Ислам дини » Курмандык » Курмандыкка кедерги болбогон кемчиликтер




Курмандыкка кедерги болбогон кемчиликтер


Суроо: Курмандыкка кедерги болбогон кемчиликтер эмнелер?

ЖООП

Кээ бирлери мына булар:

1-Мүйүзү сынык же мүйүзсүз болгон мал курмандык болот.

2-Кулактын көбү кесилип айрылбаса, асылы калып макрух болуу менен бирге сахих болот. Жарымынан азы кесик болсо курмандык болот. Кулагы энине же боюна жыртык болсо курмандык болот. Кулактын жыртык болуусу танзих макрух. Мурун дагы кулак сыяктуу. Котур, бычылган мал курмандык кылынат.

3-Кулагы, куйругу кичине болуп туулган мал курмандык болот. Куйругу кесик болбосо меринос курмандык болот.

4-Жайылуусуна кедерги болбой турганчалык жинди болуп, үйүрүнөн айрылбаган мал курмандык болот. Үйүрүнөн айрылган жана оттой албай турганчалык жинди болгон мал курмандык болбойт.

5-Бир көзүндө көрүүсүнө кедерги болбогон пардасы бар малды курмандык кылуу жаиз.

6-Курмандык союла турчу жерге алынып келатканда буту сынып, кийин союлса жаиз болот.

7-Тиштеринин көбү бар болсо макрух болот, бирок, сахих болот.

8-Ургаачыга жакындай албаган, жыныс жери кесик мал курмандык болот. Хунса [кош жыныстуу] болгонду курмандык кылбоо керек.

Суроо: Бооз болуп же болбогондугу билинбеген малды курмандыкка чалуу жаизби?

ЖООП

Ооба, жаиз. Эгер тууй тургандыгы жакын болсо кээ бир аалымдар: «Мындай малды курмандык кылуу макрух болот», - дешкен.

Мүйүздүн түбү чыгарылса

Суроо: Музоо кичине кезде мүйүзүнүн түбү чыгарылат. Ошентип мүйүз өспөйт. Болгону орду белгилүү. Чоңойгондо мындай малдын курмандык кылынуусу жаиз болобу?

ЖООП

Ооба, жаиз.

Бычылган мал

Суроо: Бычылган буканы, торпокту же кочкорду курмандык кылуу жаизби?

ЖООП

Ооба, жаиз. Атүгүл, бычылганы бычылбаганынан да сооптуу, себеби, кысырлаштырылган эркек мал майлуу болуп, эти дагы даамдуу болот. Хидая китебинде билдирилгендигине караганда Пайгамбарыбыз алейхиссалам бычылган эки кочкор курмандык кылган. (Дурр-ул-мухтар, Радд-ул-мухтар, Хидиййа, Мажмуа-и Зухдиййа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш