Суроо: (Куран жана
сүннөт турганда мазхабдарга уюлбайт. Мен өзүм Аллахтын сөзүн эч бир мазхаб
аалымынын сөзүнө алмаштырбайм. Ошондуктан, өзүм бышырып, өзүм жеймин. Куран
турганда башка нерсенин эмне кереги бар? Хадистер дагы ушундай. Аллахтын сөзү
турганда эмне үчүн хадистерге караш керек?) деп айтылууда.
Пайгамбарыбыз жана аалымдар Куранга кайчы сөз сүйлөшкөн беле?
ЖООП:
Бул
сандырактык мугалата деп аталат. Азыр болсо демагогия деп
айтылат. Жанындагыны жаңылтуу үчүн туурага окшош жаңылыш сөз дегенди
билдирет. (Аллахтын сөзүн эч бир мазхаб аалымынын сөзүнө
алмаштырбаймын) деп айтууда, анын тескерисин ким айта алат?
Пайгамбарыбыз алейхиссалам жана мазхаб имамдарыбыздын билдиргендерине уюу
башкалардын сөзүн Аллахтын сөзү менен алмаштырган болуп эсептелбейт. Бул
мазхабсыздар тарабынан колдонулган адамкерчиликке туура келбеген пас демагогикалык тактика.
Өзү Курандын меал китептеринен, (же Курандын котормосу деген китептерден) бир
нерсени окуп, өз акылынча бир нерсени түшүнүп, мунун атын Куран деп ойлойт. Ал
эми ошол эле учурда Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) жана мазхаб имамдарыбыздын
Курани каримден түшүнгөндөрү, Аллах сактасын, Курандан өзгөчө болууда экен. Бул
эмне деген жолдон тайгандык? Акылга сыйбай турган нерсе!
(Эмнеге
Аллахтын сөзүнө эмес дагы башка булактарга кайрыласыңар?) деп
айтышууда. Бул диндин ээси, пайгамбары, Аллаху тааланын сүйүктүүсү Расулуллах
алейхиссаламдын жана анын мурасчылары болгон мазхаб имамдарыбыздын түшүнгөндөрү
Курандан өзгөчө болуп жаткан имиш да, биздин Курандан түшүнө тургандарыбыз
кандайча дин болууда? Эгер биздин түшүнгөндөрүбүз далил боло ала турган болсо,
анда Расулуллахтын жана анын мурасчылары болгон аалымдардын түшүнгөндөрү кантип
адашкандык болсун?
Дин накылга
таянат, өзүбүздүн жекече түшүнгөндөрүбүз динде далил боло албайт. Өзүбүздүн
жекече түшүнгөндөрүбүзгө (Куранда ушундай) деп айтылбайт. Айтылса анда бардык
адамдардын санына барабар ар түрдүү көз караштар пайда болот. Ортодо дин деген
бир нерсе калмак эмес.
Хакты
таануу
Суроо: Мазхабга
байланууну жаңылыш деп билген бир киши мындай деп айтууда: "Хак
деген адамдар менен билинбейт, тескерисинче, адамдар хак менен таанылат. Сен
алгач хакты тааны, хактын элин дагы билип аласың. Хак болгон Куран менен
Сүннөт. Бир сөздү айткан адамдын сөзү Куран менен сүннөткө ылайык болсо ал адам
хактын элинен, ылайык болбосо хак элинен эмес. Имам Азамдын жана башка
имамдардын сөздөрү менен хак аныкталбайт.) Бул сөз туурабы?
ЖООП:
"Куран
жана сүннөт" дегенге жамынып, кара ниетини бул сөздөрдүн аркасына
жашырууда. Куран жана Сүннөт бул хактын өзү. Бирок, Куран менен Сүннөттөн
кимдин түшүнгөнү далил, өлчөм болот? Бир мазхабсыз Куран жана Сүннөттү
карап: "Имам Азам жаңылыш айткан, ал хак элинен эмес) деп
айта албайт. Куран менен Сүннөттү эң жакшы түшүнгөндөр мужтахид аалымдар болуп
саналат. Мисалы, алардын эң улуусу болгон Имам Азам хазреттери. Ал: "Хак
мына ушул" деп айтып жаткан болсо, ага уюлат. Мазхабсыздын айткандарына
уюлбайт. Бир мисал келтирели:
Мазхабсыз: "Куранда
Кавсар сүрөсүндө: "Аллах үчүн курмандык чал!" буйругу боюнча
курмандык чалуу ар бир адамга фарз) деп айтса да, анын Курандан
түшүнгөнү хак эмес. Эч бир мазхаб имамы: "Курмандык чалуу фарз", -
деп айткан эмес. Демек, биз сыяктуулардын Куран менен, Сүннөт менен хакты
аныктообуз мүмкүн эмес деген даражада кыйын нерсе. Бир дүкөнчүнүн мыйзамды,
конституцияны түшүнүүсү менен бир юристтин түшүнүүсү бирдей боло албайт. Курани
каримди түшүнүү конституцияны түшүнүү сыяктуу оңой эмес. Мазхабсыздардын чыныгы
мазхабдарга туура келбеген, Курани карим менен Сүннөттөн чыгарган өкүмү эч
качан хак боло албайт. Бүгүн үчүн хакты аныктоо бир гана карманган мазхабынын
өкүмүнө уюу менен болот.
Пайгамбарыбыз
алейхиссалам Курани каримди түшүнүп өзүнүн эң жакын досторуна (Сахабаларга)
түшүндүрүп берген. Курани каримди анын түшүнгөндөрүнөн башкача айткандын
билдирген өкүмү өтпөйт. Хак бир гана Расулуллах, сахабалар жана мазхаб имамдары
менен гана билинет. Мазхабсыздардын Курани карим жана Сүннөттөн түшүнгөндөрү
аркылуу хак билинбейт. Алар: "Хак кишилер аркылуу
билинбейт" деген сөзү менен мазхаб имамдарына ишарат кылууда.
Өзүнүн жекече түшүнгөндөрүн да хак деп табууда. Ошондуктан меал, (Курани
каримдин котормосун) окушууда, Тесеттурга (аялдардын жоолук салынууларына)
байланыштуу аяттарды түшүнбөгөндүктөрүнөн улам Пайгамбарыбыздын (алейхиссалам)
түшүндүрмөсүнө да маани бербей: "Куранда жоолук салынуу жок
нерсе" деп айтышууда. Ичкиликтин харам кылынуусун билдирген
аяттарды да түшүнө албагандыктан жана Пайгамбарыбыздын (алейхиссалам)
түшүндүрмөлөрүнө да маани бербегендиктен: "Мас кылбай тургандай
өлчөмдө, сыпайылык менен ичкиликти ичүүнүн эч кандай жаман жери жок) деп
айтышууда. Андан башка: "Мен Курандан айтып жатам", -деп,
өзүнүн жекече түшүнгөндөрүн Куран, дин эсептөөдө. Жоолук салынуу жана ичкилик
жөнүндөгү Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын билдиргендерине, ахли сүннөт
аалымдарынын ошол аяттарды түшүндүрүүлөрүнө маани беришпейт. "Алар дагы
адам, адамга карап дин болбойт) деп айтышууда. Анда, Курани каримден өздөрүнүн
өз акылдары менен жекече түшүнүктөрү дин боло турган болсо, Имам Азамдын жана
башка мазхаб имамдарынын түшүнгөндөрү кишилердин жеке сөз караштары болуп, хак
болбой, хак дин болбой жаткан экен да. Мазхабсыздардын төрт чыныгы мазхабга
терс болгон сөздөрүнүн куну жок жана аларга маани бербеш керек.