Суроо: Сүннөттүн далил экендиги тууралуу Имам Шафиинин
бир жазуусу бар экен. Ал жазуу кандай?
Жооп
Бир топ жазуусу бар. Биринин кыскача мааниси
төмөндөгүдөй:
Расулуллах алейхиссаламдын Курани каримди
түшүндүргөн сүннөтүнө маани бербеген бир киши Имам Шафии хазреттерине мындай
дейт:
- Курандын бир сөзүн четке каккан адам ыймансыз
болот. Андай болсо эмнеге таянып, кандайдыр бир буйрук тууралуу; аят жок болсо
да "Бул фарз” деп кантип айтууга болот? Ушундай болгондон кийин биз кээ
бир хадистерди кабыл кылбасак эмне болмок эле?
Имам Шафии Куранда өткөн Хикматтын сүннөт дегенди
билдире турганын далилдеп бергенден кийин мындай дейт:
- Аллаху таала айтат:
"Ким Расулума моюн сунса, демек,
Аллахка моюн сунуптур.” [Ниса сүрөсү 80]
"Жок, Раббиңе ант, алар качан өз ара
жаңжалдарын жөнгө салуу үчүн сени аким кылмайынча, кийин ошол сен чыгарган
өкүмгө жүрөктөрүндө нааразычылык калбай, толук моюн сунмайынча ыймандуу боло
алышпайт!” [Ниса
сүрөсү 65]
Демек, Аллахтын өкүмүн билдирген Китептен башка
Расулуллахтын өкүмү да бар. Аллаху таала дагы айтат:
"Пайгамбар силерге эмнени буюрса,
дароо кабыл алгыла, эмнеден кайтарса, ошол замат кайткыла!” [Хашр сүрөсү 7]
Ушул аят дагы Расулуллахтын буйрук жана тыюусуна
моюн сунуунун фарз экенин билдирүүдө.
Имам Шафии хазреттери Куранда бар болгон айрым
жалпы өкүмдөрдөн сүннөт менен өзгөчө өкүмдөрдүн чыгарылганын билдирет:
- Хайз болгон аялдарды намаз окуунун жалпы
өкүмүнүн сыртында тутулуусу, зекет айрым мал-мүлктөн гана берилүүсү, васияттын
фараиз аяттары аркылуу жоюлуусу, мурас аяттарынын бардык эне-ата жана балдарга
тийиштүү болушуна карабастан ыймансыз болгондорго мурас берилбей турганы
сыяктуу өзгөчөлүктөр сүннөт аркылуу тушүндүрүлгөн.
Бул түшүндүрмөлөрдөн кийин ынсаптуу болгон зат
сүннөттүн далил экенин кабыл кылат. Бирок, дагы кээ бир суроолорду сурайт.
Мындай дейт:
- Макул, сүннөт менен анык бир харам кантип мубах
кылынсын?
- Кара, ушул жанында турган адамдын канына жана
мал-мүлкүнө эч ким тийе албайт. Эки салих күбө: "Бул киши баланчаны
өлтүрдү жана мал-мүлкүн тартып алды жана мына жанындагы мал-мүлк да тартып
алган мал-мүлктөн”, - дешсе, ал жагдайда эмне кылынат?
- Жаза катары өлтүрүлөт, тартып алган мал-мүлк
дагы ээсинин мурасчыларына бөлүп берилет.
Макул, бул күбөлөрдүн жалган сүйлөө жана жаңылуу
ыктымалы барбы?
- Албетте, бар.
- Макул, Куранда адам өлтүргөндө күбөлүктүн
кабылын көрсөткөн бир аят барбы?
- Жок, Аллахтын башка буйруктарынан кыяс кылып
муну чыгаруудамын.
- Күбөлөрдүн чыныгы абалдарынан жалгыз Аллаху
таала гана кабардар экенине карабастан, сырттан карап эле аларды кабыл
кылуудасың. Биз дагы мухаддистен запт, хыфз, адалет, жалгыз
калбоо сыяктуу шарттарды издейбиз. Б.а., эки күбөлөрдөн күтүлгөндөн
көбүрөөгүн хадис аалымдарынан издейбиз. Жалгыз ушул шарттарга ээ болгон
хадистер гана далил болууда. (Ал Умм)
Сен эки күбө менен бул күбөлөрдүн жаңылуу жана
жалган сүйлөө ыктымалы болушу мүмкүн экенине карабастан күбөлөргө ишенип, өкүм
чыгардың, бир жандын өлүүсүнө себеп болдуң. Аллаху таала Курани каримде
кайра-кайра: "Расулума моюн сунгула, алып келгендерин алгыла,
эмнеден кайтарса, ошол замат кайткыла, Ал өз оюнан сүйлөбөйт, сөздөрү вахийге
таянат, Ага моюн сунуу мага моюн сунуу болот, силерди сүйүшүмдү кааласаңар Ага
моюн сунгула, Анын жолу менен менин жолумду бөлгөндөр ыймансыз болот”, - деп
айтууда. Сүннөттү далил алуу үчүн Аллаху тааланын буйругу жана күбөлүгү
жетиштүү эмеспи?