ушуларга ылайык аракет кылуубуз керек. Буга Курандын Аллахтын сөзү экендиги, намаз менен орозонун, зекеттин фарз экендиги жатат. Бир салих адам аркылуу жетип келген ижмалар болсо, вахид кабарлар менен билдирилген хадистер сыяктуу болуп эсептелет. Алар менен бир гана аракет кылуу важиб, анын илими менен билүү (ишенүү) важиб эмес. Бешим намазынан мурда төрт рекет сүннөт окуу ушуга жатат.

Ижманын даражалары бар. Сахабалардын ачык түрдө жана ар кылымдын ижмасы аркылуу кабар берилген ижмалары аяттар менен мутаватыр хадистер сыяктуу кубаттуу болуп эсептелет.

Кабыл кылбаган, ишенбеген адамдын ыйманы кетет. Сахабалардын бир азы ижма кылып, калгандары унчукпаган ижмалар да накта далил болсо да, аны кабыл кылбаган адам капыр болбойт. Ижманын үчүнчү даражасы – сахабалардын башка-башка пикирде болбогон маселелеринде кийинки кылымдардын ижмасы. Алар белгилүү кабарлар сыяктуу кадырлуу болуп эсептелет. Андан кийинкиси – сахабалардын ар түрдүү ижтихад кылган өкүмдөрүндө кийин келгендердин ижмасы. Алар вахид кабар менен билдирилген хадистер сыяктуу болуп, аны менен аракет кылуу – важиб, ыйман кылуу – важиб эмес. Бир кылымда жашаган мусулмандар (аалымдар) бир маселе боюнча бир добушка биригишпесе (башка-башка көз карашта болушса), кийин келгендердин ошол ар түрдүү сөздөрдүн эч бирине ылайык болбогон жаңы өкүм чыгаруусу чоң жаңылыштык болот. Бул сөздөрдөн башка жаңыча багытта сөз айтуулары жаиз болбойт.

Кыяс – бир нерсени башка нерсеге окшотуу дегенди билдирет. Фыкхта өкүмү аят менен хадистен ачык түшүнүлбөй турган бир нерсенин өкүмүн ушуга окшош башка нерсенин өкүмүнөн түшүнүү дегенди билдирет. Кыястын да динибизде далил экендиги акыл жолу менен да накыл жолу менен да белгилүү. "Эй, илим ээлери! Итибар кылгыла (назар салып байланыштыргыла)!” деген аяты карима, "Билбегениңерди билгендериңер менен салыштыргыла!” дегенди билдирет. Анткени, "итибар” – "окшотуу” дегенди билдирет. Сахабалардан Муаз бин Жабал «радыйаллаху анх» Йеменге барып, ижтихад кыла турганын айтканда, Расулуллах ыраазы болуп, аны мактагандыгы кыястын динибизде далил экенин көрсөтөт. Кыястын шарттары, рукундары, өкүмдөрү жана дефи болот. Мужтахиддин аларды билүүсү керек”. "Манар” шархынан алынган үзүндү аяктады.

Ахли сүннөт мусулмандарына ваххабилердин көрсөткөн каршылыктарына жана жапкан жалааларына Ислам аалымдары ар түрдүү жоопторду берген. "Усул-ул-арбаа фи тардид-ил ваххабия” китебин окуган адам ваххабилердин алдангандыгын, туура жолдон тайгандыктарын, мусулмандарды балээлерге сүйрөп жаткандыктарын түшүнүп алат. Ушул китепте мындай деп жазылган: "Аллаху тааладан башка нерсеге таазим кылууга, б.а., улуктоого боло тургандыгын Курани карим, хадистер жана салаф-ус-салихиндин сөздөрү менен иштери, ошондой эле көптөгөн аалымдар билдирген. "Хаж” сүрөсүнүн 32-аятында "Кимде-ким Аллаху тааланын ши’аирине (белгилерине) таазим кылса (улуктаса), ал иш жүрөктөрдүн такыбаалыгынан”, - деп айтылган. Ошондуктан, Аллаху тааланын ши’аирин, белгилерин улуктоо важиб болду. "Ши’аир” деген сөз "белги”, "нышан” дегенди билдирет. Абдулхак Дехлеви: "Ши’аир” – "ша’ирелер” деген сөздү билдирет. Ал эми Ша’ире "белги” дегенди билдирет. Көрүнгөндө Аллаху тааланы эске салуучу бардык нерсе Аллаху тааланын ши’аири (белгиси) болот”, - дейт. "Бакара” сүрөсүнүн 158-аятында: "Сафа менен Марва – Аллаху тааланын ши’аирлеринин ичинде”, - деп айтылган. Бул аяттан Аллаху тааланын ши’аирлеринин ушу менен гана чектелбегендиги көрүнүп турат. Ушул сыяктуу ши’аирге бир гана Арафат, Муздалифа жана Мина деген жерлер жатпайт. Алардан башка ши’аирлер (белгилер) да бар. Шах Валиуллах Дехлеви "Хужжатуллах-ил-балига” деген китебинин 69-бетинде: "Аллаху тааланын эң улуу шиаирилери төртөө: Курани карим, Каба-и муаззама, пайгамбарлар жана намаз”, - дейт. Шах Валиуллах «рахметуллахи таала алейх» "Алтаф-ул-кудс” деген китебинин 30-бетинде: "Аллаху тааланын ши’аирлерин (белгилерин) таазим кылуу, улуктап жакшы көрүү – Курани каримди, Пайгамбарды (алейхиссалам) жана Каабаны жакшы көрүү деген сөз. Жада калса, Аллаху тааланы эске түшүрө турган бардык нерсени жакшы көрүү деген сөз. Аллаху тааланын олуяларын жакшы көрүү да ушуга кирет”, - дейт. [Анткени, "Олуяны көргөн кезде Аллах эске түшөт” деген хадиси шариф Ибн Аби Шайбада жана "Иршад-ут-талибин” жана "Кунуз-уд- дакаик” китептеринде жазылган. Бул хадиси шарифтен Аллаху тааланын ши’аирине (урматка ылайык белгилерине) олуялардын да кире турганы маалым болот. Олуяларды, аалымдарды таазим кылуу, урматтоо үчүн, алардын кабырларына күмбөз тургузууга боло тургандыгы "Жами-ул фатава” китебинде да билдирилген.] Мекке шаарындагы Масжид-ул-арамдын алдындагы Сафа менен Марва деген эки дөбөнүн арасында Исмаил алейхиссаламдын энеси Хажар барып келгендиктен бул эки дөбө Аллаху тааланын ши’ары (белгиси) болгон. Ал жер касиеттүү энени эске түшүрүүгө себеп болсо, бүткүл жаратылгандардын эң улуусу жана Аллаху тааланын сүйүктүүсү болгон Мухаммед алейхиссаламдын туулуп өскөн, ибадат кылган, көчкөн, намаз окуган, кайтыш болгон жери жана ыйык күмбөзү менен үй-бүлөсүнүн, сахабаларынын орундары эмнеге ши’аир (ыйык белги) болбосун? Алар эмне үчүн талкаланып, жок кылынуусу керек?!

Курани карим кылдаттык менен окула турган болсо, бир катар аяттын Расулуллах Мухаммед алейхиссаламды таазим кыла тургандыгы, улуктай тургандыгы айкын байкалат. "Хужурат” сүрөсүндөгү аятта: "Эй, ыйман келтиргендер! Аллаху тааланын жана Расулунун алдына озбогула! Аллаху тааладан корккула! Эй, ыйман келтиргендер! Добушуңарды Пайгамбардын добушунан бийик чыгарып сүйлөбөгүлө. Ага(алейхиссалам) өз араңарда сүйлөшкөндөй сүйлөбөгүлө! Мындай кылгандардын ибадаттарынын сообу жок кылынат. Расулуллахтын жанында төмөн добуш менен сүйлөгөндөрдүн жүрөгүн Аллаху таала такыбаалыкка толтурат. Алардын күнөөлөрүн кечирет жана көп сооп жазат. Аны сырттан кыйкырып чакыргандар ойлонушпайт. Сыртка чыкканча күтсө өздөрүнө жакшы болот деп!”, - деп айтылган. Ушул беш аятты ынсап менен окуп ойлонгон киши Аллаху тааланын сүйүктүү Пайгамбарына кылынуусу керек болгон урмат жана таазимдин канчалык жогорулатканын түшүнөт. Ушул буйрук менен үммөттүн Пайгамбарга өтө адептүүлүк менен мамиле кылуусун катуу талап кылгандыгын көрөт. Анын алдында үнүн бийик көтөргөндөрдүн бүткүл ибадаттары жок боло турганын ойлогон адам, ушул буйруктун канчалык маанилүү экенин түшүнүү мүмкүн. Бани Тамим уруусунан 70 адам Мединага барып, сырттан кыйкырып, Пайгамбарыбызды үйүнөн чакырган. Ошол аяттар ушулар үчүн жаза катары келген эле. Кээ бир кишилер өздөрүн Бани Тамим тегинен чыкканбыз дейт. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз хадиси шарифте: "Одонолор менен душманчылык кылуучулар – чыгышта” жана "Шайтан ал жерде фитна чыгарды”, - деп, колу менен Нажд тарапты көрсөткөн. Мазхабсыздардын бир бөлүгү – Наждилер. Алар Нажд аймагынан чыккандыктан ушундай аталган. Жогоруда аталган хадис кабар берген фитна 1200 жылдан кийин чыккан. Алар Нажддан Хижазга (Мекке-Медина аймагы) барып, мусулмандардын мал-мүлкүн тартып алышкан. Эркектерин өлтүрүп, аялдары менен балдарын кулдукка салышкан. Капырлардын жасабаган зулумдуктарын ошолор жасашты.

Жогоруда көрсөтүлгөн аяттарда кайра-кайра "Эй, ыймандуулар!” деп айтылган. Бул кыяматка чейин келе турган бардык мусулмандардын Расулуллахты урматтоолору, адептүүлүк кылуулары тууралуу айтылгандыгын көрсөтүүдө. Бир гана сахабаларга айтылган болсо, "Эй, сахабалар!” делген болор эле. Себеби, "Эй, Расулдун аялдары” жана "Эй, Медина эли” деп жалгыз бир коомго арналган буйруктар да кездешет. Намаздын, орозонун, ажылыктын, зекеттин жана башка ибадаттардын кыяматка чейин келе турган бардык мусулмандарга фарз экенин билдирүү үчүн "Эй, ыйман келтиргендер!” деп айтылган. Ошентип, ваххабилердин: "Расулуллах тирүү кезинде аны улуктоого, ага урмат көрсөтүүгө болор эле. Өлгөндөн кийин урмат кылынбайт, андан жардам суроого болбойт” деген сөздөрүнүн Куранга кайчы экендиги аяты карималар менен далилденип турат.

Жогорудагы аяттар Аллаху тааладан башканы да улуктоо керек экендигин көрсөтөт. "Бакара” сүрөсүнүн 104-аятында: "Эй, ыйман келтиргендер! "Раина” деп айтпагыла, "Бизге назар сал”, – деп айткыла. Аллаху тааланын өкүмдөрүнө кулак салгыла!” - деп айтылган. Момундар Расулуллахка "раина”, б.а., "бизди корго” деп айтышчу эле. "Раина” сөзү яхуди тилинде жамандоо деген маанини билдирет. Яхудилер Пайгамбарыбызга ушул мааниде "раина” деп айтышчу эле. Жаман мааниси болгондуктан Аллаху таала момундарга бул сөздү колдонууга тыюу салган. "Анфал” сүрөсүнүн 33-аятында: "Сен алардын ичинде болгондуктан Аллаху таала аларга азап кылбайт”, - деп айтылган. Кыяматка чейин үммөттүн азапка тартылбай тургандыгы убада кылынды. Бул аят ваххабилердин "Ал араңардан кетти, топуракка айланды” деген сөзүн жокко чыгарат.

"Бакара” сүрөсүнүн 34-аятында: "Периштелерге: "Адамга сажда кылгыла!” – деген кезибизде сажда кылды. Бир гана Иблис сажда кылбады”, - деп айтылган. Бул аят Адам пайгамбарга таазим кылууну, аны улуктоону буюрат. Шайтан Аллаху тааладан башкага таазим кылууга, улуктоого болбойт деп, Адам алейхиссаламды жамандап, сажда кылбады. Ваххабилер да шайтандын жолунда. Юсуф пайгамбардын ата-энеси, бир туугандары ага сажда кылып, урмат кылышар эле. Аллахтан башканы урматтоо, улуктоо ширк жана куфур болсо, Аллаху таала сүйүктүү кулдары тууралуу айтканда ошол сыпаттарын атап мактабайт эле. Ахли сүннөт ишеними боюнча Аллахтан башкага сажда кылуу – арам. Бул ибадат саждасына окшогондуктан арам, таазимге (улуктоо) окшогондуктан эмес!

Шайтан Расулуллахка дайым Нажддык карыя кейпинде көрүнчү эле. Капырлар Меккеде Дар-ун-надва деген жерде жыйналышып, Расулуллахты өлтүрүүгө чечим чыгарышкан учурда шайтан Нажддык карыя болуп көрүнүп, кандай өлтүрүү керектигин үйрөтөт. Алар: "Нажддык карыянын айтканын кылат”, - дешкен. Ошол күндөн баштап шайтан "Шейх-и Нажди” деп аталды. ("Шейх” – "аксакал”, "карыя” деген маанини билдирет).

Мухиддин Араби "Мусамарат” деп аталган китебинде мындай дейт: "Курайш капырлары Каабаны оңдогон кезде уруу башчыларынын бардыгы хажар-ул-асвад ташын ордуна коюуга талашышты. "Эртең таң эрте биринчи келген адамдан бул маселе боюнча калыс болуп берүүсүн сурайлы, ал кимди айтса ошол койсун”, – деген чечимге келишет. Биринчи келген адам Расулуллах (алейхиссалам) болду. Ал кезде жыйырма беш жашта эле. Баары кубанып: "Бул эмин, ишеничтүү адам, анын айтканын кылабыз”, - дешти. Расулуллах: "Бир килемче алып келип, ташты салып, ар уруудан бир адам анын четинен кармап, ташты коюла турган жерине алып баргыла”, - деп айтат. Анан аны өзү ыйык колу менен алып, ордуна койду. Ошол кезде шайтан Шейх-и Нажди (Нажддык карт адам) болуп көрүнүп, бир кесекти көрсөтүп, "мына муну тирөөч кылып кой”, - дейт. Максаты ошол кесектин эзилип, хажар-и асваддын ордунан кулоосу жана ошол аркылуу элдердин Расулуллахка "колу оор”, "жолу жаман” деп айтууларына себеп болуу эле. Расулуллах аны байкап: "аузу биллахи минаш-шайтани-ир-ражим”, - дейт. Шайтан ошол заматта жок болду”. Мухиддин Араби «рахметуллахи таала алейх» ошол сөзүндө шайтандын шейхи нажди экендигин айтканы үчүн мазхабсыздар менен ваххабилер ага душман болушкан. Жада калса, аны капыр деп айтышкан. Мазхабсыздардын устазынын шайтан экендигин ушул жерден да түшүүгө болот. Шайтандын шакирти болгон мазхабсыз ваххабилер Расулуллахтан калган эстелик жерлер менен күмбөздөрдү ошон үчүн талкалап салууда. Бул жерлер адамдарды мушрик кылат деп эсептешет. Ыйык жерлерде Аллаху тааладан тилегин суроо ширк болсо, Аллаху таала ажылыкка барууну буйрук кылбайт эле. Расулуллах таваф кылган кезде ташты (хажар-и асвад) өппөйт эле. Арафатта, Муздалифада дуба окулбайт эле, Минада таш ыргытылбайт эле, Сафа менен Марванын арасында чуркалбайт эле. Бул ыйык жерлер ушундай улукталбай эле.

Ансарлар жыйналган жерге башчылары Саад бин Муаз «радыйаллаху анх» келгенде Расулуллах: "Башчыларың үчүн ордуңардан тургула”, - деп буюрду. Бул буйрук Саадды таазим (сый урмат көрсөтүү) үчүн берилген эле. "Саад ооруп турган эле. Аны минген атынан түшүрүү үчүн айтылган”, - деп айтуу жаңылыш. Себеби, бул иш алардын бардыгына айтылган. Аттан түшүрүү үчүн айтылса, бир-эки адамга айтылмак эле. Бир гана "Саад үчүн” деп айтылат эле. "Башчыларың үчүн” деп айтуунун кажети болмок эмес.

Абдуллах бин Омар «радыйаллаху анх» ажыга Мединадан Меккеге бара жатканда жолдогу ыйык жерлерге, Расулуллах отурган жерлерге токтоп, намаз окуп, дуба кылчу эле, ошол жерлер менен берекеттенчү эле. Расулуллахтын минбарына колун коюп, бетин сүртчү эле. Ханбали мазхабынын куруучусу Имам Ахмед бин Ханбал Мухаммед алейхиссаламдын күмбөзүн жана минбарын өөп, берекеттенчү эле. Ханбали мазхабынан экендиктерин айтып туруп, ошол мазхабдын имамынын жасагандарын ширк деп айтышат. Андан алардын "Ханбалибиз” деп жалган айтып жаткандыктарын түшүнүүүгө болот. Имам Ахмед бин Ханбал Шафии мазхабынын куруучусу Имам Шафиинин көйнөгүн суулап, ошол суудан ичкен. Ушундан берекет алган. Халид бин Зейд Абу Аййуб-ал-Ансари «радыйаллаху анх» Расулуллахтын кабырына бетин сүрдү. Бирөө келип, аны ордунан тургузмакчы болгондо: "Мени жөн кой. Ташка, топуракка келген жокпун. Расулуллахка келдим”, - деген.

Сахабалар (алейхимуррыдван) Расулуллахтын нерселери менен берекеттенишчү эле. Мисалы, даарат алган суусу, көйнөгү, аса таягы, кылычы, чынысы, шакеги сахабалар үчүн таберик (ыйык) эле. Момундардын энеси Умму Саламада «радыйаллаху анха» сакалынын бир талы бар эле. Ооруп калган адам келсе, аны сууга салып, ушул суудан ичирчү эле. Пайгамбарыбыз колдонгон чыныга суу куюп, даарылык максатында ичишчү эле. Хадис аалымы Хазрети Имам Бухаринин кабырынан өтө жагымдуу жыпар жыт келчү эле. Зыяратка келгендер топурагынан алып кетишчү эле. Эч бир аалым жана муфтий ага тоскоолдук кылган эмес жана каршы чыккан эмес. Хадис жана фыкх аалымдары буга уруксат беришкен”. "Усул-ул- арбаа” китебинен алынган үзүндү аяктады.

"Ал-усул-ул-арбаа фи тардид-ил ваххабия” китебинин экинчи бөлүмүнүн акырында фарси тилинде мындай деп жазылган: "Ваххабилер жана ушул сыяктуу мазхабсыздар межаз менен истиаранын эмне экендигин билишпейт. Бирөөнүн бир нерсе кылганын айтуу, бул сөз межаз болсо да (өтмө мааниде айтылган болсо да), куфур деп айтышат. Бирок, Аллаху таала Курани каримдин бир канча жеринде иштин чыныгы жаратуучусу, орундоочусу Өзү экендигин, межази орундоочусу кулдары экендигин айтат. "Ан’ам” сүрөсүнүн 57-аятында жана "Юсуф” сүрөсүндө: "Өкүм – Аллахка гана таандык”, б.а., "өкүм кылуучу жалгыз гана Аллах”, – деп айтылган. "Ниса” сүрөсүнүн 64-аятында: "Араңардагы келишпестиктерге Сени өкүм чыгаруучу кылмайынча ыйман келтирген болуп саналбайт”, - делинген. Биринчи аят акыйкат өкүм чыгаруучунун бир гана Аллаху таала экендигин, ал эми экинчи аят адамга да межаз (өтмө мааниде) катары "өкүм чыгаруучу” деп айтыла турганын көрсөтөт.

Ар бир мусулман тирилтүүчү да, өлтүрүүчү да бир гана Аллаху таала экенин билет. Анткени, "Юнус” сүрөсүнүн 56-аятында: "Тирилтүүчү да, өлтүрүүчү да бир гана Ал”, – делинет. "Зумар” сүрөсүнүн 42-аятында: "Өлүм убагында адамды Аллаху таала өлтүрөт”, - деп айтылган. "Сажда” сүрөсүнүн 11-аятында межаз катары: "Өлтүрүү үчүн өкүл кылынган периште силерди өлтүрөт”, – деп айтылган.

Ооруларга шифаа берүүчү да бир гана Аллаху таала. Себеби, "Шуара” сүрөсүнүн 80-аятында: "Мен ооруп калганда мага бир гана Ал шифаа берет”, - делген. "Имран” сүрөсүнүн 49-аятында Иса пайгамбардын: "Сокурдун көзүн ачамын жана ала-пес оорусун айыктырамын, Аллаху тааланын уруксаты менен өлгөндөрдү тирилтемин”, - дегендиги билдирилген.

Адамга перзент берүүчү чындыгында Аллаху таала. Жабраил алейхиссаламдын межаз катары: "Сага таза уул беремин”, - дегенин "Мариям” сүрөсүнүн 18-аяты көрсөтөт.

Адамдын чыныгы ээси - Аллаху таала. "Бакара” сүрөсүнүн 257-аятында: "Аллаху таала ыйман келтиргендердин ээси”, - деп, ушуну ачык түрдө билдирет. "Маида” сүрөсүнүн 56-аятында: "Силердин кожоюнуңар – Аллах жана анын Расулу” жана "Ахзаб” сүрөсүнүн 6-аятында: "Пайгамбар момундарга өздөрүнөн да көбүрөөк ээ!” - деп айтылып, кулдун да межаз катары ээ боло алышын көрсөтүүдө. Ошол сыяктуу, чыныгы жардамчы - Аллаху таала. Бирок, Аллаху таала межаз жолу менен кулдарын да "муин” (жардамчы) деп атаган. "Маида” сүрөсүнүн 3-аятында: "Жакшылык менен такыбаалыкта бири- бириңерге көмөктөшкүлө!” - деп айтылган. Ваххабилер Аллахтан башканын кулу деген маанини билдирген Абдуннаби, Абдуррасул деген мусулмандарды мушрик деп эсептешет. Бирок, "Нур” сүрөсүнүн 32-аятында: "Араңардагы бойдоктордон аял, кул, күңдөрдүн салих болгондорун үйлөндүргүлө!” - деп айтылган. Адамдын чыныгы Раббиси – Аллаху таала. Бирок, межаз катары башкага да "Раб” деп айтылат. "Юсуф” сүрөсүнүн 42-аятында: "Раббиңдин (кожоюнуңдун) жанында мени зикир кыл (эске ал)”, - деп айтылган.

Ваххабилердин эң көп тирелип кала турган маселеси – "истигаса” сөзү болуп эсептелет. Аллахтан башкадан көмөк суроону, ага сыйынууну алар ширк дешет. Ооба, истигаса чындыгында Аллаху таалага кылынат. Муну билбеген мусулмандын өзү да жок. Бирок, башкага да истигаса кылына тургандыгын межаз катары айтууга болот. Себеби, "Касас” сүрөсүнүн 15-аятында: "Өз коомунан чыккан душманына каршы андан истигаса (көмөк) сурады”, - делинген. Хадиси шарифте да: "Махшарда адамдар Адам пайгамбардан истигаса кылышат (көмөк сурашат)”, - деп айтылган. "Хиснул- хасин” деген китепте жазылган хадиси шарифте: "Жардам керек болгон адам: "Эй, Аллахтын кулдары, бизге жардам бергиле” десин!” - деп жазылган. Бул хадис жанында жок адамдан көмөк суроону буюрууда”. "Ал-Усул-ул-арбаа” китебинен кылынган котормо аяктады.

Хижрий 1150-жылы (м.1737) Мухаммед бин Абдулваххабдын Британ тыңчысы Хемфер менен бирге жайган ваххабилик ишеними кыска убакыттын ичинде саясий мүнөзгө ээ болгон. Британдыктардын саясий жана аскерий көмөгү менен Арабстанга тараган. Осмон падышасы халифа II Махмуд Хандын буйругу менен Мысыр акими Кавалалы Мухаммед Али Паша Арабстанды ваххаби каракчыларынан тазалаган. Биринчи Дүйнөлүк Согуштан кийин Халифат кулатылып, Арабстанга кайрадан Британдыктардын колдоосу менен ваххабилер жайгаштырылган. Анын натыйжасында 1932-жылы Сауд Аравия мамлекети курулган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш