Ислам дини » Курмандык » Курмандык чалууда байлыктын өлчөмү




Курмандык чалууда байлыктын өлчөмү


Суроо: Курмандык чалууда байлыктын өлчөмү кандай?

ЖООП: Тизме менен билдирели:

1 - Фитра (битир садака) жана курмандык нисабына ээ болгон адам бай деп аталат. Анын фитра бериши важиб болот. Мукаллаф болсо, башкача айтканда, акылдуу, балагат жашындагы жана муким болсо өзү үчүн гана курмандык чалуусу важиб болот. Анын зекет алуусу арам болуп, кедей болгон махрам тууганына жана иштебеген кедей эркек тууганына жардам берүүсү важиб болот.

2 - Мурас жана махр мал-мүлктөрү нисаб эсебине кирет. Нисаб өлчөмүндөгү мал-мүлктү алгандан кийин бир жыл өтүп ошол жылдын зекети гана берилет.

3 – Өзү муктаж болгон нерселерден жана карыздарынан ашыкча зекет насабына жеткен мал-мүлкү же акчасы болгон ар бир эркин мусулмандын курмандык чалуусу важиб. Курмандык нисабы менен буюмдарынын баасы алтын жана күмүш менен аныкталат.

4 - Курмандык нисабына кирүүчү мал-мүлктүн соода үчүн болушу шарт болбогондой эле, колунда бир жыл калган болушу да шарт эмес. Карыздар аласалардан жана учурдагы мал-мүлктөн алынып салынат. Калган аласалар зекетте болгондой эле курмандыктын нисабына кирет.

5 – Муктаждыкка жаткан нерселер курмандык нисабына кирбейт. Муктаждыкка жаткан нерселер деп баалары канча жогору болбосун, бир үй, бир айлык тамак-аш, жыл сайын үйдөгү 3 кабат кийим-кече, ич кийимдер, тиричилик буюмдары жана шаймандары, транспорт каражаты, кесибине байланыштуу китептери жана төлөнө турган карыздарга айтылат. Бул нерселердин бар болушу шарт эмес. Эгер бар болсо анда зекет, фитра жана курмандык үчүн нисаб эсебине кирбейт.

6 – Соода үчүн болбогон, муктаждыгынан артып калган несрлер, ижарага берилген үйлөр, үйдөгү кооздук буюмдары, жерге салынбаган килемдер, колдонулбаган ашыкча тиричилик буюмдары, өнөр жана соода куралдары бул жерде муктаждыкка жаткан нерсе катары эсептелбейт. Башкача айтканда, булар курмандык нисабына кирет. Алардын баары эсептелгенде 96 грамм алтын баасында болсо мындай адамдын курмандык чалуусу важиб болот. Эгер жашаган үйү чоң болуп, муктаждыгынан артык пайдаланылбаган бөлмөлөрү бар болсо ал нисабга кирбейт.

7 - Аялдардын алтын жана күмүш жасалгалары зекет жана курмандык нисабына кирет. Бермет, маржан, алмаз, изумруд сыяктуу зергер буюмдар болсо курмандыктын нисабына гана кирет, зекеттин нисабына кирбейт.

8 - Компьютер, телефон, тапанча, магнитофон, кассеталар, CD, DVD, саат, муздаткыч, кир жуугуч, идиш жуугуч, тазалоочу роботтор, баалуу диний табличка, люстра сыяктуу үй буюмдары колдонулгандыктан курмандык нисабына кирбейт. Эч колдонулбаган, четте турган эски-жаңы тиричилик буюмдары, идиш-аяктар нисабга кирет.

9 – Нисаб баасында Мусхаф, хадис, фикх жана башка илимий китептери бар адам аларды окуп жаткан болсо анда нисабга кирбейт. Окубай жаткан болсо, окуганды билбесе нисабга кирет.

10 - Үйдө колдонулбаган нерселер нисабдан жогору болсо курмандык чалуу важиб болот. Мисалы, сеп катары алынган нерселер кимдики болсо да  ошол курмандык чалат. Атасы сеп катары алган болсо, бирок, кызына белекке бербеген болсо бергенге чейин сеп атанын мал-мүлкү болуп саналат. Ата курмандык чалууга тийиш. Эгер белекке берген болсо кыз курмандык чалууга тийиш. Эгер сеп нисабга жетсе ушундай болот.

11- Жыл сайын үйдөгү 3 кабат кийим-кече муктаждыкка жаткан нерсе. Андан артыгы эски болсо да нисабга кирет. Колдонулбаган эски үй буюмдары жана идиш-аяктар да курмандык нисабына кирет. (Үч кабат кийим деп үч пиджак, үч шым, бир пальто, үч көйнөк, үч ич көйнөк, үч майка, үч ыштан жана бир жемпирге айтылат. Андан артыгы курмандык нисабына кирет.)

12 – Бир үйгө ээ никелүү аял Имам Азам жана Имам Абу Юсуф боюнча бай деп эсептелет. Ошол үйүндө отурса да, отурбаса да курмандык чалуусу керек. Бир үйгө ээ эркек киши бай деп эсептелбейт. Бирок, турмушка чыккан аял үчүн үй нафакадан эмес. Күйөөсү бир үй таап, жайгаштырууга мажбур. Эгер акчасы болсо Имам Азам жана Имам Абу Юсуф боюнча курмандык чалат. Имам Мухаммед боюнча болсо бир үйү бар аялдын курмандык чалуусу керек эмес. Фатва да ушундай. Тактап айтканда, чалса важиб сообун алат, чалбаса күнөө кылган болбойт. Эгер аялдын күйөөсү жок болсо өзү отурган үйү нафакадан деп эсептелет. Имам Азам жана Имам Абу Юсуфтун пикири боюнча да курмандык чалуусу керек эмес.

13 – Эгер бир адамдын эки үйү болсо, бирин кышында, экинчисин жайында колдонсо, жайында жайкы үйүндө, кышында экинчи үйүндө отурса алар эки башка үй болуп эсептелбейт. Курмандык чалуу важиб болбойт. (Хиндиййа) 

Шектүү аласалар 

Суроо: Карызы жок жана качан бериле тургандыгы белгисиз, нисаб өлчөмүнөн көп аласасы бар адам ал аласасын нисаб эсебине кошобу, зекет береби жана курмандык чалабы?

ЖООП: Ишеним кат берилген же четке кагылбаган аласалар банкрот же кедей болсо да нисабга кирет. Ал колго тийгенде өткөн жылдардын зекети да берилет. Эгер курмандык чала тургандай акчасы болсо курмандык да чалат.

Ибни Абидин хазреттери айтат:

Шериктештикте көп мал-мүлкү бар болуп туруп ала албаган адамдын эгер курмандык чала тургандай акчасы бар болсо анда курмандык чалат.  

 

Суроо: Менин жарнамалык фирмам бар. Буюртманын негизинде жарнама даярдап, тасмаларды тартып, которобуз жана сайттарды даярдайбыз. Буларда аткара турган ишибиз жана иштин аягында ала турган акча келишимде жазылган. Бул акчаны зекет менен курмандыктын нисабына кошомбу?

ЖООП: Жок. Келишим түзүлгөн ишти же кызматты аткарып, тапшырылгандан кийин гана аласа жүзөгө ашат. Бул жүзөгө ашкан сумманы зекет менен курмандыктын нисабына кошосуз. Иш аткарылып тапшырыла электе мындай аласалар нисабга киргизилбейт.

 

Суроо: Курмандыктын нисабы 96 гр. Бирок, эмне үчүн кээ бирлери 80 гр дешет? 80 гр болсо алтындарым нисаб өлчөмүнө жетет. Эми курмандык мага важиб болуудабы?

ЖООП: Накылды негиз кылбагандыктан жаңылыш сүйлөп жатышат. Карыздарыңызды алып салгандан кийин нисаб өлчөмү 96 граммга жеткенде гана курмандык сизге важиб болот. 

Айттан кийин 

Суроо: Учурда нисаб өлчөмүндө мал-мүлкү болбогон, бирок, Курман айттан кийин колуна нисаб өлчөмүнөн ашык акча тийе турган адамдын курмандык чалуусу керекпи?

ЖООП: Керек эмес. Важиб болушу үчүн айттын үчүнчү күнү колго тийиш керек.

 

Суроо: Нисабды ашкан аласам бар. Бирок, аны ала албай жатам. Муктаждыгыман артык мал-мүлкүм бар. Бирок, акчам жок. Курмандык чалуу мага важиб болобу?

ЖООП: Аласалар зекетте болгондой нисабга кирет. Бирок, колунда акчасы жок, муктаждыгынан ашык болсо да фитра бербеген, курмандык чалбаган адам Имам Мухаммед боюнча күнөөдөн кутулат. Карыз алып же бир буюмду сатып курмандык чалса Шейхайн боюнча важиб сообун алат. 

Жер тилкеси жана курмандык 

Суроо: Нисаб өлчөмүнөн ашкан өтө баалуу жер тилкем. Мага курмандык чалуу важибби?

ЖООП: Имам Мухаммед боюнча курмандык чалуу важиб болбойт. Шейхайн боюнча важиб болот. Важиб сообун алуу үчүн Шейхайн боюнча чалуу керек. 

Үй, автоунаа нисабга кирбейт 

Суроо: Отурган бир үйү, айдаган биравто унаасы, биржада акциялары жана карызы да бар адамдын курмандык чалуусу важибби?

ЖООП: Бир үй жана бир автоунаа курмандыктын нисабына кирбейт. Карыздар колдогу акчадан жана акциялардан алынып салынат. Эгер колдо нисабга жеткен акча кала турган болсо анда курмандык чалуу керек. 

Суроо: Менин биржада акцияларым бар. Кооперативге төлөшүм керек болгон карызым бар. Автоунаага 30 айга бөлүп төлөшүм керек болгон карызым бар. Ижарада жашайм. Бул жагдайда курмандык чалышым керекпи?

ЖООП: Бардык карыздарыңызды учурда колуңуздагы  акчаңыздан жана акциялардын базар баасына алып саласыз. Эгер колуңузда нисаб өлчөмүнөн ашык акчаңыз калса анда курмандык чалышыңыз керек. 

Суроо: Менин сеп буюмдарым бар. Электр үй чарба буюмдары, эмеректер, кооздук буюмдары, килем, ашкана материалдары колдонулбагандыктан булардын бардыгы нисабга киреби же бир гана электр үй чарба буюмдары киреби?

ЖООП: Колдонулбаган бардык буюмдар кирет. 

Эсеп-фактуралар жана нисаб 

Суроо: Курман айтка туура келген, бирок, майрамга карата дем алыш болгондуктан айттан кийин төлөнүшү керек болгон электр энергиясы, телефон, суу жана башка ушул сыяктуулардын  жалпы акчасы чөнтөгүбүздө болсо буларды да курмандык нисабына киргизебизби?

ЖООП: Сиз ал акчаларды нисабга кошпойсуз. Анткени, ал акчаны майрамдан кийин бересиз. Башкача айтканда, ал акча сиздин колуңузда аманат сыяктуу. Ошол акчалардан ашыкча нисаб өлчөмүндө акчасы бар адамдын курмандык чалуусу важиб болот. 

Алгач карызын төлөйт 

Суроо: Эгер нисаб өлчөмүндө карызы бар адамдын колунда нисаб өлчөмүндө акчасы бар болсо, курмандык чалуусу керекпи?

ЖООП: Карызы бар адам алгач карызын төлөйт. Калганы нисаб өлчөмүнө жетпесе анда курмандык чалбайт. 

Акча бербей туруп курмандык чалдыруу

 Суроо: Жыйырма миң сом аласасы бар болуп, колунда акчасы жок болгон адам ал аласаны бере турган адамга "Бир жандык 5000 сом, мен үчүн бир курмандык чал, 5000 сомду болсо карыздан алып сал!” десе жаиз болобу?

ЖООП: Ооба, жаиз болот. Атүгүл такыр аласасы жок болсо, нисабга ээ болсо бирөөгө "мен үчүн бир курмандык чал!” десе ал адам да чалса, чалдырткан адам важиб сообун алат.

Зекет бергенде да ушундай. Бирөөнү өкүл кылып дайындасаңыз, мен үчүн баланча өлчөмдө зекет бер десеңиз, ал берсе зекетиңиз берилген болот. Акча берүү менен байланышы жок. Тактап айтканда, өкүл өзүнүн акчасынан бере алат. Өкүл өзүнүн акчасы менен курмандык чала алат. Кийин сизден акча талап кыла алат же белек да кыла алат. 

Карызы бар бай 

Суроо: 96 гр алтыны бар болгон адамдын эгер карызы да бар болсо курмандык чалуусу керекпи?

ЖООП: Карызы бар болгон адам карызын алып салгандан кийин нисабга жетпесе анда курмандык чалууга тийиш эмес. 

Суроо: Атамдын арыдан-бери курулган эки кабаттуу үйү бар. Башка муктаждыктан ашыкча мал-мүлкү, акчасы жок. Биринчи кабатта ижарачы бар. Муктаждыктан ашкан үй деп атам курмандык чалууда. Муктаждыктан ашкан үй делгенде ушундай эки кабаттуу үйлөр эки бөлөк үй өкүмүнө жатабы же бир үй өкүмүнө жатабы?

ЖООП: Биринчи кабаты өзүнчө болсо бул өзүнчө үй дегенди билдирет. Эгер бир үйдүн бөлмөлөрү өкүмүнө жатса кээ бир үйлөр ушундай, алар бир үй деп эсептелет. Бир тепкич аркылуу экинчи кабатка көтөрүлгөн үйлөр сыяктуу. 

Суроо: Алтыны бар болгон бир кишинин зекетин берген учурда курмандык да чалуусу керекпи?

ЖООП: Зекет өзүнчө, курмандык өзүнчө. Алтын курмандыктын нисабына да, зекеттин нисабына да кирет. Башкача айтканда, эгер нисабга жетсе зекет да бересиз, курмандык да чаласыз. 

Суроо: Мага тийиштүү электр үй чарба буюмдары сыяктуу септерим бар. Курмандык чаламбы? Булардын зекетин беремби?

ЖООП: Духовка, кир жуугуч, муздаткыч, идиш жуугуч сыяктуу сеп буюмдарыңызды колдонуп жаткан болсоңуз курмандык нисабына кирбейт. Колдонбой жаткан болсоңуз, нисабга да жетсе жыл сайын курмандык чалууга тийишсиз. Сеп үчүн зекет болбойт. 

Алтын акча дегендик 

Суроо: Курмандык нисабына жеткен адамдын эгер колунда акчасы жок болсо карыз алып курмандык чалуусу керекпи?

ЖООП: Муктаждыгынан ашкан буюмдары, ала албаган аласалары же булар сыяктуу башка себептерден улам нисабга жеткен адамдын эгер курмандык чала турган акчасы жок болсо карыз алып чалуусу керек эмес. Эгер чалса важиб сообун алат. Эгер алтыны бар болсо анда акчасы да бар дегендик. Кагаз акчасынын жок болушу шылтоо эмес. Алтындарын алмаштырып курмандык чалуусу керек. Чет өлкөлүк валютасы бар адамдын да алмаштырып курмандык чалуусу керек. 

Күмүш нисабы жана курмандык

Суроо: Күмүш нисабы боюнча бай болгон адамдын чалган курмандыгы важиб болобу?

ЖООП: Эгер бай болгонун билсе важиб сообу алат. 

Аары, бал жана курмандык

Суроо: Бал челектери жана балы бар адамдын курмандык чалышы важибби?

ЖООП: Эгер колундагы акча жана бал менен бирге бал челектеринин баасы нисабга жетсе курмандык чалуусу важиб болот. 

Мөөнөттүү мүлк 

Суроо: Бир үйүнөн башка бир мөөнөттүү мүлкү же жер тилкеси бар болгон же башка бир үйгө шериктеше ээ болгон адамдын буларды курмандык нисабына кошуп, курмандык чалуусу керекпи?

ЖООП: Имам Мухаммед боюнча кошпойт, тагыраагы, курмандык чалуусу керек эмес, фатва да ушундай. Эгер Имам Азам менен Имам Абу Юсуф боюнча нисабга кошуп, курмандык чалса важиб сообун алат. Бул чоң соопту алгысы келген адам экинчи кавилди тандоого тийиш. 

Курмандык чалуусу важиб болгондор 

Суроо: Колунда учурда жыйнаган акчасы жок болуп, үйү, автоунаасы бар адамдын курмандык чалуусу керекпи?  

ЖООП: Муктаждыгына жаткан буюмдардан жана карыздарынан ашыкча болуп, зекет нисабына жеткен мал-мүлкү, акчасы бар ар бир мусулмандын фитра берүүсү жана курмандык чалуусу важиб болот. Фитра жана курмандык нисабына ээ болгон адам бай деп аталат. Анын зекет алуусу арам болот.

Муктаждыкка жаткан нерселер деп баалары канча жогору болбосун, бир үй, бир айлык тамак-аш, жыл сайын 3 кабат кийим-кече, ич кийимдер, тиричилик буюмдары жана шаймандары, транспорт каражаты, кесипке байланыштуу китептер жана төлөнө турган карыздарга айтылат. Бул нерселердин бар болушу шарт эмес. Эгер бар болсо анда зекет, фитра жана курмандык үчүн нисаб эсебине кирбейт. Соода үчүн болбогон, муктаждыгынан ашып калган буюмдар, ижарадагы үйлөр, үйдөгү кооздук буюмдар, жерге салынбаган килемдер, колдонулбаган ашыкча үй тиричилик буюмдары, өнөр жана соода шаймандары бул жерде муктаждык буюмдары деп эсептелбейт. Булар фитра жана курмандык үчүн нисабга кирет. Эгер отурган үйү чоң болсо муктаждыгынан ашык колдонулбаган бөлмөлөрдүн нисабга кошулбоосу сахих.

Айылда, чөлдө же шаарда муким болгон акыл-эстүү, балагатка жеткен, эркин жана мусулман эркек жана аялдын эгер муктаждыгынан ашык нисаб өлчөмүндө мал-мүлкү же акчасы бар болсо Курман айтка ниет кылып, белгилүү бир күндөрдө бир малды союусу важиб. Шейхайн боюнча атанын  бай баласы үчүн баласынын мал-мүлкүнөн чалуусу керек. Этин ал баладан башка эч ким жей албайт. Баладан артып калган эт сатылып, акчасына балага кийим-кече сыяктуу үзгүлтүксүз колдонула турган нерселер сатып алынат. Бирок, фатва Имам Мухаммеддин ижтихадына ылайык. Бул ижтихадга ылайык, атанын баласы үчүн өз мал-мүлкүнөн да, баланын мал-мүлкүнөн да чалуусу важиб эмес. 

Талаасы, багы бар адамдын курмандык чалуусу 

Суроо: Колунда динде билдирилген байлыктын өлчөмдө акчасы жок болгон адамдын бакчасы, талаасы бар болсо, курмандык чалуусу керекпи?

ЖООП: Маселеге байланыштуу Ибни Абидинде мындай деп айтылат:

"Талаасынан алган түшүм же талаанын, үйдүн, дүкөндүн, ателье, жүк ташуучу унаанын бир жылдык кирешеси канчалык көп болбосун, бир жылдык үйүнүн муктаждыгына жетпеген же бир айлык кирешеси, алган айлык маянасы, акысы бир айлык муктаждыгына жана кул акысына жетпеген адам Имам Мухаммед боюнча кедей болуп саналат. Фатва да ушундай. Имам Азам менен Имам Абу Юсуфтун пикири боюнча ал бай деп эсептелет. Анткени, менчиги болгон талаанын жана бул туруктуу колдонумдагы мал-мүлктөрдүн баасы муктаждыгына жетет жана нисабдан да артат. Анын ижара акысынан ар алганда белгилүү өлчөмдө бөлүп, жыйнап, фитра берүүсү, курмандык чалуусу жана чоң соопту алуусу зарыл. Имам Мухаммед боюнча күнөөдөн кутулат.”

Белгилүү болуп жаткандай, эки ижтихад тең орундуу жана мусулмандарга ырайым. Бул жагдайда болгон адам эгер фитра бербесе же курмандык чалбаса Имам Мухаммеддин ижтихады аны азаптан куткарат.

Талаасынан эч түшүм албаган же ижарага да бербеген адам жана муктаждыгынан ашыкча мал-мүлкү болуп, бирок, акчасы жок болгон эркек же аял Имам Мухаммеддин ижтихады менен амал кылып, фитра бербейт жана курмандык чалбайт. Эгер берсе жана курмандык чалса экинчи ижтихад боюнча фитра менен курмандыктын сообун алат. Өзүнө важиб болбогон ибадатты кылган адам бир гана нафил ибадаттын сообун алат. Важибдин сообун албайт. Эгер этин кедейлерге берсе садака сообун да алат. Важиб болгон фитра жана курмандык сообу болсо нафил жана сүннөт сообунан эселеп көп. Ар бир ибадат дагы ушундай.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш