Ислам дини » Курмандык » Курмандык кантип союлат




Курмандык кантип союлат


Суроо: Курмандык кантип союлат? 

ЖООП: Муну бир канча тизме менен билдирели:

1- Алгач тизе боюнчалык чуңкур казылат. Курмандык малдын көздөрү (кездеме менен) таңылат. Кыбылага каратып сол жагы менен жаткызылат. Мойнун чуңкурдун четине келтирет. Эки алдыңкы буту менен бир арткы буту кошулуп байланат. Үч жолу айт такбири айтылат. Кийин «Бисмиллахи Аллаху акбар» деп төөдөн башка малдардын мойнунун туш келген жеринен мууздалат. «Бисмиллахи» дегенде «х» арибин анык чыгаруу керек. Анык айткан кезде Аллаху тааланын ысымы экендигин ойлоп туруу керек болбойт. «х» ариби анык чыкпаган жагдайда Аллаху тааланын ысымы экендигин ойлоп туруу керек болот. Муну да ойлоп турбаган болсо мал арам өлгөн болот.

2- Жөн гана «Бисмиллахи» же «Бисмиллахиррахманиррахим» же «Ла илаха иллаллаху» деп айтуу да жаиз. Бирок, абзел болгону «Бисмиллахи Аллаху акбар» деп айтуу.

3- Бисмиллахты айткан соң дароо мууздоо шарт болуп саналат. Бисмиллахты айткандан кийин бычакты кайрай турган болсо бисмиллахты кайрадан айтуу керек болот. Бирок, бир сөз айтуу, бир жутум бир нерсе жеш же бир жутум суу ичүү сыяктуу аз гана убакыт өткөрүүнүн зыяны жок.

4- Бисмиллахты айткандан кийин колундагы бычакты таштап башка бир бычак алса бисмиллахты кайталап айтуу керек эмес.

5- Бир малды кармап туруп бисмиллах айткандан кийин аны таштап башка бир малды сойо турган болсо бисмиллахты кайрадан айтуу керек болот.

6- Бир нече малды биринен кийин бирин сойо турган адам ар бири үчүн бөлөк-бөлөк бисмиллах айтышы керек болот. Бирок, малдарды биринин үстүнө бирин жаткызып баарын бир убакта сойо турган болсо бир жолу бисмиллах айтуу жетиштүү. Бир малды эки киши сойсо экөөнүн тең бисмиллах айтуусу керек болот.

7- Бисмиллах айтууну унутса зыяны болбойт. Атайылап бисмиллахсыз сойуу харам болуп саналат.

8- Бир малдын мойунунда тамак өтчү кызыл өңгөч, кекиртек жана эки жагында эки тамыр болот. Бул төрт тамырдын үчү бир убакта кесилүүсү керек.

9- Шафии мазхабында болсо кызыл өңгөч менен кекиртектин кесилүүсү жетиштүү. Бирок, мууздоо баш жагында калуу керек. Мууздоо бүтүндөй дене жагында калса сойулган малды жегенге болбойт.

10- Курмандыкты сойуп жаткан адам кыбылага карап туруусу керек.

11- Мусулман эркек же аялдын, жунуп адамдын, жиндинин, баланын жана мас адамдын бисмиллах айтып сойгон малын жегенге болот. Китептүү капырдын (христиан же яхудинин) сойгон малын жегенге болот. Бирок, китептүү капырга курмандык чалдыруу макрух болуп саналат.

12- Сологой адамдын сол кол менен курмандык сойуусунун зыяны жок. Таза амалдарды жасаганда оң жагынан баштоо заваид сүннөт, тактап айтканда, мустахаб болуп саналат. Үзүрлүү себеп менен солдон баштоо макрух болбойт, тактап айтканда, сол кол менен сойулган малды жана курмандыкты жегенге болот.

13- Курмандыкты зарыл жагдай болсо эстен тандырып сойсо жаиз. Башы бир жолкусунда дароо кесилип алынган мал да желет, бирок, минтип сойуу күнөө. Малды кежигесинен сойуу харам, бирок, эти желет.

14- Курмандык малынын терисин сыйрыш үчүн жел үйлөө жаиз.

Суроо: Ири малдан курмандык сойгондо арткы бутунан кран менен же трактор менен илип коюп сойсо болобу?

ЖООП: Болот.

Суроо: Германияда курмандыкты мусулман адам мууздап, мусулман эмес адам терисин сыйрат. Мындай союлган курмандыктын этин жеш жаиз болобу?

ЖООП: Жегенге болот. Хазрети Имам Раббани мусулман эмес адам колу менен бир нерсени кармаганда ал нерсе булганбай турганын айткан. Китептүү капырлардын да бисмиллах айтып сойгон малын жеш жаиз экендиги билдирилген. Бирок, зарылчылык болбосо жебеген жакшы болот.

Суроо: Малды мууздаганда кызыл өңгөч, кекиртек жана эки тамырын кескенден кийин малдын жаны чыкпай туруп башка бир адам бисмиллах айтпай башын кессе, мындай сойуу жаиз болобу?

ЖООП: Мындай сойуу дурус эмес, бисмиллах айтып кессе да туура болбойт. Бирок этин жегенге болот.

Суроо: Курмандык чалган адамга сойгонунун акысы ирээтинде этин жана терисин бергенге болобу?

ЖООП: Курмандыкты сойгон адамга акы ирээтинде курмандыктын этин жана терисин берүүгө болбойт. Терисинен үйгө баштык, масы, жайнамаз сыяктуу нерселерди жасап өзү да колдонот. Териси, эти сатылса акчасын кедейлерге садака кылып берет.

Суроо: Курмандык малды дааратсыз сойуу жаизбы?

ЖООП: Сахих болот. Ошондой эле мажбур болгон жагдайда жунуп кезде да сойуу сахих болот. (Фатаваи Хиндийа)

Малдын терисин сыйрыш үчүн жел үйлөтүү

Суроо: Курмандык малдын терисин сыйруу үчүн жел үйлөтүү жаизби?

ЖООП: Жаиз болот.

Малды сойгондо «Бисмиллах» айтуу

Суроо: Малды сойордо «Бисмиллахиррахманиррахим» десе болбойбу? Ушундай айтылып сойулганда этин жегенге болобу?

«Бисмиллахиррахманиррахим» деп айтылганда да союлган малдын этин жегенге болот. Жакшыраагы «Бисмиллахи Аллаху акбар» деп айтуу. Бир гана «Бисмиллахи» десе же «Аллаху акбар» десе да жаиз. Мал сойгондо «Бисмиллахи» же «Аллаху акбар» деп айтуу парз. «Бисмиллахиррахманиррахим» деп бисмиллахты толугу менен айтуу да жаиз болот. (Ибни Абидин)

Мал сойгондо макрух болгон нерселер

Суроо: Мал сойууда макрух болгон нерселер эмнелер?

ЖООП

Кээ бири мына булар:

1- Курмандыкты союла турчу жерге сүйрөп баруу, себепсиз жабыр тарттыруу, кыйноо макрух. 

2- Бычактарды малды жаткыргандан кийин курчутуу жана бирин экинчисинин көз алдында сойуу макрух.

3- Сууп баштай электе, б.а., чырпынуусу токтой электе кежигесин да кесүү макрух.

4- Айбан толугу менен өлүп, чырпынуусу токтой электе жүлүнүн кесип башын алуу жана терисин сыйырууну баштоо макрух.

5- Камыш, таш сыяктуу курч нерселер менен же мокок бычак менен сойууга аракет кылуу да макрух.

6- Тууй турчу убагы жакын калган малды сойуу макрух.

7- Тартылып алынган бычак менен сойуу макрух.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш