Ислам дини » Курмандык » Хазрети Ибрахим жана курмандык




Хазрети Ибрахим жана курмандык


Суроо: Хазрети Ибрахим эмне үчүн баласын курмандыкка чалмакчы болду?

ЖООП: Ибрахим алейхиссалам эгер Аллаху таала бир уул перзент бере турган болсо аны Аллах үчүн курмандыкка чала турганын айтты. Тилеги орундалганда убадасын аткаруусу тушүндө билдирилди.

Хазрети Ибрахим сөзүнө туруп, уулун курмандыкка чалмакчы болду. Аллаху таала: "Ибрахим чындыгында түшүнө бекемдигин көрсөттү. Албетте, бул ачык сыноо болчу. Уулу үчүн ага курмандыкка чоң кочкор фидя бердик. Ихсан ээлерин ушинтип сыйлайбыз”, - деп буюрду.

Хазрети Ибрахим Намруд тарабынан отко ыргытылганда жаны менен, Хазрети Исмаилди курмандыкка чалууга буйрулганда перзенти менен, жайлоолорду каптаган бардык үйүрлөрүн берүү аркылуу мал-мүлкү менен сыналды. Ал үч сыноодон тең ийгиликтүү өттү. Курани каримде "Сөзүндө турган Ибрахим” деп макталган. (Нажм, 37)

Ушундай сөзүндө туруу чоң пазилет. Курани каримде сөзүндө тургандар макталууда:

"Момундардын арасында Аллахка берген сөзүндө турган көптөгөн кишилер бар.” [Ахзаб, 23]

"Албетте, Ибрахим садык (опаачыл, ишенимдүү) пайгамбар эле.” [Мариям, 41]

"Исмаил сөзүндө турган расул бир наби эле.” [Мариям, 54]

Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

"Чынчылдык жакшылыкка, жакшылык Бейишке жетелейт. Адам чынчылдык менен Аллахтын алдында сыддыктардан деп жазылат.” [Муслим]

Хазрети Ибрахим Аллаху таала жиберген кочкорду курмандыкка чалды. Пайгамбарыбыз алейхиссалам кутман сахабаларга: "Курмандык чалуу - ата-бабаңар Ибрахимдин сүннөтү”, - деди. (Хаким)

Динде бай деп эсептелбеген адам эгер карызы жок болсо, мүмкүнчүлүгү да болсо курмандык чалса абдан жакшы болот. Хадиси шарифте: "Айт күнү курмандык чалуудан жа пазилеттүү башка бир амал жок. Бирок, сыла-и рахм мунун сыртында”, - деп айтылды. (Табарани)

 Хазрети Ибрахим жана курмандык

 Ибрахим алейхиссалам уулу Хазрети Исмаилдин сулуулугун жана кемчиликсиздигин көргөндө уулуна болгон аталык сүйүү жана мээрими ойгонот. Ошол хузур жана рахаттык менен уктайт. Түшүндө уулу Исмаилдин курмандыкка чалып жатканын көрөт. Жубайы Хазрети Хажардын алдына барат.

- Эй, Хажар! Көзүмдүн нуру уулум Исмаилге эң жакшы кийимдерди кийгиз, чачын тара. Мен аны бир досумдун зыяратына алып барам. Бир бычак менен жип да алып кел.

- Бычак, жип менен бул кандай конокко баруу болду?

- Балким, Аллаху таала бизге бир кой берет.

Иблис муну укканда менин жумушум бар деп, Хазрети Хажардын алдына келди.

- Эй, Хажар! Ибрахим Исмаилди кайда алып кетти?

- Зыяратка.

- Жок, курмандыкка чалыш үчүн...

- Кантип? Бир ата эч баласын курмандыкка чалчу беле?

- Бирок "Раббим буюрду” деди.

- Эгер Аллаху таала буюрган болсо, анда Ага миң жан курман болсун.

Иблис бул жолу Хазрети Ибрахимге барды да мындай деди:

- Уулуңду кайда алып баратасың?

- Зыяратка.

- Жок, курмандыкка чаласың, ал түш шайтандан.

- Жок, мен көргөн түш Рахмани болчу.

- Уулуңду мууздоого көңүлүң ыраазыбы?

- Эй, малун! Анык билип койгунуң, эгер дүнүйөдөгү баары менин перзентим болсо жана Раббим алардын баарын курмандыкка чалууну буюрса мен баарын курмандыкка чалмакмын.

Шайтан Хазрети Ибрахимден үмүтүн үзүп, Хазрети Исмаилдин алдына келет:

- Эй, Исмаил! Кайда баратасың?

- Зыяратка.

- Жок, атаң сени мууздайт.

- Мени эмне үчүн мууздайт?

- "Раббим буюрду” деп жатат.

- Эгер Аллаху таала буюрган болсо миң жаным дос үчүн курман болсун.

Иблистин васвасасы (азгырыгы) бүтпөгөндүктөн Хазрети Исмаил атасына мындай дейт:

- Бул менин тынчымды кетирип жатат.

- Ага таш ыргыт, алыстасын.

Таш ыргытып, Минага келишкенде Хазрети Ибрахим уулуна мындай дейт:

- Жаным балам, башыбызда балээ бар. Эмне үчүн хад жазасына татыктуу болгонуңду билбейм?

- Ата, бул сөздөн кан жыттанууда.

- Уулум түшүмдө сени мууздаганымды көрдүм. Сен эмне дейсиң? (Саффат, 102)

- Адам жеме камчысын жемейинче кыймылдабайт. Атаке, сизге эмне буюрулган болсо орундаңыз. Кудай кааласа, мени сабырдуулардын катарынан табасыз. Башымды берүү мен үчүн бир көз ирмемчелик. Бирок, өз колунуз менен уулуңузду курмандыкка чалуу көңүлүңүзгө кыйын жана оор болушу мүмкүн. Менин үч каалоом бар:

Биринчи: Колу-буттарымды бекем байлаңыз!

- Балам, доско баратканда ыйлоого, кыйкырып-өкүрүүгө болбойт.

- Мүмкүн, тамагым канжарыңызга чыдай албайт. Колу-бутумду кыймылдатып, сизди капалантып коюшум ыктымал.

Экинчиси: Мени көмкөрөсүнөн жаткырыңыз, жүзүмдү көрбөңүз. Мен дагы жүзүңүздү көрбөйүн, балким толкунданып кетем да, аталык сүйүүңүз козгоп, экөөбүз тең буйрукту аткарууда ката кетирип коюшубуз мүмкүн.

Үчүнчүсү: Энем мени көрмөйүнчө чыдай албайт, аны сооротуңуз жана жакшылык кылыңыз.

 Периштелер да ыйлады

 Хазрети Исмаил ыйлаганда периштелер да ыйлады. Атасы бычакты тамагына такканда уулу күлдү.

- Балам, сен ушундай жагдайда турганда эмнеге күлүп жатасың?

- Бычактын үстүндө Бисмиллах жазылганын көрдүм. Достун ысымы жазылган бычак кантип кесмек эле?

Хазрети Ибрахим бычакты болгон күчү менен тартат, бычактын оозу артка бурулуп кеспейт. Ачууланып, бычакты жерге чабат. Бычак Аллаху тааланын буйругу менен тилге келип мындай дейт:

- Эмнеге мага ачууланып жатасың? Сага кескиле деп буюрган мага да кеспе деп буюруп жатат.

Ошондо төмөнкү лутуф кыйкырыгы угулду:

"Эй, Ибрахим! Сен чындап эле түшүңө опаачыл болдуң. Жакшы амал кылганды мына ушинтип сыйлайбыз. Бул ачык бир сыноо эле. Уулуң үчүн курмандыкка чоң кочкор фидйа бердик.”

Хазрети Ибрахим асмандан түшкөн кочкорду кармаганда уулунун боосу бошоңдоп калганын көрөт.

- Балам, боолоруңду ким чечти?

- Мени өлүмдөн куткарган дос боолорумду чечти.

- Эй, балам! Азыр дуба кыл, эмне кааласаң Аллаху таала кабыл алат.

Хазрети Исмаил мындай деп дуба кылды:

"Йа, Раббим! Кыяматта момун болгон ар бир адамды магфират кыла көр!”

"Бардык момундарды магфират кылдым жана кечирдим” деген сүйүнчүлүү кабар келди. (Р. Насыхин)

 Курмандыкка чалынмакчы болгон Исмаил алейхиссалам эле

 Суроо: Кээ бирлер "курмандыкка чалынмакчы болгон Исхак алейхиссалам эле” деп жатышат. Бул нерсе чынбы?

ЖООП: Курмандыкка чалынмакчы болгон заттын Хазрети Исхак экени яхудилердин колундагы ойдон чыгарылган Тооратта билдирилет. Негизи колдогу Тоораттардын бузук, ойдон чыгарылганын Курани карим кабарлоодо. Курани карим курмандыктын Исмаил алейхиссалам экенин көрсөтүүдө. Саффат сүрөсүнүн жүзүнчү жана кийинки аяттарынын маанисинде: "Йа, Раббим! Мага жакшылардан бир уул бере көр. Анан биз Ага жумшак пейил, өтө элпек бир перзентти сүйүнчүлөдүк. Качан ал перзент Ибрахим алейхиссалам менен бирге жүрүү курагына жеткенде Ибрахим: "О, балакайым! Мен түшүмдө сени курман чалып жатканымды көрүптүрмүн. Ойлонуп көр, эмне дейсиң?” – деди. "Атаке, сизге буюрулганды аткара бериңиз! Аллах кааласа мени сабыр кылуучулардан экенимди көрөсүз”, - деди. Экөө Аллахтын буйругуна моюн сунуп, Ибрахим баласын маңдайы менен жерге жаткырды. Бычак баланы кескен жок. Эй, Ибрахим! Сен түшүңдү ырас билип аткардың. Биз жакшы амал кылуучу адамдарды ушинтип сыйлайбыз, - дедик. Бул анык сыноо эле. Уулуңдун ордуна чоң бир кочкорду курмандыкка бердик. Андан кийин Ага жакшылардан Исхакты пайгамбар катары куш кабар бердик. Ага жана Исхакка берекет бердик. Алардын урпактарынын арасында жакшылар да, напсине зулумдук кылгандар да бар”, - деп айтылган.

Бул аяти карималар курмандыкка чалынмакчы болгон заттын Исмаил алейхиссалам экенин так көрсөтүп турат. Анткени, Ибрахим алейхиссалам "Раббим мага буюрган жерге кетем” деп хижрат кылганда алгач Исмаил алейхиссалам, анан Исхак алейхиссалам ихсан кылынды.

"Миръат-и Мекке” китебинде айтылат:

"Омар бин Абдулазиз хазреттеринин доорунда яхуди дин адамдарынын бири мусулман болду. Халифа андан:

- Курмандыкка чалынмакчы болгон зат Исмаилби же Исхакпы? – деп сурады.

- Эй, халифа! Яхудилер Хазрети Исмаилдин курмандыкка чалынмакчы болгонун билишет. Бирок, Исмаил алейхиссалам Мухаммед алейхиссаламдын ата-бабаларынан болгондуктан өзүлөрүнүн ата-бабаларынан болгон Исхак алейхиссаламдын курмандыкка чалынмакчы болгонун айтышат, - деди.”

Ибни Абидин хазреттери айтат:

"Мусулмандардын зарыл болбогон диний маалыматтарды сүйлөшүүлөрү орундуу эмес. "Исмаил үстөмүрөөкпү же Исхак үстөмүрөөкпү? Курмандыкка чалынмакчы болгону кимиси эле? Хазрети Аиша үстөмүрөөкпү же Хазрети Фатимабы?” сыяктуу суроолорду сурабоо керек. Буларды үйрөнүү зарыл эмес. Аллаху таала ушул сыяктуу нерселерди үйрөнүүнү буюрган эмес.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш