Ширъа китебинде айтылат:"Курани каримди кырк күндө хатм
кылуу, тактап айтканда, башынан аягына чейин окуу мустахаб [Курани каримден
күндө үч хизб окулганда бир буйрук орундалган болот]. Үч күндөн мурун хатм
кылуу жаиз эмес.” Хатмдын аягында кылынган дуба кабыл болот. Хатм дубасына
катышууга аракет кылуу керек. Хатм аяктаганда кайрадан хатмды баштоого ниет
кылып Фатиха окуу керек.
Хатмден
кийин дуба кылуу мустахаб. Курани карим хатм кылынып жатканда жыйналуу
мустахаб. Абдуллах ибни Аббас хазреттери хатм окуган адамдын жанына кишисин
жиберчү. Хатмдын аяктала турганын укканда өзү да катышчу. Энес бин Малик
хазреттери хатм кылган кезде бала-чакасын жыйнап дуба кылчу. Кабарда
билдирилди:"Бейиштин даражаларынын саны Курани каримдин аяттарынын
санынчалык. Курани каримди хатм кылган адам бардык даражаларга жетет.”"Кунуз-уд-дакаик”те
жазылган Табарани менен Ибни Хиббан тарабынан билдирилген хадиси шарифте:"Курани
каримди хатм кылган адамдын дубасы кабыл болот”, -делген."Китаб-ут
тибян”да айтылат:"Курани карим хатм кылынган жерге ырайым жаайт.”
Хатм аяктаганда экинчисин баштоо мустахаб. Хадиси шарифте:"Ибадаттардын
эң жакшысы хатм окуп аяктаганда кайра баштоо”, -делген."Хазинат-ул-асрар”дагы
хадиси шарифте:"Курани каримди хатм кылган адамга алтмыш миң
периште хайр дуба кылат”жана"Хатм дубасы кылынган жерде
болгон адам олжо таратылып жатканда болгон адам сыяктуу. Хатм башталган жерде
болгон адам жихад кылган адам сыяктуу. Экөөсүндө болгон адам эки соопко тең
жетет жана шайтанды кор кылган болот”, -делген. Саъд ибни Аби
Ваккас айтат:"Эгер бирөө күндүзү хатм окуса периштелер ага кечке
чейин дуба кылат. Эгер түнү окуса таңга чейин дуба кылат.” Белгилүү болуп
жаткандай, ар бир аятын окууга өзүнчө сооп бар. Курани каримди баарын хатм
кылган адамга берилген сооп көбүрөөк. Намаз окуу, орозо кармоо, Курани карим
окуу жана зикир чалуу жалгыз дене менен гана кылынган ибадаттар болгондуктан,
буларды ар кимдин өзү кылууга тийиш. Башка бирөөнү окүл кылып аткартуу жаиз
эмес.