Ислам дини » Курмандык » Курмандык чалуу кимдерге важиб




Курмандык чалуу кимдерге важиб


Суроо: Курмандык чалуу кимдерге важиб?

ЖООП

Муну бир канча пункттар менен билдирели:

1- Курмандык деп кой, эчки, ача туяк бодо мал же төөнү Курман айттын алгачкы үч күнүндө курмандык ниети менен союуну айтышат. Курмандык важиб милдетин орундап, сооп табуу үчүн союлат. Муким болгон, акыл эстүү, балакат жашына келген эркин жана мусулман эркек менен аялдын өз зарылчылыгынан артык болгон нисап өлчөмүндө (96 гр алтын) мал-оокаты же акчасы бар болсо Курман айт үчүн ниет кылып, белгилүү күндөрдө белгилүү малдарды курмандыкка чалуусу важиб болот.

Диний өкүм боюнча эрди-катындын кайсынысы бай болсо курмандыкты ошол чалат, экөө тең бай болсо экөө тең чалат, экөө тең кедей болсо экөө тең чалбайт. Кедей курмандык чалууга милдеттүү эмес, бирок, чалса өтө сооптуу болот.

Курмандык дүнүйөдө важиб милдетти орундоо жана акыреттеги сообуна ээ болуу үчүн чалынат. Атанын баласы үчүн, баласынын байлыгынан да курмандык чалуусу керек эмес. Акылсыз адам менен эсин жоготкон адам жаш бала өкүмүнө жатат. Чоңойгон баласы же аялынын уруксатысыз алардын атынан курмандык чалууга болбойт.

2- Муким, акыл эстүү жана балакат жашындагы мусулмандын зарыл дыгынан артык нисап өлчөмүндө мал-оокаты же акчасы бар болсо курмандык чалуусу важип болот. Курмандык чалуунун важиб болушу үчүн айттын үчүнчү күнүнө көңүл бурулат. Айттын биринчи же экинчи күнү бай-кедей, муким-мусаапыр, акылдуу-акылсыз, эстен танган-эстүү болушуна каралбайт. Айттын үчүнчү күнү нисапка ээ болсо жана башка шарттар да бар болсо курмандык чалуу важиб болот.

Демек, айттын экинчи күнү балакатка кире элек болсо үчүнчү күнү балакатка кирген адамга, айттын алгачкы күндөрү кедей болуп, үчүнчү күнү бай болгон адамга, айттын алгачкы күндөрү сапарда болуп, үчүнчү күнү муким болгон адамга башка шарттар да бар болсо курмандык чалуу важиб болот.

3- Айттын алгачкы күнү комада болуп, үчүнчү күнү өзүнө келген адамдын башка шарттар да бар болсо курмандык чалуусу важиб болот. Айттын экинчи күнү эстен танып, үчүнчү күнү күн баткандан кийин өзүнө келген бай адамдын курмандык чалуусу важиб болбойт.

4- Кедей адам айттын биринчи же экинчи күнү бир курмандык чалса жана айттын үчүнчү күнү бай болсо дагы бир курмандык чалуусу керек болот. Анткени, биринчисин важиб болбосо дагы чалган болчу. Бирок, Беззазиййа сыяктуу ишеничтүү китептерде жана кийинки аалымдар: "Кедей адам айттын биринчи күнү курмандык чалса, үчүнчү күнү бай болсо кайра курмандык чалуусу керек эмес”, - деп билдиришкен.

5- Үчүнчү күнү бай боло турганын билген адамдын биринчи күнү курмандык чалса болот.

6- Бир бай адам айттын биринчи жана экинчи күнү курмандык чалбастан өлсө курмандык карызы менен өлгөн болбойт.

7- Курман айттын үчүнчү күнү кедей боло турганын же сапарга чыга турганын билген адамдын биринчи күнү курмандык чалуусу важиб болбойт. Эгер чала турган болсо важиб катары өтөгөн болот.

8- Муким кезде айттын биринчи жана экинчи күнү сапарга чыккан адамдын курмандык чалуусу важиб болбойт. Андан мурда чалган болсо важиб сообун алат. Чалбаган болсо сапарга чыккандыгы үчүн карыз мойнунан алынган болот.

9- Муким бир бай адам сапардагы бир өкүлгө курмандык чалдырса важип сообун алат.

10- Туткун кезинде үчүнчү күнү боштондукка чыккан адамдын башка шарттар да бар болсо курмандык чалуусу важиб болот. Эркин болуп туруп, айттын үчүнчү күнү туткунга түшүп, күн батканга чейин туткунда калган адамдын курмандык чалуусу важиб болбойт.

11- Талаасынан алган түшүм же талаасынын, үйүнүн, дүкөнүнүн (отельесин, грузовигинин) бир жылдык аренда акчасы канча көп болсо дагы үй-бүлөсүнүн бир жылдык зарылдыктарын же бир айлык кирешеси жана алган айлыгы бир айлык зарылчылыктарын жана карыздарын камсыз кыла албаган адам Имам Мухаммеддин өкүмү боюнча кедей болуп саналат. Фатва да ушундай. Шейхайндын (Имам Азам жана Имам Абу Юсуф) өкүмү боюнча бай болуп саналат. Өз мүлкү болгон талаасынын жана бул кыймылсыз мүлктөрүнүн куну зарылчылыгын жаап жана нисап өлчөмүнө да жете турган болсо, ал адамдын аренда акчасынан ар алганда бир бөлүгүн жыйнап, фытра берүүсү жана курмандык чалып чоң соопко жетүүсү керек. Мындай адам фытра бербесе жана курмандык чалбаса Имам Мухаммеддин өкүмү боюнча күнөөдөн кутулат. Талаасынан эч кандай түшүм албаган, арендага да бербеген адам жана зарылчылыгынан артык мал-оокаты болуп, бирок, акчасы болбогон адам Имам Мухаммедге уюп, фытра бербейт жана курмандык чалбайт. Фытра берип, курмандык чалса экинчи ижтихад боюнча фытра жана курмандык сообуна ээ болот.

Алган арендасы менен алсыз турган адам нисапка ээ болсо акча жыйнап, фытра берүүсү жана курмандык чалуусу керек. Эттин бардыгын кууруп, бир канча ай эттин акчасынан жыйнап, келерки жылдын фытра жана курмандыктын акчасы катары сактоосу зарыл. Ушинтип, фытра менен курмандык сообунан куру калбоо керек. Үй-бүлөсүндө киши көп болуп, жагдайы кыйын болгон адамдын курмандыктын этин үйүнө калтыруусу мустахаб. Бирден көп үйү болгон эркектин нисаптан түшүрө тургандай карызы болбосо курмандык чалуусу керек.

Суроо: Канча жашта балакат жаш болот. 13 жашар балама курмандык чалуу керекпи?

ЖООП

Кыздар 9 жашында, эркектер 12 жашында балакат жашына жетиши мүмкүн. Айрымдарда кечигүү да болушу мүмкүн. 15 жашка толгондо жыныстык жагынан бойго жетпесе дагы балакатка жетти деп эсептелинет.

Балакатка жеткен болсо жана 96 гр. алтыны же анын кунуна тең акчасы бар болсо курмандык чалуусу керек болот. Балакатка жетпеген болсо бай болсо да курмандык чалбайт.

Суроо: Энем бай, бирок, эс-акылы өзүндө эмес. Курмандык чалуусу керекпи?

ЖООП

Эс-акылы бар кезде сой десе соёсуз, билбесе союлбайт.

Суроо: Зекет нисабына жеткен алтындары болгон жаш балдардын курмандыктарын атасы чалышы керекпи?

ЖООП

Балакат жашына чыкпаган жаш балага бай болсо дагы курмандык чалуу важиб болбойт. Атасынын да баласы үчүн курмандык чалуусу керек эмес.

Суроо: Там Илмихал китебинде: "Курман айттын үчүнчү күнү кедей боло турганын же сапарга чыга турганын билген адамга биринчи күнү курмандык чалуу важиб болбойт. Үчүнчү күнү бай боло турганын билген адамдын курмандык чалуусу Зилхижжа айынын онунчу күнү, б.а., айттын биринчи күнү фажр убактысында важиб болот”, - деп жазылууда. Андан ары уландысында: "Айттын биринчи күнү бай же кедей жана муким же мусаапыр болууга каралбайт”, - деп айтылууда. Биринчи айтылган сүйлөмдөгү "...фажр убактысында важиб болот” дегендин мааниси эмне?

ЖООП

"Курмандык чала турган болсо важиб сообун алат” деген маанини билдирет.

Суроо: Бай үй-бүлөнүн кедей баласынын да курмандык чалуусу керекпи?

ЖООП

Жок, ким бай болсо ошол чалат. Эне-атанын бай болушу баласынын курмандык чалуусун талап кылбайт.

Жаш бала үчүн курмандык чалуу

Суроо: Германияда 154 Евро "kindergeld” (пособие) берилет. Бул жерде айрым уюмдар тарабынан таратылган брошюраларда жаш балдар үчүн курмандык чалуу важиб деп жазылган. Жаш балдар үчүн курмандык акчасы жыйнап жүрөт. Жаш балага курмандык чалуу важиб экенин "Дурер” китебинде жазылган деп айтышууда. Айткандары туурабы?

ЖООП

Жок, туура эмес. Балакат жашына чыкпаган жаш балага бай болсо да курмандык чалуу керек эмес. Шейхайндын (Имам Азам жана Имам Абу Юсуфтун) өкүмү боюнча атанын бай баласы үчүн дагы баласынын малынан курмандык чалуусу керек болсо да фатва Имам Мухаммеддин кавли болуп саналат. Фатва берилген бул кавил боюнча атасы бай баласы үчүн өзүнүн малынан да, баласынын малынан да курмандык чалуусу керек эмес. (Дурер)

Кедейдин курмандык малы өлсө

Суроо: Кедейдин сатып алган курмандык малы арапа күнү өлүп калса, анын ордуна башка мал алып союусу керекпи?

ЖООП

Кедей болгондугу үчүн керек эмес.

Акыл-эси ордунда болсо

Суроо: Диний жактан бай болуп эсептелген "альцгеймер” оорусу менен ооруган адамдын курмандык чалуусу зарылбы?

ЖООП

Фыкых китептеринде: "Айттын үчүнчү күнүн эсинен танып өткөзүп жиберген бай адамга курмандык чалуу важиб болбойт”, - деп билдирилүүдө. Үчүнчү күнү акыл-эси ордунда болуу маанилүү. Биринчи күнү акыл-эси ордунда болсо жана курмандык чалса, үчүнчү күндү акыл-эстен танып өткөзсө да чалган курмандыгы важиб болот.

Акыл-эсинен танып, үчүнчү күнү акыл-эси ордунда болуп турса "бүгүн Курман айт, мен үчүн курмандык чалгыла” десе курмандык чалуу керек болот. Айттын эмне экенин, курмандыктын эмне экенин түшүнбөй, билбей турса курмандык чалуу керек эмес. Курмандык чалуу бай жана акыл-эси ордунда болгон мусулманга важиб.

Курмандык чалууда үчүнчү күн

Суроо: Кедей адам Курман айттын үчүнчү күнү бай болсо же бир бай адам үчүнчү күнү кедей болсо же өлсө курмандык чалуусу важиб болобу?

ЖООП

Кедейлик, байлык жана өлүм үчүн убакыттын соңуна каралат. Айттын башында бай болуп туруп үчүнчү күнү кедей болуп калса же өлсө ал адамдын курмандык чалуусу важиб болбойт. Ал эми үчүнчү күнү байыган адамга курмандык чалуу важиб болот. (Дурер ва Гурер)

Шафииде курмандык

Суроо: Шафииде үй-бүлөсүн камсыздаган адам курмандык чалса, калган үй-бүлө мүчөлөрү курмандык чалбаса да болобу?

ЖООП

Бир үй-бүлө үчүн бир курмандык чалуу суннат-и кифая болуп саналат. Үй-бүлөнүн башчысы курмандык чалса башкалардын чалуусу керек эмес. Ханафиде болсо үй-бүлөдө курмандык нисабына ээ болгон ар бир адамдын курмандык чалуусу важиб.

Ажылык кылган адамга курмандык чалуу важибби?

Суроо: Ажыга барган адамга кедей болсо дагы курмандык чалусу керекпи?

ЖООП

Жок, курмандык нисабына ээ болбогон адамдын курмандык чалуусу важиб болбойт. Ажыда сафари болгон адам дагы курмандык чалбайт.

Курмандыктын важиб болуусу

Суроо: Сапарда, мисалы, бешим намазын окуган адам бешимдин убактысы чыга электе муким болсо бешим намазын кайрадан окуусу зарыл болбосо да сапарда нафил курмандык чалган адам үчүнчү күнү муким болсо эмне үчүн кайрадан курмандык чалуусу зарыл?

ЖООП

Сапарда намаз окуу фарз. Сапарда фарзды окугандан кийин, албетте, кайрадан окубайт. Курмандыкты сапарда чалуу болсо нафил болуп саналат. Ошондуктан, айттын үчүнчү күнү муким болгондо курмандык чалуусу важиб болот. Курмандыкты важиб катары чалбагандыгы үчүн кайрадан чалуусу зарыл болот.

Фыкых китептеринде айтылат:

Балакат жашына жетпеген бир бала убактысы киргенде ал намазды окуса, убакыттын соңунда балакатка жетсе ал намазды кайра окуусу фарз болот. Себеби, андан мурдагыларын нафил катары окуган болчу. Ошондуктан, убакыттын соңунда өзүнө келген адамга, хайз же нифасы убакыттын соңунда токтогон аял кишиге ал намазды окуу фарз болот. (Дурр-ул-мухтар)

Бир жаш бала куптан намазын окуса, анан ихтилам болсо, б.а., балакатка жетсе багымдат намазына чейин куптан намазын кайра окуусу фарз болот. Имам Мухаммед муну Имам Азам Абу Ханифе хазреттеринен сураганда ал: "Ооба, куптанды кайра окуусу фарз болот”, - деп жооп берген. (Радд-ул-мухтар)

Курман айттын үчүнчү күнү сапарга чыга турганын билген адамга биринчи күнү курмандык чалуу важиб болбойт. (С. Абадиййа)

Сапарга чыкканда дагы сафари болгондугу үчүн курмандык чалуу важиб эмес. Сапарда курмандык чала турган болсо нафил болот, важиб болбойт, важиб орундалган болбойт. Сапардан кайтып келип муким болгондо үчүнчү күнү курмандык чалуусу важиб болот. Себеби, жогоруда Дурр-ул-мухтарда билдирилгендей намаз убакыттын соңунда фарз болгону сыяктуу курмандык дагы айттын үчүнчү күнү важиб болот. Андан мурда нафил катары союлган курмандык важибдин ордуна өтпөйт. Намаз сапарда да фарз. Сапарда намаз окуу нафиле болгондо бул кыяс кадимкидей болмок. Азыркы кыяс болсо толук бойдон батыл (б.а., өтпөйт).


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш