Суроо: Интернетте көрдүм. Абдуллах
ибни Мубарак бир окуяны баяндоодо. "Бул окуя Куранда бардык нерсенин
бар экенине далил”, - деп айтууда. Бул туурабы?
ЖООП: Биринчиден, ал окуя ойдон
чыгарылган нерсе. Чын болсо дагы, ага таянып, Ибни Мубарак хазреттери анык андай
бир нерсени айтпайт. Себеби, ал хадис, фикх жана тасаввуф аалымы. Эгер Куранда
бардык нерсе болгондо, хадис, фикх жана тасаввуф китептерин жазмак эмес. Имам
Шарани хазреттери мындай дейт: "Бизге бир гана Курандан айт!”
– деген бирөөгө кутман сахабалардан Имран бин Хусайн хазреттери:
"Эй, акмак! Курани каримде бардык нерсени табуу мүмкүн эмес. Мисалы, намаздардын
канча рекет экенин таба аласыңбы?” – деди. Хазрети Омарга: "Парздардын сапарда
канча рекет окула турганын Курандан таба албадык”, - деп айтышканда, "Аллаху
таала бизге Мухаммед алейхиссаламды жиберди. Курани каримден таба албаган
нерсебизди мырзабыз Расулуллах алейхиссаламдан көргөнүбүздөй жасоодобуз. Ал
сапарда төрт рекет парздарды эки рекет окучу. Биз да ошондой кылабыз”, -
деди. (Мизан-ул-кубра)
Мына, кутман
сахабалардын жолу ушул. Ибни Мубарак хазреттери ушул жолго каршы бир нерсе
айтпайт. Курани каримден биз таба албай турган маселелерден бир канчасы
төмөнкүдөй:
1 – Күндө канча маал намаз парз? Хадиси шарифке ишенбегендер, Расулуллахтын
тажрыйбасын кабыл албагандар ошон үчүн намаздарды 3 же 6 маал экенин айтышууда.
2 – Намаздардын канча рекет экенин да Курандан таба албайбыз. Мисалы, асырдын
төрт, шамдын үч рекет экенин кантип таба алат элек?
3 – Намаздын кантип окула турганын Курандан таба
албайбыз.
4 – Намаздын парздарын жана намазды буза турган
нерселерди таба албайбыз.
5 – Буттарга маасы кийилип же кийилбей турганын таба
албайбыз.
6 – Жаназа жана айт намаздарынын кантип окула турганын
таба албайбыз.
7 – Орозонун парздарынын бардыгын таба албайбыз.
8 – Ажылыктын парздарын таба албайбыз.
9 – Зекеттин нисабын, кайсы малдан жана кандай өлчөмдө
бериле турганын таба албайбыз.
10 – Орозону бузган нерселерин
бардыгын таба албайбыз.
11 – Орозону бузуп, каффарат
талап кылган нерселерди таба албайбыз.
12 – Орозонун каффаратын жана
өлчөмүн таба албайбыз.
13 – Укук маалыматтарынын көбүн
таба албайбыз.
14 – Кайсы жандыктарды жегенге
болот, кайсыларын жегенге болбойт, баарын таба албайбыз.
15 – Арамдардын бардыгын таба албайбыз. Мисалы, денесин
чектирүү (татуировка жасатуу) арамбы же жокпу? Биз аны Куранда таба албайбыз.
"Сахихи Муслим”де мындай деп айтылат: "Кутман сахабалардан Ибни Масуд хазреттери "Денесин
чектирген жана чектирткен адамга каргыш болсун” хадиси шарифин
айтканда, бир кемпир: "Мен Куранды окудум, бирок, андай бир каргыш
жок”, - деди. Ибни Масуд хазреттери: "Эгер кунт коюп окуганыңда,
сөзсүз көрмөксүң”, - деп, Хашр сүрөсүнүн "Расулуллахтын силерге
бергендерин алгыла, тыюу салгандарынан сактангыла!” маанисиндеги
жетинчи аяти каримасын окуду. (Муслим)
Демек, Куранды
түшүнүү үчүн анын түшүндүрмөсү болгон хадиси шарифтерге муктаждык бар. Эгер ар
бир адам Курани каримди түшүнө алганда, 72 адашкан секта пайда болмок эмес.
Убакыт өткөн сайын өзгөрүүчү нерсе – бул адаттар. Дин убакыт өткөн сайын
өзгөрбөйт.
Эгер аалымдар
дагы аяттарды түшүндүрүп, Курани каримден өкүм чыгара алышканда, Аллаху таала
Пайгамбарына бир гана: "Сага вахий кылынгандарды жеткир!” – демек.
Айрыкча түшүндүрүүсүн буйрук кылмак эмес. Эгер Расулуллах Курани каримде кыска
жана жабык абалда билдирилгендерди түшүндүрүп бербегенде, Курани карим жабык
бойдон калмак. Сүннөттү болсо мужтахид аалымдар түшүндүрүп берген.
Демек,
динибизди туура үйрөнө алуу үчүн ар бир адам Курани каримден жана хадиси
шарифтерден түшүнүүгө аракет кылбоого тийиш, өзүнүн мазхабынын өкүмүнө моюн
сунууга тийиш.