Фатиха сүрөсүнүн пайдасы


Суроо: Ар намазда окулган Фатиха сүрөсүнүн мааниси кандай?

Жооп

Умм-ул-Куран деп дагы аталган Фатихаи шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:

"Мээримдүү жана ырайымдуу Аллаху тааланын ыйык ысымын окуп баштаймын.

Ааламдардын Раббиси – Аллахка хамд-мактоо болсун!

Аллаху таала дүнүйөдө жана акыретте кулдарына өтө ырайымдуу, мээримдүү.

Кыямат күнүнүн малики [ээси, падышасы] жалгыз гана Ал.

Биз жалгыз гана Сага ибадат кылабыз [Сенден башка ибадатка ылайык жана акысы болгон эч бир нерсе жок] жана жалгыз Сенден сурайбыз. Бизди [ишенимибизде, иштерибизде, сөздөрүбүздө жана ахлагыбызда орто жол болгон] туура жолдо кыл! [Бул жолдо бизди бекем кыл!] Бизди өздөрүнө [фадл жана ихсаның менен] нимат бергендериңдин [пайгамбарлардын, олуялардын жана сыддыктардын] жолунда болтур! [Хакты кабылдабай] сенин каарыңа туш болгондордун жана жолдон тайгандардын жолунда болтурба! [Амин].[Ж.Веремеди Китеби]

Фатихаи шарифтин пайдалары тууралуу бир канча хадиси шарифтин мааниси:

"Фатиха жана Аят-ал курси окуган адамга ал күнү жин жана шайтан зыян бере албайт, назар (көз) тийбейт.” [Дайлами]

"Пайдасы эң көп болгон сүрө – Фатиха, ар дартка шифаа.” [Байхаки]

"Эң пайдалуу сүрө – Фатиха.” [Хаким]

"Фатиха сүрөсү Аллаху тааланын ачуусун кайтарат.” [Шир’а]

"Фатиха сүрөсү ууларга шифаа.” [Абу-ш-шайх]

Сахабалардын бири Фатиха сүрөсүн окуганын айтканда Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди:

"Ант берип айтамын, Аллаху таала Тооратта да, Инжилде да, Забурда да жана Фурканда да ал сүрөнүн окшошун түшүргөн эмес. Ал намаздарда кайталанган жети аят болуп, мага берилген Курани азимден.” [Тирмизи]

Пайгамбарыбыз Жабраил алейхиссалам менен бирге отурганда бир периште келип айтты:

"Сенден мурда эч бир пайгамбарга берилбеген жалгыз сага гана берилген эки нурдун куш кабарын билдирүүдөмүн. Алар Фатиха сүрөсү менен Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аяттары. Бул экөөнү окусаң тилегениң сөзсүз берилет.” [Муслим]

Сахабалардын бири жылан чагып алган бир уруунун башчысына Фатиха сүрөсүн окуганда Аллаху тааланын уруксаты менен айыкты. Уруу башчысы отуз койду белек кылып берди. Сахаба зат жаиз болобу же жокпу деп Пайгамбарыбыздан сурады. Расулуллах: "Эмне окудуң эле?”– деди. Ал да Фатиха сүрөсүн окуганын айтканда ага мындай деди:

"Фатиханын шифаа экенин кантип билдиң? Ал койлорду жаныңардагылар менен бөлүшкүлө жана мага да бир хисса бөлүп койгула!” [Бухари]

Дуба окулушу билдирилген жерлерде Фатиханы окуу жакшыраак болот. Фатиха сүрөсү дубалардын эң жакшысын билдирүү үчүн түшүрүлгөн. Имам ал-Фатиха дегенде ар кимдин үнсүз окуусу жакшы болот. Анткени, дубалардын аягында хамд кылуу мустахаб. Хамд кылуунун эң жакшысы да Фатиха окуу. (Барика)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш