Ислам дини » Курани карим » Курани каримди окуунун адеби




Курани каримди окуунун адеби



Сүрө же аятты окуй баштаганда Аъузуну окуу важиб. Фатиханы окуй баштаганда Бисмиллахты окуу да важиб. Калган сүрөлөрдү баштап жатканда Бисмиллахты окуу сүннөт. "Кимя-и саадат”да айтылат: "Курани каримди окууну үйрөнүү чоң сооп. Бирок, Курани каримди окугандардын жана хафыздардын ага урмат көрсөтүүлөрү, сыйлоолору зарыл. Ошондуктан, алардын ар бир сөзү, кыймыл-аракети Курани каримге шайкеш болууга тийиш. Анын адебине ээ болуу керек. Ал тыюу салган нерселерден сактанууга тийиш. Эгер ага ушинтип урмат көрсөтпөсө Курани карим душман болот. Расулуллах (алейхиссалам) айтты: "Үммөтүмдөгү мунафыктардын көбү Курани карим окугандардан болот.” Абу Сулайман Дарани айтат: "Жаханнамда азап кылуучу Забани деп аталган периштелер бутка сыйынган капырлардан мурун Ислам динине амал кылбаган хафыздарга кол салышат.” Акча табуу үчүн мавлид окуган, музыка менен мавлид окуган хафыздар да ушундай. Курани каримдин бир гана окуу үчүн жиберилбегенин жакшы билип коюу керек. Ал көрсөткөн жолдо болуу, Ислам динине амал кылуу үчүн жиберилди. "Ширъат-ул-ислам” шархынын автору (рахматуллахи таала алейх) айтат: "Курани каримди ырдап жаткандай окуу бидаттардын эң жагымсызы, эң жаманы. Ушинтип окугандар жазаландырылат.”

Рияд-ун-насыхин китебинде айтылат: "Курани карим Ислам динине амал кылган хафыздарга шапаат кылат.” "Муслим” китебиндеги хадиси шарифте: "Курани карим окугандарга же шапаат кылат же душман болот”, - делген. Бир хадиси шарифте: "Курани каримди окуган көп адам бар болуп, Курани карим аларга каргыш айтат”, - делген. Окуп бүткөндөн кийин Мусхафты ачык калтырбоо керек же башка нерсе кылып жатканда жаап, бийик жерге коюу керек, окуп жатканда сүйлөбөө керек, эгер сүйлөсө кайра Аъузуну окуп баштоо керек. Мусхафты [же Курани карим жазылган магнитафонду] өйдө туруп алуу керек. Радиодон Курани каримди тыңдаган адам да жок дегенде радиону бийик жерге коюуга тийиш, кандайдыр бир иш кылбоого тийиш, сүйлөбөөгө тийиш, кыбыла жакты карап адептүү отурууга тийиш.

Курани каримди же мавлидди тыңдагандан кийин же мурда музыкалык аспап, ыр жана башка күфүр, арам нерселерди тыңдоо буларга урматсыздык болот. Курани карим окулуп, бирок, ага урмат көрсөтпөгөндөргө каргыш айтат. Окугандар жана сүйлөгөндөр үчүн күнөө болгон бир нерсе окуткандар жана тыңдагандар үчүн да күнөө. Курани каримди окуп жатканда башка нерселерди ойлобоо керек. Бир адам бир бакчаны кыдырып жүргөндө көргөн нерселерин ойлобосо ал бакчаны кыдырбаган болот. Курани карим дагы момундардын жүрөктөрү кыдырган жер. Аны окуган адам андагы кереметтиктерди жана акылмандыктарды ойлоого тийиш. Ар бир сөздү окуп жатканда маанисин ойлоого тийиш жана түшүнгөнгө чейин кайталооо тийиш. Лаззат алганда да кайталоого тийиш. Курани каримди тартил менен окууга тийиш. Курани карим окуп жатканда бирөөнүн сөзү менен окууну токтотпоого тийиш. Анткени, башка бирөөнүн сөзүн Аллаху тааланын сөзүнүн ордуна тандоо жаиз эмес. Аллаху таала Муззаммил сүрөсүнүн төртүнчү аяти каримасынын маанисинде: "Куранды да жай, ачык жана жакшылап оку”, - буюрууда.

Кимя-и саадат китебинде айтылат:

1-Мусхафты кармап жатканда даараттуу болуу, оң кол менен кармоо, кыбыланы карап отуруу, тизеден ылдый койбоо керек, окуп баштаганда Аъузу менен Бисмиллахты айтуу керек жана сый-урмат менен окуп баштоо керек.

2-Шашпай, маанисин ойлоп окуу керек, маанисин билбеген да акырын окуу керек.

3-Курани каримди бетинен карап, тажвид эрежелерине ылайык жана жакшы үн менен окуу керек. Тамгаларды, сөздөрдү бузуп, таганни кылуу (обонго салуу) арам. Эгер тамгалар бузулбаса анда макрух болот.

4-Окуганынын Аллаху тааланын сөзү экенин ойлоо керек. [Анын сөзү, сыпаты, кадим. Ооздон чыккан тамгалар "от” деп айтууга окшош. От деп айтуу оңой. Бирок, эч ким отко чыдай албайт. Бул тамгалардын маанилери да ушундай. Бул тамгалар башка тамгаларга окшобойт. Эгер бул тамгалардын маанилери ортого чыкса жети кабат жер менен жети кабат асман туруштук бере албайт. Аллаху таала өзүнүн сөзүнүн улуулугун, сулуулугун бул тамагалардын ичине жашырып, адамдарга жиберген.]

5-Ыйлап жана Аллаху тааладан коркуп, муңдуу окуу керек. Эгер ыйлай албаса өзүн кыйноого тийиш.  

6-Ар бир аятты ылайыктүү түрдө окуу керек. Тактап айтканда, азап аятын окуп жатканда коркуп, ырайым аяттарын шыктанып, танзих аяттарын тасбих кылып окуу керек.

7-Курани каримдин буйрук жана тыюуларына амал кылуу керек. Эгер окуп жатканда өзүндө рия (мактануу) пайда болсо же намаз окуган адамды алаксытса акырын үн менен окуу керек.

Жана кыраат үч нерсе менен толук болот:

1-Жахран, башкача айтканда, үн чыгарып окулса үнүн чыгаруу менен,

2-Жашыруун окулса өзү уга турганчалык окуу менен жана тамгаларды туура чыгаруу менен,                

3-Курани каримдин маанисин ойлоо менен жана тажвидге ылайык окуу менен.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш