Бакара сүрөсү


Суроо: Бакара сүрөсү кандай маанилүүлүккө ээ?

Жооп

Бул сүрөдө Аллаху тааланын бар экендиги, кудурети, улуулугу, пайгамбарларга моюн сунуунун маанилүүлүгүн билдирген бакара [уй] мууздоо окуясы баяндалат. Ошондуктан, бул сүрө Бакара сүрөсү деп аталган. Бакара сөзү сүрөнүн 67, 68, 69 жана 71-чи аяттарында өтөт. Сүрө айрыкча миңдеген маселелерди, акыйкаттарды камтыйт. (Мавахиб-и алиййа)

Бакара сүрөсүн окуу абдан пайдалуу. Бул тууралуу бир канча хадиси шарифтердин маанисинде мындай деп айтылат:

"Бакара сүрөсүн окуган адамга Бейиште бир таажы кийгизилет.” [Байхаки]

"Бардык нерсенин бир чокусу болот. Курандын чокусу болсо - Бакара сүрөсү. Кечинде окулса, үч түнү-күндүз окула турган болсо үч күн ал үйгө шайтан келе албайт.” [Абу Йала, Табарани]

"Бакара сүрөсүнүн ар бир аяты менен сексен периште түшкөн. "Аллаху ла илаха илла хувал Хаййул каййум” Арш-ы ала кабатынан чыгарылып, васыл кылынган.” [И. Ахмед]

"Куран сүрөлөрүнүн абзели Бакара сүрөсү, Бакара сүрөсүнүн аяттарынын эң улугу Аятал-курси. Шайтан Бакара сүрөсү окулганын уккан үйдөн чыгып кетет.” [Рамуз]

"Жиндердин жамандарына Бакара сүрөсүнүн ушул аяттарынан да катуураак келген башка нерсе жок. "Ва илахукум илахун вахидун” аятынан баштап эки аят.” [Дайлами]

"Үйүңөрдү кабырга айландырып албагыла, намаз окугула. Шайтан Бакара сүрөсү окулган үйдөн качат.” [Муслим]

"Сөздөрдүн сеййиди - Куран. Курандын сеййиди - Бакара сүрөсү, Бакаранын сеййиди болсо - Аят-ал-курси.” [Дайлами]

"Куран окугула. Анткени, Куран Кыяматта окугандарына шафаат кылуу үчүн келет. Эки нурдуу сүрө болгон Бакара менен Ал-и Имран сүрөсүн окугула. Себеби, бул эки сүрө Кыяматта эки бөлүк булут, эки көлөкө же бир сапта тизилген эки топ куш сыяктуу окугандарды жана өкүмдөрүнө ылайык амал кылгандарды коргоо үчүн келет. Бакара сүрөсүн окууну улантуу берекет, окубай таштап коюу болсо өкүнүч. Жалкоо болгон адамдын муну окууга алы жетпейт.” [Муслим]

Аманаррасулу деп билинген аяттар Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аяты. Аят-ал-курси 255-чи аяты. Бир канча хадиси шарифтердин мааниси:

"Аят-ал-курси аяттардын сеййиди болуп саналат. Бир жерде окулганда шайтан ал жерде тура албай сөзсүз качып кетет.” [Хаким]

"Аят-ал-курси Курани каримдин төрттөн бири.” [Абу-ш-шайх]

"Ар фарз намаздан кийин Аят-ал-курсини окугандын Бейишке кирүүсү үчүн эч кандай тоскоолдук жок.” [Насаи, Ибни Хиббан, Байхаки, Табарани]

"Түнү Аманаррасулуну окуганга бардык нерсе үчүн жетиштүү болот. Бул эки аятты куптан намазынан кийин окуганга түнү бою ибадат кылды деген сооп берилет.” [Шир’а]

"Мага Арштын астындагы казынадан менден мурдагы эч бир пайгамбарга берилбеген Бакара сүрөсүнүн акыркы аяттары [Аманаррасулу] берилди.” [И. Ахмед]

"Рахмат, Куран жана дуба болгон Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын үйрөнгүлө, бала-бакыраңарга дагы үйрөткүлө!” [Хаким]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш