Ислам дини » Курани карим » Арапчанын өзгөчөлүгү




Арапчанын өзгөчөлүгү


Суроо: Арапчада эки Ооба сөзү бар экен. Кыргыз тилинде болбогон бир нече керексиз аффикстер бар экен. Арап тили Куран тили болсо да мындай кемчиликтердин болуусун кантип түшүндүрсө болот?

ЖООП

Жиберилген самавий китептердин бардыгы ал жердеги калктын тили менен түшкөн. Тилдин камил болуусу менен байланышы жок. Пайгамбар француздардан чыкканда түшүрүлгөн китеп Французча болмок. Тилдин үстөмдүгүнө карап түшкөн эмес. Муну менен бирге Арапча калган тилдерге караганда, ошонун ичинде Кыргызчага караганда жетик бир тил. Кемчилик Кыргызчада бар. Арапчада керексиз сөз жана аффикс жок.

Арапчада Ооба деген маанини билдирген эки сөздүн бар болуусу анын жетиктигин көрсөтөт. Ал эми Кыргызчада бул кем. Неам дагы, Бела дагы Ооба дегенди билдирет, бирок, колдонулуш орду эки башка. Терс суроолордун оң тастыктоосу үчүн Неам эмес Бела колдонулат. Мисалы, «Мен силердин Раббиңерминби?» деген суроого Арапчада Неам (Ооба) делсе «Ооба, Раббибизсиң» деп  түшүнүлөт. «Мен силердин Раббиңер эмесминби?» деп суралса Неам (Ооба) делсе мындан «Раббибиз эмессиң» деген маани чыгат. Башкача айтканда, терс сөз тастыкталууда. Бела делгенде терстин терси тастыкталат. Башкача айтканча, «Ооба, Раббибизсиң» делген болууда. Кыргызчада болсо бул назик өзгөчөлүк жок. Бул болсо бир кемчилик.

Бирөөнө Кыргызчада «Сага салам болсун» десек, ал айтылган кишинин эркекпи же аялбы ким болгону белгисиз. Арапчада болсо бул дароо билинет. «Андан Аллах ыраазы болсун» десек ал кишинин эркек же аял экендиги Кыргызчада түшүнүлбөйт. Арапчада болсо түшүнүлөт. Бул сыяктуу көптөгөн назик өзгөчөлүктөр бар. Булар ошол тилдин байлыгын көрсөтөт.

Сүйлөмдөрдө да бул байлык бар. Мисалы, Кыргызчада атылып өлөйүн деп жаткан бирөөнө «Сени аткан ким?» деп сурасак, аны аткан Эшбай уулу Ташбай болсо, ал киши Эшбай деп айтып өлүп кетсе биз аны Эшбай атты деп ойлойбуз. Ошол эле суроо арап болгон бирөөнөн суралса «Ташбай бин Эшбай» деп айтат. Баарын айта албай өлсө, бир гана Ташбай десе аны өлтүргөндүн Ташбай  экендиги түшүнүлөт. Ташбай аттуу бир канча киши болсо да табуу жеңилдейт. Арапчада зарыл болгон нерсе биринчи айтылат.

Тилдер адамдар тарабынан чыгарылды. Арапча болсо адамдар жаратылуудан мурда да бар эле. Биринчи адам болгон Адам алейхиссалам Жаннатка киргенде ар жерде Ла илаха иллаллах деп жазылуу болгонун көрдү. Адамдар жок кезде бул ариптер, бул тил бар эле. Демек, Жаннат тили болгон Арапчанын үстөмдүгү ушул жерден келүүдө.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш