"Курани карим окулган үйдөн Аршка чейин нур
көтөрүлөт” – хадиси шариф. Абу Хурайра
(радыяллаху анх) айтты: "Куран окулган үйгө береке, жакшылык келет. Периштелер
ал жерге чогулат. Шайтандар ал жерден качат.” Курани каримди тыңдоо чоң
сооп. Хадиси шарифте: "Адамдын тыңдаган бир аяти Кыяматта
өзүнө нур болот”, - делди. Курани каримди окууну тиричилик каражаты
кылып албоо керек. Хадиси шарифте: "Куран каримди окуган кезде Аллаху
таананын ыраазылыгын жана Бейишти тилегиле! Дүнүйөлүк нерсе тилебегиле! Ушундай
бир заман келет, хафыздар Курани каримди адамдарга жакындоонун каражаты кылып
алышат”, - делген. "Танбих-ул гафилин” китебиндеги
хадиси шарифте: "Курани каримди окуган адамдын эне-атасы капыр
болсо дагы азаптары жеңилдейт”, - делген.
"Ширъат-ул-ислам” шархындагы хадиси шарифте: "Үммөтүм кылган ибадаттардын эң
баалуусу – Курани каримди Мусхафка карап окуу”, - делген. "Китаб-ут-тибян”да: "Курани
каримди окуунун эң абзели – намазда окуу”, - делген. Хадиси
шарифте: "Намазда окулган Куран намаздын сыртында окулган Курандан да
кайырлуу”, - делген.
Хазрети Али (радыяллаху анх) мындай деди: "Намазда өйдө турганда окулган Курандын ар бир тамгасы
үчүн жүз сооп берилет. Намаздын сыртында даарат менен окулганда ар бир тамгасы
үчүн жыйырма беш сооп берилет. Дааратсыз окулганда он сооп берилет. Басып
баратканда жана иш кылып жатканда окулганда азыраак сооп берилет. Маанисин
ойлоп бир аят окуу башка нерсени ойлоп Куранды толук хатм кылуудан да көбүрөөк
сооп.” Бир аятты жаттагандан кийин унутуп калуу – эң чоң күнөөлөрдөн.