Ислам дини » Курани карим » Курани каримдин котормолору жана тафсири




Курани каримдин котормолору жана тафсири


Курани каримди эч бир тилге, жада калса, араб тилине да которулбайт. Курани каримдин маанисин түшүнүү үчүн анын котормосун окубаш керек. Аяттын маанисин түшүнүү деген сөз Аллаху тааланын ушул аятта эмне дегиси келгендигин түшүнүү дегенди билдирет. Бир аяттын котормосун окуган адам Аллаху тааланын бул аяттагы максатын түшүнө албайт. Которгон адамдын илим деңгээлине жараша жазган маанисин гана окуган болот. Жахил (сабатсыз), динсиз адам жазган котормону окуган киши Аллаху тааланын айткандарын эмес, котормочунун өзүнчө түшүндүм деп ойлогон өз акылындагы нерсени үйрөнөт.

Курани карим-ахками илахий (Аллахтын өкүмдөрү) болуп эсептелет. Бул - Жараткандын белгилеген мыйзамдары дегенди билдирет. Аллаху таала Курани каримде кулдарына бакытка жетүүнүн жолдорун көрсөткөн жана өзүнүн сөзүн адамдардын эң улуусуна жиберген. Курани каримдин маанисин бир гана Мухаммед алехиссалам түшүнөт. Башка эч ким толук түшүнө албайт. Сахабалардын өздөрү араб тилдүү болушканына карабастан, кээ бир аяттардын маанисин түшүнө албай, аны Мухаммед алехиссаламдан сурашкан. 

Хазрети Умар (радыйаллаху анх) бир күнү бир жерден өтүп бара жатып пайгамбарыбыз Мухаммед алехиссаламдын Хазрети Абу Бакрга бир нерсени түшүндүрүп жатканын көрөт. Алардын жанына келип, угуп турат. Муну башка сахабалар да көргөнү менен, алардын жанына келип угуудан тартынышат. Алар эртеси күнү Хазрети Умардан сурашат: "Эй, Умар! Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) кечээ сизге эмнени түшүндүрүп берди эле? Бизге да айтыңыз, биз да билип алалы”. Анткени, Расулуллах: "Менден уккандарыңарды дин бир тууганыңарга да айткыла. Бири - бириңерди кабардар кылгыла”, - деген. Хазрети Умар (радыйаллаху анх): "Кечээ Абу Бакр (радыйаллаху анх) Курани каримден түшүнбөгөн бир аяттын маанисин сураптыр. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ага түшүндүрүп берди. Мен дагы бир саат бою угуп турдум. Бирок, эч нерсе түшүнө алган жокмун”, -деп жооп берет. Себеби, Расулуллах аны Абу Бакрдын жогору даражасына ылайыктап түшүндүрүп берген эле. Хазрети Умардын (радыйаллаху анх) даражасы да жогору болчу. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз: "Мен-пайгамбарлардын эң акыркысымын. Менден кийин пайгамбар келбейт. Эгер менден кийин пайгамбар келгенде, Умар пайгамбар болоор эле”, -деген. Ошондой жогорку даражасына жана араб тилин өтө жакшы билүүсүнө карабастан Курани каримдин тафсирин дагы түшүнө албады. Жабраил алейхиссаламдын өзү да Курани каримдин маанисин Пайгамбарыбыздан сурачу. Абдулгани Наблусий "Хадика” китебинде: "Расулуллах (саллалаху алейхи васаллам) Курани каримдин толук тафсирин сахабаларына түшүндүрүп берген. Бул тууралуу улуу Ислам аалымы Жалалиддин Суюти кабар берген”, -деп жазат.

Кыскача айтканда Курани каримдин маанисин бир гана Мухаммед алейхиссалам түшүнгөн жана аны хадистер аркылуу түшүндүрүп берген. Курани каримге толук жана анык тафсир кылган адам - Мухаммед алейхиссалам. Эң туура тафсир китеби да - анын хадиси шарифтери, аларды эң жакшы түшүнгөн адамдар да - сахабалар. Ислам дининин улуу аалымдары тынымсыз эмгектенишип, болгон күчтөрүн, өмүрлөрүн ошол хадистерди жыйнап, тафсир китептерин жазууга арнашкан. Алардын ичинен эң баалуусу - "Байдави” ("Энвар-ут-танзил”) (казы Абдуллах бин Умар Байдави, 1286-ж. Табризде кайтыш болгон) китеби. Ушул тафсир китептерин түшүнө алуу үчүн да көп жылдар окуп, эмгектенүү керек.

Ислам илими 20 бөлүмдөн турат. Алардын 80 тармагы бар. Алардын бири-тафсир илими. Ушул ар бир илим тармагынын өз аалымдары менен китептери бар. Бул 80 илим тармагын үйрөнгөндөр тафсирлерди түшүнүп, башка мусулмандарга түшүндүрүп берүү үчүн миң деген китептерди жазышкан. Түрк тилинде жазылган "Мавакиб”, "Тибян” жана "Абуллайс” аттуу баалу тафсир китептери бар. Ислам душмандары, бидатчылар Курани каримдин маанисин бурмалап бузуу үчүн жаңылыш тафсир жана котормолорду жазууга аракет кылышкан. Андай ууланган китептерди окугандар бидат оорусуна чалдыгат. Курани каримди жана хадиси шарифтерди жаңылыш түшүнүү же ага шектенүү адамдын ыйманын кетирип, куфурга түшүп калуусуна себеп болот.

Курани каримдин туура, акыйкат маанисин түшүнүнгүсү келген адам ахли сүннөт аалымдарынын "калам”"фикх” жана "ахлак” китептерин окуусу керек. Ахли сүннөт аалымдары бул илимдерди асхабы кирамдан үйрөнүшкөн. Алар да Пайгамбарыбыздан угуп үйрөнүшкөн.

Курани каримдин башка тилдердеги котормолору Куран деп эсептелбейт. Алар "Курани каримдин түшүндүрмөлөрү” деп аталат. Алар адис болгон, илимдүү мусулмандар тарабынан которулса, аны окууга болот. Бирок, аларды Куран деп окууга болбойт. Курандын мааниси деп окуса күнөө болот. Мусулмандар Курани каримди Аллаху таала кандай түшүргөн болсо ошол бойдон окууга тийиш. Маанисин түшүнбөй окуса да сооп болот. Ал эми, маанисин түшүнүп окуса, албетте, чоң сооп алган болот.

Курани карим латын же кирилл тамгалары менен жазылбашы керек. Анткени, бул тамгалар Курани каримдин тыбыштарын дал өзүндөй кылып бере албайт. Ошол себептен мааниси да бузулат. Азыркы учурда көптөгөн кишилердин ушундай жаңылыш котормолорду жана латын (кирилл) тамгаларында жазылган түшүнүксүз китептерди "Эне тилинде Куран” деген жагымдуу ураан менен жаштарга сунуп жатышкандыгы байкалат. Ушуларга алданып калбоо керек. Исламды үйрөнүүнү андай китептерден баштабаш керек. Курани каримдин котормолорунан динибиздин өкүмдөрүн үйрөнүү мүмкүн эмес. Динде хадис, ижма жана кыяс аркылуу чыгарылган өкүмдөр да кездешет. Бул төрт негиз "адилла-и шарийа” (Шарияттын далилдери) деп аталат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш