Ислам дини » Курмандык » Курманыдык мал сатып алаарда




Курманыдык мал сатып алаарда


Суроо: Курмандыкка мал сатып алаарда эмнелерге маани берүү керек?

ЖООП
Бул нерселерге маани берүү керек:

1- Курмандыкка мал сатып алаарда «Курман айтта сойуум үчүн важип болгон курмандык малды алууга» деп ниет кылуу керек. Муну сойоордо да кайталап ниет кылуу шарт эмес. Дал ушул сатылып алынган малды да сойуу шарт эмес, бирок, башка малдын куну бул малдан төмөн толбоого тийиш. Сатып алаарда ниет кылбаса да болот. Бирок, сойоордо сойуп жаткан адамды өкүл кылган кезде ниет кылуу керек болот.

2- Айрым жерлерде курмандыкка мал алаарда сатуучу: «Малды сойуп эт түрүндө таразага тарткандан кийин килосун мынча баага беремин. Сен малды тандап кет, айт күнү келип эти канча кило чыкса ошого карап акчасын бересиң», - дейт. Тирүү кезинде таразага тартып саткандар да бар. Бул сыяктуу соода-сатыктар арам, бирок, ушундай арам жол менен алынган малды сойгондо курмандыгы сахих болот. Тирүүлөй таразага тартып: «Бул малга мынча акча бересиң», - деген кезде соода-сатык сахих болот.

3- Үч адам акча кошуп 70000 сомго бир уй алса, эки адам 30000 сомдон, үчүнчүсү 10000 сом берсе, үчүнчү адамдын берген акчасы уйдун баасынын жетиден бир бөлүгүнөн аз болбогондугу үчүн жаиз болот. Ар адам өзүнүн берген акчасына жараша өзүнүн үлүшүн алат. 30000 берген эки адам жетиден үч бөлүгүн алып, 10000 берген адам жетиден бир бөлүгүн алат. Биринчиси 10000, экинчиси 20000, үчүнчүсү 40000 сом берген болсо, биринчиси жетиден бирин, экинчиси жетиден экисин, үчүнчүсү жетиден төрт бөлүгүн алат.

4- Бирдей акча берип, 3 адам 3 кой сатып алса, сойбой туруп «Бул сеники, бул меники, мунусу тигиники» деп бөлүп алуу жаиз.

5- Бирөөнүн малын андан кабарсыз ал үчүн курмандык чалуу жаиз болот. Ал эми бирөөнүн малын ээсинин уруксатысыз өзү үчүн курмандык кылган адам кийин баасын төлөсө жаиз болот. Ээси берилген бааны кабыл кылбай сойулган малды ала турган болсо, ээси үчүн курмандык чалынган болот.

6- Эки адамдын курмандыгы аралашса ар кимисинин өзүмдүкү деп сойгону өзүнүн курмандыгы болот. Жегенден кийин халалдашса да сахих болот.

7- Аманат ирээтинде калган малды курмандык чалуу жаиз эмес.

8- Аллах ыраазылыгы үчүн деп ниет кылгандан кийин «бала-чакам көп эт жесин, семиз кой алайын» деген сыяктуу ниеттерди аралаштырбоо керек. Семиз кой алаарда жалгыз гана сообун ойлоо керек.

9- Ар ким өзү багып жүргөн малын курмандыкка чалса болот. Нисап өлчөмүнө ээ болгон адамга бир кой сыйлыкка берилсе, ал адам муну курмандык чалса важип курманы ирээтинде өтөт. Курмандык малды акчага сатып алуу керек деген шарт жок.

10- Курмандыкты карызга же кредиттик карта менен алуу жаиз.

11- Мал адаттагыдан да өтө кымбат болсо, адаттагы баага шай мал табылбаса курмандык чалуу керек болбойт.

12- Эки курмандык малдын бирөө экинчисин өлтүрүп койсо ээси кунун төлөбөйт.

13- Курмандыкка деп мал алган адам ниетин өзгөртүп, акыйка же назир ирээтинде сойууга болот.

14- Нажас жеген малдын этинин тазаланышы үчүн төө 40 күн, уй 20 күн, кой-эчки 10 күн, тоок 3 күн, торгой 1 күн камоодо кармалат. Тактап айтканда таза азык менен багылат. Башка бир көрсөтмөлөр боюнча: төө менен уй 10 күн, кой 4 күн, тоок 3 күн кармалат.

15- Башка бирөөнүн койун уурдаган, тартып алган адам кийин төлөп берсе, бул мал менен курмандык чалуусу жаиз. Анткени, кунун төлөгөн кезде уурдалган нерсе өз мүлкүнө өтөт. Уурдоо, тартып алуу күнөөсү үчүн өзүнчө тообо кылуусу керек.

16- Карызы жок болгон кедей курмандык сойо турган болсо өтө сооптуу болот. Карызы бар болсо, алгач карызын төлөөсү керек. Анткени, карызды төлөө парз болуп саналат. Курмандык нисабына ээ болгон кедей өзүнүн малын курмандыкка чалууга ниет кылса же курмандык ниети болбой айт күнү сатып алып, кийин курмандык чалууга ниет кылса, же курмандык ниети менен айттан мурун сатып алса буларды сойуу важип болбойт. Сойгон жагдайда нафил болуп, этин жегенге болот жана кедейлерге берген эти садака болот.

17- Кедейдин курмандык малы айттан мурда тууса, бир кавил (өкүм) боюнча айтта баласын да энеси менен бирге сойуу керек. Байдын курмандык малы айттан мурда тууса баласын сойуу керек эмес.

Суроо: Малчылык менен алектенген бай адам соода-сатык ниети менен сатып алган малдарын бир нече ай багып, сүтүнөн, жүнүнөн пайдаланып, ичинен бирөөсүн курман айтта важип болгон курмандык ниети менен сойсо болобу?

ЖООП

Ооба, болот. Мал энесинен курмандык мал болуп туулбайт. Ошондой эле сүтү-жүнү пайдаланылат. Курбандык кулууга чечим кабылдангандан кийин сүтүн, жүнүн пайдаланууга болбойт. Башында карапайым мал болчу, курмандык малы болгондо курмандыкка жараша мамиле кылынат.

Суроо: Быйыл курмандык малдары өтө кымбат экен. Анын үстүнө курмандык мал да табуу кыйынга турууда. Жакын бир шаарда курмандык мал бар экенин билсек барып алуубуз керекпи?

ЖООП

Курмандык малдын баасы адаттагыдан кымбат болсо курмандык мал алуунун кереги жок. Мындай себеп менен сойбогон учурда важип аткарылбаган болуп саналбайт. Кийин адаттагы баасын кедейлерге таратуу да керек эмес. Өтө кымбат эмес болсо жакын жердеги шаардан алууга болот.

Суроо: Жети адам курмандык ниети менен бир уй алса, уйду сойгондон кийин кооптуу оору менен ооруганы аныкталса жана этин таптакыр жегенге болбой турган болсо бул курмандык сахих болобу?

ЖООП

Сахих болот. Курмандыкта эн негизгиси - кандын агуусу. Курбандык сойулгандан кийин эти оорулуу болуп чыкса да мааниге ээ эмес.

Суроо: Кээ бир сатуучулар курмандык малын бизге (алуучуга) аманат кылып берет. Биз малды сойгондон кийин таразага тартып, канча кило чыкканына жараша баасын сурайт. Ушундай соода-сатык жаиз болобу?

ЖООП

Аманат кылынган малдан курмандык сойууга болбойт. Сойбой туруп сатып алуу керек. Сатылып алынбаган малды мындай сойууга болбойт.

Суроо: Уйдун курмандык болуусу үчүн эки жашка толгон болуусу керекпи?

ЖООП

Ооба. Эки жашка толгон болуусу керек. Билген адамдар тишине карап ажыратышыт.

Суроо: Бир уйубуз бар 1,5 жашар, бирок, 3 жаштагы уй сыяктуу семиз. Ушуну курмандыкка чалуу жаиз болобу?

ЖООП

1,5 жашар мал канчалык семиз болсо да курмандыкка болбойт. Бирок, козу андай эмес. 6 айлык козу энеси сыяктуу чоң болсо курмандык чалууга болот.

Таразага тартылып алынган курмандык

Суроо: Тирүү малды таразага тартып сатып алууга болбой турганын билбей алынган малды курмандык чалуу сахих болобу?

ЖООП

Сатып алуу жолу туура болбогону менен курмандыгы өтөт.Тактап айтканда, мындай сатып алуу арам болгону менен курмандыкка чалуу жаиз болот. Тирүүлөй таразага тартып «Бул малга мынча акча бересиң» деген болсо сатып алуу да арам болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш