Ислам дини » Курмандык » Курмандыктын эти кантип бөлүштүрүлөт?




Курмандыктын эти кантип бөлүштүрүлөт?


Суроо: Курмандык этине байланыштуу кылына турган иштер эмнелер?

Жооп: Тизмелеп жазалы:

1 – Этти тартып, тең бөлүштүрүү керек. Май, баш-шыйрак жана желген ар бир нерсе тең бөлүштүрүлөт. Тартпастан бөлүшүп адалдашуу жаиз болбойт, пайыз болот. 7 кишиден төртөөсүнө эт менен бирге бирден туяк, бешинчиге эт менен бирге териси, алтынчыга эт менен бирге башы берилсе анда тартпастан эле бөлүшүү жаиз болот. Жетинчиге бир нерсе койуу керек эмес. Же болбосо 7 киши курмандык уйду бирөөнө тапшырып: "Сойууга, сойдурууга, этин каалагандай сарптоого сени жалпы өкүл кылдык”, - дешсе, жалпы өкүл бөлүштүрбөстөн этти каалаган бирөөсүнө бере алат же тартып отурбастан шериктердин арасында көз ченем менен бөлүштүрүп бере алат.

2 – Курмандыктын этин тең тарткан соң бөлүшүү үчүн чучукулак кармаган жакшы болот. Бир малды шериктердин арасында бөлүштүрүү үчүн чучукулак кармоо жаиз жана сүннөт.

3 – Курмандык эти тартылбастан бөлүштүрүлүп, бирөөсү башкасына бет аарчы, дептер, калем сыяктуу бир нерсе берсе, бөлүштүрүү сахих болот.

4 – Бөлүштүрбөстөн эттин бир бөлүгүн бышырып, шериктер чоогу жешсе жаиз болот.

5 – Ашканасы бир болгон ата-баланын, күйөө менен жубайынын шериктеш болуп чалган курмандыктарын тартып тең бөлүштүрүүлөрү керек. Же 1-пунктта билдирилгендей, бирөөсү жалпы өкүл болсо, тартуу керек болбойт.

6 – Мусулман бир адамдын сойгон жана мусулман эмес адам терисин сыйрыган курмандыктын этин жеш жаиз.

7 – Курмандык малдын жана каалаган бир жаныбардын ушул жети мүчөсүн жегенге болбойт: Аккан каны, жыныстык мүчөсү, жумурткалары, бездери, өтү, ургаачы малдын жыныстык мүчөсү жана табарсыгы.

8 – Өлүп же өлбөгөнү билинбеген жаныбар союлганда кан чыкса жана кыймылдаса эти желет.

9 – Курмандык этинен сойгон адам да жей алат. Кедей-бай бардык адамдарга да бере алат. Эттин үчтөн бирин үйүнө, үчтөн бирин кошуналарына, калганын кедейлерге берүү мустахаб. Баарын кедейлерге берсе да болот.            

10 – Курмандыктын этин үйүндө үч күндөн ашуун кармап тура алат. Курмандыктын ээси бай болбосо, бала-чакасынын этке муктаждыгын камсыз кылуу үчүн бардыгын үйүнө калтыра алат.

11 – Жаныбар союлгандан кийин эти ысырап болсо (мисалы, күйүп кетсе, иттер жеп койсо) кайра союш керек эмес. Кан чыгаруу менен важип орундалган болот.

12 – Курмандыктын эч бир жери сатылбайт. Бир бөлүгү сатылса сатылган өлчөмдө садага берүү керек, бирок, курмандыктын эти менен желе турган бир нерсе алынган болсо, ошол өлчөмдө садага берүү керек.

13 – Курмандыктын териси намаз окуган кедейге берилет. Эмне кылынгандыгы белгисиз болгон жерлерге бербөө керек. Үйдө да колдонууга болот. Акчага сатылбайт. Териси, эти сатылса, акчасы кедейлерге садага кылып берилет. Же болбосо дайым колдонула турган бир нерсеге да сатууга болот. 

14 – Шериктердин бирөөсү курмандык союла электе каза болсо, анын акысы мурасчыларына берилет. 

15 – Курсагы жарылып, баласы чыгарылгандан кийин, ошол жаракаттан улам өлүп жатканда союлган кой желбейт.

16 – Жандуу айбандын бардык мүчөсү арам. Союлгандан кийин өзүнө зыяны тийбей турган адамдын бышырбастан чийки бойдон жеши жаиз. (Мисалы, чийки эт сүрсүтүлүп желсе зыяны жок.)

17 – Мартаба ээсине урмат үчүн союлган жаныбар өлүмтүк (тарп) болот. Бир гана ага сый-урмат болсун деп мал сойуу жаиз эмес. "Эгер баланча инсан келе турган болсо Аллах үчүн бир мал соёмун” десе, ал инсан келгенде союлат. Ал жаныбар адак (атоо) болгондуктан этинен сойгон адам жана байлар жей албайт, кедейлерге берилет. Сапардагы адамга, мусапырга же бир мартаба ээсине сый-урмат үчүн эмес, жегизүү үчүн мал сойуу жаиз. 

Курмандыктын этин бөлүштүрүп жатканда

Суроо: Бир үйдө үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү үчүн шериктешип курмандык чалынса, курмандык эти үйгө келгенден кийин бөлүштүрүлбөстөн ар бир мүчө акысын белек кылса бөлүштүрүү шартпы?

Жооп: Андай кылуу пайыз болот, арам болот. Ар бөлүктүн жанына туяк, баш жана тери койулса, тартып отурбастан эле бөлүштүрүү жаиз болот. Мисалы, 7 шерик болсо, төрт кишинин акысына бирден туяк коюлат, бирөөсүнө баш коюлат, башка бирөөсүнө тери коюлат, бирөөсү да башкалардан айырмаланат, башкача айтканда, бош болот. Эгер шерик төрт киши болсо бирден туяк койуу да жетиштүү, беш киши болсо бирөөсүнө баш же тери коюлат. Же болбосо шериктердин ар бири башкасына жүзаарчы, дептер, калем сыяктуу бир нерсе беришсе ошондо да бөлүшүү сахих болот.

Эгер алып жатканда "Аллах ыраазычылыгы үчүн айт курмандыгымды алууга, алдырууга, сойууга, сойдурууга жана этин каалагандай сарптоого сени жалпы өкүл кылдым” деп, бирөөнө жалпы өкүлдүк берилгенде, ошондо бөлүштүрүп отурбастан эле ал өкүл эттин бардыгын үйүнө да калтыра алмак.

Кайырчыга эт берүү

Суроо: Шериктеш курмандыктын башын же боорун шериктер кайырчыга берсе, калган бөлүгүн бөлүштүрүү жаизби?

Жооп: Ооба, жаиз болот.

Тартпастан курмандыкты бөлүшүү

Суроо: Курмандык эти тартылбастан бөлүштүрүлүп, ар бири башка бирине жүзаарчы, дептер, калем сыяктуу бир нерсе берсе бөлүшүү сахих болобу?

Жооп: Ооба, сахих болот. Же болбосо жети кишиден төртөөнө эт менен бирден бычак, бешинчиге эт менен бирге териси, алтынчыга эт менен бирге башы берилсе, тартып отурбастан эле бөлүшүү жаиз болот. Жетинчиге бир нерсе койуу керек эмес.   


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш