Суроо: Мазхабдарды жана хадиси шарифтерди кабыл
албастан, "Бир гана Куран” деген бирөө: "Сапарда
намазды кыскартуу деген нерсе Куранда жок”, - деп айтууда. Бардык
нерсени Курандан издөө жаңылыш эмеспи? Мисалы, Куран боюнча намаз кантип
окулат? Расулуллах кантип окула турганын практикада көрсөтүп берген
эмеспи? "Аллах: "Эмне үчүн намазды аз окудуң?” – дебесин,"Эмне үчүн көп
окудуң”, - десе десин, сапарда намазды толук окуунун зыяны жок”, - деп
жатат. Бул маселеде динибиздин өкүмү кандай?
ЖООП: "Бир гана Куран” дегендер - динибизди ичинен
жыгууга аракет кылган мазхабсыздар. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи
васаллам) сафарилик маселесиндеги өкүмдөрдү да билдирген, мазхабыбыз болсо
түшүндүрүп берген. Эгер хадиси шарифтер болбогондо, намаздардын канча рекет
экени, кантип окула турганы, руку жана саждада окулчу тасбихтер, жаназа, айт
намаздарынын кантип окула турганы, зекеттин өлчөмү, орозонун, ажылыктын
парздары, укук маалыматтары билинмек эмес. Башкача айтканда, эч бир аалым
буларды Курани каримден таап, чыгара алмак эмес. Буларды Пайгамбарыбыз
түшүндүрүп берген. Эгер мазхаб имамдары хадиси шарифтерди түшүндүрүп
бербегенде, сүннөт жабык бойдон калмак. Сүннөттү мужтахид аалымдар түшүндүрүп
беришкен. Ошентип, мазхабдар пайда болгон.
Пайгамбарыбыз
алейхиссалам Ниса сүрөсүнүн "Жер жүзүндө сапарга чыкканда намазды
кыскарта аласыңар!” деген маанидеги жүз биринчи аятын түшүндүрүп
берген, сапарда намаздарын кыскарткан жана кыскартууну буюрган. Бул маселеге
байланыштуу бир канча хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүчө:
"Сапарда намазды толук окуган адам муким кезде кыскартып окуган
сыяктуу.” [Даре Кутни, Ибни Нажжар]
"Аллаху таала сапарда төрт рекеттик намаздарды эки рекетке кыскартууну
буюрган.” [Тирмизи, Насаи, Абу Давуд]
Ибни Аббас
хазреттери айтат: "Аллаху таала Расулуллахтын тили аркылуу төрт рекеттик
парздарды сапарда эки рекет кылып окууну буйрук кылган.” (Муслим, Абу
Давуд, Насаи)
Ибни Масуд
хазреттери дагы Расулуллахтын сапарда куптан намазынын төрт рекет парзын эки
рекет кылып окуганын билдирген. (Бухари)
Орозо кармап,
эсинен танган бир адамды көргөн Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам): "Сапарда
орозо кармоо таат жана ибадат эмес”, - деп айтты. (Бухари, Муслим, Абу
Давуд, Насаи)
Кутман
сахабалардын улууларынан Абдуллах бин Омар хазреттеринен: "Ниса сүрөсүндө
жалгыз коркунуч пайда болгондо жана сапарда гана кыскартууга уруксат
берилгенине карабастан, эмне үчүн намаздарды кыскартып жатабыз?” – деп
суралганда: "Расулуллах бизге динибизди түшүндүрүп жатканда сапарда
намазды эки рекет кылууну үйрөттү”, - деп айтты. (Насаи)
Ханафи аалымдары
ушул хадиси шарифтерди жана окшошторун далил катары алып, сапарда төрт рекеттик
парз намаздарды эки рекет кылып окуунун важиб, төрт рекет кылып
окуунун болсо күнөө экенин билдиришкен. (Тахтави)
(Аллах: "Эмне үчүн намазды аз окудуң?” – дебесин,"Эмне үчүн көп
окудуң”, - десе десин, сапарда намазды толук окуунун зыяны жок”) деген сөзү да абдан жаңылыш, илимий эмес, мугалата, жаңылтуучу бир сөз.
Динде негизги нерсе – бул буйрукка моюн сунуу. Буйрукка моюн сунбоо күнөө.
Мисалы, багымдат намазын эки рекеттин ордуна үч, шам намазын үч рекеттин ордуна
төрт рекет окусак, бул намаздар такыр сахих болбойт (өтпөйт). Ал тургай
буйрукка моюн сунбоо болуп гана калбастан, Аллаху тааланын буйругун өзгөрткөн
болобуз.