Ислам дини » Курани карим » Курани карим




Курани карим


Курани карим мурунтан бар. Буга -"кадим” деп айтат. Кийин жаратылган эмес. Муну туура жолдогу ахли сүннөт аалымдары бир добуштан билдиришкен. Калами нафсий- Аллахтын сөзү, б.а., Аллаху тааланын Калам сыпаты дегенди билдирет. Калами лафзийда Аллахтын сөзү, бирок, бул Аллахтын сыпатынан эмес, жаратуусунан пайда болгон деген маанини билдирет.

Курани каримдин сөздөрү арабча. Ал эми, бул сөздөрдү кураштырган Аллаху таала. Адамдын ойлору эмес. Курани каримдеги арабча сөздөр Аллах тарабынан кураштырылып аяттар түрүндө иреттелип, Жабраил аттуу периште аны ошол сөздөр жана ариптер менен Пайгамбарыбызга окуган. Мухаммед алейхиссалам аны угуп, жаттап алып, дароо сахабаларына окуп берген. Аллаху таала Курани каримди арабдардын арасынан Курайш уруусунун диалектикасында жиберген.

Курани карим алгачкы жолу Кадыр түнүндө түшө баштаган. Бул жыйырма үч жылга созулган. Ал эми, Тоорат, Инжил жана башка китептер жана сахифалардын бардыгы бир убакытта түшкөн. Курани карим Мухаммед алейхиссаламдын мужизаларынын эң чоңу жана ал адамдын сөзүнө окшобойт.

Жабраил алейхиссалам жылына бир жолу келип, ошол убакытка чейин түшкөн Курани каримди лавхул махфуздагы (тагдырлар жазыла турган китептеги) ирети боюнча окучу. Пайгамбарыбыз аны тыңдап, кайталачу. Ал кайтыш боло турган жылы эки жолу келип баарын окуду. Мухаммед алейхиссалам менен сахабалардын көпчүлүгү Курани каримди толугу менен жаттап алышкан эле. Кээ бирөөлөрү кээ бир жерлерин жаттап, көп бөлүгүн жазып алышкан эле. Мухаммед алейхиссалам дүйнөдөн өткөндөн кийин халифа Абу Бакр Сыддык (радиаллаху таала анх) аяттарды жатка билгендерди жыйнап, жазылгандарды чогултуп, Зейд бин Сабит жетектеген кеңеште Курани каримди толугу менен кагаз бетине түшүрткөн. Ошентип, "Мусхаф” деп аталган китеп пайда болду. Отуз үч миң сахаба бул мусхафтын ар бир тамгасын туура экендигине бир добуштан күбөлүк беришкен. Үчүнчү халифа Осман (радиаллаху анх) хижраттын жыйырма бешинчи жылы сүрөлөргө бөлүп, мусхафтан алты көчүрмө жаздырып, Бахрейн, Шам, Мысыр, Багдад (Куфа), Йемен, Мекке жана Мединага жиберди. Азыр бүткүл дүйнөдөгү мусхафтар ушул жетөөнөн көбөйтүлгөн. Алардын арасында бири-биринен эч айырмачылык жок.

Курани каримде 114 сүрө, 6236 аят бар. Аяттардын санынын өзгөртүлүп айтылуусунун себеби узун бир аяттын бир нече кыска аят деп көрсөтүлүүсүнөн, же бир нече кыска аяттын бир аят деп эсептелишинен, же болбосо сүрөлөрдүн башындагы "бисмиллах” сөзүнүн бөлөк аят деп эсептелинишен улам болгон.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш