Ислам дини » Курани карим » Курани каримди окуу




Курани каримди окуу


Мусулмандар өздөрүнүн ыйык китеби Курани каримди түп нуска түрүндө Аллаху тааладан сооп үмүт кылып окушат.

Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) бир хадисинде: "Үммөтүмдүн кылган ибадаттарынын эң жакшысы – Курани каримди мусхафка (китепке) карап окуу”, - деген. Хазрети Али айтат: "Намазда окулган Курандын ар бир тамгасы үчүн жүз сооп жазылат. Намаздын сыртында даарат менен окулса, ар бир тамгасы үчүн 25 сооп, дааратсыз (жаттагандарын) окуса он сооп жазылат. (Бирок, Курани каримди дааратсыз кармоого болбойт). Жүрүп бара жатып же иштеп жатып окула турган болсо, аз сооп жазылат. Маанисин түшүнүп, бир аят окуу - башка нерсени ойлоп отуруп Куранды баштан аяк окуудан артык”. Соңку кездерде карилердин Куранды музыкалык обон менен окуулары кездешип жатат. Бул - өтө чоң күнөө. Курани каримди Аллаху тааладан коркуп, муң менен окуу керек. Сүрө же аят окуганда "аузу” менен баштоо - важиб. Башка сүрөлөрдү "бисмиллах” менен баштоо - сүннөт. Курани каримди тажвид эрежелерине ылайык окуу керек. Куранды башынан аягына чейин окуунун, б.а., хатим кылуунун сообу өтө көп. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бир хадисинде мындай дейт: "Ибадаттардын эң жакшысы – Курани каримди баштан аягына чейин окуп бүткөндөн кийин кайрадан баштоо”. Дагы башка хадиси шарифтерде: "Курани каримди тажвид менен окуган адамга шейиттин сообу берилет”"Адамдын тыңдаган бир аяты кыяматта өзүнө нур болот”"Куран окуган кезде Аллаху тааланын ыраазылыгын жана Бейишти тилегиле! Дүнүйөлүк нерселерди сурабагыла. Ушундай убакыт келет, ал убакытта карилер Курани каримди адамдарга жакындоонун куралы кылып алышат”"Курани каримди толук окуган (хатим кылгандын) адамдын дубасы кабыл болот”, - деп айтылган.

Курани каримди китеп бетинен окуган кезде төмөндөкү жагдайларга көңүл буруу керек:

1- Даарат менен окууга тийиш. (Азыркы учурда кээ бир дин адамдары: "Курани каримди дааратсыз окууга болот”, - деп айтып жүрүшөт. Шайтандын өкүлдөрү болгон андай адамдарга алданып калбоо керек). Кыбыланы карап окуу керек.

2- Шашпай, маанисин түшүнүп окуу керек. Маанисин түшүнбөсө да акырын окуу керек.

3- Ыйлап отуруп окуу керек.

4- Ар бир аяттын маанисин сезип окуу керек. Бул деген, азап аяттарын коркуу менен, рахмат аяттарын берилүү менен жана танзих (Аллахты жаман сыпаттардан алыс деп билүү) аяттарын тасбих (мактоо) менен окуу дегенди билдирет.

5- Окууну "аузу-бисмиллах” менен баштоо керек.

6- Акырын добуш, тажвидге ылайык окуу керек.

7- Курани карим Аллаху тааланын каламы, б.а., сөзү. Ушуну назарга тутуп окуу керек. Окуудан мурда Аллаху тааланын улуулугун эске алып, ойлонуу керек. Башка нерселерди ойлонбой, ар бир сөзгө маани берип окуу кажет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш