Ислам дини » Кошумча темалар » Куран котормосу жана тафсир » Жетимиш эки адашкан фырка (секта) кантип пайда болду?




Жетимиш эки адашкан фырка (секта) кантип пайда болду?


Суроо: "Курани каримди жеке көш карашы менен тафсирлеген (чечмелеген) адам капыр болот” деген маанидеги хадиси шариф билдирилүүдө. Андан башка "72 адашкан фырка Куранды жаңылыш тафсир кылгандыгы үчүн Тозокко барат, бирок, түбөлүк калбайт” деп айтылууда. Бул карама-каршылык эмеспи?

Жооп

Бул жерде карама-каршылык жок. Жеке көз карашы менен тафсир кылуу бөлөк нерсе, аяттарды жаңылыш түшүнүү бөлөк нерсе.

Абдулгани Наблуси хазреттери айтат:

"Ижма жана зарылдык менен билдирилген ишенүү жана орундоо керек болгон дин маалыматтарында ижтихад кылуу жаиз эмес. Себеби, буларга ишенбеген адам капыр болот. Бул үммөттөн айрымдары итикадда (ишенимде) ижтихад кылып, 73 фыркага айрылды. Курани каримде жана хадиси шарифтерде ачык билдирилбеген жана ачык болгондордун да маанилери ижма жана зарылдык менен түшүнүлбөгөн иштерде ижтихад кылуу жаиз. Ишенүү зарыл болгон маалыматтарда ижтихад кылуу такыр жаиз эмес. Мындай маалыматтарда ижтихад кылганда жаңылуу куфур болбосо дагы чоң күнөө болот. Мусулмандардын 73 фыркасынан 72 фыркасы ушинтип жаңылып, туура жолдон тайган жана Битат ахли болгон. Булар жаңылыш ишенимдеринин жазасы катары Тозокко барышат. Бирок, алар мусулман болгондуктан Тозокто түбөлүк калышпайт, азап көргөндөн кийин Тозоктон чыгарылат.” (Хадика)

Сеййид Ахмед Тахтави хазреттери айтат:

"72 бидат фыркасынан капыр болбогондор ахли кыбыла болуп саналат. Булардын эч бири капыр эмес. Бирок 72 фырканын кандайдыр биринде экенин айткан бир киши Курани каримде жана хадиси шарифтерде ачык билдирилген жана мусулмандардын арасында кеңири жайылган маалыматтардын бирөөнө болсо дагы ишенбесе капыр болот. (Тахтави)

Тозокко бара тургандыгы билдирилген 72 фырканын аалымдары мужтахид болбогондуктары үчүн жана тафсирлерден жаңылыш маани чыгаргандыктары үчүн туура жолдон тайышты. Курани каримдин жана хадиси шарифтердин маанилерин ар ким туура түшүнө алганда 72 фырка чыкмак эмес. Бул фыркаларды чыгаргандар мужтахид эмес, бирок, бардыгы терең аалым эле. Ошентсе да, эч бири Насслардын [Курани карим менен хадиси шарифтердинмаанилерин туура түшүнө албады. Жаңылыш түшүнүп, туура жолдон тайды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш