Дин каерден үйрөнүлөт?


Суроо: Исламга жана Куранга моюн сунуу жана динибизди үйрөнүү үчүн меал (б.а., Курани каримдин мааниси деген китептерди жана башка тилдеги котормолорун) жана тафсир окуш керекпи?

ЖООП
Исламга, Куранга моюн сунуу, дин үйрөнүү меал жана тафсир окуу менен эмес бир гана хак болгон төрт мазхабдын бирин карманып жана бул мазхабга тийиштүү болгон өкүмдөрдү үйрөнүү менен болот. Кимде ким Курани каримден, тафсирден өз акылы менен түшүнгөн нерселерине моюн суна турган болсо Исламга моюн сунган болбойт. Курани каримде бардык өкүмдөр бар болгону менен буларды Расулуллах алейхиссалам хадиси шарифтери менен ачыктап түшүндүргөн. Расулуллахка моюн сунуу фарз. Курани каримде мындай мааниде буюрулууда:

"Айт: "Эгер Аллахты сүйсөңөр мага баш ийгиле!.”” [Ал-и Имран 31]

"Туура жолду табуу үчүн Ага баш ийгиле.” [Араф 158]

"Расулга баш ийгендер Аллахка баш ийген болот.” [Ниса 80]

Имам Раббани хазреттери айткан:

Аллаху таала Курани каримде Мухаммед алейхиссаламга моюн сунуунун Өзүнө моюн сунгандык экендигин билдирүүдө. Ошондуктан, Расулуллахка баш иймейинче Ага баш ийген боло албайт. Мунун так жана кубаттуу экендигин билдирүү үчүн: "Албетте, сөзсүз ушундай”, - деп баса белгилеп, туура ойлонбогондордун бул эки баш ийүүнү бири-биринен өзүнчө-өзүнчө кароолоруна орун калтырган жок. Аллаху таала дагы да: "Капырлар Аллаху тааланын буйруктары менен пайгамбарларынын буйруктарын бири-биринен бөлүүнү каалап жатышат. Бир бөлүгүнө ишенебиз, бир бөлүгүнө ишенбейбиз дешүүдө. Ыйман менен куфурдун ортосунда бир жол ачкылары келүүдө. Алардын бардыгы капыр. Капырлардын бардыгына Жаханнам азабын, өтө катуу азаптарды даярдадык”, - деп билдирүүдө. [152. мактуб]

Хадиси шарифтердин маанилүүлүгү

Пайгамбарыбызга "саллаллаху алейхи ва саллам” баш ийүүнүн мааниси билингенден кийин Курани каримдин түшүндүрмөлөрү болгон хадиси шарифтерге дагы баш ийүүнүн зарылдыгы билинет. Сүннөт, б.а., хадиси шарифтер болбогондо намаздардын канча рекет экендиги жана кантип окула тургандыгы, зекет нисабы, орозонун, ажылыктын фарздары, укук маалыматтары билинмек эмес. Б.а., эч бир адам буларды Курани каримден чыгара алмак эмес. Ошондуктан, Курани каримди түшүнүү үчүн анын түшүндүрмөсү болгон хадиси шарифтерге муктаждык бар. Хадиси шарифтерди дагы туура түшүнө алыш үчүн аалымдарга муктаждык бар. Бул жагынан алып караганда пайгамбарыбыз Ислам, Куран жолунда болууну каалаган адамдын бир аалымга уюп, бир мазхабды кармануусун буйрук кылууда. "Аалымдарга моюн сунгула!” – деп буюрууда. (Дайлами)

Аллаху таала да аалымдарга моюн сунууну буйрук кылууда: "Аалымдардан сурагыла!”жана "Пайгамбарлардын буйруктарын аткаргыла, тыюу салган нерселеринен сактангыла!” – деп буюрууда. (Нахл 43, Хашр 7)

Ахмед Тахтави хазреттери: "Курани каримдеги "Аллахтын жибин кармангыла!” деген буйрук "Фыкых аалымдары билдирген нерселерге баш ийгиле!” дегенди билдирет”, - деп айткан. (Дурр-ул-Мухтар хашиясы)

Өз оорусун жана көңүлүндөгү оорусунун дарысын билбеген жахилдердин (дин сабатсыздарынын) хадиси шарифтерден өзүнө туура келгендерин тандап алуусу мүмкүн эмес. Ислам аалымдары көңүл, рух уста адистери болуу менен бирге ар кимдин өзүнө ылайык рух дарыларын хадиси шарифтерден тандап билдиришкен. Пайгамбарыбыз дүнүйө дарыканасына жүз миңдеген дары даярдаган башкы табып болсо, олуя жана аалымдар болсо бул даяр дарыларды оорулуулардын дарттарына карап ылайыгын тараткан жардамчы табиптер сыяктуу. Оорубузду билбегендигибиз, дарыларды тааныбагандыгыбыз үчүн жүз миндеген хадиси шарифтин ичинен өзүбүзгө дары издөөгө кирише турган болсок аллергия пайда болуп, жахилдигибиздин (сабатсыздыгыбыздын) жазасын тартып, өзүбүзгө пайда кылам деп зыян кылабыз. Ошондуктан, иштин адиси болгон Ахли сүннөт аалымдарына баш ийишибиз керек. Аалымдарга баш ийүү болсо 4 мазхабдын бирине баш ийүү дегенди билдирет. Кылымдардан бери бардык Ислам аалымдары төрт мазхабдан бирине баш ийишкен жана мусулмандардын дагы баш ийүүлөрү керек экендигин билдиришкен. Буларга баш ийүүдө ижма пайда болгон. Ижмадан, жамааттан бөлүнгөн адам куруп, зыянга учурайт. Хадиси шарифтерде буюрулду:

"Эки киши бир кишиден, үч киши эки кишиден жакшы. Андай болсо, жамаатта биргеликте болгула! Аллахтын ыраазылыгы, рахматы, жардамы жамаатка болот. Жамааттан бөлүнгөн адам Жаханнамга түшөт.” [Ибни Асакир]

"Үммөтүмдүн аалымдары эч убакта далалатта биригишпейт.” [Ибни Маже]

Хадиси шарифтерди да сахих же бузук экендигин билбестен айтуу сахих болсо дагы күнөө болот. Мындай адамдын хадиси шариф окуусу жаиз болбойт. Хадис китептеринен хадис накыл кылуу үчүн хадис аалымдарынан ижазат алган болуу керек. Хадиси шарифтердин дагы сахих же сахих эмес экендигин билбестен сахих хадиси шарифти айтса дагы күнөө болот. Хадиси шарифте: "Билбеген сөзүн хадис деп айткан Жаханнамда азап тартат”, - деп айтылды. Ошондуктан, аалым болбогон адамдын хадис окуп түшүнгөн нерсеси менен амал кылуусу жаиз эмес. (Барика)

Курани каримди бир гана Расулуллах алейхиссалам түшүнгөн, хадиси шарифтери менен ачыктаган. Бул хадиси шарифтерди дагы бир гана Асхабы кирам жана мужтахид аалымдар түшүнө алышкан, мусулмандар болсо мына ошол улуу аалымдардын түшүнүп билдирген нерселерине баш ийишкен.

Ошондуктан, Курандан, хадистен жана булардын котормолорунан дин үйрөнүү мүмкүн эмес. Ар бир мусулман адам динин Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринен даярдалган илмихалдардан окуп үйрөнүүлөрү керек!

Фыкых китептери турганда

Суроо: Динибизди кайсы тафсир жана хадис китептен үйрөнсөм жеңилирээк болот?

ЖООП

Эң баалуу тафсир Байдави тафсири болуп саналат. Эң баалуу хадис китептери Кутуб-и ситта деп аталган алты хадис китеби болуп саналат. Бирок, биз сыяктуулардын динибизди бул китептерден үйрөнүүсү мүмкүн эмес. Мухаммед Хадими хазреттери айтат:

Тафсир Аллаху тааланын сөзүнөн Аллаху тааланын муратын түшүнүү дегенди билдирет. Өз көз карашы менен тафсир кылуу жаиз эмес. Хадиси шарифте: "Курани каримди өз көз карашы менен чечмелеген адам туура жолдо болсо дагы ката кылган болот”, - деп айтылган. Хадистерди дагы хадис китептеринен эмес Ислам аалымдарынын фыкых, ахлак китептеринен накыл кылуу менен айтуу же жазуу керек. (Барика)

Имам Шарани хазреттери айткан:

"Хадиси шарифтер Курани каримди чечмелейт. Мазхаб имамдары болсо хадиси шарифтерди чечмелешкен. Дин аалымдары мазхаб имамдарынын сөздөрүн чечмелешкен. Дааратты, намаздардын канча рекет экендиктерин, руку жана саждаларда окула турчу таспихтерди, Айт жана жаназа намаздарынын кандайча окула тургандыгын, зекет нисабын, орозонун жана ажылыктын фарздарын Курани каримден чыгаруу мүмкүн эмес.”

Имран бин Хусайн хазреттери: "Бизге бир гана Курандан айт”, - деген адамга: "Эй, акмак, Курани каримде намаздардын канча рекет экендигин таба аласыңбы?” – деген. Хазрети Умар дагы фарздардын сапарда канча рекет кылына тургандыгын Курани каримде таба албадык дегендерди карап мындай деген:

"Аллаху таала бизге Мухаммед алейхиссаламды жиберди. Биз Курани каримде таба албаган нерселерибизди Расулуллахтан кандай көргөн болсок ошондой орундап жатабыз. Ал сапарда жүргөндө төрт рекеттик фарздарды эки рекет кылып окучу. Биз дагы ошондой кылабыз.” (Мизан-ул-кубра)

Абдулгани Наблуси хазреттери айткан:

Фыкых маалыматтарын терең аалымдар аяти карималардан жана хадиси шарифтерден чыгарышкан. Булар бир гана фыкых китептеринен үйрөнүлөт. Фыкых китептери турганда дин маалыматтарын тафсирлерден үйрөнүүгө белсенүү нафил ибадат болот. Фарз-ы айн болгон фыкых китептерин окууну таштап нафил болгон тафсир окуу жаиз эмес. Ансыз деле мужтахид болбогон адамдардын тафсирден фыкых маалыматын үйрөнүүсү мүмкүн эмес.

Жаханнамга бара турчу жетимиш эки фырканын аалымдары тафсирлерден ката маани чыгарып жолдон тайышкан. Аалымдар адашып жатканда аалым эместердин тафсир окуулары коркунучтуу. Тафсир китептерин түшүнө алуу үчүн бутагы болуп саналган сексен илим менен бирге жыйырма негизги илимди үйрөнүү керек.

Курани каримдин чыныгы маанисин үйрөнгүсү келген адам дин аалымдарынын келам, фыкых жана ахлак китептерин окуусу керек. (Хадика)

Нахл сүрөсүнүн 44. аятында: "Адамдарга түшүргөндөрүмдү аларга баян кыласың”, - деген мааниде билдирилген. Баян кылуу Аллаху тааладан келген аяттарды башка сөздөр менен жана башка түрдө түшүндүрүү болуп саналат. Үммөттүн аалымдары дагы аяттарды баян кыла алышканда жана жабык болгондорун ачыктай алышканда Аллаху таала Пайгамбарына сага вахий кылынгандарды таблиг кыл деп, баян кылуусун буйрук кылмак эмес.

Расулуллах Курани каримде кыскача билдирилген нерселерди чечмелеп бербегенде жана мазхаб имамдары дагы жабык билдирилген нерселерди чечмелешпегенде буларды эч бирибиз түшүнө алмак эмеспиз. Өтө бийик аалым болгон мазхаб имамдары да хадиси шарифтерди чечмелешкен. Бул аалымдар Расулуллахтын мурасчылары болуп саналат.

Расулуллахтын алып келген нерселеринин бардыгына хикматтарын, далилдерин түшүнбөсөк да ыйман келтирип тастыктообуз керек болгондой эле мазхаб имамдарыбыздан келген маалыматтарга да далилдерин түшүнбөсөк да ыйман келтирип тастыктообуз керек болот.

Пайгамбарлардын бардыгынын диндеринде амалга тийиштүү бири-бирине каршы өкүмдөр болсо дагы бардыгына ыйман келтирип тастыктообуз керек. Мазхабдар дагы ушул сыяктуу.

Мужтахид болбогон адам мазхабдардын арасында дал келбеген нерселер болгондугун көрсө да бардыгына ыйман келтирип тастыктоосу керек. Мужтахид болбогон бир адамдын бир мазхабды ката деп көрүүсү ал мазхабдын каталуу экендигин көрсөтпөйт. Ал адамдын өзүнүн каталуу экендигин, түшүнүгү алсыз экендигин көрсөтөт. (Мизан-ул-кубра)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш