Ислам дини » Курани карим » Намазды бузган кыраттар




Намазды бузган кыраттар


 "Раббиннаас”тын ордуна "Рабинаас” деп окуу,  "заллалнаа”нын ордуна "залалнаа” деп окуу, ммааратун”дун ордуна мааратун” деп окуу, "месаании”нин ордуна "месааниине” деп окуу, "ассырааталлазиина” деп окуу, бир кавл боюнча [иййаака наъбуду]нун ордуна "иййаа канаъбуду” деп окуу, тагыраагы, бир тамганы бөлүп, экинчи тамгага кошуу ва "маа халаказзакара” деп жатып "ваны унутуу бардыгы бузат. Заллат-ул-каари (жаңылыш окуу) бузат. Атүгүл, төрт түрдүү болушу мүмкүн:

Иърабда ката. Тагыраагы, харекелерде жана сүкүндө болушу мүмкүн. Мисалы, шадданы жеңил окуу же деддерди [узундарды] кыска окуу же булардын тескерисин кылуу.

Тамгаларда ката. Тамганын ордун өзгөртүү же тамга кошуу же алып салуу. Же тамганы алдыга-артка алуу.

Сөздөрдө жана сүйлөмдөрдө ката.

Вакф жана васлда ката. Тагыраагы, токтоо керек болгон жерде токтобоо, өтүп кетүү. Өтүп кетүү керек болгон жерде токтоо. Бул төртүнчү түрдөгү катада маани өзгөрсө да бузулбайт.

Намаздын ичиндеги такбирлерде "Аллааху” деп жатып башындагы хамзаны созуу намазды бузат. Эгер намазга туруп жатканда созулса намазды баштоо сахих болбойт.

Эгер маанисиз болсо жана Курани каримде окшошу жок болсо анда да бузат. [Сарааир] ордуна "сарааил” деп окуу, [ва-халакнаа] ордуна "лакнаа” деп окуу, [важаъалнаа] ордуна "алнаа” деп окуу сыяктуу. Эгер окшошу бар болсо, бирок, мааниси башка болсо Имам Абу Юсуф бузулбайт деди. Тарафейн [Имам Азам менен Имам Мухаммед] болсо бузулат деди. Фатва да ушундай. Эгер окшошу жок болуп, мааниси өзгөрбөсө тескерисин айтышты. Фатва Тарафейндин сөзүнө. Мисалы, "ихдиналсыраата” дегенде, "Рабилааламин”"ийаака” дегенде, [йаа маалик] ордуна "йаа маали” дегенде, [теаалаа жадду Раббинаа] дегенде "теаал” дегенде бузулбайт. [Ахад] ордуна "ахат” дегенде бузулат (Баззазиййа). Кийин келген аалымдар иъраб катасы эч качан бузбайт дешкен. Биринчиси этияттык, экинчиси уруксат жолу.

Бир тамганы башка тамга кылып окуу дагы тамгалар өтө айырмалуу болсо анда бузат. Мисалы, [сат] ордуна "та” деп айтуу, [саалихаат] ордуна "таалихаат” окуу сыяктуу. Тамгалардын айырмасы аз болсо, көпчүлүк аалымдар маанси өзгөрсө, эгер атайылап окуган болсо бузулат. Эгер ооздон чыгып кеткен болсо бузулбайт дешкен. [Дат] ордуна "зы” деп айтуу, [син] ордуна "сат”[тин] ордуна "ты” деп айтуу сыяктуу. Фатва ушундай болсо да этияттуу болуу керек. [Дааллиинордуна "зааллиин” окуу ушундай.

Сөз кошкондо мааниси өзгөрбөсө жана бул сөз Курани каримде бар болсо анда бузулбайт. Мисалы, [ва билваалидайни ихсаанан ва барран] сыяктуу. Бул сөз Курани каримде жок болсо да бузулбайт. Мисалы, [ва нахлун ва туффаахун ва румман] сыяктуу. Бирок, Абу Юсуф (рахматуллахи таала алейх) бузулат деди.

Эгер сөз унутулганда маани өзгөрбөсө бузулбайт. Мисалы, [ва жазаау саййиатин саййиатун мислухаа] деп жатканда "саййиатун” дебесе бузулбайт. Эгер маани өзгөрсө бузулат. Мисалы, [лаа йуъминуун] деп жатканда "лаа” дебесе бузулат.

Тамганын өзүн же ордун өзгөрткөндө маани өзгөрбөсө, Курани каримде окшошу бар болсо анда бузулбайт. Мисалы, [инналмуслимиина] ордуна "инналмуслимууна” десе бузулбайт. Эгер окшошу жок болсо эки имам бузулбайт деди. Мисалы, [каввааминаа] ордуна "каййаамиина” дегенде бузулбайт. Эгер маани өзгөрсө эки имам бузулат деди. Имам Абу Юсуф окшошу жок болсо бузулат деди. [Асхаабассаиир] ордуна "асхаабашшаиир” дегенде бузулат. [Инфажарат] ордуна "инфаражат” жана [аввааб] ордуна "аййааб” дегенде бузулбайт деди.

Сөздү кайталаганда маани өзгөрсө бузулат. [Рабби Раббилъааламиин], [маалики маалики явмиддиин] дегенде бузулат. Бирок, мааниси өзгөргөнүн билбесе же оозунан чыгып кеткен болсо же тамганы туура окуу үчүн кайталаса бузулбайт.

Сөздү өзгөрткөндө маани бузулса, Курани каримде окшошу бар болсо да бузулат. Эгер мааниси өзгөрбөсө бузулбайт. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш