Ислам дини » Курмандык » Курмандыкты кайсы күнгө чейин сойууга болот?




Курмандыкты кайсы күнгө чейин сойууга болот?


Суроо: Курмандыкты кайсы күнгө чейин сойууга болот?

ЖООП

Тизме түрүндө билдирели:

1- Курмандык мал Айт майрамынын биринчи күнү Айт намазынан баштап үчүнчү күнү күн батканга чейин союлат. Жума окулбаган кичине айылдарда фажрдан кийин Айт намазынан мурда да сойууга болот. Түнү курмандык сойуу жаиз болгону менен макрух болуп саналат. Шафииде Айттын төртүнчү күнү дагы сойууга болот.

2- Нафил, акыйка жана адак малды кайсы убак болбосун сойууга болот, бирок, Курман айт майрамында союлса жакшы болот.

3- Айт майрамы Жума күнүнө дал келсе курмандык мал Айт намазы окулгандан кийин союлат.

4- Курман айт майрамынын үчүнчү күнү кедей боло тургандыгын же сапарга чыга тургандыгын билген адамга майрамдын биринчи жана экинчи күнү курмандык сойуу важиб болбосо дагы сойсо важиб катары орундалган болот.

5- Кедей адам майрамдын биринчи күнү курмандык сойгондон кийин 3-чү күнү бай болсо кайрадан сойуусу керек эмес. Важиб орундалган болот. 3-чү күнү бай боло тургандыгын билген адамдын биринчи күнү курмандык сойуусу жаиз.

Суроо: Түнү курмандык сойуу жаизби?

ЖООП

Макрух. Мутаждык же зарыл абал болмоюн союлбайт. Күндүз сойуу мүмкүнчүлүгү болбогон болсо эртеси күнү сойуу мүмкүнчүлүгү да жок болсо түндөсү сойуу жаиз.

Курмандык үчүнчү күнү шам намазынын азанына чейин союлат. Андан кийин союлбайт. Бул убакка чейин кандайдыр бир себеп менен союлбай калган курмандыкты союш үчүн Шафии мазхабын таклид кылып (б.а., Шафии мазхабына уюп) түнү же эртеси күнү, б.а., майрамдын төртүнчү күнү дагы сойууга болот. Мындай жагдайда макрух дагы болбойт. Бирок, зарыл болбостон Шафии мазхабын таклид кылууга болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш