Ислам дини » Кошумча темалар » Жалгыз Куран дегендер » Куранда бардык нерсе ачык эмес




Куранда бардык нерсе ачык эмес


Суроо: Хадистерсиз Куран менен гана амал кыла алабызбы?

ЖООП

Хадиси шарифтерсиз бир гана Курани карим менен амал кылуу мүмкүн болбогондой эле мазхабдарсыз дагы хадиси шарифтер менен амал кылуубуз мүмкүн болбойт. Имам Шарани хазреттери айткан:

Имам Байхаки Далаил деген китебинде мындайча риваят кылат:

Асхабы кирамдан Имран бин Хусайн "радыйаллаху анх” шапаат тууралуу кээ бир хадистерди накыл кылат. Ал жердегилердин бири айтат:

-Сиз хадистерди билдирип жатасыз, бирок, биз буга байланыштуу Куранда эч нерсе таба алган жокпуз.

Имран бин Хусайн хазреттери айтат:

-Сен Куранды окудуңбу?

-Ооба.

-Куранда багымдат намазынын фарзынын эки, шамдыкы үч, бешим, асыр жана куптандыкы төрт рекет экендигин кезиктирдиңби?

-Жок.

-Андай болсо буларды кимден үйрөндүңөр? Бизден [Асхабы кирамдан] үйрөнбөдүңөрбү? Биз болсо Расулаллахтан үйрөнбөдүкпү? Макул андай экен, Куранда кырк койго бир кой, баланча төөгө баланча, баланча акчага баланча дирхам зекет туура келе тургандыгын кезиктирдиңби?

-Жок.

-Андай болсо буларды кимден үйрөндүңөр? Бизден үйрөнбөдүңөрбү? Биз болсо Расулаллахтан үйрөнбөдүкпү? Хаж сүрөсүндө: "Эски үйдү [Каабаны] таваф кылышсын” деген аятты окубадыңарбы? Анда ал жерде Каабаны жети жолу таваф кылгыла деген нерсени кезиктире алдыңарбы?

-Жок.

-Аллаху таала Куранда мындайча буюргандыгын укпадыңарбы?

"Пайгамбар силерге эмнени берген болсо ошону алгыла, силерге эмнени тыюу салган болсо андан сактангыла.” [Хашр 7]

Хазрети Имран кийин дагы мындай дейт:

"Силердин билбеген биз Расулуллахтан үйрөнгөн дагы көп нерсе бар.” (Мизан-ул-кубра)

Куранга карата ибадат

Суроо: "Намаз, зекет жана орозо сыяктуу ибадаттарды "ойдон чыгарылган динге”, б.а., хадистерге же мазхабдарга карап эмес Куранга карап орундоо керек” деп айткандар болууда. Хадистер жана мазхабдар Куранга каршыбы?

ЖООП

Мазхабсыздар: "Исламга карап ибадат кылалы”, - дешкен эле. Булар дагы: "Куранга карап ибадат кылалы”, - дегендерине караганда мазхабсыздардын башка бир колу болууда. Бул атайылап реформалоо жана өтө жахил (сабатсыз) сунуш. "Өлкөнү мыйзамдарга, башкаруу системаларына карап эмес бир гана Конституцияга карап башкаруу керек” дегенден дагы жаңылыш. Конституцияда бардык нерсе боло бербейт, Конституция аларды мыйзамдарга калтырат. Ошол сыяктуу эле Курани каримде дагы намаздын фарздарын, намазды бузган нерселерди, намаздын рекеттерин дагы таба албайбыз. Зекеттин фарзын, канчада канча бериле тургандыгын, ушурдун кандай өлчөмдө бериле тургандыгын Курани каримде таба албайбыз. Намаздын, зекеттин, орозонун фарздарын, орозону бузган нерселерди Курани каримде таба албайбыз. Буларды Пайгамбарыбыз "алейхиссалам” билдирген. Ал эми Пайгамбарыбыз билдирген нерселерди болсо мазхаб имамдарыбыз ачыктап түшүндүрүшкөн. Ошондуктан, намаз, орозо жана зекет сыяктуу ибадаттар бир гана мазхабдарга карап орундалат. Курани каримге карап, жада калса, хадиси шарифтерден дагы өз түшүнүгүбүзгө карап орундай албайбыз.

Расулуллах билдирген нерселерди жана хак мазхабдарды ойдон чыгарылган нерселер деп атоо өтө жаман жалаа болуп саналат. Курани каримде: "Расулума уйгула”, - деп буюрулууда. Расулуллахка моюн сунбоо Курани каримге, б.а., Аллаху таалага моюн сунбагандык болот. Хадиси шарифтерде айтылган:

"Кээ бир текебер адамдар чыгат: "Аллах Куранда билдирилгенден башка бир нерсени харам кылбады”, - дешет. Ант ичемин, мен буйрук кылган, тыюу салган, орноткон өкүмдөр дагы бар. Булардын саны Курандагы өкүмдөрдөн дагы көп. ” [Абу Давуд]

"Курандан башка далил кабыл кылбайм дегендер чыгат.” [Абу Давуд]

"Хадисти ташта, Куранды кара деп мага ишенбегендер чыгат.” [Абу Йала]

"Бир гана Курандагы халал жана харамды кабыл кыламын дегендер чыгат. Жакшылап билип алгыла, Пайгамбардын харам кылуусу Аллахтын харам кылуусу сыяктуу.” [Тирмизи, Дарими]

"Жабраил алейхиссалам Куран сыяктуу түшүндүрмөсү болгон сүннөттү дагы алып келди.” [Дарими]

"Мага Курандын өлчөмүнчөлүк дагы да өкүм берилди.” [И. Ахмед]

Имам Шарани хазреттери айткан:

"Бизге бир гана Курандан айт” деген бирине Имран бир Хусайн хазреттери: "Эй, акмак! Мисалы Куранда намаздардын канча рекет экендигин таба аласыңбы?” – деди. Хазрети Омар дагы "Фарздардын сапарда канча рекет окула тургандыгын Куранда таба албадык” деген адамга: "Аллаху таала бизге Расулуллахты жиберди. Куранда таба албагандарыбызды Андан кандай көрсөк ошондой орундайбыз. Ал сапарда 4 рекет фарздарды 2 рекет окучу”, - деп айтты. (Мизан-ул-кубра)

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш