Ислам дини » Курмандык » Курмандык үчүн векалет (бирөөнө өкүлдүк) кантип берилет?




Курмандык үчүн векалет (бирөөнө өкүлдүк) кантип берилет?


Суроо: Курмандык үчүн векалат (өкүлдүк) кантип берилет?

ЖООП

Тизме менен билдирели:

1- Курмандыкты башка бирөөнө сойдуруп жатканда көңүлдөн ниет кылып «Аллах ыраазылыгы үчүн майрам курмандыгымды сойууга сени векил (өкүл) кылдым» деп айтуу жетиштүү. Эгер курмандык малды башка бирөө алып, башка бирөө сойо турган болсо «Майрам курмандыгымды алууга, алдырууга, сойууга жана сойдурууга сени жалпы өкүл кылдым», - дейт. Же кыскача эле «Курмандык ишимди орундоо үчүн сени жалпы өкүл кылдым» деп айтса да жетиштүү.

2- Бир адам өзүнө курмандык сойуу важиб болбосо да өкүл важиб деп сойсо курмандык анда деле нафил катары сахих болот. Адак, акыйка же нафил курмандык жаңылыштык менен важиб деп союлса зыяны жок.

3- Курмандык сойууга өкүл болгон ээсинен өзгөчө уруксат алмайынча же жалпы өкүл кылынмайынча башка бирөөнү өзүнө өкүл кыла албайт. Жалпы өкүл болсо башка бирөөнү, ал да башка бирөөнү өкүл кыла алат.

4- Өкүлдүк менен курмандык сойгон кишиге бирөө көп, бирөө аз акча бере алат. Өкүл кимдин өкүлдүгүн алган болсо ошолордун атына курмандык сойот же башка бирөөнө да сойдура алат. Кийин өкүл андан акча сурайт же сурабай өзү бере алат. Эки курмандыкка жете тургандай акча берген адам үчүн эки курмандык алат же ага эки үлүшүн берет. Же жакшы бир курмандык алат, себеби, жалпы өкүл болгон киши толук укугу уруксаты бар.

5- Бирден көп кишиге өкүлдүк берүү сахих. Бир ишке өкүл болгон эки киши өзү жалгыз укуктуу боло албайт. Бирок, аманатты берүүдө, карызды төлөөдө, курмандык сойуу сыяктуу иштерде бирөө өзү жалгыз укуктуу боло алат, себеби, бул иштерде өкүлдөрдөн биринин экинчисинин пикирин суроосунун кереги жок. Бул адам курмандыгын сойууга 4 кишиге өкүлдүк берсе бул өкүлдөрдөн бири сойгондо калгандарынын көзкараштарын алуунун керек жок. Курмандык динибизге ылайык союлган болот.

6- Бир адам бирөөнө: «Курмандык ишимди орунда», - десе ага акча бербесе дагы өкүлдүк берген болот. Ал киши дагы мал алып сойо алат.

7- Бир адамдын өз малын башка бирөөнүн атына сойуусунун жаиз болуусу үчүн бул адамдын өз малын башка бирине же анын өкүлүнө белек кылуусу, алар болсо муну кабыл алуусу, кийин муну өкүл кылып кайра артка берип сойдуруулары керек.

8- Башка бирөөнүн малы анын кабарысыз ошол адамдын өзү үчүн курмандыкка чалуу жаиз.

9- Өкүлдүк албастан аялынын атына важиб курмандык сойгон адам кийин муну аялына айтса жана ал дагы ыраазы болсо курмандык сахих болот.

10- Башка биринин малын анын кабары жок өзү үчүн курмандыкка сойгон адам кийин кунун төлөсө жаиз болот. Ээси мунун баасын кабылдабай союлган малды алса ээси үчүн курмандык кылынган болот.

11- Үстүндө бир нече адамдын өкүлдүгү болгон адам кандайдыр себеп менен майрамдын үчүнчү күнү дагы сойбогон болсо Шафиини таклид кылып төртүнчү күнү дагы сойсо болот.

12- Курмандыкта кандын агуусу жеткиликтүү, эттин таркатылуусу шарт эмес. Кан агызуу менен важиб болгон курмандык союлган болот. Эгерде эти дагы ылайыктуу жерлерге берилсе көп сооптуу болот. Эттин үчтө бирин үйдө калтыруу, үчтө бирин коңшуларга, калганын кедейлерге берүү мустахаб. Баарын тең кедейлерге берүү же баарын тең үйдө калтыруу дагы жаиз.

13- Териси намаз окуган кедейге берилет. Ким экендиги белгисиз адамдарга берилбейт. Же болбосо үйдө колдонот. Же болбосо дайыма колдоно турчу бир нерсеге алмашат. Түгөнө турчу бир нерсеге же акчага сатылбайт. Териси, эти сатылса акчасы кедейге садага кылып берилет.

Суроо: Курмандыгын кайрымдуулук мекемесине белек кылууну каалаган адам өкүлдүгүн кантип берет?

ЖООП

Курмандыгын бир кайрымдуулук мекемесине белек кылгысы келген адам курмандык акчасын бул иште милдеттүү болгон адамга тапшырып жатып: «Аллах ыраазылыгы үчүн майрам курмандыгымды алууга-алдырууга, сойууга жана каалаганыңа сойдурууга жана эти менен терисин каалаганыңа берүүгө сени жалпы өкүл кылдым», - деп айтуусу керек. Өкүлдүк кат менен, факс менен, электрондук почта аркылуу же телефон менен дагы берилет. Курмандык акчасын алдын ала берүүгө болгондой эле кийин дагы жиберүүгө болот. Милдеттүү болгон адам сатып алган курмандык малына бир номур белгилейт. Бул номурду жана курман ээсинин атын дептерге жазат. Союлуп жатканда ээлеринин атын айтып касапчыларды өкүл кылат. Ушундайча союлган курмандыктар гана сахих болот.

Курмандык өкүлдүгү

Суроо: Курмандык мал сатып алуу үчүн жалпы өкүл болгон адам башка бирөөнө, ал адам дагы башка бирине жалпы өкүлдүк бере алабы?

ЖООП

С. Абадиййада Ибни Абидинден алынып жазылат:

Өкүл ээсинин уруксаты менен башка бирин өкүл кылып дайындай алат. Курман сатып алууга өкүл болгон адам башка бирин, бул адам дагы башка бирин өкүл кылып, акыркы өкүл сатып алса ээси уруксат берсе сахих болот. (Редд-ул-мухтар)

Демек, жалпы өкүл кылынганда чынжыр болуп уланып өкүлдүк берсе болот. Жалпы өкүл болбосо акыркы өкүлдүн өкүлдүк берген адамдан уруксат алуусу керек болот. Бирок, жалпы өкүлдүк берилгенде автоматтык түрдө акыркы адамга уруксат берилген болот. Ушул маанилүү жер түшүнүлбөсө өкүлдүк сахих болбойт деп эсептелет. Мындай жаңылыш ойлонгондордун сөздөрүнө маани бербөө керек.

Суроо: 7 кишибиз. Сойо турчу курмандыгыбызды бөлүштүрүүнүн жеңил жолу барбы?

ЖООП

Жеңил жолу бар. Ортоктор сизге өкүлдүк берип жатканда «Майрам курмандыгымды сойууга, сойдурууга жана эти менен терисин каалаганыңдай колдонууга сени жалпы өкүл кылдым» дешсе ошондо эт дагы сиздики болуп, каалаган жерге каалаганыңызча бере аласыз же бербесеңиз да сиздин эркиңиз. Эч бөлүштүрбөстөн ошол бойдон кедейлерге да бере аласыз. Жети ортокко бере турган болсоңуз көз менен болжоп бөлүштүрүп берсеңиз болот.

Суроо: Бирөө адак малы, бирөө акыйка, бирөө майрам курмандыгы кылып союшум үчүн мага өкүлдүк берди. Ала турчу уйга булард дагы орток кылуум жаизби?

ЖООП

Ооба, жаиз.

Суроо: Курман өкүлдүгүн берген кишим 3 жолу «кабыл кылдым» деши керекпи?

ЖООП

Жок, бир жолу айтса жетет. Башын ийкесе да жетет же баш тартпаган болсо бул кабыл кылгандык болуп саналат.

Суроо: 7 киши важиб курмандарын алууга, алдырууга, сойууга, сойдурууга, этти таратууга Велини жалпы өкүл кылса бул 7 кишиден биринин өкүлдүгү важиб эмес Адак болсо, бул союлган торпоктун эти кедейлер менен бирге байларга да берилген болсо эмне болот?

ЖООП

Адак болгон бөлүгүн кедейлерге берүүсү керек. Байларга жедирсе жедиргенинчелик төлөтүшү керек. Ошончолук этти алып кедейлерге берүүсү керек. Курманга зыян келбейт.

Суроо: Бир адам ватан-ы аслисинин сыртында, мисалы Караколдук бир киши Бишкектеги бирөөнө өкүлдүк берип ошол жерде сойдура алабы?

ЖООП

Ооба, сойдура алат. Өзү муким болсо важиб сообун алат, сапарда жүргөн болсо нафил сообун алат.

Суроо: Россиядан курмандык акчасын Кыргызстанга туулуп өскөн жериме жибердим. Алар курмандык малын алып колунда жок мусулман бир үй-бүлөгө беришиптир. Албетте, бул курмандык менин атыма сойулууда, кылган бул ишибиз жаизби?

ЖООП

Курмандык өкүлдүк берген адамдын атына союлуп жаткан болсо эт кимге берилсе берилсин, курмандык сахих. Мал тирүү бойдон союлбастан бирөөнө белек кылынган болсо курман болбойт, мал белек кылынган болот. Эгер сиздин атыңызга курман деп союлган болсо сахих болот.

Суроо: Кээ бир себептерден улам өкүлдүктү берип жатканда чын атты бербей такма атты берсе болобу?

ЖООП

Ооба, такма атты берсе да болот. Себеби, Аллаху таала аны кимдин бергендигин билет.

Суроо: Курман өкүлдүгүн берип жатканда «Менин курманымды алып союп тарат, бул милдетти сага берип жатам» делген экен, жалпы өкүлдүк деген сөз колдонулбаган экен. Өкүл болгон киши «мен сенин курман ишиңди орундатам» дептип, ал болсо «жарайт, каалаганыңдай кыл» дептир. Бул жагдайда жалпы өкүл болгон болуп эсептелеби?

ЖООП

Ооба, жалпы өкүл болду деген сөз.

Суроо: Бир мекемеде курмандык өкүлдүгүн алуудабыз. Кээ бир адамдардан «Курмандыгыңды алууга, сойууга, сойдурууга мага өкүлдүк бердиңби?» деп сурайбыз. «Ооба» деп гана айтышууда. Ал сүйлөмдү кайталашпайт. Ушундай өкүлдүк сахих болобу?

ЖООП

Сахих болот.

Суроо: Үй-бүлөбүз менен курмандыктарыбызды дайыма өкүлдүк берүү аркылуу туулуп-өскөн жерибизде сойдуруудабыз. Кээ бир адамдар башыбызды айлантышты. Бир кырсыкка учураган элем. «Курмандыгыңардын союлгандыгын да көрбөдүңөр. Курмандык балээлерди кетирет. Силердики балким кабыл болбоду. Бул жылы курмандыгыңыздын канын көргүлө, өз колуңуз менен алып сойдургула», - дешти. Курмандыкты көрүү, союп жатканда жанында туруу шартпы?

ЖООП

Андай шарт жок. Курмандыктын канын көрбөсө курмандык кабыл болбойт деген нерсе жок. Өкүл киши өкүлдүктү берген киши сыяктуу. Эгер мүмкүнчүлүк болсо курмадыктын жанында болсо жакшы болот.

Суроо: Россияда иштейм жана курмандыгымды Кыргызстандагы эжеме жибериш үчүн эмне кылышым керек?

ЖООП

Эжеңизге бир курмандык малынын акчасын жөнөтөсүз. «Менин эжеме бир курмандык алууга, этин жана терисин каалаган жериңе берүүгө сени жалпы өкүл кылдым» дейсиз. Ал дагы бир курмандык алдырып, каалаган бир кишиге сойдурат. Этин каалаганча колдонот. Кааласа башка бирөөгө да бере алат.

Суроо: Бир киши курмандык өкүлдүгүн берди, бирок, акчасын кем берди. 2000 сомду кийин берем деп бере алган жок. Башка 2 дос 2000 сомду берди. Ушул акчаны алып барып бердик, бул орундалдыбы?

ЖООП

Ооба, Курмандык өкүлдүгүн берген адамга акча берүү шарты жок. Эгер күчүңүз жетсе, сойо турчу акчаңыз болсо ал кишиден эч акча албасаңыз да анын курмандыгы сахих болот.

Суроо: Бай адам сапарда жүргөндө курмандыгын өкүлгө сойдурса адак болобу?

ЖООП

Жок, нафил болот.

Суроо: Бирөөнө: «Мен үчүн бир курмандык алып сой», - дедим. Алып союптур. «Аласамды сага белек кылдым», - деди. Курмандык сахих болдубу?

ЖООП
Ооба.

Суроо: Бирөөнө: «Мага бир кой алып кел. Бирок, майрамдан мурда алып келбе! Бага турчу жерим жок», - дедим. Ал болсо үйдө мен жок кезде майрамдан мурда алып келип таштап кетиптир. Кой түнү өлүп калыптыр. Бул койду ким төлөйт?

ЖООП

Арада соода-сатык орун алган жок. Сиз төлөбөйсүз.

Суроо: Бай адам майрамдын биринчи күнү курмандыгын союш үчүн бирөөнө берсе, өкүл болсо сойбосо, майрам болсо өтүп кетсе эмне кылыш керек?

ЖООП

Бул малды садака бериш керек. Мал алынбаган болсо анын куну алтын менен бир кедейге берилет. Мына ушундайча карыздан кутулуу мүмкүн болсо дагы курмандык сообуна жете албайт.

Суроо: Аялыман өкүлдүк албастан анын атына важиб курмандык сойуусу үчүн бир досума өкүлдүк бердим. Кийин аялыман өкүлдүк алдым. Мындай кылуум сахих болдубу?

ЖООП

Кийин аялыңыз муну кабыл кылган болсо сахих болот.

Бирөөнү өкүл кылуу ижаб жана кабыл менен болот. Б.а., «Сени өкүл кылдым» жана «Кабыл кылдым» деген сөздөр менен же жазуу менен болот. Өкүл жооп бербестен ишти аткарууга баштаса кабыл кылган болот. Иш кабарсыз кылынгандан кийин ээсинин уруксат бердим деп айтуусу менен дагы өкүл кылган болот. (С. Абадиййа)

Көп курман алынып союлганда

Суроо: Курмандыктардын өкүлдүк жолу менен чоогу чаран союла турчу жерлерде курмандыктарды сатып алып жатканда курмандык ээлеринин атына сатып алуу шартпы?

ЖООП

Шарт эмес. Бул керексиз иш болот. Курмандык сатып алынып жатканда, мисалы, «Майрам күнү сойуусу важиб болгон курманды алууга» деп ниет кылуу керек. Адак болсо, акыйка болсо, нафил болсо ошого жараша ниет кылуу керек. Союп жатканда кайрадан ниет кылуу шарт эмес. Сатып алып жатканда эч ниет кылбаса да болот. Бирок, сойо турчу кишини өкүл кылып жатканда ниет кылышы керек. Экөөнөн бири жетет.

Суроо: Курмандыктарды чоогу чаран сатып алган адамдын сойуудан мурда сойдура турчу адамга бир-бирден сатыш кылуусу керекпи?

ЖООП

Керек эмес. Бул дагы жогоруда айтылгандай керексиз иш. Өкүл адам өкүлдүк берген адам сыяктуу. Өкүл адам өкүлдүк берген адамдан акча алса да, албаса да анын атына курмандык сойсо курман сахих болот. Сөзсүз акча алуусу керек эмес. Өкүл малды сойгон адамга өкүлдүк берип сойдура алат. Жалпысынан ушундай; бирок, минтсе да болот:

Милдет алган адам сатып алган малдарга бирден номер тагат. Өкүл асыл сыяктуу болгондуктан дептерге жазган ар бир номерге бир курмандык ээсинин атын жазат. Ар номердеги мал союлуп жатканда ээлеринин аттарын айтып касапчыларды өкүл кылат. Же болбосо номерлер жазылган кагазды касапчыларга берет, буларды бул кишилердин атына сойууга сени өкүл кылдым десе болот. Сойчу адамга курмандыкты сатуу керексиз иш. Асыл киши сыяктуу болгон өкүл киши ансыз деле буларды сатып алган болууда. Кайрадан бирөөлөргө сатуусу керек эмес. Сатып алган малдарды сойдуруусу жеткиликтүү.

Касапчыга өкүлдүк

Суроо: Курмандыкты касапчыга алып барып: «Муну сой!» деп айтуу менен өкүлдүк берилген болобу?

ЖООП

Ооба, болот. Ушул сыяктуу эле бир адам башка бирине: «Курмандык ишимди орунда!» десе өкүлдүк берген болот. Өкүл бир малды алып сойо алат. «Курмандыкты алууга, алдырууга, сойууга, сойдурууга, этин каалаганыңдай бөлүштүрүүгө сени жалпы өкүл кылдым» деп айтуу шарт эмес. Айтылса андан жакшы болот.

Курмандык үчүн өкүлдүк

Суроо: Бирөөнө курмандык малын сатып алып сойуусу үчүн: «Менин курмандык ишимди орунда», - делсе өкүлдүк берилген болобу? Ал киши сатып алат, сойот, этин бизге алып келет. Бул курмандык сахих болобу?

ЖООП

Ооба, ошентип айтуу менен өкүлдүк берилген болот. Өкүл анын атына бир мал алып сойо алат. Жада калса, акча албаса да курман динге ылайык соблган болот. «Курмандык алууга, алдырууга, сойууга, сойдурууга, этин каалаганыңдай бөлүштүрүүгө сени жалпы өкүл кылдым» деп айтуу шарт эмес. Айтылса андан жакшы болот. Айтылбаса да курмандык сахих болот.

Курмандык акчасы аз болсо

Суроо: Өкүлдүк менен курмандык сойуудабыз. Мисалы, курмандык мал башына 4000 сом жиберишүүдө. 4000 сомго курмандык алуу мүмкүн эмес. 2000 сом өзүбүздөн кошуп 6000 сомго алсак же бир мал үчүн 10000 сом бергендер да болсо биз ага бир курман сойсок дин жагынан зыяны барбы?

ЖООП

Өкүл асыл киши сыяктуу. Бирине өкүлдүк бергенде ага акча берсек да, бербесек да, аз берсек да, көп берсек да союлган курман сахих болот. Ушул сыяктуу эле бирине эч акча бербестен «Зекетимди бер!» десек ал киши биздин атыбызга зекет берсе зекетибиз берилген болот. Бул иштердин акча менен эмес өкүлдүк менен байланышы бар. Өкүл киши бул иштерди акча менен да, акчасыз да өзүнөн акча кошуп орундай алат.

Курмандыкта өкүл

Суроо: Ибни Абидинде: «Курмандык сатып алууга өкүл болгон адам башка бирөөнү, ал киши дагы башка бирөөнү өкүл кылып, акыркы өкүл болгон адам сатып алса ээси уруксат берсе жаиз болот», - делүүдө. Буга караганда вакыфка векалет жолу менен сойдурулган курмандыктар сахих болбойт. Кээ бир кайрымдуулук уюмдарынын жана вакыфтардын кылганы туура эмес болуп жаткан жокпу? 

ЖООП

Жаңылыш кылынган жок. Вакыфтын милдеттүү кишисине өкүлдүк берген адам аны бир гана сатып алууга өкүл кылып жаткан жок. Курмандыкты алууга, алдырууга, сойууга, сойдурууга, этин жана терисин каалаганындай башкарууга жалпы өкүл кылууда. Өкүл кылган адам ансыз деле акыркы адамга дагы уруксат берген болууда. Өзүнчө уруксат алуунун кереги жок.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш