Ислам дини » Курани карим » Куран - момундар үчүн шифаа




Куран - момундар үчүн шифаа


Дарылардын эң жакшысы

Суроо: Кайтыш болгондорго жана оорулууларга Ясин жана Фатиха окулууда. Бул сүрөлөрдүн котормолорунда шифаасы тууралу айтылган эмес. Фатиха сүрөсүн окуганда өзүбүзгө дуба кылуудабыз. Булардын шифаа менен эмне байланышы бар?

Жооп

Эмне тууралуу айтылса айтылсын, Курани каримдин ар бир аяты, ар бир тамгасы шифаа болот. Хадиси шарифте: "Дарылардын эң жакшысы - Курани карим”, - деп билдирилди. [Ибни Мажа]

Пайгамбарыбыз алейхиссалам үч түрдүү дары колдончу. Курани карим жана дуба окучу. Табигый илимдер менен табылган дарыларды колдончу. Экөөсүн тең аралаш да колдончу. Бир хадиси шарифте мындай деп айтылды:

"Курани каримден шифаа күтпөгөн адам шифаага жете албайт” [Дайлами]

Курани карим жана дуба шарттарына ылайык окулса гана албетте шифаа берет. Окугандын жана оорулуунун буга ишенүүсү зарыл. Харам иш кылгандын жана ишеними туура болбогондун окуганы пайда бербейт. Курани каримди акчага окуу – харам. (Тафсир-и Мазхари)

Хадиси шарифте айтылды:

"Фатиха ар дартка даба.” [Байхаки]

"Фатиха сүрөсү Аллаху тааланын ачуусун кайтарат.” [Шира]

"Өлгөндөрүңөргө Ясин окугула!” [И. Ахмет]

"Көрүстөнгө кирген адам Ясин сүрөсүн окуса ал күнү өлгөндөрдүн азаптары жеңилдейт. Өлгөндөрдүн эсебинче ал адамга сооп берилет.” [Атфал-ул муслимин]

"Ясин окугандын кайгылары кетет.” [Дайлами]

"Жума түнү Ясин сүрөсүн окугандын күнөөлөрү кечирилет.” [Исфахани]

"Түнү Ясин окуган киши кечирилген бойдон таңга чыгат.” [Бухари]

"Аллах ыраазычылыгы үчүн Ясин окугандын күнөөлөрү кечирилет.” [Ибни Сүнни]

"Ар кечеде Ясинди окууну уланткан адам шейит болуп кайтыш болот.” [Табарани]

"Ар бир нерсенин бир жүрөгү бар. Курандын жүрөгү - Ясин.” [Тирмизи]

"Бир жолу Ясин окуган адам он жолу Курани каримди окуп чыккандай сооп алат.” [Тирмизи]

Ясин сүрөсү кыяматта боло турган нерселер, дүнүйөнүн убактылуу экенин, Бейиш ниматтары жана Тозок азаптары тууралуу билдирүүдө. Оорулуунун жанында окулганда түшүнсө ыйман менен кетүүгө себеп болчу нерселерди уккан болот. Имам Газали хазреттери мындай дейт: "Имам Ахмет бин Ханбал хазреттери Аллаху тааланын: "Түшүнсө да, түшүнбөсө да Курани каримди окуган адам менин ыраазычылыгыма жетет”, - дегенин билдирүүдө.” (Ихйа)

Өлүүлөр үчүн дагы Ясини шариф окулуусу буюрулган. Хадиси шарифте айтылды:

"Жанында Ясини шариф окулган оорулуу киши сууга тойгон бойдон кайтыш болот, тойгон бойдон кабырга кирет”. "Мусулман бир оорулуунун жанында Ясин окулса Рыдван деген периште Бейиш шербетин алып келет. Ал киши сууга тойгон бойдон рухун тапшырат. Тойгон бойдон кабырга кирет, сууга муктажтыгы болбойт.” (С. Абадиййа)

 

Оорунун түрүнө карап дарылоо, дары менен, садага берүү менен жана дуба менен жүзөгө ашырылат. Шифааны берген бир гана Аллаху таала. Курани каримде мындай деген мааниде билдирилди:

"Ибрахим, "оорума тек гана Ал шифаа берет” деди.” [Шуара 80]

"Курани карим момундар үчүн шифаа жана ырайым.” [Исра 82]

Хадиси шарифтерде да:

"Асыл даба – Куран.” [Ибни Наср]

"Фатиха менен Аят-ал курсини окуган адамга ал күнү назар (көз) тийбейт.” [Дайлами]

"Ла илаха илла анта субханака, инни күнтү миназ-залиминди окуган адам дарт жана белээден кутулат.” [Хаким] (40 жолу окуган жакшы болот)

1 –Жети жолу Фатиха окуп, ооруп жаткан жерге үйлөнсө, шифаа болот. (Т. Азизи)

2 –Күн сайын эртең менен жана кечинде 24 жолу Астагфируллах, анан "Астагфируллахалазим аллази ла илаха илла хувал каййума ва атубу илайх” окулат, анан 11 ихлас, 7 Фатиха жана 33 жолу Аллахумма салли ва саллим ала саййидина Мухаммадин ва ала али саййидина Мухаммад окулат, сообу Пайгамбарыбызга, сахабалар жана олуялардын рухтарына жана Силсила-и алиййа деп аталган улуу аалымдардын аттарын айтып, рухтарына багышталат. Бул улуулардын урматына шифаа берүүсү үчүн Аллаху таалага дуба кылынат. Бир тилегине жетүү үчүн эки рекет намаз окулат, сообу силсила-и алиййага багышталып дуба кылынат!

3 –Ушул дуба [Ислам тамгалары менен жазып] жиндиге окулса, акылы ордуна кайтат, оорулууга окулса айыгат:

 "Рава Алиййул-Рыда, фа-кала, Хааддасани аби Мусал-Казым ан абихи Жафарис-Садык ан абихи Мухаммаданил-Бакыр ан абихи Зайналабидин Али ан абихил-Хусайн ан абихи Али бин Аби Талиб радыяллаху анхум, кала хаддасани хабиби ва куррату айни Расулуллахи саллаллаху алейхи ва саллам, кала хаддасани Жибрилу, кала самиту Раббулиззати якулу, Ла илаха иллаллаху хысни, ман кала-ха дахала хысни, ва ман дахала хысни амина мин азаби”

4 –Ооруган жерди оң кол менен 7 жолу масх кылып, ар биринде Аузу биззатиллахи ва кудратихи мин шарри ма-ажиду ва ухазиру окугандын оору жана сыркоосу калбайт. (Б. Арифин)

5 –Эртең менен жана кечинде, Бакаранын башынан 4 аят жана Аят-ал курси менен кийинки 2 аят жана бул сүрөнүн аягындагы 3 аят жиндиге окулса жакшы болот.

6 –Жамгыр суусуна Фатиха, Аят-ал курси, Ихлас жана Муаввизатайн (Фалак жана Насс аяттары) 70 жолу окулат. Бул суудан калтырбай жети таңда ичкен адамдын оорусу кетет. [Муну 5-10 салих мусулман окуса, андан да жакшы болот]

7 –Шифаа аяттары сууга коюлуп ичилсе ооруларга шифаа болот. Шифаа аяттары: Тавба 14, Юнус 57, Нахл 69, Исра 82, Шуара 80, Фуссилат 44.

Дарт жана балээ келгенде

Суроо: Бир нерв оорулуу кишибиз бар. Дайым кыйналып, тынчы кетет. Невролог доктурга кайрылып көрдүк. "Ачык жерлерде кыдырып жүрсүн, тынчтанткан адамдар менен сүйлөшсүн, рухий дарылоо үчүн насаат абдан пайдалуу. Медицинада талкин (гипноз, сөз менен таасир кылуу) дарылоо методу бар. Ушинтип, психологиялык оорулар үчүн дарылар менен бирге дуба окуу пайдалуу”, - деди. Эмне кылуубузду сунуштайсыз?

Жооп

Ооба, адис доктурлардын сунуштарын орундоо керек. Психологиялык оорулар үчүн талкин абдан жакшы. Талкин менен соо адамды ооруткан сыяктуу, оорулуу адамды да айыктыруу мүмкүн. Психологиялык оорулууларга бир нерселерди айтып "Мына эми ооруң калбады, бираз кыдырып кел” делгенде оорулуунун жакшы болуп кеткени көрүлгөн.

Денебиз бизге аманат. Динибиз аны мыкты коргообузду буйрук кылууда. Оорулууну дарылатуу зарыл. Дарылоонун, оорунун түрүнө карап, дары менен, садага берүү менен жана дуба менен жүзөгө ашырыла тургандыгы билдирилген. Тажрыйба аркылуу таасири анык болгон эмдөө, сыворотка, жана микроб өлтүргөн дарыларды колдонуу фарз. Б.а, Аллаху тааланын буйругу. Таасири анык болгон дарылар тамак сыяктуу. Дары колдонбой өлүү күнөө болуп саналат. Пайгамбарыбыз алейхиссалам үч түрдүү дары колдонгон. Курани карим же дуба окучу. Табигый илимдер аркылуу табылган дарыларды колдончу. Ар экөөнү тең аралаш колдончу.

Курани карим жана дубанын таасир кылуусу үчүн айрым шарттарга көңүл бурулушу керек. Окуган жана жазган адамдын жана оорулуунун буга ишенүүсү, оорулуунун зыяндуу тамак-аштардан, күмөндүү дарылардан диета кылуусу, ысыктан жана сууктан коргонуусу зарыл. Окуган адамдын ишеними бузук болбошу, харам иш кылуудан жана кул акысынан сактануусу, харам жана таза эмес нерселерди жеп-ичпөөсү жана окуганы үчүн акча талап кылбашы шарт. Хадиси шарифте: "Дары колдонуу да тагдырдан, Аллахтын уруксаты менен пайда берет” деп айтылды. Дуба да дары сыяктуу. Аллаху таала тилесе гана таасири болот.

Хадиси шарифте айтылды:

"Дуба момундун куралы, диндин тиреги.” [Ибни Абиддунйа]

"Дарт жана балээ келгенде, Юнус пайгамбардын дубасын окугула! Аллах ал балээден куткарат. Дуба ушул: "Ла илаха илла анта субханака, инни күнтү миназ-залимин.” [Хаким]

"Ла хавла ва ла куввата илла биллахи" окуу 99 дартка даба. Булардын эң жеңили башка келген кыйынчылыктар. [Хаким]

"Аллаху таала истигфарды уланткан адамды ар кыйынчылыктан, ар дарттан куткарат, күтпөгөн жерден ырыскы берет.” [Тирмизи]

"Эрте менен жана кечинде Ихлас менен Муаввизатайнды (Фалак жана Насс аяттары) үч жолудан оку! Булар бардык балээ, кырсык, кыйынчылыктарды жана кааланбаган нерселерди кетирет.” [Тирмизи]

"Үйүндө Фатиха, Аята-ал курси окуган адамга ал күнү жин жана шайтан зыян бере албайт.” [Дайлами]

"Эртең менен жана кечинде үч жолу "Бисмиллахиллази ла ядурру маасмихи шайун фил арды вала фиссамаи ва хувассамиулалим” деген адамга эч нерсе зыян бере албайт.” [Ибни Мажа]

"Аллаху таала ар күнү эртең менен жана кечинде үч жолу "Хасбияллаху ла илаха иллаху, алейхи таваккалту ва хува Раббул-аршил-азим” деген адамдын дүнүйө жана акырет иштерине жетиштүү болот.” [Байхаки]

Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам капаланганда: "Йа хаййу йа каййум би-рахматика астагису”, - дечү.

Умму сыбйан оорусу

Суроо: Бөбөктөрдө кездешип турчу умму сыбйан оорусуна каршы кайсы дубаны окуу керек?

Жооп

Бул оорудан кутулуу үчүн 22 Бисмиллах, бир Фатиха, бир Аят-ал-курси, бир Ихлас, бир Фалак, бир Насс сүрөлөрү менен Калам сүрөсүнүн 51 жана 52-аяттарын бир кагазга Ислам тамгалары менен жазып, тумар жасап, бөбөктүн моюнуна асып коюш керек. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:

"Жаңы туулган баланын оң кулагына азан, сол кулагына коомат окулса "умму сыбйан” оорусунан коргонгон болот.” [Байхаки]

Паралич (шал оорусу) болуп калган балага дуба

Суроо: Паралич болуп калган балабызды доктурга алып бардык, эч кандай натыйжа алалган жокпуз. Эмне кылуу керек?

Жооп

Башка доктурларга да алып баруу керек. Бардык нерсе Аллаху тааладан. Андан келгендерге сабыр кылуудан башка чарабыз жок. Аллаху таала сабыр кылгандар менен бирге. Сабыр кылгандардын бара турган жери - Бейиш. Шифаа аяттарын дагы колдонуу жакшы болот. Бир канча ооруларга шифаа болгондугу тажрыйбалар менен такталган. Аят-ы хырзы дагы окуу пайдалуу.

Курани карим шифаа

Суроо: "Куран жаттоо же оорулууга үйлөп окуу үчүн түшүрүлгөн эмес”, - деп айтуу жаңылыш эмеспи?

Жооп

Эгер сүйлөм "бир гана” сөзү кошумча кылынбай турган болсо, б.а, "Куран бир гана жаттоо же бир гана окуп шифаа максатында үйлөө үчүн түшүрүлгөн эмес” деп айтылбаса абдан жаңылыш болот. Аллаху таалага жалаа жабылган болот. Курани карим ушул максаттар үчүн дагы түшүрүлгөн. Окууга, жаттоого, окуп оорулууларга үйлөөгө Пайгамбарыбыздын өзү дем берип турганда, булар үчүн жиберилген эмес деп айтуу же атайын кандайдыр бир кара ниетте же болбосо жахилдик менен айтылган сөз. Ушул көз караштагы мазхабсыздар: "Ар ким Курандын котормосун окусун, түшүнсүн жана өзү түшүнгөнү боюнча амал кылсын!” - деп айтышат. Ал эми, базарларда сатылып жаткан бири-бирине кайчылаш котормолорду окуу менен Курани каримдин чыныгы маанисин түшүнүү мүмкүн эмес. Буларды окуган адам бир гана котормочунун илимий деңгээли боюнча түшүнгөндөрүн гана окуган болуп саналат. Ал адамдын пикирлерине байланып калат. Курани каримди оригиналынан окуу, жаттоо абдан чоң нимат жана ар бир тамгасы шифаа. Бир аяттын мааниси:

"Курани карим момундар үчүн шифаа жана ырайым.” [Исра 82]

Бул темага байланыштуу бир канча хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:

"Дарылардын эң жакшысы бул – Курани карим.” [Ибни Мажа]

"Курани каримден шифаа күтбөгөн адам шифаага жете албайт.” [Дайлами]

"Фатиха менен Аят-ал курсини окуган адамга ал күнү назар (көз) тийбейт.” [Дайлами]

"Эртең менен жана кечинде Ихлас менен Муаввизатайнды (Фалак жана Насс аяттары) үч жолудан оку! Булар бардык балээ, кырсык, кыйынчылыктарды жана кааланбаган нерселерди кетирет.” [Тирмизи]

"Курани каримди окуп жаттагыла! Аллаху таала ичинде Курани карим болгон жүрөккө азап кылбайт.” [Ширанын түшүндүрмөсү]

"Акылында Курани каримден бир нерсе болбогон адам эскирген үйгө окшойт.” [Тирмизи]

Ооруга дуба

Суроо: Уктай албаган, чыйкан чыккан, кан басымы көтөрүлгөн, буту кокустап калган адам үчүн кайсыл дубаларды окуу керек?

Жооп

Ар оору үчүн: "Кайсыл дубаны окуйлу?” - деп сурагандар көп болууда. Медицинада дабасы болгон оорулар үчүн доктурга кайрылуу керек. Динибиз медициналык дарыларды да колдонууну буйрук кылууда. Буларды колдонбоо диндин буйругун аткарбагандык болуп саналат. "Медицинада чарасы табылбаган психологиялык ооруларга кайсыл дубаны окуйлу?” - деп сураса болот. Пайгамбарыбыз алейхиссалам оорулар үчүн үч түрдүү дары колдончу: Курани карим жана дуба окучу, табигый илимдер менен табылган даарыларды жана экөөнү тең аралаш колдончу. (Мавахиб-и Ладунниййа)

Үч хадиси шарифтин мааниси:

"Дарылардын эң жакшысы бул – Курани карим.” [Ибни Мажа]

"Курани каримден шифаа күтбөгөн адам шифаага жете албайт.” [Дайлами]

"Фатиха ар дартка даба.” [Байхаки]

Курани карим менен дуба шарттарына ылайык окулса гана албетте шифаа болот. Окуган адамдын жана оорулуунун буга ишенүүсү зарыл. Харам иш кылгандын жана ишеними туура болбогон адамдын окуусу пайда бербейт. Курани каримди акчага окуу дагы харам. (Тафсир-и Мазхари)

Оорулууга дуба

Суроо: "Ооруп жатам" деп айткан адамга кандай дуба окуу керек?

Жооп

Түрдүү дубалар бар. Бири төмөндөгүдөй:

Оорулууга шифаа үчүн 70 жолу истигфар окуп, башына үйлөө керек жана сакайып кетүүсү үчүн кыска бир дуба кылуу керек. (С. Абадиййа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш