Суроо: "Аллах адакка муктаж эмес. Атоо туура эмес.
Атоо Аллах менен соодалашкандык болот", - деп айтылууда. Динибизде атоо
жокпу?
Жооп
Динибизде атоо бар. "Аллах атоого муктаж
эмес” деп айтылган сыяктуу "Аллах намазга да, орозого да муктаж эмес” деп,
бул ибадаттарды жоюш керекпи?
Атоонун соодалашуу менен дагы эч кандай байланышы
жок. Бир тилегибиздин орундалышы үчүн атоо ал тилегибиздин орундалышы үчүн дуба
кылуу сыяктуу.
Бакара сүрөсүнүн 270-чи аятынын маанисинде: "Кедейге
берген садагаңар жана кылган атаган атоолоруңар (назирлериңерди) Аллаху
таала билип турат” жана Хаж сүрөсүнүн 29-чу аятынын маанисинде: "Атоолорун
аткарышсын”, - деп айтылды. Инсан сүрөсүнүн 7-чи аятынын
маанисинде: "Алар атоолорун аткарышсын”, - деп буйрук
кылынып, жакшыларга мактоолор айтылууда. Бул аят-и карималарда Аллаху таала
"кылганыңарды билип турам" деп билдирүүдө. Атоо кылгандарды мактоодо.
Атоо кедейлерге нафака экенин билдирүүдө.
Атоо тууралуу хадиси шарифтер:
"Атаган атоосунан кайткан адам
кусканын кайра жеген итке окшойт.” [Муслим]
"Аллаху таала айтат: "Мен үчүн
бири-бирин сүйгөндөрдү, мен үчүн бири-бирин зыярат кылгандарды, мен үчүн
бири-бирине жардам бергендерди жана мен үчүн атоолоруна чынчылдык кылгандарды
сүйөмүн.” [Табарани]
"Конокко барган адам Рамазан, каза
жана аталган орозосу болбосо орозосун бузсун.” [Табарани]
"Аталган курмандыктын эти
желбейт.” [Бухари]
"Акыр заманда ушундай бир коом келет;
кыянат кылышат, аларга ишенүүгө болбойт. Кааланбаса дагы күбөлүк кылышат. Атоо
аташат, бирок, аткарышпайт.” [Бухари]
Жогорудагы хадиси шарифтер атоонун динде бар
экенин көрсөтүүдө. Атоонун экинчи пайдасы да бар. Ал атоодон улам сараңдар
мал-мүлкүн кайрымдуулукка жумшашат. Эки хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:
"Атоо Аллахтын тагдырын өзгөртпөйт;
бирок, атоо кээде тагдырга ылайык болот. Бул дагы сараңдардын аяган мал-мүлкүн
берүүсүнө себеп болот.” [Муслим]
"Аллаху таала айтат: "Атоо
тагдырды өзгөртпөйт; бирок, андан мурда мындай кайрымдуулук кылбай жүргөн
сараңдан назир менен бир кайрымдуулук чыккан болот.” [Муслим]
"Атоо тагдырды өзгөртпөйт” дегендик атоо
керексиз дегендикке жатпайт. Намаз, орозо дагы тагдырды өзгөртпөйт. Адам
тагдырда жазылганын кылат. "Баланча киши атоо атайт жана ал тилеги
орундалат” деп тагдырга жазылган болсо, ал тилек, албетте, орундалат.
Шартка байланыштуу олуяга атоо кылуу да өзүн
күнөөкөр деп билип, дуба кылууга уялып, бир улуу затты васила (себепчи) кылып,
Аллаху таалага жалбаруу дегенди билдирет. Мисалы, "Оорум айыга турган
болсо сообун Сеййидат Нафиса хазреттерине деп, Аллах үчүн бир кой сойуу назирим
болсун” дегенде, бул тилектин орундалганы көп көрүлгөн. Бул жерде Аллах үчүн
кой союп, сообу олуяга багышталууда, анын шапааты менен Аллаху таала ооруга
шыпаа берүүдө, балээ-кыйынчылыктарды кетирүүдө.