Суроо: Курани каримди окуу сооптуураакпы же угуубу?
Жооп: Курани каримди окуу – сүннөт,
угуу болсо – парз кифая. Сүннөттүн сообу парздын сообунун жанында
деңизден тамчы да эмес. Диний китептерде төмөндөгүчө билдирилүүдө:
1 – Курани каримди угуу – парз кифая.
Бир иш кылып жаткан, уктап жаткан, мечитте намаз окуп жаткан же вааз (насаат)
айтып жаткан адамдын жанында бийик добуш менен Курани карим окуп баштоо
күнөө. (Радд-ул-мухтар)
2 – Мечитке киргенде тахыййат-ул-масжид катары эки
рекет намаз окуу – сүннөт. Курани карим окулуп жаткан болсо сүннөт болгон бул
намаз окулбайт. Анткени, Курани каримди угуу парз. Парз кифая үчүн дагы
сүннөттү таштоо абзел. (Ашбах шархы)
3 – Китеп окуп жаткан же кандайдыр бир иш кылып
жаткан адамдын жанында Курани карим окуп баштаганда алар укпай койсо күнөө
болот. Бирөө окуп жана башкалардын унчукпай угуп туруулары керек. Жумушу
барлардын укпай жумуштарына кетип калуулары күнөө болбойт. Курани каримди угуу
– парз кифая. (Халаби-йи кабир)
Парз кифая – бул бир киши аны орундаганда,
башкаларынын ал жоопкерчиликтен кутулуулары дегендик. Башкача айтканда, бир
киши окулган Курани каримди укса башкалар угуп отурбай жумуштарына бара алышат,
аларга күнөө болбойт. Эгер ал жерде кала турган болушса угуулары керек болот.
Курани карим окуган адамды угуп турган адамдар бар
болсо алардын парз амал кылууларына себепчи болгондугу үчүн Курани карим окуган
адам айрыкча сооп алат.
Суроо: Айрым кишилер: Эртең менен жана кечинде
окулчу Хуваллахуллази, түнү окулчу Аманаррасулуну имамдын окуусу жетпейт, ар
бир адам жеке өзү окушу керек”, - деп жатышат. Окулган Куранды угуу
окуудан сооптуураак эмеспи?
Жооп: Ооба, угуу сооптуураак. Окуу сүннөт,
угуу парз. Напилдер менен сүннөттөр парздын жанында деңиздин
жанындагы тамчыдай да эмес. Башка бирөө үчүн намаз окуй албайбыз, орозо кармай
албайбыз, бирок, Куран окуп, садака берип, сообун ага багыштай алабыз. Бир сооп
табуу үчүн сөзсүз аны жеке өзүбүз аткаруубуз шарт эмес, башка бирөө биз үчүн
аткарса бизге да сооп болот.
Имам Раббани хазреттери буюрууда:
"Өлүүлөргө дуба менен, истигфар кылып, ал үчүн
садака берүү аркылуу жардам берүү керек. Ибрахим алейхиссалам: "О,
Раббибиз! (Кыяматта) эсеп үчүн турулган кезде мени, эне-атамды жана бардык
момундарды кечире көр", - деп дуба кылган. (Ибрахим, 41)
Бир момундун дубасы менен башка момундардын
күнөөлөрү кечирилип жаткандыктан ушинтип дуба кылуу буйрук кылынган. Андан
башка күн сайын намазда "Ибадиллахиссалихин” деп мусулмандарга дуба кылып
жатабыз. Эгер пайдасы болбогондо ар тахыятта бул дубаны окууга буйрук кылынмак
эмес.
Бир момундун жаназа намазы окулса же ал үчүн дуба
жана истигфар кылына турган болсо анын күнөөлөрүнүн бир бөлүгү же бардыгы
кечирилет. Бул маселеге байланыштуу кээ бир хадистердин маанилери төмөндөгүчө:
"Бир мусулман каза болсо, үч саптан турган
бир жамаат жаназа намазын окуса ал мейит Бейишке кирүүгө укуктуу болот”. (Тирмизи, Абу Давуд)
"Кайтыш болгон эне-атаңар үчүн дуба жана
истигфар кылгыла!” (Хаким)
"Садака берген адам сообун мусулман
эне-атасына да ниет кылса, берген садакасынын сообу аларга да тийет, өзүнүн
сообунан да эч нерсе кемибейт”. (Табарани)
"Бир адам башка бирөөнүн ордуна орозо
кармай албайт, намаз окуй албайт; бирок, анын орозосу жана намазы үчүн кедейди
тойгузат.” (Насаи)
"Татарханиййа” китебинде "Садака берген адам
сообун бардык момундарга берилүүсү үчүн ниет кыла турган болсо өзүнүн сообунан
бир да кемитилбестен бардык момундарга да сообу тийет. Ахли сүннөт мазхабы
ушундай” деп билдирилди. (Радд-ул-мухтар)
Демек, бирөө садака берсе, сообун бизге багыштаса
биз дагы сооп табабыз. Бирөө Курани карим окуса, биз да уксак, биз да окуган
болуп эсептелебиз жана окугандын сообунан көбүрөөк сооп алабыз. "Жеке өзү окушу
шарт” дегени парзга маани бербөөдөн улам пайда болуп жатса, анда минтип айтуу
жахилдик же гафилдик.