Ислам дини » Курани карим » Сүрө жана дубаларды арапчадан башка тамгалар менен жазса болобу




Сүрө жана дубаларды арапчадан башка тамгалар менен жазса болобу


Сүрө жана дубаларды арапчадан башка тамгалар менен жазууга канчалык аракет кылсак да бул мүмкүн эмес. Башка тамгаларга кандай гана белги коюлбасын сүрөлөрдү жана дубаларды туура окуу мүмкүн эмес. Аларды Курани каримдеги тамгалар сыяктуу окуу үчүн билген бирөөнүн окутуусу жана үйрөнгөнчө кайра-кайра кайталап көндүрүүсү керек. Бул көнүгүү сөзсүз керек болгондуктан, билген адам түздөн түз Курани карим тамгаларын таанытуу жана үйрөтүү мүмкүнчүлүгүнө жана ниматына ээ болот. Бул ниматтын чоңдугун дүйнөдө жана акыреттеги пайдасын хадиси шарифтер жана фикх китептери абдан кенен түшүндүргөн жана сообунун көп экендиги билдирилген.

Ошондуктан, ар бир мусулман адам балдарын мечиттерге, Курани карим курстарына жиберип, Курани каримдин тамгаларын жана булардын кандай окула тургандыгын жакшылап үйрөтүп, бул чоң соопко жетүүгө аракет кылуусу керек.

Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам» мындай деп буюрду: «Баарыңар бир үйүрдүн чабаны сыяктуусуңар. Чабан үйүрүн коргогондой эле силер дагы үйдөгүлөрдү жана кол астыңардагыларды Жаханнамдан коргооңор керек! Аларга мусулмандыкты үйрөтүүңөр керек! Үйрөтпөсөңөр мындан жоопкер болосуңар.» Дагы бир жолкусунда мындай деп буюрду: «Көптөгөн мусулман баласы аталарынын айынан Вайл деп аталган Жаханнамга барышат. Себеби, булардын аталары бир гана акча табуу жана жылгал сүрүүгө берилип, дүнүйөлүк иштердин артынан жүгүрүп, балдарына мусулмандыкты жана Курани каримди үйрөтүшпөдү. Мен мындай аталардан алысмын. Алар дагы менден алыс. Балдарына динин үйрөтпөгөндөр Жаханнамга кетишет.» Дагы мындай деди: «Балдарына Курани карим үйрөткөндөргө же Курани карим мугалимине жиберген адамдарга үйрөтүлгөн Курандын ар бир тамгасы үчүн он жолу Каабаны зыярат кылуунун сообу берилет жана кыямат күнү башына дөөлөт таажы конот. Бардык адамдар көрүп ага суктанышат», - деп айтылган. Башка бир хадиси шарифте: «Балдарына динин үйрөтпөгөн адамдар Тозокко киришет», - деп айтылган. Дагы мындай деди: «Балдарына Курани карим үйрөткөндөргө же Курани карим устазына жөнөткөндөргө үйрөтүлгөн Курандын ар бир ариби үчүн он жолу Каабаны зыярат сообу берилип, Кыямат күнү башына дөөлөт таажы конот. Бүткүл адамдар аны көрүп суктанышат.» Дагы мындай деди: «Бир мусулман баласы ибадат кылганда алган соопторунчалык атасына да берилет. Бир мусулман баласына фыск, күнөө үйрөтсө, бул бала канчалык күнөө кылса атасына да ошонолук күнөө жазылат.»

Курани карим окууда он адепти сактоо зарыл:

1- Даарат менен, Кыбыланы карата урмат менен окуу керек.

2- Салмак менен, маанисин ойлоо менен окуу керек. Маанисин билбеген киши дагы салмак менен окуусу керек.

3- Ыйлоо менен окуу керек.

4- Ар аяттын акысын өтөө менен, башкача айтканда, азап аятын окуп атканда коркуп, рахмат аятын окуп атканда шыктанып, танзих аяттарын коуп атканда таспих кылып окуу керек. Курани карим окууну баштарда Аузу Бисмиллах айтуу керек.

5- Өзүндө рия, башкача айтканда, адамдарга көрсөтүп мактаныч ойгоно турган болсо же намаз окуган адамга кедерги боло турган болсо акырын үн менен окуусу керек. Хафыздардын мусхафты карап окуулары жатка окуудан да сооптуу. Себеби, көздөр да ибадат кылган болууда.

6- Курани каримди жакшы үн менен жана тажвидге шай окуу керек. Ариптерин, сөздөрдү бузуп обондотуу харам. Ариптер бузулбаса макрух болот.

7- Курани карим – Аллаху тааланын келамы, сыпаты, кадим. Ооздон чыккан ариптер от деп айтууга окшойт. От деп айтуу оңой. Бирок, отко эч ким чыдай албайт. Бул ариптердин маанилери да ушундай. Бул ариптер башка ариптерге окшобойт. Бул ариптердин маанилери белгилүү болуп майданга чыкса жети кабат жер жана жети кабат асман чыдай албайт. Аллаху таала өз сөзүнүн улуулугун, сулуулугун бул ариптердин ичине жашыруу менен адамдарга жөнөттү.

8- Курани каримди окуудан мурда муну айткан Аллаху тааланын улуктугун ойлоо керек. Курани каримди кармоо үчүн таза кол керек болгондой эле аны окуу үчүн дагы таза көңүл керек. Аллаху тааланын улуктугун билбеген Курани каримдин улуктугун түшүнө албайт. Аллаху тааланын улуктугун түшүнүү үчүн Анын сыпаттарын жана жараткандарын ойлоо керек. Бүткүл макулуктардын ээси, хакими болгон бир заттын келамы экендигин ойлоо менен окуу керек.

9- Окуп жатканда башка нерселерди ойлобоо керек. Бир адам бир бакчаны кыдырып көрүп жүрүп, ошол көргөндөрүн ойлонбосо, ал бакчаны кыдырган болбойт. Курани карим дагы момундардын көңүлдөрү кыдыра турчу жер. Аны окуган адам андагы ажайып кооздуктарды жана сырларды ойлоосу керек.

10- Ар бир келимени окуп жатканда маанисин ойлоп, түшүнгөнгө чейин кайталоосу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш