Суроо: Мал сойууда макрух болгон нерселер
эмнелер?
	
ЖООП
	
Кээ бири мына булар:
	
1- Курмандыкты союла турчу жерге сүйрөп баруу,
себепсиз жабыр тарттыруу, кыйноо макрух.
	
2- Бычактарды малды жаткыргандан кийин курчутуу жана
бирин экинчисинин көз алдында сойуу макрух.
	
3- Сууп баштай электе, б.а., чырпынуусу токтой электе
кежигесин да кесүү макрух.
	
4- Айбан толугу менен өлүп, чырпынуусу токтой электе
жүлүнүн кесип башып алуу жана терисин сыйырууну баштоо макрух.
	
5- Камыш, таш сыяктуу курч нерселер менен же мокок
бычак менен сойууга аракет кылуу да макрух.
	
6- Тууй турчу убагы жакын калган малды сойуу макрух.
	
7- Тартылып алынган бычак менен сойуу макрух.