Ислам дини » Курани карим » Курани каримди түшүнбөй окуу




Курани каримди түшүнбөй окуу


Суроо: "Мукабала (Курани каримди бийик үн менен жатка) окуу жана угуу туура эмес. Куранды окуган жана уккан адамдын түшүнүүсү шарт. Тоту куш сыяктуу окуу пайданын ордуна зыян тийгизет”, - дегендер кездешүүдө. Ар кандай элдерден мусулман болгондор бар. Куранды ар кимдин түшүнүүсү мүмкүн болбогондуктан, арап тилин билбегендердин Куранды окуусу күнөөбү?

 ЖООП: Курани каримди тили арапча болгондор да түшүнө алышпайт. Ал тургай, олуялардын жана аалымдардын эң улуусу болгон кутман сахабалар да аяттардын маанилерин Расулуллахтан сурашчу. Бир хадиси шарифтин мааниси: 

"Курани карим Аллаху тааланын метин [бекем] жиби. Анын маанилеринин бардыгын түшүнүү мүмкүн эмес. Көп окуу жана угуу менен эскирбейт.” [Ибни Мажа] 

Курани карим абдан важиз (кыска, таамай) болуп, түгөнгүс маанилерди камтыганы, бардык маанилери билдирилген күндө да жазууга кагаз жана сыя табылбай турганы Курани каримдин өзүндө билдирилүүдө: 

"Айт: "Эгер Раббимдин [илимин, хикмети жана таң калтыруучу] сөздөрү үчүн деңиздер сыяга айланса, дагы ошончолук бир деңиз кошулса, деңиздер түгөнмөк, Раббимдин сөздөрү түгөнмөк эмес.” [Кахф, 109 - Байдави] 

Демек, ар арапча билген адам Курани каримди түшүнө албайт. Имам Газали хазреттери мындай дейт: 

Имам Ахмед бин Ханбал Аллаху тааланын: "Түшүнүп дагы, түшүнбөй дагы Курани каримди окуган адам менин ыраазылыгыма жетет”, - дегенин билдирүүдө. (Ихйа) 

Ислам аалымдарынын эң улууларынан болгон, Ханбали мазхабынын башы Имам Ахмед ушинтип айтып турганда, дагы эле Курани каримди ар бир адам түшүнүү менен окушу керек деп айтуу кандай чоң капылеттик! Кантип "Эгер Куранды түшүнө албасаң жаттаба!” деп айтууга болот? Негизи Курани каримди жаттоо, хафыз (карий) болуу үчүн маанисин түшүнүү деген шарт жок. Курани каримди жаттоонун сообу өтө чоң. 

Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган: 

"Курани каримди окугула жана аны жаттагыла! Аллаху таала ичинде Курани карим бар жүрөккө азап бербейт.” [Ширъа Шархы]

 "Курандын хафыздары Бейиш ээлеринин арифтери.” [Абу Нуайм] 

"Эсинде Курани каримден эч нерсе жок адам уранды үй сыяктуу.” [Тирмизи] 

"Куранды жаттаган адам өлгөндө Аллаху таала топуракка анын этин жебөөнү буюрат. Топурак: "Йа, Рабби! Сенин сөзүң анын ичинде турганда мен аны кантип жей алам?” - деп жооп берет.” [Дайлами] 

Албетте, Куран хафыздарынын арамдардан сактанып, ибадаттарды кылышы керек. Антпесе алар чоң убалга туш болушат. Кээ бирөөлөр окуй албаган адамдын үйүндө Куран болушу туура эмес дешет. Алардын сөздөрү да туура эмес. Анткени, Курани каримди окуганды билбесе да, берекеленүү үчүн үйүндө ыйык мусхафты сактоо сооп. (Хиндиййа) 

Меъалдар (котормолор) каталуу 

Белгилүү болгондой котормолор ар кандай. Бири-бирине туура келбеген көптөгөн жерлер бар. Проф.др. М. Саит Языжы Дин иштери боюнча төрага болуп турганда түшүндүргөндөй, котормодо каталар болот. Эгер бир да ката болбосо, котормого "Аллахтын сөзү” деп айтылбайт. Курани каримдин башка тилдерге котормолоруна "Куран” деп айтылбайт. Буларга Курани каримдин котормолору деп айтылат. Эгер булар адис жана чын ыкластуу мусулмандар тарабынан даярдалган болсо, Курани каримдин маанисин түшүнүү үчүн окууга болот. Буга эч нерсе делбейт. Бирок, буларды Куран деп окууга болбойт. Буларды Куран деп сооп болбойт, күнөө болот. Ибни Хажар Мекки хазреттери мындай дейт:

"Курани каримдин котормосун Курани каримдин ордуна окуу арам.” [Фатава-и фикхиййа, 37-бет]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш