Ислам дини » Курани карим » Курани каримди тажвидге ылайык окуунун мааниси




Курани каримди тажвидге ылайык окуунун мааниси


Хадиси шарифтерде айтылат: "Курани каримди тажвид илимине ылайык окуганда ар бир тамгасына жыйырма сооп берилет. Эгер тажвидге ылайык окубаса он сооп берилет.” "Кунуз-уд-дакаик”китебинде жазылган, Дайлами тарабынан билдирилген хадиси шарифте: "Курани каримди тажвидге ылайык окуган адамга шейит сообу берилет”, -деп айтылган. Ахли сүннөт аалымдары билдиришет, кыямат күнү ар бир пайгамбар шапаат кылат. Кийин аалымдар, кийин шейиттер, кийин салихтер, кийин Курани каримди тажвид менен теганни кылбай жана Аллахтын ыраазылыгы үчүн окуган хафыздар жана жаш балдар шапаат кылат.

Молдо Мурад китепканасы [1114] номурлуу Абуссууд хазреттеринин фатвасында айтылат: "Арам жеген, пайыз алган имамды кызматтан четтетүү важиб. Курани каримди тажвидге ылайык окуганды билүү парз. Тажвидди билбеген адам тамгалардын махраждарын сактай албайт. Тамгалардын ооздогу орундарын сактай албаган бир адам окуган Курани карим жана намаз сахих болбойт.” "Берика”да айтылат: "... дин адамдарынын адамдарга алар кыла албай турган фатваларды билдирүүлөрү да фитнага себеп болот. [Үйрөнүүгө убактысы жана мүмкүнчүлүгү жок] айылдык адамга жана карыяга "Тажвидсиз намаз окуса болбойт!” деп айтуу ушундай. Ал эми тажвидсиз намаздын жаиз экенине фатва бергендер бар. Бул фатва алсыз болсо да, эч окубаганга караганда жакшыраак. Хараж (оордук) болгон кезде башка мазхабды таклид кылуу жаиз экенин ойлоп, жахилдерге, алсыздарга кыйынчылык туудурбоо керек. [Саадати Абадиййа китеби 2-бөлүм, 397-бет]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш