Ислам дини » Курмандык » Бир нерсени атоо кандай болот




Бир нерсени атоо кандай болот


Суроо: Бир нерсени атоо кандай болот?

ЖООП

Бир нерсени атоо эки түрдө болот: Мутлак атоо жана шартка байланган атоо.

1-Мутлак атоо:

«Аллах үчүн бир жыл орозо кармайм» деген сыяктуу. Кандайдыр бир шартка байлануу эмес. Муну айтып жатканда ойлобосо дагы сөз арасында тилинен чыккан болсо орундоосу важип болот. Себеби, атоодо ниетсиз, ойлонбостон сүйлөө чындап каалоо менен сүйлөө сыяктуу. Жада калса, «Аллах үчүн бир күн орозо кармоо үстүмө карыз болсун» дей турчу жеринде «бир ай орозо кармоо» деп оозунан чыкса бир ай орозо кармоосу керек.

Атоо ант кылууга ойшойт. Бир адам: «Атоом болсун», - десе, эмнени атагандыгын айтпаса жана ниет кылбаса ант каффаратын берүүсү керек. Бир адам Аллах ыраазылыгы үчүн орозо кармайын десе канча күн экендигин айтпаса жана бир нерсе ниет кылбаса же бир гана атоо үчүн ниет кылса бул орозосу атоо болот жана үч күн орозо кармайт. Муну айтып жатканда атоо болбой ант болуусун ниет кылган болсо ант болот. Орозону бузса ант каффараты керек болот. Атоо жана ант болуусун ниет кылган болсо бул орозо ант дагы, атоо дагы болот. Бул орозону бузса каза дагы, ант каффараты дагы керек болот.

Ибадат болуусу керек

Атоо кылынган нерсенин парз же важип болгон бир ибадатка окшоосу жана өз алдынча бир ибадат болуусу керек. Мисалы, даарат алуу, өлүктү кепендөө өз алдынча ибадат болбогондуктан атоо боло албайт. Оорулууну зыярат кылуу, жаназа көтөрүү, гусул алуу, мечит ичине кирүү, Курани каримди кармоо, азан окуу, мечит салдыруу дагы ибадат болгону менен өз алдынча бир ибадат эмес.

Шартка байланыштуу болбогон бир атоону кедей болсо да дароо орундоосу керек.

2-Шартка байланган атоо:

Максат кылынган шарт пайда болгондо атоону орундоосу керек. Орундабай ант каффаратын кылуу жаиз.

Атоо ошол кааланган бир нерсенин пайда болуусуна байланса шарт кылган нерсеси пайда болгондо атаган нерсени кылуусу керек. Пайда болуусун каалабаган бир нерсени шарт кылса, каалабаган нерсеси пайда болгондо ажылык, орозо, садага, нафил намаз сыяктуу атоолорун кааласа кылат. Каалабаса кылбастан ант каффаратын берет. Мисалы, Али менен сүйлөшсөм Аллах үчүн жүз сом садага атоом болсун дейт жана Али менен сүйлөшсө кааласа садаганы берет, кааласа бербестен ант каффаратын берет.

Шартка байланыштуу болгон атоону шарт пайда болуудан мурда кылуу жаиз эмес. Мисалы, оорум сакайып кетсе Аллах үчүн мынча садага берүү жана сообун сеййид Ахмед Бедеви хазреттерине багыштоо атоом болсун делсе, оору жакшы болуудан мурда атоону кылуу жаиз болбойт. Оору жакшы болгондон кийин кылуусу керек. Шартка байланыштуу болгон атоону кылып жатканда жерди, кедейдин атын жана кедейлердин сандарын жана акчанын түрүн айтканындай кылуу керек эмес.

Курмандык – бул айттын биринчи үч күнүндө бай үчүн важиб, кедей үчүн болсо нафил болуп союлган кой, уй же төө дегенди билдирет. Бул жагынан алып караганда атоо кылынып жатканда курмандык делген болсо Курман айтка союлат. Курмандык деп айтылбастан, мисалы, бир кой соём делсе күн жана жерди белгилеген болсо дагы Курман айт күндөрү кошулуп каалаган убакта жана каалаган жерде соё алат.

Атоону орундоо керек

Атоону орундоо керек экендиги Курани каримде жана хадиси шарифте билдирилген жана ижма-и үммөт болгон. Хаж сүрөсү 29-аяти каримасында "Атоолорун орундашсын" деген мааниде буюрулган. Ошондуктан, атоону орундоо – важип. Парз деген аалымдар дагы болгон.

Көңүлдөн ант жана атоо

Суроо: Тил менен айтпастан көңүлдөн кылынган атоо жана ант өтөбү?

ЖООП

Жок, көңүлдөн өткөрүү менен атоо же ант болбойт. Тил менен айтылуусу керек.

Парз болгон бир нерсени атоо

Суроо: Бул сынактан өтсөм Стамбулда Аййуб Султан мечитинде бир убак асыр намазын окуйм деп аталса үйдө же башка мечитте окулса жаиз болбойбу?

ЖООП

Кылынуусу өзүнө парз болгон бир нерсени атоо сахих болбойт. Асырды окуу ансыз деле парз. Б.а., бул атоо сахих эмес. Нафил намаз аталганда атоо сахих болмок; бирок, Аййуб Султанда окуу керек болмок эмес, башка жерде да окулса болмок.

Шүгүр үчүн курмандык

Суроо: Шүгүр ниети менен «Оорудан кутулган атам үчүн бир курмандык соёюн» деп айтуу атоо болобу?

ЖООП

Ооба, болот.

Корооздон атоо болот

Суроо: Тооктон, короздон курмандык болбойт, анда атоо дагы болбойбу?

ЖООП

Атоо болот албетте. Курмандык болбойт деген сөз атоо дагы болбойт дегенди билдирбейт. Атоодо кылынуусу аталган нерсенин парз же важип болгон бир ибадатка окшоосу жана өз алдынча бир ибадат болуусу керек. Мисалы, садага берүү – нафил ибадат, бирок, парз болгон зекетке окшогондуктан атоо боло алат.

Жандуу тоок, короз атоо жаиз болгондой эле, союп этин кедейлерге жедирүү дагы аталса болот. Атүгүл, бир жумуртка дагы атоонун зыяны жок. Аталган нерсе кедейлерге берилет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш