Ислам дини » Курмандык » Бисмиллахи




Бисмиллахи


Алгач тизеге чейин тереңдиктеги чуңкур казылат. Курмандыктын көздөрү чүпүрөк менен байланат. Кыбылага каратып сол капталына жаткырылатКекиртеги чуңкурдун четине алып келинетЭки алдыңкы жана бир арткы буту учтарынан чогуу байланатҮч жолу айт майрамы такбири айтылат. Андан кийин "Бисмиллахи Аллаху акбар деп төөдөн бөлөк жаныбардын кекиртегинин каалаган бир жери кесилет. "Бисмиллахи деп жатканда "х” тамгасын так белгилеп айтуу керекЭгер "х” тамгасы так белгилеп айтылбаса, анда Аллаху тааланын ысымын айтканын ойлоо зарыл. Эгер ушуну да ойлобосо, жандык тарп болот. Жеген адал болбойт. Ошол себептен дайыма "Аллах таала” деп айтпай, "Аллаху таала” деп айтып, "х” тамгасын так белгилөөгө көнүү керек. Жандыктын кекиртегинде "Мери” делген кызыл өңгөч, "Халкум” делген аба түтүгү жана "Авдаж” делген эки тарапта бирден кан тамыры бар. Бул төрт түтүктүн үчөө бир убакта кесилиши керек. Мууздаган адамдын дагы кыбыла тарапка бурулушу сүннөт. Жандык сууп баштай электе, башкача айтканда, чырпынуусу токтой электе мойнун кесүү макрух. Жалгыз мойнунан гана кесүү арам. Жандык толук өлүп, чырпынуусу токтой электе башын кесип салуу, терисин сыйрып баштоо да макрух. Сойгонду билген адам өзү сойсо мустахаб болот. Аял киши да сойсо жаиз болот. Билбеген адамдын өкүлүнө сойдуруусу жана мууздалып жатканда жанында туруп, "Анъам” сүрөсүнүн жүз алтымыш экинчи "Инна салати” аятын "ла шарика лах”ка чейин  окуусу мустахаб.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш