Ислам дини » Курани карим » Ислам тамгалары




Ислам тамгалары


Суроо: Араб алфавити эмнеге Ислам тамгалары деп аталат?

Жооп

Албетте, Ислам тамгалары деп аталат. Арабдардын Ислам тамгаларын колдонуулары бир гана Араб тамгалары болот дегендик эмес. Ислам тамгаларын жүз жылдардан бери кыргызча сүйлөгөн кыргыздар да колдонгон. Фарси тилде сүйлөгөн Иран дагы Ислам тамгаларын колдонууда. Дагы башка бир канча өлкөлөрдө да Ислам тамгалары колдонулууда. Курани карим тамгаларынын Ислам тамгалары экендиги тууралуу бир канча далилдер төмөндөгүдөй:

1– Үч хадиси шарифтин мааниси:

"Аллаху таала Аршты жаратканда үстүнө "Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах” деп жазды.” [И. Рафии]

"Аллаху таала Лавхи махфузда алгач Бисмиллахиррахманиррахимди жазды.” [Дайлами]

Жер-көк жаратылуудан эки миң жыл мурда Бейиштин эшигинде "Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах” деп жазылган болчу” [Укайл, И. Нажжар]

2– Адам алейхиссалам Бейиште жүргөндө Бейиштин ар жеринде жана Арштын үстүндө "Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах” деп жазылганын көрдү. Мухаммед алейхиссаламдын Аллаху тааланын эң сүйүктүү кулу экенин ошондон түшүнгөн эле. Булар Ислам тамгалары менен жазылган эле. Ал тамгаларды адам баласы ойлоп тапкан эмес. Дүнүйө жана Адам алейхиссалам жок кезде ал тамгалар бар эле. Самави болгон бардык китептер жана сахифалар Ислам тамгалары менен жиберилген. (С. Абадиййа)

Адам алейхиссалам Бейиштен жер бетине түшүрүлгөндө өзүнө жиберилген китептер Бейиште үйрөнгөн Ислам тамгалары менен жазылган эле.

3– Адам алейхиссалам жана бардык нерсе Мухаммед алейхиссаламдын урматына жаратылган. Арш, асмандар жана Бейиштерге Ислам тамгалары менен ыйык ысымы жазылган. (Мавахиб-и ладунниййа)

4– Худ алейхиссаламга келген китеп дагы Ислам тамгалары менен жазылган эле. (Хадика, Латаиф-ул-ишарат)

5– Мусхафты такыр окубаса дагы жакшылык жана береке үчүн үйдө сактоо сооп. Бир капырдын атын жазып акарат кылынбайт. Анткени, Ислам тамгаларын урматтоо керек. (Ф. Хиндиййа)

6– Лавх-и махфузда алгач жазылган нерсе - Бисмиллах. Адам алейхиссаламга алгач келген нерсе - Бисмиллах. Бейишке чакыруу кагазында Бисмиллах жазылган. (С. Абадиййа)

Ислам тамгаларын урматтоо

Суроо: Жерге салынган килем же башка бир нерседе Ислам тамгалары менен жазылган кандайдыр бир жазуу болсо, жазуунун үстү окулбай тургандай кылып боёлсо, муну жерге салуу жаиз болобу?

Жооп

Ооба, жаиз болот.

Ислам тамгаларын аралаштыруу

Суроо: Ислам тамгалары менен латын тамгаларын аралаштырып жазууга болобу?

Жооп

Ислам тамгалары менен латын тамгаларын аралаштырып жазуу жаиз болгону менен аят-и карима жана хадиси шарифтерде аралаш жазылбайт.

Тил жана тамгалар

Суроо: С. Абадиййада: "Бардык самави китептер Ислам тамгалары менен жиберилген”, - деп жазылганына карабастан Х. Л. О. Иман китебинде Тоораттын асылы ибраниче, Инжилдин болсо сурйаниче экендиги билдирилүүдө. Бул жерде карама-каршылык жокпу?

Жооп

Карама-каршылык жок. Тил жана тамгалар бөлөк нерселер. Француз тилинде сүйлөгөндөр да, англис жана немис тилинде сүйлөгөндөр да латын тамгаларын колдонушат. Кыргыздар да азыр кирилл тамгаларын колдонгону менен кылымдардан бери Ислам тамгаларын колдонгон. Ошондой болсо дагы тилибиз кыргызча болгон, арабча эмес эле. Ирандыктар дагы Ислам тамгаларын колдонот, бирок, тили арабча эмес фарсча. Тил менен тамгаларды чаташтырбоо керек. Ислам тамгалары менен түшкөн болсо да Тоораттын тили ибраниче, Инжилдики болсо сурйаниче эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш