Ислам дини » Курани карим » Курани каримди теганни менен окуу арам




Курани каримди теганни менен окуу арам


Курани каримди жана азанды теганни менен окуу жана тыңдоо арам. Курани каримди окууда теганниге уруксат берилүүсү – Аллаху тааладан коркуп окугула деген маанини билдирет. Бул болсо тажвид илимине ылайык окуу менен болот. Болбосо, тамгаларды, сөздөрдү өзгөртүп, маанини, назмды бузуп теганни кылуу сөз бирдиги менен арам.

Төмөңкү жазылган маалыматтар Там Илмихал Саадати Абадиййа китебинен алынган.

1-Арам болгон теганни – музыкалык ноталар менен окуу дегендик. Сүннөт болгону – тажвидге ылайык окуу.

2-Азан окулуп жатканда хареке же тамга кошуп же тамгаларды созуп теганни кылуу жана ушундай окулган азанды, Курани каримди тыңдоо жаиз эмес.

3-"Халеби-и сагир”дин автору (рахматуллахи таала алейх): "Эгер Курани каримди нагма менен, тактап айтканда, үндү музыкалык ноталарга ылайыктап окуу тамгаларды бузбаса анда аалымдар макрух болот дешти. Анткени, фасыктардын нагмаларына окшошууда. Эгер тамгалар өзгөрсө анда арам болот. Окуу макрух болгон бир нерсени тыңдоо да макрух. Окуу арам болгон нерсени тыңдоо да арам. Курани каримди теганни менен окуган хафыздарга амри маруф кылуу важиб. Эгер өчөшүүлөрүнө, душмандыктарына себеп болсо анда буларды тыңдабоо керек, ал жерден кетүү керек”, - деп айтууда.

4-Элхан кылып, башкача айтканда, музыкалык ноталарга ылайык теганни кылган жана намазды убагынан мурда окуткан имамдын артында окулган намазды кайра окуу керек.

5-Курани карим менен азанды таржиъ менен окууга хадиси шарифтер менен тыюу салынган. Таржиъ – үндү бийик-төмөн түшүрүп окуу. Минтип окуганды тыңдоо да арам.

6-Эгер теганни менен окуу маанини бузса намазды да бузат. Теганни – музыкалык ноталарга ылайыктоо үчүн харекелерди созуу дегендик. Мисалы: "Алхамдуу лииллахии рааббил” деп созуу маанини бузат. Ушул сыяктуу азанчылардын "Рааббаналакалхаамд” деп айтуулары да бузат. Анткени, Рааб – өгөй ата дегенди билдирип, "Аллахыбызга мактоо айтабыз!” дегендин ордуна "Өгөй атабызга мактоо айтабыз!” болуп калат. Эгер мааниси өзгөрбөсө намаз бузулбайт. Бирок, "алиф, вав, йаа” үндүү тамгаларды көп созсо маани өзгөрбөсө да, намаз бузулат. Көрүлүп жаткандай, эгер теганни сөздүн маанисин өзгөртпөсө жана тамгалар эки тамгачалык созулбаса, бир гана үндү көркөмдөп, кыраатты кооздосо анда жаиз болот. Атүгүл, намазда да, намаздын сыртында да мустахаб болот.

7-Теганни – ырдоо дегендик, үнүн кекиртегинде тардид кылып, тагыраагы, кайталап түрдүү үндөр чыгаруу. Абуссууд хазреттери фатвасында айтат: "Имам амали касир болгончо теганни кылса же үч тамга артык кылса намазы фасид болот."

Жыйынтыктап айтканда, теганнини төмөңкүдөй мүнөздөөгө болот. Теганни:

Курани карим окуп жатканда элхад кылып (музыкалык ноталарга дал келүү үчүн хареке, тамга кошуп, алып салып же ашыкча созуп) же таржиъ кылып (үндү бийик же төмөн түшүрүп) же таррдид кылып (үндү кекиртегинде ырдап, түрдүү үндөрдү чыгарып) окуу жана арам.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш