Ислам дини » Курани карим » Курани каримдеги маалыматтар




Курани каримдеги маалыматтар


"Мавдуат-ул-улум" (Кемаледдин Мухаммед, 1623-ж. Стамбулда кайтыш болгон) китебинде: "Курани каримдеги маалыматтар үч бөлүмдөн турат.

Аллаху таала маалыматтардын бир бөлүмүн эч бир кулуна билдирген эмес. Анын өзүн, ысымдарын жана сыпаттарын өзүнөн башка эч ким биле албайт.

Экинчи бөлүм бир гана Мухаммед алейхиссаламга билдирилген болуп, аны да улуу пайгамбарлар менен анын мурасчылары болгон расих аалымдардан башка эч ким түшүнө албайт.

Үчүнчү бөлүм – Аллаху тааланын Мухаммед алейхиссаламга көрсөтүп, аны үммөттөрүнө да үйрөтүүсүн буйрук кылган маалыматтар. Бул маалыматтар да экиге бөлүнөт. Биринчиси, "кысас” жана "ахбар”. Кысас - өткөн үммөттөрдүн жагдайын билдирет. Ахбар - бул дүйнө жана акыретте жараткан жана жарата турган нерселерин билдирүүчү илим. Экинчиси, акыл, тажрыйба жана араб тили илимдери аркылуу үйрөнүлө турган илимдер болуп эсептелет”, - деп билдирилген.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш