Ислам дини » Курмандык » Уруксаттардан пайдалануу керек




Уруксаттардан пайдалануу керек


Суроо: Уруксат деген ат менен мусулмандарга ар бир жеңилдиктерди айтуу туурабы? Мисалы, "Кедейдин курмандык чалуусу адак болбойт” деп, кедей чалган нафил курмандыгынан жегизүү, "Бодо малга шерик болуп кошулса болот” деп айтуу орундуубу? Уруксаттардан пайдаланууга дем берүүгө болобу?

ЖООП: Динибизде эгер бир маселеде эки кавил (сөз, пикир) бар болсо, керек болгондо жеңилин тандоо да диндин буйругуна баш ийүү болот. Имам Шарани хазреттери: "Зарылдык болгон учурда уруксат менен амал кылуу керек”, - деген. Имам Раббани хазреттери дагы: "Зарыл болгондо эң жеңил фатва менен амал кылуу керек! Аллаху таала адамдарга кыйын болон нерселерди эмес жеңил болгондордун орундалуусун каалоодо. Анткени, адам алсыз, чыдамсыз”, - деп буюрууда.

Бир аяти кариманын мааниси:

"Аллах силерге жеңил болуусун каалайт, оор болуусун каалабайт.” [Бакара, 185]

Расулуллах алейхиссалам өзү көп кыйынчылык тартуусуна карабастан уруксат менен амал кылууну буюруп мындай дечү:

"Аллахтын рахматынын үмүт үздүрүп, динди жек көрсөткөн адамга наалат болсун!” [Насаи]

"[Диндин чегинде] Жеңилдеткиле, кыйындатпагыла, сүйүнчүлөгүлө, сүйгүзгүлө, жек көрсөтпөгүлө!” [Бухари]

"Аллаху таала силердин буюрганын кылууңарды жакшы көргөн сыяктуу, уруксат берген нерселерин кылууңарды да жакшы көрөт.” [Байхаки]

"Аллаху тааланын силерге берген жеңилдик жана уруксаттарынан пайдалангыла!” [Бухари]

"Уруксаттардан пайдаланбаган адам Арафат тоосундай күнөө кылган болот.” [Табарани]

Эми эки бөлөк кавилдердин айрымдарын билдирели:

1-Кедей адам эгер курман айт майрамында курмандык чалса ал адак болот, этинен жей албайт. Башка бир кавилде болсо, эгер кедей курман айт майрамында курмандык чалса анын чалган жандыгы нафил болот, этинен жейт. Эми бул кедейге сен анын этинен жей албайсың, чала турганың адак болгондуктан бодо малга да шерик боло албайсын деп айтканынан кайтпай туруп алуу экинчи кавилди четке кагуу, кыйындатуу болуп саналат.

2-Курмандык чалууда эки кавил бар. Үйдүн, дүкөндүн, устакананын, жүк ташуучу унаанын жылдык кирешеси канча көп болбосун үйүнүн бир жылдык муктаждыгына жетпеген же айлык кирешеси жана алган айлык акысы бир айлык муктаждыгына жана карыздарына жетпеген адам  Имам Азам менен Имам Абу Юсуфтун билдиргенине ылайык бай болуп эсептелет. Ал курмандык чалууга тийиш. Ал эми Имам Мухаммеддин билдиргенине ылайык кедей болуп, анын курмандык чалуусу керек эмес. Экинчи кавилди тандап, курмандык чалбаган адам күнөө кылган болбойт. (Ибни Абидин)

3-Имам Азам боюнча жубайлар бири-бирине зекет бере алышпайт. Имамейн боюнча болсо кедей күйөөсүнө аялы зекет бере алат. Сөзсүз эле биринчи кавилди алга сүрүп туруп алуу орундуу эмес.

4-Көпчүлүк аалымдардын пикири боюнча куурчак жана оюнчук жаныбарлар жаиз эмес. Имам Абу Юсуфтун пикири боюнча жаиз. Бул кавилден пайдаланып куурчактарды жана оюнчук жаныбарларды алуу, сатуу жана ойноо жаиз болот. Сөзсүз түрдө биринчи аалымдарга баш ийүүнү талап кылып туруп алуу туура эмес.

5-Одеколон, атыр, тундурма диод сыяктуу спирт аралашмалары нажис. Башка бир кавилде болсо кечирилген, башкача айтканда, нажис эмес. Жараатына йод тундурмасын сүйкөп, намаз окуган адамдын намазы сахих эмес деп айтуу жаңылыш болот.

6-Заарасын же жел кармай албаган же оорудан улам кандайдыр бир аккан нерсеси бар адам Малики мазхабын таклид кылса анын жүйөөлүү себеби дааратын бузбайт.

Анын сыңарындай, өз мазхабында жаиз болбогон, бирок, башка мазхабда жаиз болгон нерсеге муктаждык пайда болгон учурда таклид кылуу жаиз болот.

7-Сүт бир тууганга үйлөнүү арам. Үйлөнгөн кыздын көп жылдардан кийин сүт бир тууган экени аныкталып, бирок, бир же эки жолу эмгени белгилүү болсо Шафий мазхабын таклид кылып никелерин уланта алышат. Сөзсүз түрдө ажырашуу керек деп туруп алуу туура эмес.

Ушундай эле жагдайлар никеде жана талакта да көп байкалат. Шафии бир жаш жигит бир кызды ала качат, атасы аны бербей коет. Ханафи мазхабын таклид менен үйлөнүүлөрү жаиз болот. Кийин балалуу болгондон кийин жигит аны менен ажырашып, кийин өкүнсө Шафий мазхабын таклид кылып үйлөнсө болот.

Мындай уруксаттарга каршы чыгуу таассуптан (фанатизмден) башка нерсе эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш