Ислам дини » Курмандык » Курмандыкка чалынуучу малдын түрлөрү жана өзгөчөлүктөрү




Курмандыкка чалынуучу малдын түрлөрү жана өзгөчөлүктөрү


Суроо: Кайсыл малдардан курмандык чалууга болот жана алар кандай болуусу керек, кандай кемчиликтери болбоо керек?

ЖООП

Муну бир канча бөлүм менен билдирели.

1- Кой, эчки, уй жана төөдөн курмандык чалууга болот. Башка жаныбарлардан курмандык чалууга болбойт. (Кол, эчки, уй тукуму жана төөдөн курмандык болот.)

2- Ургаачы жана эркек мал дагы курмандыкка болот. Койдун эркеги жана түсүнүн агы карасынан көп болгонун, ал эми эчкинин ургаачысын союу сооптуу болот. Баалары бирдей болсо кой сойуу уй сойуудан да сооптуу болот.

3- Жүнү кыркылган койду курмандыкка чалуу жана курмандык үчүн сатып алуу макрух болот.

4- Кой-эчки 1, уй 2, төө 5 жаштан ашкан болушу керек. 6 айдан ашкан козу чоң болсо курмандыкка чалууга болот.

5- Бир көзү сокур, аксап баса албаган, тиштеринин жартысы жок, кулагынын же куйругунун басымдуу бөлүгү жок, бир буту кесик же өлөйүн деп турган оорулуу малды курмандыкка чалууга болбойт.

6- Кийик сыяктуу этин жегенге боло турчу жапайы жаныбарларды курмандыкка чалууга болбойт. Жапайы өгүз (буйвол), жапайы төө (лама) жана жапайы койдон да курмандык  чалууга болбойт. Аргындашкан болсо энесине каралат. Мисалы, жапайы кочкор менен бакма койдон туулган кой курмандыкка жарайт. Тескерисинче, эгер бир эркек эчки (теке) бир кийик менен аргындашса туулган баласы курмандыкка болбойт. Анткени, өкүм боюнча энесине каралат. Энеси үй жаныбары болсо курмандыкка болот. 

7- Аталык бездери (жумурткалары) кичине, бооз, жүндөрү түлөп кеткен малды курмандыкка чалуу макрух болот.

8- Мурду же тили кесилген же болбосо көп бөлүгү жок болгон малды курмандыкка чалууга болбойт.

9- Кой-эчкиде бир, уйда эки эмчеги кесилген болсо курмандыкка жарабайт, бирок, баласын эмизе ала турган болсо жарайт.

10- Эки кулагы кесилген, бирөө түбүнөн кесилген, куйругу кесилген, бир же эки кулагы жок болгон мал курмандыкка болбойт.

11- Бир мүчөсү сөөгүнүн биринчи муунуна чейин, мисалы, буту тизесине чейин сынган (жулунган) малдан курмандык чалууга болбойт. 

12- Курмандыкка чалына турчу өгүзгө минүү же аны сокого чейип жер айдоо макрух болот.

Суроо: Туулгандан кулагы өтө кичинекей болуп өсүп калган малды курмандыкка чалууга болобу?

ЖООП

Ооба, болот.

Суроо: Музоо кезинде мүйүзү түбү менен жулунуп мүйүзсүз өскөн уйду курмандыкка чалууга болобу? 

ЖООП

Болот.

Суроо: Куйругу жок койду курмандыкка чалууга болобу?

ЖООП

Куйруксуз малды курмандык чалууга болбойт. Бирок, куйруктуусун табуу мүмкүн болбой калса гана экинчи бир кавил боюнча куйруксуз малды курмандыкка чалуу жаиз болот.

Суроо: Жапайы же аргындашуудан туулган жаныбардан курмандык чалууга болобу?

ЖООП

Жапайы кой, жапайы өгүз (буйвол) жана жапайы төө сыяктуу жаныбарлардын этин жеш жаиз болгону менен булардан курмандык чалууга болбойт. Аргын тукуму болсо, мисалы, жапайы кочкор менен үй коюнан туулган тукум курмандыкка болот. Ал эми, тескерисинче, б.а., бир теке кийик менен аргындашса туулган баласы курмандыкка болбойт. Себеби, өкүм боюнча энесине каралат. Энеси үй жаныбары болсо курмандыкка болот. (Дурр-ул-мухтар)

Биринчи жолу курмандык чала турган адам

Суроо: Биринчи жолу курмандык чала турган адамдын милдеттүү түрдө кой сойуусу керекпи?

ЖООП

Жок, динибизде андай нерсе жок.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш