Ислам дини » Курмандык » Бирге жети жүз сооп




Бирге жети жүз сооп


Суроо: Кылынган жакшылык менен ибадаттарга эң көп канча сооп берилет?

Жооп: Аллах ыраазычылыгы үчүн кылынган жакшылыктардын, садаганын, зекеттин сообу берген адамдын ыкыласынын даражасына жараша бирге ондон бирге жети жүзгө, жада калса, андан да көп болот. Курани каримде ыйык аяттын маанисинде айтылат:

"Мал-дүнүйөлөрүн Аллах жолунда сарптаган кишилердин мисалы жети машакты өндүргөн жана ар бир машагында жети жүз дан бар болгон бир дан сыяктуу. Аллаху таала каалаган пендесине көбөйтүп да берет. Ал – Васий (Кенен) жана Алим (Билүүчү)”. (Бакара, 260)

(Васий – күч-кубат, кудурет ээси, ихсан кылган нерселери Ага кыйынчылык бербейт. Алим – бардык нерсени, жагдайы, акыйкаты жана негизи менен билүүчү. Инфак кылган адамдын ниетин, ыкыласын жана инфак даражасын билет. Инфак – сарптоо, муктаждыкты кетирүү.)

Хадиси шарифтерде минтип билдирилет:

"Бир жакшылыкка он эседен 700 эсеге чейин сооп берилет. Бир гана орозодон башка, Аллаху таала анын сыйлыгын мен (эсепсиз) беремин деп айткан”. (Ибни Хузайма)

"Раббибиз – Рахим (Ырайымдуу). Бир жакшылык кылууну каалап да кыла албаган адамга бир сооп берет. Жакшылык кылганга он эседен 700 эсеге чейин же андан да көп сооп жазат. Жамандык кылууну каалап, бирок, кылбаган адамга бир сооп, кылса бир күнөө жазат”. (Табарани)

Аллаху тааланын ырайымы, ихсаны кенен. Кымындай бир жакшылыкка тоолордой сооп берет. Мүлк Аныкы, каалаганына каалаган өлчөмүндө ихсан кылат. Эч ким Андан эсеп сурай албайт.

Сооп-күнөө өлчөмүн, асмандардын чоңдугун, алыстыгын жана акыреттеги замандарды жана дүнүйөнүн жаратылышын жана макулуктардын санын билдирген эсептер өлчөмдүн санын эмес, өлчөмдүн көптүгүн түшүндүрүү үчүн.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш