Ислам дини » Курани карим » Курани каримди үйрөнүүнүн мааниси




Курани каримди үйрөнүүнүн мааниси



Аъузу окуу бул – "Аъузу биллахи минашшайтанирражим” дегендик. Бисмиллах окуу – "Бисмиллахиррахманир рахим” дегендик. Абдуллах ибни Аббас айтат: "Расулуллах (саллаллаху алейхивасаллам): "Курани каримге урмат көрсөтүү, сыйлоо Аъузуну окуп баштоо менен болот жана Курани каримдин ачкычы – Бисмиллах”, - деди.” Аллаху таалага жакындоону каалагандар Аъузуга жармашууда, Андан корккондор да Аъузуга жармашууда. Күнөөсү көптөр Аъузуга баш калкалашкан. Аллаху таала Нахл сүрөсүнүн токсон жетинчи аяти каримасынын маанисинде Пайгамбарына (саллаллаху алейхи васаллам): "Качан Курани карим окусаң Аъузу... айт”, - деп буюрду. Бул буйрук "Аллахтын ырайымынан узак болгон жана каарына учурап дүнүйө менен акыретте куруган шайтандан Аллаху таалага сыйынам, коргоном, жардам сурайм. Ага жалынып-жалбарам деп айт!” деген маанини билдирет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди: "Устаз балага Бисмиллахты окуп, бала да айтса Аллаху таала баланын энесинин, атасынын жана устатынын Жаханнамга кирбөөсү үчүн сенет (далил) жаздыртат.” Абдуллах ибни Масуд (радыяллаху анх) айтат: "Жаханнамда жаза берүүчү он тогуз периштеден кутулгусу келген адам Бисмиллахты окусун! Бисмиллах он тогуз тамгадан турат.” Лавх-и махфузда эң алгач жазылган нерсе – Бисмиллах. Адамга (алейхиссалам) эң алгач келген нерсе – Бисмиллах. Мусулмандар Бисмиллахтын жардамы менен Сыраттан өтүшөт. Бейишке чакыруу кагазынын колу – Бисмиллах. Бисмиллахтын мааниси: "Ар бир бар болгон нерсеге аны жаратуу менен жакшылык кылган жана аны бар кылып туруу менен жок болуудан сактап жакшылык кылган Аллаху тааланын жардамы менен бул китепти жаза алуудамын. Арифтер Аны илах катары тааныды. Аалымдар Анын ырайымы менен ырыскы тапты. Күнөө кылгандар Анын ырайымы менен Жаханнамдан кутулду.” Аллаху таала Курани каримди ушул үч ысым менен баштады. Анткени, адамдын үч абалы бар. Дүнүйө, кабыр жана акырет абалдары. Эгер адам Аллаху таалага ибадат кылса дүнүйөдө иштерин жеңилдетет. Кабырда ага мээримдүүлүк кылат, акыретте күнөөлөрүн кечирет.

Курани карим Кадыр түнү түшө баштаган жана баарынын түшүүсү жыйырма үч жыл уланган. Тоорат, Инжил, бардык китептер жана сахифалар болсо баары бир эле убакта, бир жолу түшкөн. Баары адамдын сөзүнө окшош эле жана сөздөрү мужиза эмес эле. Ошондуктан, кыска убакта бузулду, бурмаланды. Курани карим болсо Мухаммед алейхиссаламдын мужизаларынын эң чоңу жана адамдын сөзүнө окшобойт.

Жабраил (алейхиссалам) жылда бир жолу келип, ошол учурга чейин түшкөн Курани каримди Лавх-ил-махфуздагы кезегине ылайык окучу, Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) хазреттери тыңдачу жана кайталачу.  Ал кайтыш боло турган жылы эки жолу келип баарын окуду. Мухаммед (алейхиссалам) менен кутман сахабалардын көпчүлүгү Курани каримди толугу менен жаттап алышкан эле. Кээ бирөөлөрү кээ бир бөлүктөрүн жаттап, көп бөлүгүн жазып алышкан эле. Мухаммед (алейхиссалам) дүйнөдөн өткөндөн кийин халифа Абу Бакр (радыяллаху таала анх) жатка билгендерди жыйнап, жазылгандарды алдыртыпбир кеңеште Курани каримди толугу менен кагаз бетине түшүрттү. Ошентип, "Мусхаф” же "Мисхаф” деп аталган китеп пайда болду. Отуз үч миң сахаба (радыяллаху таала алейхим ажмаин) бул Мусхафтын ар бир тамгасынын туура, ордунда экендигине бир добуштан чечим кылыштыСүрөлөр белгилүү эмес эле. Үчүнчү халифа Осман (радыяллаху анх) хижраттын [25чи] жылы сүрөлөрдү бири-биринен ажыратты. Орундарын кезекке койду. Дагы алты Мусхаф жаздырып, Бахрейн, Шам, Мысыр, Багдад [Куфа], Йемен, Мекке жана Мединага жиберди. Азыр бүткүл дүйнөдөгү мусхафтар ушул жетөөнөн жазылып көбөйтүлгөн. Алардын арасында бири-биринен бир чекит болсо да эч айырмачылык жок. Курани каримде жүз он төрт сүрө менен алты миң эки жүз отуз алты аят бар. Аяттардын санынын 6236дан аз же көп экени да билдирилген болсо да, бул айырмачылыктар чоң бир аяттын бир канча майда аят катары эсептелишинен же бир канча кыска аяттын бир чоң аят же сүрөлөрдүн алдындагы Бисмиллахтардын бир же бөлөк-бөлөк аят катары эсептелишинен келип чыгат. Бул маселеде "Бостан-ул-арифин” китебинде да толук маалымат бар.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш