Ислам дини » Курмандык » Үйдө кимдер курмандык чалат




Үйдө кимдер курмандык чалат


Суроо: Ал жагдайы бар бир үй-бүлө канча курмандык чалуусу керек?

ЖООП

Ар кимдин зекет жана курмандык эсеби өзүнчө. Үйдө канча бай бар болсо ошончолук чалышат.

Бай болгон курмандык чалат

Суроо: Кирешеси жакшы болгон бир аял курмандык чалуусу керекпи? Же күйөөсү чалса анын курмандык чалуусу керек эмеспи?

ЖООП

Нисабка ээ болгон адам курмандык чалуусу керек. Аял-күйөө бай болсо экөөнүн тең чалуулары керек. Экөө тең кедей болсо экөөнүн тең курмандык чалуулары керек эмес. Эгер чалса зыяны жок, сообун алат.

Иштеген аял жана эркек

Суроо: Иштеген аял жана эркектин курмандык чалдыруусу мажбурбу?

ЖООП

Курмандык нисабына ээ болгон адам курмандык чалуусу керек, мунун иштөө менен байланышы жок. Кедей адамдын аялынын 100 грам билериги бар болсо, карызы жок болсо бул аялдын курмандык чалуусу важиб болот. Тескерисинче, машинеси, үйү бар бир адамдын акчасы нисаб өлчөмүнө жетпесе курмандык чалбайт.

Суроо: Үй-бүлөсү бай болгон студент дагы курмандык чалуусу керекпи?

ЖООП

Жок, бай болгон ар ким өзү курмандык чалат. Эне-атанын байлыгы менен болбойт.

Динде бай болгон курмандык чалат

Суроо: Бир үйдө аялы, күйөөсү, уулу жана кызы бар. 4 баш курмандык чалдырышмакчы. Бул төрт кишинин атына үйдүн эркеги кантип өкүлдүк берүүсү керек?

ЖООП

Баары бай болсо, баарыны курмандык чалуулары керек. Баары кедей болсо, эч бири курмандык чалуусу керек эмес. Бирөө кедей, бирөө бай болсо, бай болгону курмандык чалат. Кедейлер да курмандык чалса зыяны жок. Баары бирөөнө өкүлүк бере алышат. Ал дагы башка бирине өкүлдүк бере алат.

Курмандык чалуу жакшы болот

Суроо: Атам канча жыл өзүнө важиб болбосо да балдарым иштеп жүрүшөт деп өзүнө курмандык чалган экен. Апаңарда курмандык чалбадым, бул жолу ага курмандык чалалы деди. Апама болсо важиб эмес. Бул туурабы?

ЖООП

Атаңызга важиб эмес болсо, апаңыз үчүн нафил катары курмандык чала алат. Зыяны болбойт, жакшы болот.

Суроо: Айлыгы аз болгон аял менен күйөөнүн курмандык чалуусу керекпи?

ЖООП

Айлыгынын аз болуусу же көп болуусунун эч мааниси жок. Киши нисабдын жогорусунда айлык алса, бирок, сарптап, колунда акча калбаса зекет да бербейт, курмандык да чалбайт. Нисабдын астында айлык алган бирөөнүн колунда 96 грам алтын кунунда акча же билериги бар болсо, карызы да жок болсо, бай болгондугу үчүн зекет да берет, курмандык да чалат.

Экинчи бир маселе, аял менен эркек дин жагынан бири-биринен өзүнчө, ар кимдин табышы өзүнө. Айталы, аялдын жүз грам алтыны бар болсо, карызы жок болсо, дин жагынан бай болуп саналат, зекет берет жана курмандык чалат.

Айт майрам күнү карыздар колдо бар акчадан чыгарылат, колунда нисаб өлчөмүнчөлүк акча калган адам бай болуп саналат, курмандык чалат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш