Ислам дини » Курмандык жана адак » Кимдер кантип сафари болот




Кимдер кантип сафари болот


Суроо: Сафариликте ватан жана анын мааниси кандай?

ЖООП

Адамдын муким болгон, отурукташкан жери Ватан деп аталат.

3 түрдүү ватан бар:

1-Ватан-ы асли: Адамдын туулуп-өскөн, кийин үйлөнгөн жери. Мындан кийин туруктуу калуу ниети менен отурукташкан жери. Бул жерди да өзгөртүп, туруктуу отурукташууга башка жерге көчө алат. Анда ошол көчкөн жери ватан-ы асли болот.

2-Ватан-ы икамат: 15 күн же андан көп калып, кийин чыгууга ниет кылынган жер.

3-Ватан-ы сукна: Адамдын убактылуу токтогон жери болуп, 15 күндөн аз калуу үчүн ниет кылынган же бүгүн-эртең чыгам деп узак убакыт турулган жер.

Ватандын өзгөрүүсү:

Ватандын өзгөрүүсү төмөндөгү белгиленген мисалдардагы сыяктуу болот:

Бир адам үйлөнүп же туруктуу калуу үчүн бир жерге отурукташмайын туулуп-өскөн жери ватан-ы асли болуудан чыкпайт. Үйлөнсө эски ватан-ы аслиси бузулат. Үйлөнгөн жери ватан-ы асли болот. Башка бир жерде туруктуу калуу үчүн отурукташса, бул сапар үйлөнгөн жери ватан-ы асли болуудан чыгат. Туруктуу отурукташкан жерден чыгып башка бир жерге туруктуу отурукташса, мурунку отурукташкан жери ватан-ы асли болуудан чыгат. Тагыраагы, бир адам Ошто туулса ватан-ы аслиси Ош болот. Бул киши Таласта үйлөнсө Ош ватан-ы асли болуудан чыгат жана ватан-ы аслиси Талас болот. Кийин дагы Бишкекте туруктуу отурукташууга чечим чыгарса анда ватан-ы аслиси Бишкек болот. Талас болсо ватан-ы асли болуудан чыгат.

Ватан-ы аслиде бир саат дагы калса намаздары кыскартылбайт.

Бир адам үйлөнүп, бир жерге отурукташкандан кийин аялы ал шаарда тургузса, жумушунан улам өзү барып башка бир шаарда туруктуу отурукташса эки ватан-ы аслиси болот.

Бир айылда турган аял шаардагы төрөт үйүнө барып төрөсө, баланын ватан-ы аслиси энеси турган айыл болуп саналат. Себеби, ошол жерде чоңоймокчу. Бир канча күн турган жерде, тагыраагы ватан-ы сукнада туулган болуп эсептелбейт.

Бир адам 60 километрлик аралыкка баруу үчүн бир автобуска отурса, автобуста уктап 150-200 километрлик аралыкка кетип калса дагы баары бир сафари болбойт. Себеби, бул жерге келүүгө ниет кылган эмес. Бул жерде турганда 60 километрлик илгеридеги шаарга бир иш үчүн барса анда да сафари болбойт. Кайтып жатып биринчи чыккан жерге келүүгө ниет кылса кайтышта сафари болот. Ушул сыяктуу бир киши 60 км. болгон Кантка баруу үчүн Бишкектен чыкса, автобуста уктап калып Балыкчыга келсе, Балыкчыга өз каалоосу менен кетпегендиги, ниетсиз кеткендиги үчүн Балыкчыда намаздарын муким катары, тагыраагы, 4 рекет кылып окуйт. Балыкчыдан кайра Бишкекке кетүүгө ниет кылып жолго чыкса Балыкчыдан чыгар замат намаздарын кыскартып окуйт.

Сафариликте аралык

Үч күндүк жолго ылдам жүргөн транспорт менен, мисалы, поезд менен кыска убакытта барган адам да сафари болот. Келечекте ойлоп чыгарыла турчу бир транспорт менен бир секундда, бир заматта Америкага барган адам да сафари болот. Керемет менен бир заматта башка бир өлкөлөргө барган олуя дагы сафари болуп намаздарын окуйт.

Бир жерге эки башка жол менен барылса, бири кыска, экинчиси узун болсо, узун жол үч күндүк жөө баса турганчалык болсо, бул жолдон ар транспорт менен барган адам сафари болот.

Бир адам үч күндүк аралыктагы бир жерге ылдам жүргөн бир ат менен эки күндө же андан аз бир убакытта барган болсо да сафари болот, төрт рекеттик намаздарын кыскартат.

Аалымдардын бардыгы сафариликти фарсах делген, бир саатта барылган жолдун узундугу менен билдиришкен. Үч күндүк жол болсо 15, 18 жана 21 фарсах. Фатва 18 фарсахка карай. Бир фарсах 5,800 метрчелик. Кээ бири чама менен муну 6,000 м., кээ бирлери болсо 5,000 м. деп кабылдашкан. Сафарилик үчүн керектүү алыстыкты анык эсептөө үчүн 5,800 м. менен 18 фарсах көбөйтүлөт, ошондо чама менен 104 км табылат. Малики, Шафии жана Ханбалиде болсо 80 километрден бираз көп жүргөн адам сафари болот.

Маасылуу бир адам даарат менен сапарга чыкса, 3 күндүк масх мөөнөтү даарат бузулган учурдан тарта башталып, 3 күн уланат.

Сафарилик мөөнөтү

Малики, Шафии жана Ханбалиде 80,640 километр

Малики, Шафии жана Ханбалиде 80,640 километр аралыкка барып, кириш жана чыгыш күндөрүнөн сырткары 4 күндөн аз калган адам сафари болот. 4 же андан көп күн калган адам муким болот. Сапарга чыккан адам багымдат азаны окулуп жатканда бир шаарга кирсе ал күн эсептелбейт.

Азан окулуп жатканда ал шаардан чыкса, чыккан күнү да эсептелбейт. 3 күн калса 3 багымдат намазын окуйт. Кирүүдө бир, анан да чыгууда багымдат намазы окулуп, бардыгы 5 багымдат намазы болот. Демек 3 багымдат намазын эмес эң көп 5 багымдат намазын окуган дагы сафари болуп, муким болбойт. Шарий күн имсак убактысы киргенде башталат.

Кириш-чыгыш күндөрүндө өлчөм имсак убатысы

Күн орозодо болгондой эле имсак убактысында башталат. Эртеси күнү имсак убактысына чейин уланат. Мисалы, Бишкекке имсак убактысынан кийин, багымдат намазы окулуп жатканда кирген адам кириш күнү болгондугу үчүн ал күндү эсептебейт. Эгер имсак убактысынан мурда кирсе имсак убактысынан кийинки күн кириш күнү болбойт. Имсак убактысынан кийин чыкса ал күн чыгыш күнү.

Демек, бир адам бир жерге күн чыгып жатканда кирсе ал күн кириш күнү болгондугу үчүн эсепке кошпойт. Үч күн калгандан кийин төртүнчү күнү имсак убактысынан кийин, мисалы, күн чыгып жатканда ал жерден чыкса кириш-чыгыш күндөрү саналбагандыгы үчүн ал адам үч күн ошол жерде калган жана сафари.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш