Ислам дини » Курмандык » Курмандыкка байланыштуу суроо-жооптор




Курмандыкка байланыштуу суроо-жооптор


Пенсионер жана курмандык

Суроо: Пенсиядагы адам үч айда бир нисаптан артык айлык алууда. Айлыкты алганда бай болууда. Бирок, айдын аягына чейин акчасы араң жетүүдө. Курмандык чалуусу керекпи?

ЖООП

Нисап өлчөмүнөн көп акча алып, дароо сарптабаса диний жактан бай болуп саналат. Курман айтта нисапка жетсе курмандык чалуусу керек болот. Нисапка жетпей турган болсо курмандык чалуусу зарыл эмес.

Алган арендасы [айлык] менен материалдык кыйын абалда турган адам нисапка ээ болсо акча жыйнап, фытра берүүсү жана курмандык чалуусу керек. Эттин бардыгын кууруп, бир канча ай эттин акчасынан жыйнап, келерки жылдын фытра жана курмандыктын акчасы катары сактоосу зарыл. Ушинтип, фытра менен курмандык сообунан куру калбоо керек. Курмандык чалган адам өзүн Тозоктон азат кылган болот. Бир хадиси шарифте "Сараңдардын эң жаманы [чалуусу зарыл болуп турса да] - курмандык чалбаган адам”, - деп билдирилди. (С. Абадиййа)

Шафииде курмандык чалуу

Суроо: Шафиилер көбүнчө курмандык чалышпайт. Себеби эмне?

ЖООП

Балким бизге фарз эмес деп курмандык чалбай жатышкан болушу мүмкүн. Шафииде курмандык чалуу Ханафидеги сыяктуу важиб эмес, муаккад сүннөт (б.а. кубаттуу сүннөт). Ханафиде фарздан кийин важиб келет, Шафииде болсо сүннөт келет. Фарздан кийин келген бир буйрукту күчү жетип туруп орундабаса туура болбойт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: "Курмандык чалбаган адам мечитибизге келбесин” жана "Сараңдардын эң жаманы - курмандык чалбаган адам”, - деп билдирүүдө. Муну бардык мусулмандарга айтууда. Алы жеткен Шафиилер бул сүннөттү калтырып кобоолору керек. Шафииде акика сою дагы сүннөт. Алы жеткен Шафии Айтта акика чалса да болот.

Суроо: Кан тийген кийимди жуугандан кийин калган кан изи нажасат болуп саналабы?

ЖООП

Кандын түсүнүн калуусунда маселе жок. Таза болуп саналат.

Суроо: Германияда жашап жаткан жана бай болуп саналган киши баасы арзаныраак бир жердеги базардан курмандык үчүн вакалат берип (б.а., өкүл дайындап), курмандык чала алабы?

ЖООП

Бул жерде маселе баада эмес, курмандык чалууда. Акысыз алып чалса да курмандык карызы орундалган болот.

Суроо: Зекет карызы болгон бир адамдын сөзсүз курмандык чалуусу зарыл имиш, туурабы?

ЖООП

Зекет карызы болгон бир адамдын алгач зекет карызын берүүсү фарз. Балким сиз туура эмес түшүнүп алган болсоңуз керек. Анткени, зекет бере тургандай бай болгон адам курмандык чалат дешкен.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш