Ислам дини » Курмандык » Курман айт майрамын аныктоо




Курман айт майрамын аныктоо


Суроо: Рамазан сыяктуу Курман Айттын хилалы (жаңы айы) дагы дүнүйөнүн бир жеринен көрүнгөндө бардык жакта көрүнгөн болуп эсептелбейби?

ЖООП

Ислам Ахлагы китебинде Ибни Абидин хазреттеринен алынып мындайча билдирилген:

«Имам Субки хазреттери: «Шабандын 30чу түнү хилалдын көрүнгөндүгүн билдирген адам бар болсо, эсеп менен болсо хилалдын бир түн кийин чыга тургандыгы аныкталса, бул жерде эсепке ишенилет, себеби, эсеп менен билинген нерсе анык. Чыга электен бир түн мурда көрүнүүсү мүмкүн эмес», - деп билдирүүдө. Шамс-ул-аимма Халвани хазреттери болсо: «Рамазан айынын башталуусу хилалдын көрүнүүсү менен болот. Хилалдын чыгуусу менен башталбайт. Эсеп хилал чыккан түндү билдиргендиги үчүн Рамазан айынын башталуусу эсеп менен түшүнүлө албайт. Каалаган бир жерде хилал көрүнгөндө дүнүйөнүн бардык жагында орозо башталат, бирок, ажы, курмандык жана намаз убакыттары мындай эмес. Булар убакыттарынын бир жерде маалым болуусу менен башка жерлерде да ушундай болуусу керек эмес», - деп буюрган.» (Радд-ул-мухтар)

Эсептер туура кылынса хилалдын чыгуусун аныктоо жеңил болот, себеби, Аллаху тааланын низамында кымындай да жаңылыштык болбойт. Хилал эсеп билдирген саатта чыгат, секунд дагы адашпайт. Эсептен бир күн мурда айттоо илимге кайчы, жаңылыш, себеби, эсептен мурда хилалдын көрүнүүсү мүмкүн эмес.

Динибиз хилалдын чыгуусун эмес көрүнүүсүн негиз деп алат. Хилал көрүнмөйүнчө эсеп менен же айларды аныктоо усулдары менен табылган күндө айт кылынбайт. Рамазан хилалы дүнүйөнүн кайсыдыр бир жеринде көрүнгөндө орозонун башталуусу жана Рамазан айты бардык жерде бир күндө болот. Хадиси шарифте: «Хилалды көргөндө орозо кармагыла, кайра көргөндө таштагыла», - деп буюрулду. Дурар китебиндеги бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Ар ким орозону баштаганда силер дагы баштагыла, ар ким айт майрамдаганда силер дагы майрамдагыла!» [Тирмизи, Абу Давуд]

Курман Айт майрамы мындай эмес. Америкада Зилхижжанын хилалы көрүнсө, Кыргызстанда көрүнбөсө көрүндү деп кабыл кылынбайт. Тактап айтканда, Курман Айт майрамы Кыргызстанда Америкадан бир күн кийин болот.

Шейхулислам Мустафа Сабри Мырза мындай деген:

«Шабан айынын 29 күн боло тургандыгы эсеп менен анык билинсе, чындыгында да 29 күн болсо Рамазандын киришин аныктоо үчүн хилал көзөмөлдөнсө, хилал чыкса дагы асман булуттуу болгондугу үчүн көрүнө албаса Шабан 30 күн деп кабыл кылынат. Дагы ушул сыяктуу эле Рамазан айынын 29 күн боло тургандыгы эсеп менен анык түрдө билинсе, чындыгында эле 29 күн болсо, асман булуттуу болгондугу үчүн Рамазандын 29да хилал көрүнбөсө Рамазанды 30га толуктоо динибиздин буйругу.» (Маселелер)

Дагы Мустафа Мырзанын түшүндүрмөсү боюнча ай чындыгында 29 күн болсо дагы отузга толукталганда айт майрамы бир күн кийинкиге өткөн сыяктуу болот, бирок, Аллаху таала ошондой буюргандыгы үчүн айт майрам биринчи күн эмес экинчи күн болууда, тагыраагы, Шаввалдын биринде майрам болуусу керек болуп турса экисинде майрам кылынууда. Курман айт майрамы дагы Зилхижжанын онунда болуусу керек болуп туруп, он биринде майрам кылынууда, себеби, Аллаху таала ушундай буюрууда. Ошондой эле, Шаввал же Зилкада айы 29 күн, бирок, майрам бир күн кийин кылынган болууда. Майрамдын бир күн кийин кылынуусу менен ай 30 күн болгон болууда.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш